Бир ырдын баяны: "Эгер мен"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 22 сен 2022
  • Райкүл Мамырованын сөзүнө жазылган Качкын Абдыкадыровдун "Эгер мен" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #КачкынАбдыкадыров
    #РайкүлМамырова
    #АлтынбекКаленов
    #ЭгерМен
    "Эгер мен"
    Эгер мен гүл болуп жаралсам,
    Терезең түбүнө өсмөкмүн.
    Анда угуп эрте-кеч үнүңдү,
    Ар дайым жүзүңдү көрмөкмүн.
    Эгер мен суу болуп жаралсам,
    Мелмилдеп бакчаңдан агармын.
    Жүзүңдү жууганы келгенде,
    Шыбырап сырымды айтмакмын.
    Эгер мен куш болуп жаралсам,
    Бир сенин багыңа конмокмун.
    Шагыңа салып мен уямды,
    Түбөлүк жанаша болмокмун.
    Эгер мен нур болуп жаралсам,
    Шооламды бир сага төкмөкмүн.
    Бейкапар сен уктап жатканда,
    Жүзүңдөн аймалап өпмөкмүн.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 3

  • @user-sp4gz2my8h
    @user-sp4gz2my8h Год назад +1

    Сонун ыр

  • @user-dr9me2eq5o
    @user-dr9me2eq5o Год назад

    Ийгилик каалайм, дагы сонун ырларды кутобуз

  • @mikokabylbekov
    @mikokabylbekov 2 месяца назад

    Сураныч.тексти