Бир ырдын баяны: "Алтын балалык"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • Жапаркул Алыбаевдин сөзүнө жазылган Түгөлбай Казаковдун "Алтын балалык" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #жапаркулалыбаев
    #түгөлбайказаков
    #алтынбалалык
    "Алтын балалык"
    Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
    Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
    Жар бооруна экөөлөп,
    Орок менен үй куруп,
    Жаңы гана үйлөнүп,
    Көчүп келдик дечү элек.
    Алтын балалык,
    Бизди ойноткон.
    Мага билгизбей,
    Сүйүүмдү ойготкон.
    "Кемпир!" десем, мен колуңдан жетелеп,
    "Белим, ий!" деп сен да мага эркелеп.
    Чалым байкуш жумуштан,
    Чаалыкты деп мени аяп.
    Чай кайнаткан күндөрүң,
    Али эсимден кетелек.
    Коштошордо коомай кармап колумду,
    Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
    Жаш күнүмдүн унуткус,
    Эстелиги ушул деп.
    Карап турдум жалдырап,
    Караан үзгөн жолуңду.
    Кош бол, балалык,
    Бакыт табарсың.
    Өмүр өткөнчө,
    Ойдо каларсың

Комментарии • 1

  • @mukambetnukunov6928
    @mukambetnukunov6928 Год назад

    😮эң сонун балалык күндөр аттиң кайтып келсе чиркин жашоонун эн керемет кези тура соонун чагылдыруу