Бир ырдын баяны: "Кыргыз жери"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 окт 2024
  • Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган Апаз Жайнаковдун "Кыргыз жери" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #ТүмөнбайБайзаков
    #АпазЖайнаков
    #СаламатСадыкова
    #КыргызЖери
    "Кыргыз жери"
    Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
    Аскасы көк асманга тийген кезде.
    Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
    Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
    Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
    Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.
    Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
    Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
    Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
    Седеби, топчулары, ар бир ташы.
    Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
    Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.
    Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
    Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
    Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
    Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
    Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
    Сезилет ата-энелик мээримдери.

Комментарии • 3

  • @АбдулазимЖолдошбаев
    @АбдулазимЖолдошбаев 2 года назад +3

    Кыргызстанды даназалаган керемет ырга обон жараткан Баткендик Апаз Жайнаковдун киндик каны тамган жерин жакшы сактай албай жатабыз.Биринчиден Аллах сактасын экинчиден кыргыз эли Баткен жерин сактап алат буйруса.

  • @fyhcxsuchnj3209
    @fyhcxsuchnj3209 Год назад +1

    Создун каймагы калпылган обону да жарашкан

  • @БайышМадазимов-о1л

    Кыргызстандын Гимни эле го бул ыр убагында.Созу обону жана аткарган Саламат эженин ырдаганы датоп келишкен чыгарма.