Бир ырдын баяны: "Кызганыч"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 28 дек 2023
  • Тууганбай Абдиевдин сөзүнө жазылган Сыймык Бейшекеевдин "Кызганыч" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #тууганбайабдиев
    #сыймыкбейшекеев
    #кызганыч
    "Кызганыч"
    Көлөмүң болуп кичине,
    Көзүмдүн батсаң ичине.
    Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
    Көңүлү бузук кишиге.
    Карааның болуп кичине,
    Каректин батсаң ичине,
    Каратпайт элем өзүңдү,
    Карашы бузук кишиге.
    Карасаң башка кишиге,
    Кан толо түшөт ичиме.
    Эриксе жүрөк булкунуп,
    Ээ боло албайм күчүмө.
    Жанаша калсаң кичине,
    Жалдырап карайм жүзүңө,
    Балакет кылбасаң экен,
    Башканын кирип түшүнө.
    Бийлетип ой-санаамды,
    Биликтей күйүп-жанамбы?
    Элестеп жүрүп өзүңдү,
    Эс жинди болуп каламбы?
    Кыйсыпыр кылдың санаамды,
    Кыргыздан сендей табамбы?
    Сыртыңдан жүрүп кызганып,
    Сыркоолуу болуп каламбы?
    Көлөмүң болуп кичине,
    Көзүмдүн батсаң ичине.
    Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
    Көңүлү бузук кишиге.
    Айтканга күйүп айла жок,
    Ашыктык оту кайда жок.
    Мени сүй, эгер ишенсең,
    Мен сүйгөн менен пайда жок.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 1

  • @user-zx7vv9vb5i
    @user-zx7vv9vb5i 2 месяца назад

    Музыканы акырын койсонор.Сыймыктын уну жакшы угулбай калыптыр.