Бир ырдын баяны: "Түшүмө кирдиң түндө сен"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 25 сен 2022
  • Биримкул Алыбаевдин сөзүнө жазылган Арзыбек Бедияровдун "Түшүмө кирдиң түндө сен" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #БиримкулАлыбаев
    #АрзыбекБедияров
    #АрзыгүлТурган
    #ТүшүмөКирдиңТүндөСен
    "Түшүмө кирдиң түндө сен"
    Жыпар жыт каптап, дүйнөнү жибек жел эзген.
    Жүрөгүм чакмак, жүлүндөн бери «дүрт» эткен.
    Сел болуп каптап, нур болуп аппак,
    Түшүмө кирдиң түндө сен.
    Ак кайың бүрдөп, ажайып аалам тиктесем.
    Толкуну түрмөк, айдың көл мына издесем.
    Токтолбо жүр деп, толкунга мин деп,
    Түшүмө кирдиң түндө сен.
    Ак куулар учуп, канатын күүлөп бийиктен.
    Көңүлдү буруп, кайберен жүргөн бийик бел.
    Көл болуп чалкып, жыт болуп аңкып,
    Түшүмө кирдиң түндө сен.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 24

  • @user-qv3jk8nv6y
    @user-qv3jk8nv6y 26 дней назад +2

    Талант деген талант да Арзыгулду кутуп журуп журок ооруу болбогонуна алага шугур.Бар бол,узун омур каалайм.

  • @user-gb3tf8yj3l
    @user-gb3tf8yj3l Год назад +4

    Бул ырды укканда жыргап эс алам талантынызга таазим

  • @user-oz9nj1ig7j
    @user-oz9nj1ig7j Год назад +14

    Аттары да окшош,добуштары да окшош мыкты обончу,жана аткаруучулар.ырларын ушунчалык суйуп угам

  • @user-xe5kp3ig5j
    @user-xe5kp3ig5j Год назад +13

    Арзыбек-мырза! 70 жаш, жетинин бири кыдыр демекчи, ар дайым кыз-келиндердин түшүнө кирип жүрүңүз! Бар болуңуз!

    • @user-ek5ik9de4l
      @user-ek5ik9de4l Год назад +2

      😁

    • @user-kp4xk9lz4h
      @user-kp4xk9lz4h 11 месяцев назад +2

      Алтын адамдар булардын да омуру отуп жатат , бирок ырлары туболуктуу кала берет

  • @user-pu9bh3qe3g
    @user-pu9bh3qe3g 6 месяцев назад +4

    АРЗЫГУЛ ТУРМУШКА ЧЫГА ЭЛЕКПИ???

  • @astrakainbaeva571
    @astrakainbaeva571 Год назад +12

    Бири бирине топ келишкен ТАЛАНТТУУ ырчылар .
    Талантынарга ТААЗИМ ....

  • @asuatbazarbaeva5588
    @asuatbazarbaeva5588 Год назад +9

    Тушко кире турган кыз экен чиркин

    • @user-gw2sf4yi6l
      @user-gw2sf4yi6l Год назад +2

      Бул ыр бир легендага айланган тарыхый ыр адамдын омурундогу болгон окуя ар кандай адамдын омурундо бир болуучу коз ирмем бири бирине арзый суйушуп бирок тагдырдын законунан чыгууга мумкунчулугун болбогонун айгинелеп турмуш жолун озгортуп жашоого болбостугун айгинелеп турат ото мазиундуу ыр

    • @user-vo6zm8ez6p
      @user-vo6zm8ez6p Год назад +2

      Умут Тилогенова эн жакшы аткарат ушул ырды.. Эр эм р

  • @user-bu8nt8yf5n
    @user-bu8nt8yf5n Год назад +1

    👍👍👍

  • @user-fr3lb5qu2f
    @user-fr3lb5qu2f Год назад +4

    Бир нерсеге түшүнө албай турам.кечирип коюңуздар.Бул ырды Ырыспайдыкы деп билебиз да.Ырыспай аткарган го десек,1994-жылы кайтыш болдуле.
    А.Бедияров 2004-- ж.обон жазгам деп атпайбы.

    • @kanal-T
      @kanal-T  Год назад +1

      Саламатсызбы, жакшы текст болсо 1 ырга 2-3 обончу обон чыгарып калат, туура Рыспай да чыгарган, анын обонун төмөнкү шилтемеден уксаңыз болот kyrgyz-audio.com/ryspaj-abdykadyrov-tyyshyymo-kirdin-tyyndo-sen-teksti-2/

  • @user-sw1wv4mf4z
    @user-sw1wv4mf4z 9 месяцев назад +2

    Просто. Бул. Время. Абдыкадыров когда. Жаным. Калган. Учун. Ырдаган. ОЗУ. Аитып. Берген

  • @bars_1955
    @bars_1955 Год назад +2

    Бул ырга Рыспай Абдыкадыров илгери эле обон чыгарган.Рыспайдын "Алтынчы күнү кечинде" да эки обон менен ырдап жүрөбүз.Арзыбек бул ырдын булагы Рыспай экенин айтып койсо болмок.Билбей калышы мүмкүн эмес.

    • @almazturatov5260
      @almazturatov5260 Год назад +1

      Ооба..айтып койсо болмок

    • @ffxxgh125
      @ffxxgh125 3 месяца назад +1

      Обондор окшошуп кетет берет
      Бедияров эң таланттуу жигит экенин ьануу кыйын
      Ийгилик 🎉🎉🎉

  • @bars_1955
    @bars_1955 Год назад +1

    Рыспай Абдыкадыровдун обонун өзгөртүп койгон турбайбы.

    • @nikoturan9468
      @nikoturan9468 Год назад

      озу бул кимдин ыры Рысбайдыкыбы же Арзыбектикиби айткылачы

    • @bars_1955
      @bars_1955 Год назад

      @@nikoturan9468 Рыспай Абдыкадыровдун "Алтынчы күнү кечинде"деген ырына,Нуркан Турсунбаев экинчи обонун чыгарган.Азыр деле ошол "Алтынчы күнү кечинде"эки обон менен ырдалып жүрөт.Ошол сыяктуу кылып Арзыбек да экинчи обонун жазган окшойт ко.Канчалык окшоштугун салыштырып көрсө болот.

    • @kanal-T
      @kanal-T  Год назад

      @@nikoturan9468 Саламатсызбы, жакшы текст болсо 1 ырга 2-3 обончу обон чыгарып калат, туура Рыспай да чыгарган, анын обонун төмөнкү шилтемеден уксаңыз болот kyrgyz-audio.com/ryspaj-abdykadyrov-tyyshyymo-kirdin-tyyndo-sen-teksti-2/

  • @user-sw1wv4mf4z
    @user-sw1wv4mf4z 9 месяцев назад +1

    Бул. Время. А. Бедияродуку. Абдыкадыров. ОЗУ. Авторун. Арты по. Труп. Рыдаю. Берген