Бир ырдын баяны: "Кыялдануу"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • Алмаш Чойбекованын сөзүнө жазылган Кадыралы Артыковдун "Кыялдануу" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #алмашчойбекова
    #кадыралыартыков
    #медеркыдыршаев
    #кыялдануу
    "Кыялдануу"
    Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
    Жел келсе шибер ыргаган.
    Жыргалга бөлөп сезимди,
    Yнүңдү уксам ырдаган.
    Колуңа гүлдөн дестелеп,
    Көрүнө калсаң жылгадан.
    Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
    Оо-ой, акагы акса шыңгырап.
    Билдирип жайлоо шоокумун,
    Сайраса торгой күү курап.
    Акырын сылап чачымдан,
    Ардагым десең эркелеп.
    Жылмая карап сүйкүмдүү,
    Жылкыга кетсем эртелеп.
    Боз жорго минип келатсам,
    Алдыман чыксаң энтелеп.
    Ээ-эй, кызарса булут сүрүлүп,
    Оо-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
    Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
    Көбүргөн терсек жүгүрүп.
    Чачылып жатса шүүдүрүм,
    Ак бермет болуп көктөмдө.
    Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
    Экөөбүз басып өткөндө.
    Көңүлдү жүрөк эргитип,
    Күн нуру беттен өпкөндө.
    Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
    Оо-ой, арчага келсек корголоп.
    Кекилик учпай жем издеп,
    Азгырса бизди жорголоп.

Комментарии • 18

  • @user-yf8kl9lw6j
    @user-yf8kl9lw6j Месяц назад +1

    Кандай керемет ыр. Алмаш эженин тагдыры өтө аянычтуу болгон экен. Кадыралы агай обонун укмуштуудай чыгарган. 90- жылы угуп билгенмин . Текст е да , обондо да кынтык жок . Укмуш керемет чыгарма. Кадыралы агайга ден соолук, узак өмүр берсин. Медер ырдап чыккан эле. . Эжеге да Медерге бейишин берсин Жаратканым..

  • @user-eo7yb3il9q
    @user-eo7yb3il9q 2 года назад +10

    Дегеле Кыялдануу обону текст и аткарылышы жагынан жогорку денгээлде жаралган

  • @user-bd1nb4js8l
    @user-bd1nb4js8l Месяц назад

    Ксндай керемет саптар сонун табияты коркомдоп сонун жазган менин балалыгымды эстедим жалан жайлоо менен чонойгом азыр 63 жаштамын атин балалык АЛМАШ ЭЖЕНИН БЕЙИШИН БЕРСИН АТКАРУУ СОНУН. ОБОНЧУГА ДА ИЙГИЛИК БОЛСУН.❤❤

  • @user-ic4hc8ys7c
    @user-ic4hc8ys7c Год назад +3

    Колуна гулдон дестелик, көрүнө калсаң жылгадан, чын эле балалыкты эстетет, менин жаштыгым.

  • @almabubuimanalieva6059
    @almabubuimanalieva6059 Год назад +3

    Обону ,аткаруучусу эн сонун ыр эмес бекен!🥰🥰🥰

  • @user-fx6ho2zq8k
    @user-fx6ho2zq8k Год назад +2

    Ушул ырды укканда балалыкка кирип Бир жыргап Алам.

  • @user-eo7yb3il9q
    @user-eo7yb3il9q 2 года назад +11

    Ушул ырды Медер Кадыршаев укмуш аткарган.автор. Кадыралы Артыков Каныкей Эралиева менен да сонун аткарышчу

    • @jumakan4696
      @jumakan4696 2 года назад +1

      Хххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххх

  • @user-eo7yb3il9q
    @user-eo7yb3il9q 2 года назад +7

    Кечиресинер Кадыралы менен Каныкей ырдалып бутпойт махабат деген ырды аткарса керек эле

  • @Choplife19
    @Choplife19 Год назад +2

    Жогору жактан таза тунук толкун жээке уруп, өзүңө ырааланган эргүү!

  • @rfgcggvcdgergygcf4443
    @rfgcggvcdgergygcf4443 Год назад +1

    Бул ырды бала кезимде 90 жылдары уккан элем эми44жаш

  • @user-pw2kj1nv4p
    @user-pw2kj1nv4p Месяц назад

    Ушул ыр кайсы жылы чыкты эле ким билет менимче89болсо керек

  • @user-ph5vs6dz8i
    @user-ph5vs6dz8i 2 года назад +9

    МЕДЕР КЫДЫРШАЕВДИ ЭН БИРИНЧИ ЖОЛУ 90 ЖЫЛЫ БОЛУШ КЕРЕК ЭЛЕ ФИЛАРМОНИЯДА БИРИНЧИ ЖОЛУ УГУП
    МЕДЕРДИ ДА БИРИНЧИ ЖОЛУ КОРГОН ЭЛЕМ.
    АЛ КЕЗДЕ АППАК КОСТЮМ ШЫМ КИЙГЕН СУП СУЛУУ БАЛА ЭЛЕ.
    ЭЭН МЫКТЫ АТКАРГАН ЭЛЕ
    АЙЛАНАНЫ КАРАНГЫЛАТЫП ЖАЛГЫЗ ГАНА ГИТАРА КАРМАГАН МЕДЕР ОРТОДО ЫРДАП ЖАТТЫ.
    БААРДЫК КЫЗДАР АНЫ КАРАП СУКТАНЫП АТТЫК🤔