Бир ырдын баяны: "Жарты кайык"
HTML-код
- Опубликовано: 24 мар 2022
- Зайырбек Ажыматовдун сөзүнө жазылган Түмөнбай Колдошевдин "Жарты кайык" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#зайырбекажыматов
#түмөнбайколдошев
#жартыкайык
"Жарты кайык"
Оо, тумуш мыйзамыңа каныктырдың,
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн?
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай, көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптым деген менен,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып. Видеоклипы
Зайырбек өтө күчтүү акын эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Түмөнбайдын ырларын сүйүп угам. Аман болсун. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
Эң жакшы проэкт! Чыгармачыл жаамат бар болгула. Ийгилик! Зор...зор! Бишкек.
Мазмуну ото терен экен обону дагы сонун чыкан азамат талантын ташкындай берсин
Зайырбек жаткан жерин жанатан болсун оммийн
Керемет чыгарма.Созу менен обону дал келген.
Сонун
👏👏👏👏💐💐💐👍👍👍
Сөзү да обону да сонун
Зайырдын турмушунан алынган ыр сонун кылып салыштрган атин арман атасы тируу болгондо журогундо ушунчалык арман болбойт эле Озуда арманда жаш кетти жаткан жери жайлуу бейиштинтору болсун Арканда ырларын калды Элин сени унутпайт
👍👍👍👍
😍😍
Отто жакшы ыр жарты кайык
Ото мазмундуу турмуш барактары отумуш турмуш сабактары сезимди козгоп окунучту журокту жаралап энсоо эмнегедир жетпей калгансыган жашоо кумарын окуносун
Зайырбек албетте зор акын, бирок тагдырын жарты кайык менен салыштырганы туура эместей... жарты эле эмес а турмак тешик кайык да сууда чогуп кетет!