Бир ырдын баяны: "Жамгырдагы кусамат"
HTML-код
- Опубликовано: 7 окт 2024
- Зайырбек Ажыматовдун сөзүнө жазылган Элмирбек Иманалиевдин "Жамгырдагы кусамат" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#ЭлмирбекИманалиев
#ЗайырбекАжыматов
#Үмүтай Абдышева
#ЖамгырдагыКусамат
"Жамгырдагы кусамат"
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөшпөй.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың?
Сооротор сөздү табалбай,
Соңунда ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат нөшөр аянбай.
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбай сезим издери.
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Кандай тогорогу топ келишкен Жигиттин жигити элен.сактай барктай албадык😢😭😭😭😭😭
Эки Залкар , эки чалкыган Океан силердей Таланттар жаралышы кумон .
Жаткан жери жайлуу болсун
Бейишин берсин
Кайран эки дос, бири суйуусун ыр мн калтырса экинчиси обон мн калтырыптыр.
Кайран жигитер