Бир ырдын баяны: "Фаридам"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 окт 2024
  • Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган Тынарбек Амановдун "Фаридам" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #шайлообекдүйшеев
    #асылбекөзүбеков
    #фаридам
    "Фаридам"
    Коңшулаш айылдан кезиккем,
    Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
    Корооңо кире албай коштошуп,
    Кол булгап калчу элем эшиктен.
    Агымын турмуштун кечелек,
    Анда сен кыз элең секелек.
    Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
    Кошулуп бир аксак дечү элек.
    Фаридам, Фаридам, Фаридам, Фаридам,
    Фаридам, Фаридам, Фаридам, Фаридам,
    Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
    Адырдан гүл терип бергиче.
    Алтыным, башкага кеттиң сен,
    Алыстан кайрылып келгиче,
    Азапка бактысын байлаган.
    Армансыз жашоодо барбы адам?
    Жоготкон күндөрдү эстетип,
    Жолуктуң неге сен кайрадан?
    Балбылдап көздөрүң карагат,
    Басчу элең жүрөктү жаралап.
    Бактылуу боло көр, кош эми,
    Балалык ак сүйүүм аманат.

Комментарии • 19

  • @saikaltyledabilova7484
    @saikaltyledabilova7484 Год назад +5

    ТЫНАРБЕК!! НАЗИРА МАМБЕТОВА МАРАТ АЛЫШПАЕВ АЙНАГУЛ САРЫКОВА ЖЕНИШГУЛ ОЗУБЕКОВА
    УЛУУ ЖОЛДОГУ АДАМДАР ЭЛЕ!!
    ОШ ШААРЫ АЙЧУРОК ЦУМ МАГАЗИНИ!!
    ОШ ДРАМ ТЕАТРЫ!!🥰🥰😍😍😍!!!

    • @daskoaman3528
      @daskoaman3528 Год назад +3

      Мен Т.Амановдун баласымын. Салам алейкум

  • @Фарида-ы1т
    @Фарида-ы1т 2 года назад +6

    Абдан сонун ыр.

  • @faridakhatamova8988
    @faridakhatamova8988 Год назад +5

    Мен да Фаридамын соонун ыр, рахмат

  • @АбласРасулдин
    @АбласРасулдин 4 месяца назад +1

    Ырдын обону башка кишиники, Тынарбек Аманов калп айтып жатат. Ырды көркүнө чыгарган Асылбек Өзүбековго, Шайлообек Дүйшөевге рахмат, мыкты түзүшкөн. - Аблас Расулдин.

  • @БайышМадазимов-о1л

    Шайлоо агай кучтуу акын.Громатно суйлойт.

  • @ФаридаТоксобаева-щ5т

    Аии мен сыйлап урматттаган адамдар чыгарган экен да,бул ырды.

  • @ЖумабайСклайманов

    Менин,аялым Фарида Кримбековна,укансайын жакшы коробаштайым,Фаридамды,балдарым болсо менден мурун жакшы корушот ,,апасын,,🌹🇰🇬⚓🔥💋

  • @ЖамилаАлибекова-й9ы
    @ЖамилаАлибекова-й9ы 2 года назад +8

    Ушул ырдагы Фарида эже Аксынын Авлетим айылынан. Жалал Абад шаарында жашайт. Тынарбек Алманов коншу айыл Кызыл Туудан. Козу отуп кеткен.
    Залкар инсандар чыгарган ыр тура!

    • @МунараБекмуратова
      @МунараБекмуратова 2 года назад

      Кечиресиз Тынарбек Аманов деген актёр болчу Кеминдик. Ош драма театрында иштечуу.

    • @Wermne-fk5xx
      @Wermne-fk5xx Год назад +3

      Шайлообек Дүйшөевден Асылбек Өзүбеков суранып атса , текст жазып бер , бирок кайырмасына эле " Фаридам " дегенди кошуп кой деп . Шайлообек Дүйшөев жазып берип , Өзүбеков Амановдун даяр обонуна ырдап чвгып атса , анан кантип Аксылык аялга арналып калат ?🤔 тобо кылдым , кээ бир кишилер келиштирип эле урдура беришет экен 🤔

  • @светасветик-ц2л
    @светасветик-ц2л Год назад +1

    Эн туура,жаш кездеги суйуул ор ,болбосо калп эле а жолдошума арналган дегендер КАЛП

  • @МедерАдылбеков
    @МедерАдылбеков Год назад +2

    Биз кичине кезибизде концерте бары бул воды кудай Берген темировдун аткаруусунда коп эле укчы Элек. Бирок кимдин ыры экенин билчуу эмеспиз. Ноокат.

  • @МаматалиБабаев-ы8д

    Эх балалык кезди эске салат.

  • @Асыл-о5ы
    @Асыл-о5ы Год назад

    й

  • @daskoaman3528
    @daskoaman3528 Год назад

    Бул ыр менин Атамдын ыры, бир эки созун озгортуп койгон. Чынын айткыла.

    • @Wermne-fk5xx
      @Wermne-fk5xx Год назад

      Атаю ким эле ? Чын эле атаңдыкы болсо оспаривать этпейсиңби ?

    • @АбласРасулдин
      @АбласРасулдин 4 месяца назад

      Атаң калпычы, обону меники: Аблас Расулдиин. Аранжировка, сөзү башка кишилердики, айрым гана сөздөр сакталып калган, ырдын мааниси обонуна куп келтире абдан мыкты түзүлгөн. Рахмат Асылбек Өзүбековго ж/а Шайлообек Дүйшөевге.