КҮЗГҮ НӨШӨР - ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 2 июл 2020
  • КҮЗГҮ НӨШӨР
    с. Б. Сейитбекова
    о. С. Бейшекеев
    Сапырылган сары жалбырак,
    Санааларга мени азгырат.
    Терезеге келип тигилсем,
    Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
    Кайырма:
    Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
    Көңүл кушун кимге алдырды.
    Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
    Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
    Теребел да мынча көңүлсүз,
    Теректер да ойдон бөлүнгүс.
    Тегерете курчап буюмдар,
    Термелише тиктейт өзүңсүз.
    Кайырма:
    Болом деген өзүң түбөлүк,
    Асман дагы бүркөө түнөрүп.
    Өзүң тургай атыңды укканда,
    Жүрөгүмдө турчу гүл өнүп.
    Кайырма:
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 177

  • @user-mm7kg6bf9x
    @user-mm7kg6bf9x 4 года назад +31

    Қайран талант, жаны жаннатта болсын...
    Қалың тыңдарманы, елі, халқы аман болсын...
    Ұмытуға болмайтын Ұлы тұлға!!!!

  • @user-zj7eb3ik7x
    @user-zj7eb3ik7x 4 года назад +45

    Сыймык сага чон рахмат Элмирди тез тез эскерип чыкпай калган чыгармаларын чыгарып турсан жакшы болот бар бол уй булон менен бактылуу бол. ЭЛМИРДИН ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН.

  • @naziraermekova9794
    @naziraermekova9794 4 года назад +55

    Рахмат Сыймык байке дос деген сиздей болуш керек, Элмирбек бир силерди жакындарын эмес бутундой кыргыз журтун ыйлатып кетти Кундон угам ырларын😪😪. Кыздарына балдарына карап аяш аталык милдетинизди аткарып журоберин. Сизге ден соолук берсин.Элмирбектин жайы жаннатан болсун.

  • @asylbekcataev4511
    @asylbekcataev4511 3 года назад +3

    Сыймык агай сиздерге чоон рахмат Элмирбек агайдын досу болуп калганынызга жаратканым силерди кичиненерден чогу кылып кошуп койгонун кара сиз барсыз ошондой эле шакирттери бар Элмирбек агайдын аты дагы деле оспой жансын Элмирбек агай атындагы фонд уюштуруп таланттарды тандап Кыргыз элимдин батасын алгыла ылайым оомин оомин оомин

  • @user-mp9gs8ti5k
    @user-mp9gs8ti5k 4 года назад +66

    Кыргыз эли эч качан унутпайт Элмирбекти

    • @maksatbatyrbekov2052
      @maksatbatyrbekov2052 3 года назад +3

      Эх чиркин эмне айтаарымды билбейм ыйлагым келет жаны жаннатта болсун балдарына узун омур берсин

  • @user-fj5fk7pt2c
    @user-fj5fk7pt2c 2 месяца назад +1

    Менин суйукттуу ырчым Сыймык Бейшекеев. Браво.

  • @bulbulumbulbulum9111
    @bulbulumbulbulum9111 4 года назад +17

    Дагы дагы биз укпаган чыгармаларынан поэзияларынан Элмирбектин ыр пери аталыштагы кечесин да ютубка киргизсенер жакшы болот эле Токтогулдун спектаклинен да киргизсенер жакшы болмок биз кутобуз кыздарына жубайы Нурзатка балдарына сабыр тилейбиз айла жоок экен уккан сайын журок сыздайт🙏🙏🤲😭😭

  • @user-fb6zv6wm2v
    @user-fb6zv6wm2v 4 года назад +19

    Аттин арман. Сыймык байке сизге рахмат Элмирбек досунузду даназалап, эскерип жургонунузго

  • @JumagulKenjebaeva
    @JumagulKenjebaeva 2 месяца назад

    Сыймык Кутман курагын кут болсун.Ар дайым ден-соолуукта бол,балдарынын жакшылыктарын кор.Ишине ийгилик сыяларын кургабасын.

  • @user-qu6fo7hb4s
    @user-qu6fo7hb4s 3 года назад

    Кайран сулуулар экөөндү көрүп көзүмө жаш алдым ,бир бирине топ келген жубайлар болушкан көз тийди жаткан жеринен жайлуу топурагынар торко болсун алтынарым булардын сүйүүсү дастан болуп айтылып калат !

  • @user-jy4gw4qw2p
    @user-jy4gw4qw2p 4 года назад +45

    Атин арман соонун адамдар арабыздан эрте кеткени окундурот

  • @user-xg2fs9ps6v
    @user-xg2fs9ps6v 4 года назад +22

    Негизи Сыймык аганын пешенесинде кичипейилдик, жөнөкөйлүк, адамкерчилик асыл сапаттар жанып турат. Чын айтам. Сиз да өчпөс талантсыз.. Рахмат сизге. Элмирбек Иманалиевди эл эч качан унутбайт.

  • @user-zx5hs3oy4s
    @user-zx5hs3oy4s 2 года назад

    Сыймык байке ийгилигиниз коп болсун. Сиз кылыч, Элмирбек калкан. Бирин Курманбек бирин Аккан эленер. Бейиши болсун Элмир байкенин.

  • @user-jy1cx4qf7u
    @user-jy1cx4qf7u Год назад +1

    Сыймык байке узак омур жашаныз орубаныз мен баламдын атын сиздей жигит болсун. Деп Сыймык деп койгонмун

  • @user-by5jv7tt1c
    @user-by5jv7tt1c 3 года назад +1

    Сыймык ага бактыбызга аман болунуз Элмирбек акыныбыз журогубуздо жашайт олбойт

  • @user-oo9zu3ex8s
    @user-oo9zu3ex8s 4 года назад +19

    Рахмат Сыймык. Айзуура Сезим жакшы кыздар ден соолукта болгула ата энеңер кыргыз елемес казак боордоштордунда журогундо

  • @10fromkp12
    @10fromkp12 4 года назад +47

    Эх, Сыймык байке, акыркы учурда бизди жакшы чыгармалар менен тез-тез сүйүнтүп жатасыз. Бар болуңуз, сизге жаңы дем, изденүү, эргүү каалайм. Элмирбек Иманалиев (жаны жаннаттан болсун) экөөңүздөрдүн достугунуздар суктандырат, биз үчүн үлгү десек да болот.

    • @asasasas1280
      @asasasas1280 3 года назад

      Түштөн кийин күйгөн доско айланды бул, ээх пенде...

  • @kengekayipova571
    @kengekayipova571 4 года назад +12

    Залкар акынбыздын кеткени элге чон арман болду..Артында калган уул, кыздары аман болсун..Сыймык агай,сизге аманчылык, узак жашаныз..Элге чыга элек чыгармалары,маектери, поэзия кечеси бар болуш керек...

  • @user-ys6hk3ig8g
    @user-ys6hk3ig8g 3 года назад

    Күзгү ношорду 1997 жылы радиодон угуп. Ушул ыр менен ооруп. Радионун жанынан кетпей калдык эле чиркин. Радионун жанында барак ручкам дайыма турчу эле .Улам ырдаганда жанталашып 2сап болсо дагы көчүрүп жазып жаттадым эле . Ой ошол кез кайда калды. Ал кезде биз жаңы 11классты аяктаган кез эле кимдин туулган күнү болсо эле КҮЗГҮ НОШОРду ырдап калчу элек . Абдан соонун жүрөккө жакын жазымдуу чыгарма . Сыймык ага бар болуңуз. Өмүрүңүз узун болсун. Аллахым өмүрүңүзго береке берсин.

  • @user-ck6ck2wf2z
    @user-ck6ck2wf2z 4 года назад +47

    Аттин арман.Элмирбектин аткаруусундагы чыгармаларды кундо угам.КЫРГЫЗДЫН АЛП АКЫНЫ .АЙЗУУРА КОП ИЗДЕНГИЛЕЧИ КОП ВИДИОЛОРДУ ЖУКТОГУЛО.
    САГА КЫЗЫМ КАЙРАТ СЕНДЕН АШЫКЧА КУЙООБУЗ.......

  • @user-uu8wh7bc5e
    @user-uu8wh7bc5e 4 года назад +9

    Эээхх,арман дуйно бул дуйнодон кимдер отбогон.Гулбубунун отурганын карагыла созулуп.Жайынар жаннатан болсун.Сыймык байке сизге ден соолук ,узаак омур,уй булоонуз м.н эсен болунуздар. Кыргыз элин кубантып жакшы жанылыктардан чыгарып турунуз.

  • @user-ex3wv1qc4b
    @user-ex3wv1qc4b 4 года назад +29

    Гулбу экоонун ушул жерде отуруп ырдаган дагы эки ыры журот ютубда. Гулбу он сегиз жашты ырдаптыр. Дагы бир ырды экоо чогуу ырдашкан. 2003-ж. деп журот эле. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Досунду унутпаган сага да рахмат Сыймык. Уй-булон м-н аман-эсен бол. Чыгармачылык ийгилик.

  • @user-jn7cg2hx4q
    @user-jn7cg2hx4q 4 года назад +10

    Элмирдин мурунку ырларын кобуроок бергилечи,Сыймык сага ракмат.Айзуурага ракмат атасынын чыгармаларын чвгарып бизге жеткирип турганына.

  • @user-zm7qm9el9f
    @user-zm7qm9el9f 4 года назад +29

    👏👏👍👍 Керемет аткаруу болгон экен.

  • @user-tx2kw3rw4t
    @user-tx2kw3rw4t 4 года назад +18

    Кандай залкар инсандарыбыз кетип калганы окунучтуу

    • @user-qw8sx8gt4w
      @user-qw8sx8gt4w 3 года назад

      Атинай арман элмирбек эрте баарыбыз эле куйуп жатабыз

    • @user-nr6rq1bo7u
      @user-nr6rq1bo7u 3 года назад

      Аттин ажал козун сокур болуп кал Элмирбекти коруп алып кеттин элинен болуп

    • @user-nr6rq1bo7u
      @user-nr6rq1bo7u 3 года назад

      Элдин журогундосун бейиштен орун берсин

  • @user-gs8um2jt8b
    @user-gs8um2jt8b 4 года назад +18

    Жердешим айылдашым Сыймык. Тоо булбулу аталып журо бер. Алыстан мекенибизди сагынганда чон эргуу менен угабыз. Чыгармачылык ийгилик.

  • @user-yw4ny4tv4n
    @user-yw4ny4tv4n 4 года назад +22

    Жаткан жерин жайлуу болсун😔

  • @bulbulumbulbulum9111
    @bulbulumbulbulum9111 4 года назад +25

    Элмирбектин уну эн бир керемет аттин арабызда жоктугу ай кунуго жуз жолу мин жолу уксам да укун келет 😔😔😭😭😭

    • @user-jn4fs2tg3p
      @user-jn4fs2tg3p 3 года назад

      Сыймык сага чон Элмирдин аткарган дагы коп коп ырларын жонотуп тур

  • @user-sf3ld2zr7d
    @user-sf3ld2zr7d 4 года назад +17

    Мен кичине кезимден бери сизди кумир тутуп келем . Баардык ырларынызды угам. .Кусалык ырын жандуу аткарып беринизчи. (Жанагы ыр).Бой таштап тегирмендин парасына деген жери барго. Рахмат

  • @askatkenjegulov2008
    @askatkenjegulov2008 4 года назад +53

    Акындын жайын Аллахым жаннаттан берсин. 🙏🙏🤲🤲

    • @akukoka5669
      @akukoka5669 3 года назад

      Жаннатан орун бер аллах

  • @user-qq5pe5nl7l
    @user-qq5pe5nl7l 3 года назад +1

    Элмирбек Бир кылымда Бир келчу залкар акын эле. Жаткан жери жайлуу Болсун. Биз эч качан унутпайбыз.

  • @user-vc7kb1fq4h
    @user-vc7kb1fq4h 4 года назад +37

    Элмирбектин Эл. билбеген ырларын кобуроок чыгарсанар

  • @user-xo3xg5un3f
    @user-xo3xg5un3f 3 года назад

    Сыймык омурун узуун ден соолуктаболуп уй булоон менен аман бол ишине ийгилик

  • @user-zg3oz3mo2o
    @user-zg3oz3mo2o 4 года назад +5

    Сыймык байке сизге чоон рахмат достун баары сиздей болсо козу отсо да досунузду урматтап . Мен да ушу ырды суйуп кооп уккам .Эльмирбек байкенин баардык видеолорун чогултуп элге чыгарсаныз сураныч.

  • @hdhhehdhhdhd3917
    @hdhhehdhhdhd3917 3 года назад +1

    Коздон жаш тынбай тогулот Элмирбекти коргондо 😭😭😭. Дагы канча ырлары калды ырдабай, сырлары калды айтылбай 😔😔😔.
    Элдин журогундо туболук жашайсын 🙏🙏🙏🤲🏼

  • @user-ye6xv2jv8t
    @user-ye6xv2jv8t 3 года назад +2

    Кайран Элмикем эн жакшы ырдаптыр.Гулбунун жанында .Чыныгы достугунду билгизипсин Сыймык сага ден соолук чыгармачылык ийгилик аман бол.Сезимге окул ата болушун куттуктайм.

  • @user-lq2yk6qz1e
    @user-lq2yk6qz1e 3 года назад +1

    Аллахым бейиштен орун берсин. Балдарына кыздарына Ден соолук,ыйман берсин. Сизге Сыймык байке Аллах ыраазы болуп чыгармачылыгыныз оркундой берсин.

  • @user-to7sn3gn6l
    @user-to7sn3gn6l 3 года назад +1

    Сонун ырдаган экен жаш кези экен атин арман десен арабызда эле журсо гана😨

  • @user-yt7ou2fy1u
    @user-yt7ou2fy1u 3 года назад +3

    Элмирбектин жаш жакшынакай кези экен.Ото жылдыздуу эле аттин арман эрте кеттин.

  • @karimaabdrakhman
    @karimaabdrakhman 4 года назад +32

    👍 Керемет чыккан экен, Элмирбектин жаны жаннатта болсун

  • @cholponaibekmyrsaeva7420
    @cholponaibekmyrsaeva7420 4 года назад +3

    Сыймык ага омурунуз узун болсун кыздын кызматын уулунуздун уурматтын коорунуз Элмирбек ага экоонущдорду катту жакшы корчум бирок ажалга айла жок экен Элмирбек агабызды арабыздан алып кети😭😭😭😭сизге узун омур каалайм 💋💋💋💋

  • @nakutazabekova8729
    @nakutazabekova8729 4 года назад +8

    Элмирбек мн Сыймыктын ырларын.кайталап уга берем мааниси да обонү да уккулуктуу.

  • @meerimakylbekkyzy6206
    @meerimakylbekkyzy6206 4 года назад +4

    Сыймык байке 24 жаштамын, кичинекей кезимде сиздин концертинизге коп барчыбыз, сиздин ырлар менен чонойдум, талантынызга таазим! Элмирбек байкемди ушунча жакшы коруп айтыштарын коруп, ырларын угам, оттуп кеткени журок сыздайт. Сизге чын денсоолук каалайм, Кыргызымдын Сыймыгы.

    • @medetbekjanaev155
      @medetbekjanaev155 4 года назад +1

      Бул ырды уксам ыйлагым келет

  • @user-lv7zg8wp3u
    @user-lv7zg8wp3u 4 года назад +2

    Сыймык айланайын сен деген чындап эле жакшы ырчысын жакшы жигитсин себеби канча жылдан бери кее бир ырчылардай селпилдеп жэ адырандап кеткенинди коргон жокпуз биз жаш кезде ушул ырларды укчу элек отуруштарда ырдачу элек досун сага ыраазы болсун озун да аман журогой Ак Талаалык апан

  • @user-ys4mz1pe7t
    @user-ys4mz1pe7t 3 года назад +5

    Элмирбек кайран,кайран кайран жигит Бир келдинда кайран жигит.

  • @user-lg1ek5xm6t
    @user-lg1ek5xm6t 4 года назад +7

    Таланттынызга таалим🙏🙏🙏биз Кыргызстан эли сиздей таалантты ташкындаган адам бар экенине сыймыктанабыз Сыймык байке, бизге биринчиден ден соолук уй булолук бакыт ар дайым тундуктуктой бийик болуп журунуз, женем менен балдардын сый урматтын корунуз мен сизди 7 класстан бери ырларынызды суйуп угам коооп жашаныз🙏🙏🙏🙏

  • @user-ng4bb1xe3g
    @user-ng4bb1xe3g 11 месяцев назад

    1997-жылы турмушум бузулуп, ырды уккан сайын ыйлачу элем. Автор мага арнап жазгандай. Андан бери 26 жыл отуптур.

  • @user-fj2eo2ty5k
    @user-fj2eo2ty5k 4 года назад +8

    Сиздин ырларыныз чындыгында адамдын жан дуйносун тазалайт

  • @fimafima2604
    @fimafima2604 3 года назад +2

    Сыймык рахмат! Эльмирбек бейште болсун! Эльмир элдин журогундо!,Унутулбайт!

  • @user-ll5gu5ki2l
    @user-ll5gu5ki2l 4 года назад +4

    Голос Ангела,Ангелский голос
    Эх Элмирбек Элмирбек тебя уже нету больше 3 месяца,как жаль ты так рано ушёл из этой жизни,ты был один единственным великим,грамотным историк токмо акыном,кто имел разнообразный талант в Кыргызстане,пусть земля будет пухом тебе,будь в раю😭😭 🤲🤲🤲

    • @user-cj9ou7yy8f
      @user-cj9ou7yy8f 3 года назад

      Сыймык мен сыйлаган ырчысын укам бар бол, унуно соз жок ар дайым ден соолукта бол,эзсиз омур шам сыяктуу леп деп очту кеттидаа ошол жактан берсин эми Элмирге,кайрат кылгыла кыздары... .

  • @user-hb6wy5dg5h
    @user-hb6wy5dg5h 4 года назад +8

    Элмирбек Иманалиевдин ырларын күндө угуп күндө ыйлайм аттиң арман кыргызга бир жаралган алтын адам

  • @A.Oskonbekov
    @A.Oskonbekov 4 года назад +3

    Ээххх улуу талант, чыныгы залкар. Жаткан жери жаннаттан болсун!

  • @user-kq4qq2fn4v
    @user-kq4qq2fn4v 4 года назад +11

    Гулбу эжеке Таттыбу эжеге окшошуп кетет экен кандай гана бактылуу кундор откон жаткан жерлери жайлуу болсун!!! 🙏🙏🙏

    • @gulnuraabdyldaeva1231
      @gulnuraabdyldaeva1231 4 года назад

      Таттубубу эмес элеГулбубуу Гулбубудой эле озунчо болок да

  • @user-sz5jb9cf6v
    @user-sz5jb9cf6v 4 года назад +17

    Негизи эле мыкты чыгарма болгону элмирбек залкардын жоктугу😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥

  • @sairagulsultankulova4026
    @sairagulsultankulova4026 3 года назад +3

    СЫЙМЫК БАЛАМ АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН БАЛДАРДЫ КОЛДОП ЖҮРӨСҮҢ.😊👍💖

  • @user-qw3eq2hq5f
    @user-qw3eq2hq5f 4 года назад +12

    Мыкты залкар алп акыныбыз жер жамынып калганы окундурот айла жок журогубуздо туболук жашайсыз

  • @uulkanegemberdieva3576
    @uulkanegemberdieva3576 3 года назад +1

    Сыймык сага өмур берсин кагылайын .Үй бүлөң бактылуу өмүр сүргүлө .

  • @user-sf9xo7ts3c
    @user-sf9xo7ts3c 3 года назад +5

    Молтурогон жаш убагы экен атин арман эми тапайбыз жайы нурлуу болсун эл эч качан ЭЛМИРБЕКТИ унутпайт ....

  • @kasietmederbekkyzy7783
    @kasietmederbekkyzy7783 4 года назад +7

    Жаш журогум мынча кайгырдын....
    Конул кушун кимге аллырдын...
    Кузгу ношор тынбай тогулот. Ай
    Коздорумдон жааган жамгырбы???

  • @user-hd8vs5pj4i
    @user-hd8vs5pj4i 4 года назад +5

    Жаткан жерлери жайлуу,беиште болсун, айла жок эрте кетишти.

  • @user-sk9bb1fd2f
    @user-sk9bb1fd2f 4 года назад +8

    Ушундай залкар адамдар менен замандаш болгонума кубанам. Кичинекей кезимде Токтогул, Тоголок Молдо, Женижок, Ыбырай Тумановдор тууралуу айтышса суктанат элем, ошолордун заманында торолуп, ошолорду коруп, ыр-куулорун уксам деп.

  • @user-tu7nm7js7n
    @user-tu7nm7js7n 3 года назад

    Сыймыктын ырларын коп угам илгери кандай болсо азырда ошо калбында элге окшоп сакал мурут коюп озгоргон жок мага ушунусу жакты ар ким озу билетов бирок сакал койгон ырчыларды жактырбай калдым

  • @maiasamatova113
    @maiasamatova113 4 года назад +2

    сыймык сизге ракмат Элмирбектин ырларынан коп коп чыгарып турунуз дар биз суйобуз угабыз.

  • @user-yv3zj5zu3q
    @user-yv3zj5zu3q 3 года назад +1

    Аттин арман, Элмирбек омур бою,элдин журогундо унутулбайт,жаткан жери жайлуу болсун,калган жашын кыздарына,уулдарына берсин.

  • @user-jm1fq3ww3r
    @user-jm1fq3ww3r 3 года назад +2

    Сыймык молдец еркек

  • @kgkg7518
    @kgkg7518 3 года назад +1

    Эзип койгон экен кузгу ношорду кайран жарыктык Элмирбек

  • @user-cq3dm6zw7s
    @user-cq3dm6zw7s 3 года назад

    Какое доброе и умное лицо у Сыймыка Бейшекеева. Чувствуется, что он скромный и очень хороший человек. Замечательный папа,муж и надежный и верный друг и товарищ. Такой талантливый и очень простой человек без всяких понтов. Очень уважаю его творчество. Какие песни у него замечательные !

  • @user-pp4tx1er1v
    @user-pp4tx1er1v 4 года назад +5

    Иимй жаным бул дуйнодо кетишти,ичти куйгузуп

  • @MiMi-fv5my
    @MiMi-fv5my 3 года назад

    Аттиң арман ай жаткан жери жайлуу болсун Сыймык сага ыракмат Айзуура сен көөп чыгар ырларын аябай атаң менен апаңдын ырларын мен аябай ыйлап угамын силердин омурунорду узун кылсын кудайым аябай сулуу болушкан көз тийди

  • @user-tq3ht3ko2u
    @user-tq3ht3ko2u 3 года назад +1

    Кандай кана окунучтуу...ажалга айла жок тура.Ыйманы жолдош болсун.

  • @jarkynaiduishonalieva6611
    @jarkynaiduishonalieva6611 3 года назад

    Иии не деген инсан не деген өнөр баккан акебиз эле.Көздөрүм жааган жашым тыйылбайт го.Арбагыңдан кагылайын Элмирбек акем ай.Ичимди эзип кеттиңиз.Аллахым бейишин берсин.Ырдалбай канча ыр кетти айтылбай качан акыл кеп насаат кетти.

  • @user-lx4qe4fh7n
    @user-lx4qe4fh7n 3 года назад +1

    Сыймык Бейшекеевге ден соолук чыгармачылык ийгилик

  • @saltanaturustanbekova9418
    @saltanaturustanbekova9418 4 года назад +1

    Аллахым бейиштен орун берсин алтындай кымбат эленго Эл деп согуп журогунуз кете берди аттин арман ай журок сыздайт сизди коргон сайын

  • @svetabeyshikova5355
    @svetabeyshikova5355 3 года назад

    Сыймык сиздин ырларыныз менен чонойдук кандай сонун чыгармаларды жараттыныз эн башкысы жонокой жакшы инсансыз ушунунуздан жазбаныз ,сизге уй булонузго ден соолук

  • @user-iz9ih6we5j
    @user-iz9ih6we5j 3 года назад

    Сыймык байке бир калыпта жургону адамгерчилиги менен ото жагат.кичинебизде ушндай киши болсо азыр да ошол бойдон.ырлары менен чонойдук биз👍👍👍👏👏👏

  • @user-hb6tk9wp3o
    @user-hb6tk9wp3o 3 года назад

    Сыймык оноруно таазим Элмирбектин элеси уну да 4 ай отуп баратса да кулакка кадимкидей угулуп турат жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-wv4hm2bb7p
    @user-wv4hm2bb7p 3 года назад

    Сыимык бауырым қанатың талмасын жарайсың

  • @user-hm8vf5zi5s
    @user-hm8vf5zi5s 2 года назад +1

    АЛА ТООБУЗДУН ЭН ЖАКШЫ ЖИГИТИ БАРБЫ ДЕСЕ МЕН СЫЙМЫКТЫ КОРСОТМОКМУН
    СЫЙМЫК КЫРГЫЗЫМДЫН ТАЗА ТОКТОО БИР КАЛЫПТА ЖУРГОН АШЫКЧА КЫЛЫКТАРЫ ЖОК ООР МУНОЗУ БАР МЫКТЫ ИНСАН
    АЛ УККУЛУКТУУ ЫРЛАРЫ МЕНЕН ОЛКОБУЗГО БЕЛГИЛУУ .
    ЭН СОНУН ЫРДАЙТ ..

  • @user-mp2br7mr3u
    @user-mp2br7mr3u 3 года назад

    Кандай керемет инсан эле......кайрылгыс талант....табылгыс инсан....жаннатты жаныртып ырдап жургондурсун......жаннатта бол

  • @amanbekumarov3262
    @amanbekumarov3262 4 года назад +12

    Ээх Элмике 😢

  • @user-ml6ly4mr3s
    @user-ml6ly4mr3s 3 года назад

    Аттин ай элмирбек

  • @user-fl6ud7yd7l
    @user-fl6ud7yd7l 3 года назад

    Сыймык. Бейшекеев ден соолук чыгармачылык ийгилик сагаыр жолунда журо бер. Ак. Уйго барам дебей

  • @user-vw2mt4uc8m
    @user-vw2mt4uc8m 3 года назад

    Сыймык инибизге ырахмат,элибиздин сыймыгы болуп аман журушунду жараткандан тилейм!🤲🤲👍👍

  • @user-bg9hr9tp8i
    @user-bg9hr9tp8i 3 года назад +1

    Жаныныз жантта болсун

  • @user-jt6fx6gy5z
    @user-jt6fx6gy5z 3 года назад +2

    Сыймык иним саган рахмет мен казакстан актауданмын айнур мен элмирбек асианада 2003 жылы айтысканда элмирьекти оте жан куйер и едим осы кунге дейин мынаны корип сыймык саган айзура мерзпт сиздердин арканызда кайта тирилди го1 элмир бек гулби жандары жаннатта болсын оздерин аман журин сезим нин жолы болсын мен элмирбек пен гулбини жаксы коретин апасымын

    • @user-jt6fx6gy5z
      @user-jt6fx6gy5z 3 года назад

      Гулби де элмирбектекадирли жандар аттен ерте кетти екеуи ана жакта колыстасып бир журсин досынды корменттеген сыймык саганда шон рахмат

    • @user-jt6fx6gy5z
      @user-jt6fx6gy5z 3 года назад

      Сыймык деген жигиттер мыкты болады екенкормесемде ана сыймыктында жан куйеримин кыргызстанга барганда екеуинеде жолвгам коришип кудай буйыртса

  • @user-mz1yo4lu7n
    @user-mz1yo4lu7n 4 года назад +11

    Кайран. ЭМИШ

  • @user-tp7cz2xr1n
    @user-tp7cz2xr1n 3 года назад

    биз да магнитофонду улам токтотуп кайра кайра коюп жаздыэлек кайра кайрып кошулуп ырдап жаттаганбыз рахмат Сыймык ырларың керемет... ийгиликтер коштосун азаматсың Элмирбек да соонун ырдаган бейишин берсин.

  • @user-py8mw3ze3z
    @user-py8mw3ze3z 4 года назад +2

    Сонун чыгарма Сонун адам

  • @user-xp4eq7yg9i
    @user-xp4eq7yg9i 4 года назад +7

    Эх Эмиш ака

  • @anarakarimshakova6129
    @anarakarimshakova6129 2 года назад

    Сыймыкты кобуроок сыйлайм, атына заты жарашкан. Эн негизгиси моралдык жактан туруктуу. Ал эми Элмирбек акын катары улуу залкар экени чын, бирок Гулбубуну эки кызы менен таштаганы...

  • @momunkulova0755
    @momunkulova0755 3 года назад

    Мыктысыз❤

  • @user-ne5cy8tl8f
    @user-ne5cy8tl8f 3 года назад +1

    Соонун ырдаптыр.

  • @merikaisakova6965
    @merikaisakova6965 3 года назад

    Сыймык сизге чыгармачылык ийгилик каалайм дагы да жаны чыгармаларды жаратат деген чоон ишеничтемин Элмирбек козу отуп кетсе да талантына таазим этебиз Аллахым бейишинен орун берген болсун сиздердей чыныгы талантуулар мн замандаш болгонума сыймыктанам

  • @sairagulsultankulova4026
    @sairagulsultankulova4026 3 года назад +2

    ЖАЙЫҢ ЖАННАТТА БОЛСУН ЭЛМИКЕ!!😢😢

  • @neoneos2482
    @neoneos2482 4 года назад +9

    Ассалом алейкум Сыймык ага сиздин уй було деген ырыныз аябай жагат ошол ырынызды каналынызга киргизип койсонуз жакшы болмок,
    Издеп таппай журом

  • @redmigo905
    @redmigo905 3 года назад

    Абдан сонун

  • @user-os8wu6zt3k
    @user-os8wu6zt3k 3 года назад

    Эн сонун

  • @user-jt3px3sv1p
    @user-jt3px3sv1p 3 года назад

    Ушунчалык элмирге кыянаттык кылансын

  • @user-wr5wt8oo4n
    @user-wr5wt8oo4n 3 года назад

    Азамат Сыймык болсо ушинтип чыгарып тур. Жаш кези экен.

  • @user-kn8mv3ep4v
    @user-kn8mv3ep4v 3 года назад +1

    сыймык акени олло сыйлайм