Маңкурт баяны - Сыймык Бейшекеев

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 дек 2024

Комментарии • 106

  • @СыймыкБейшекеев
    @СыймыкБейшекеев  4 года назад +45

    Маңкурт баяны
    С. О. Сыймык Бейшекеевдики
    "Ээн талаа сары өзөктө желмаян төөсүн желдирип бир эне минтип сыздап келет:
    Мен, ботосу өлгөн боз инген. Тулубун келип издеген, Кудай Таалам бул дүйнөдө эч кимди маңкурт кылбаса экен..."
    Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт,
    Чындыгын ырастап ий бул жомоктун,
    Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт.
    Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...
    Казактын кең Дархан талаасында,
    Ээн талаа эрме чөлдүн арасында.
    Желмаян төөгө миниип бир байбиче,
    Желдирип келе жатты шашке маалда.
    Ким дейсиң, бул байбиче Найман апа,
    Азыр ал тагдырына абдан капа.
    Жалгызын жоготконго ичи ачышып,
    Жалдырап көзүн салат эки жакка.
    Бечара улутунуп ыйлап, ыйлап,
    Бел тутуп өткөн күндү эске салат.
    Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле,
    Жараткан оо Кудай ай, атаганат.
    Жалгызы боор көтөрүп чоңойгондо,
    Жаа тартып, кылыч шилтеп торолгондо,
    Жарады эл ишине, ар намыска,
    Жаш-кары баары көрдү жоо чабышта.
    Айлардан ай алмашып айдан жылга,
    Айланып убакыт да алга жыла.
    Бактылуу асыл күндөр өтө берди,
    Баа жетпес алмаштырбас алтын га да.
    Капыстан чуулгандуу кептер тарап,
    Кыргызым дүрбөлөңгө түшүп замат.
    Тургула! Тургун элим жоо келди! деп,
    Угулду үндөр улам жаңырыктап.
    Аттанып кыргыз элим жоого каршы,
    Алдыда уулу барат колдун башы.
    Бечара Найман эне калып калды,
    Уулуна берем деген бышпай ашы.
    Оо, Кудай ай жок дегенде,
    Өз колуман акыркы даам берсем не?
    Токто, кагылайын кайрылчы артка,
    Деп зар какшап калып калды Найман эне.
    Күндөрдөн күн алмашып өтүп жатты,
    Күндөрүн үзбөй эне күтүп атты.
    Жүрөгү бир жамандык билдиргендей,
    Түшүнө алда нелер кирип атты.
    Тигине, келатышат түрлөрү бар чаалыккандай,
    Тилеги уулун көрсө сүйүнүчтөн маңдайы жарылчудай.
    Эмнегедир көрүнбөйт го уул элеси,
    Курган жүрөк бир башкача туйлайт да,
    Бул эмнеси?
    Байбиче деп,
    Кеп баштады уруу башы,
    Бардаш кыл эсиңди жый садагасы.
    Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң,
    Байкабадык биз аны кара басып.
    Жок, жок, жок!
    Чучуктай чаңырды эми байкуш эне,
    Жоламан сени ушинтсин дедим беле?!
    Кайгырып, боздоп ыйлап, зар какшаса,
    Кара жердигинен түткөн белем.
    Энеге эми баары бирдей болду,
    Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун.
    Жылдар өттү баары бир эне күтөт,
    Жылдызы келчүдөй бир сунуп колун.
    Бир күнү түшкө маалы үй жанынан,
    Биригип кербен өтүп бара жатты,
    Байбиче кербендерге кымыз сунуп,
    Ак бата, ак тилегиңер уулума деп,
    Бечара Найман кемпир тилек кылды.
    Аңгыча кербен башы сөз баштады,
    А, байкуш эне ага кулак түрдү.
    Келатып эрме чөлдүн арасынан,
    Кер мурут жигит көрдүм төө кайтарган.
    Сезбестен чөлдүн аптап ысыктыгын,
    Сенделип басып жүрөт төө артынан.
    Сүйлөсөң жооп бербей башын катат,
    Сүрдөнүп киши көрсө ары басат.
    Уулум, бери келгин жакын десем,
    Умтулуп маңкурт сымал бизден качат.
    Сезди эне ал Жоламан уулу экенин,
    Уулумду издөөчү мен бекемин.
    Шерт байлап мына ушинтип чыкты жолго,
    Төө минип, камчыланып оңго-солго.
    Аптадан өтүп калды чыкканына,
    А, Кудай жеткире көр максатыма.
    Алыстан калың төөнүн үйүрүн көрүп,
    Ашыкты ылдамдатып камчылана.
    Жел жетпейт желгенине желмаяндын,
    Бат эле кирип барды төөгө жакын.
    Төөчүнү көрөр замат дароо таанып,
    Кыйкырды Жоламан! деп үнүн баарын.
    Кыйкырык үндү угуп жалт карады,
    Көздөрү эне көзүн бир арбады.
    Буулугуп эне турду уулун тиктеп,
    Бурулуп уулу кетти мал сыңары.
    Кулунум деп учуп түштү желмаяндан,
    Кургурум тааныйсыңбы бул мен апаң.
    Эстечи атыңды айтчы, атыңды айтчы,
    Эрмегим билесиңби ким сенин атаң?
    Уулу дал болгондой башын чайкап,
    Долдурап үн чыгарып маңкурт деди.
    Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне,
    Уугуп сүйлөй албай ыйлай берди.
    Жок, кулунум сенин атың маңкурт эмес,
    Жоламан сенин атың кургурум ай.
    Атаңдын атын унутупсуң аның кандай?
    Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай.
    Оо, таш боор адам,
    Качанкыга бир-бириңди кордойсуңар?
    Эмне үчүн оо, катыгүн,
    Адам деген атка татык болбойсуңар?
    Деп зар какшап ыйлап жатты Найман эне,
    Аңгыча көрүп калды не бир караан.
    Көрө сала сурады уулунан ал,
    Келе жаткан кимдер болот эки адам?
    Кожоюн деди маңкурт,
    Өзүнөн өзү коркуп,
    Кокуй анда мени айтпа кайра келем.
    Бүгүн түнү мекениңе алып кетем.
    Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти,
    Аңгыча эки жуңжуң жетип келди.
    Тигил ким качкан сенин жаныңдагы?
    Айткының өлтүрөбүз азыр сени.
    Билбеймин, энеңмин деп өзү келди,
    Билегим кармап алып ыйлай берди.
    Жалган ал энең эмес деп байкушту,
    Өлтүргөнү келген сени деп коркутушту.
    Алдыгы тебетейиң жулуп алып,
    Башыңды кайнак сууга малат деди.
    Эх, мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип,
    Эми келсе аткының деп жааны берди.
    Адамзатты айбан кылган макулуктар,
    Ардантышып маңкуртту жөнөп кетти.
    Аңгыча күүгүм каптап айлананы,
    Ай чыкты сүттөй кылып эрме чөлдү.
    Элине алып кетем деп эне келсе,
    Эссиз уул өз энесин ажал көрдү.
    Келет эне уулуна жай бастырып,
    Бечараны ажал бол деп шаштырып.
    Адамзаттын бул ишинен жийиркенгендей,
    Ай да кетти булуттарга жашырынып.
    Жоламан, Жоламан деп эне келет,
    Жалгызым кайдасың? деп сыздай берет.
    Токто! Кагылайын атпа! Атпа! бул мен апаң,
    Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет.
    Тепчилди жебе эне жүрөгүнө,
    Термелип ылдый карай кулап барат.
    Жоолугу моюн ылдый шыпырылып,
    Жомокто куштай болуп сүйлөй учат.
    Кулунум, тааныйсыңбы бул мен апаң?
    Атың ким? Атың сенин Жоламан.
    Атаң ким? Кургурум ай,
    Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...
    Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт,
    Чындыгын ырастап ий бул жомоктун.
    Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт,
    Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...

    • @buraiymkutushevna126
      @buraiymkutushevna126 3 года назад +3

      Баракелдеее.
      Сыймык иним
      Баракелдеее
      Бул ырың дагы, дагы көп ийгиликтерди алып келсин

    • @Kyrgyzlegalise
      @Kyrgyzlegalise 2 года назад +3

      Көздөн жаш агып, жүрөктүн оорусун өзү менен алып кетет дайым укканда бул баянын, сиздерге терең ыраазымын рахмат..

  • @zaramusaeva6493
    @zaramusaeva6493 4 года назад +12

    Москвада бир орус танышымдын квартирасына барсам китеп полкасында Ч.Айтматовтун китептери бар экен .Сурадым сиз окудунузбу бул чыгармаларды деп,десем конечно он же всему извесный писатель .Анын чыгармалары аябай кызыктуу деп жооп берди.Озумчо сыймыктандым,оа да анын чыгармасын окуубаган элдер жок деп ар тилде басылып келген чыгармалары деп.Озунчо башкача болот экенсин с гордостью жооп кайтарып,рахмат Ч.Айтматов атабызга кыргызды даалайга таныткан учун.

  • @СыймыкБейшекеев-й6ю
    @СыймыкБейшекеев-й6ю 4 года назад +120

    Бул чыгарманы мындан 26 жыл мурун туура 20 жашымда жазгам, жаштык курчтук менен жазып койсом керек, азыр жүрөксүп батынмак эмесмин, маңкурт ар бир заманда адамдарга аралашып жашай берээрин Чыңгыз атабыз бизге коңгуроо кылган экен, адамзат ойлонолу, азыр да арабызда апаппак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт.

    • @СулиШм
      @СулиШм 4 года назад +3

      Сыймык аке талантынызга таазим , ошол курч ошол балалык сезимдер кайрылбайт ээ , айылда ат минип созолонтуп ырыныздыырдап суйууго балкыган бала кез коздон кайын болду .

    • @АкберметАсанова-с1ж
      @АкберметАсанова-с1ж 4 года назад +5

      СЫЙМЫК сиз биздин сыймыгыбызсыз.кандай эне тороду экен сизди.ырларыныз сизге сиз ырларга куп жарашат.кыргызымдын манкурттарын кайра адамга айлантаар Чынгыз мн Сыймыктын чыгармалары деп умут кылам

    • @БексултанАбдилла-у2х
      @БексултанАбдилла-у2х 4 года назад +4

      Сыймык онорун оркундосун. Аллахым колдлсун. Чындап азыр манкурт болуп баратабыз. Сенин ырлар адамдардын журогуно жетет.

    • @gulgaakykalyibekkyzy3536
      @gulgaakykalyibekkyzy3536 3 года назад +1

      Созу ,обону соонун соз жок!Бирок эмнеге кавказ улутундагы адамдар каармандар?
      Боз уй,Жоломан,Дононбай...топ келишпейт экен дини,улуту башкалар менен .Кыргыздар эле аткарышса жакшы болмок экен.(дагы бир жолу окуп коруш керек экен чыгарманы меники мумкун туура эмес жазганым)

    • @peridatka
      @peridatka 3 года назад +2

      Чоң ырахмат, Сыймык байке. Ырларыңызды угуп калганым менен сүйлөгөнүңүздү бүгүн биринчи жолу супер инфого берген интервьюңуз аркылуу көрдүм. Сөз баккан адам болгонуңуз үчүн чоң ырахмат. Мындай адамдар сүйлөгөндө уккан адам эргүү алат.

  • @ШукурканШамбетова-щ7й

    Сыймвк мырза ,талпнтынызга таазим ! АЗАМАТСЫЗ! Чынгыз Айтматовдой улуу адамдан бата алыш ар кимдин колунан келе бербейт! Айтматовдун терен философиялуу чыгармасын ырга салып,журокко жеткиргениниз чынында эле чон эрдик. 70 жаштагы Ысык -Колдон сиздин куйорман катары да, эне катары да ак батамды берип, ден соолук , чыгармачылыкта ийгилик каалаймын.

  • @ЖенишбекКожонов
    @ЖенишбекКожонов Год назад +6

    БУЛ ЫР ЖАҢЫ ЧЫККАНДА МААНИ БЕРБЕГЕНИМЕ АНДА ЖАШ ЭКЕНИМЕ ӨКҮНДҮМ😣,БҮГҮН КӨРҮП,КЛИП МЕНЕН КОШО ЧЫНЫН АЙТСАМ ЫЙЛАДЫМ😢😢😢,УШУЛ ӨҢДҮҮ МАҢКУРТТАР КӨБӨЙҮП БАРАТКАНЫНА ЫЙЛАДЫМ...СЫЙМЫК ИНИМ ТАЛАНТЫҢА ТААЗИМ,АМАН ЖҮР🤲🤲🤲🤲🤲🤲👍👍

  • @ЭтиборЭргашева-з1у
    @ЭтиборЭргашева-з1у 3 года назад +3

    Сыймык сени жахшы коробиз аллах колдосин сени узбекистандан салам....

  • @УмутТороева-и6т
    @УмутТороева-и6т Год назад +1

    Бул ырды кичине кезибизде Сыймыктын ыр жыйнагы жазылган кассетадан угуп жаттаганмын анда 15,16 жаштагы кыз элем , азыр 42 жашта апа болдум.

  • @АйбекАбдалиев-ы2б
    @АйбекАбдалиев-ы2б 4 года назад +10

    Мыкты дастан Сыймык аке, кадырыныз бийик ийгилигиниз арта беришине тилектешмин

  • @АФамилия-к3ч
    @АФамилия-к3ч 4 года назад +9

    Кандай бактылуу адамсын Сыймык. Ушундай залкар Адамдын чыгармасына ыр жазып, аны менен кол алышып кокурок тийишип корушуп. Унундон жаш экенин билинип жатат. Корком адабиятка кызыгып окусан керек. Бул чыгарма жон жерден жаралбагандыр.

  • @ФаридаӨмүрзакова
    @ФаридаӨмүрзакова Год назад +2

    Ыйлаттың , сыймык!!!!!! Бар бол🤲🤲🤲🤲

  • @ФаридаДосонова-л5ъ
    @ФаридаДосонова-л5ъ 4 года назад +5

    Сыймык кайталангыс талант.Сыймык менен сыймыктанабыз!!Омурун Узун Болсун!!!

  • @ЫрысТоктосунова
    @ЫрысТоктосунова 4 года назад +20

    Сыймыктын ырларын уккансайын уккун келет ден-соолук омуру узун болсун

  • @АйжанКамчыбекова-ш4д
    @АйжанКамчыбекова-ш4д 4 года назад +19

    Сыймык омурун узун болсун.Элимдин сыймыгысынар.Мен талантынызга таазим кылам.

  • @ГулбарчынШекилбаева-з3ж

    Эн мыкты чыгарма. Чыгармачылык ийгилик каалайм

  • @соготсай
    @соготсай 4 года назад +10

    Азаматсыз Сыймык байке бар болунуз коп жашан,кыргыздын уюткуларынын бирисиз

  • @abimanapkyzysapargul3034
    @abimanapkyzysapargul3034 4 года назад +12

    Сыймык байке талантынызга таазим !Аллахым бизгеда сиздей уулберсе экен .Кудайым сизден ыраазы болсун, уй булолук бакыт каалаймын

  • @user-adtaai
    @user-adtaai 4 года назад +7

    Кандай Бактылуу Адамсыз! Залкардан ыраазычылык уккан, бата алган! Дагы ушундай сонун мыкты чыгармаларды күтөбүз Сизден. Бар болуңуз Сыймык ага!

  • @zairbekabdykaiymovich2919
    @zairbekabdykaiymovich2919 4 года назад +9

    Ишинизге ийгилик ушундай Эл сыймыктанган инсандардан болуп журобериниз

  • @Maksat.22
    @Maksat.22 2 года назад +3

    Журоктон чыккан чыгарма журоко жетет.❤

  • @ИмигульАкматова
    @ИмигульАкматова 4 года назад +3

    Сыймык аке сизди сыйлаймын эки дуйно бакыт каалаймын ырларыныз Манилу 👏👏👏😭

  • @elviraesenova6146
    @elviraesenova6146 4 года назад +19

    Эх, кандай гана окунучтуу😭😭😭😭😭 кыргыз элим манкурт болуп баратканы, бир кичине байлык, мансап учун оз эли-жеринин келечегин сатып жатышат😭😭😭, суранам манкурт болбогулачы, кичине болсо дагы оз акылынарды иштеткилечи, башынарды буруп койсо эле агып кете бербей!!!
    Сыймык ага сиз кыргыз элинин байлыгысыз, сыймыгысыз! Аллах Таалага мин мертебе ыраазычылык билдирем сиздей асыл адамды кыргыз кылып жаратканына! Омурунуз узун болсун, онорунуз оркундой берсин!!!🙏🙏🙏🌹🌹🌹

  • @ТулиЛимон
    @ТулиЛимон 4 года назад +7

    Керемет👏👏👏 Айтматов атабыздын арбагы ыраазы болсун 🙏🙏

  • @kengekayipova571
    @kengekayipova571 4 года назад +4

    Журогум сыздайт..Кыргыз элиме ыйман, акыл берсе экен..Кудай манкурт болуудан сактай кор🤲🤲🤲🤲

  • @СыймыкЖурсунбеков
    @СыймыкЖурсунбеков 4 года назад +7

    Аллах сизден ыраазы болсун

  • @АнарбууЧокоева
    @АнарбууЧокоева 4 года назад +2

    ЧЫНГЫЗ атабыз да кыраакы киши да СЫЙМЫКТЫН элдин сыймыгы болорун,алдын ала баалаган экен.Ден соолугун болсун коп чыгарма жаратканга .

  • @gulzadaguli9860
    @gulzadaguli9860 4 года назад +2

    👍👍👍🤔🤔🤔Сыймык Бейшекеевдин ырларынын мазмуну аябай жакшы👍👍👍Менин Кыргыз элинин суйуктуу ырчыларынын бири🙏🙏🙏Кыргыз элинин Сыймыгы,Атына заты жарашкан ырчы!!!

  • @Byxodest
    @Byxodest 6 месяцев назад

    Чыгарманы окуганыма ото эле коп жыл отту... Сыйыктын ушул ырын биринчи жолу угуп атам... Кыргызстандан кеткенимде 87 жыл эле... Аттин, алыста калды бала чагым... Коздон жаш агып, кусаланып, сыймыктанып уктум кайра_кайра... Чынгыз Айтматовдун элесине _таазим! Сыймык Бейшекеев, ийгилик колдосун, ар дайым! Жаша, Кыргызстаным! Тилин билбеген, жерин суйбогон, журтун унуткан манкурттар аз болсун, арабызда! Адам деген атакка татыктуу бололу, ыр саптардагы!

  • @ЖанылханНурлаева
    @ЖанылханНурлаева 4 года назад +5

    Сыймык омириниз узын болсын талантыныз тасый берсин бул ырынызда керемет екен к у з г и н о ш е р ди кунде тындап журем

  • @МинураТураева-ь5к
    @МинураТураева-ь5к Год назад +1

    Сыймык байкенин интервьюсунан кийин ушул ырын издеп келдим бул жерге. Өзү айткандай Чыңгыз атабыз сыймыктана турган ыр болгон экен. Сизге чоң рахмат Чыңгыз атабыздын барында өзүнө угузуп, батасын алганыңыз үчүн!

  • @saltanattashbolotova7369
    @saltanattashbolotova7369 4 года назад +15

    Коруп абдан толкундап кеттим Сыймык байке бактылуу экенсиз кандай кана адамдын колун кармап батасын алып калгансыз

  • @ГулумАалиева
    @ГулумАалиева 4 года назад +1

    Сыймык Бейшекеевге ден соолук чыгармачылык ийгилик бар болунуз кыргыз элим сиз менен сыймыктанат

  • @КувватОртикалиев
    @КувватОртикалиев 4 года назад +3

    керемет сонун

  • @GulnaraKalilova
    @GulnaraKalilova Месяц назад

    Азамат.Бар бол балам Чыңгыздын чыгармасы ыйлатат

  • @munarbekalybaev4848
    @munarbekalybaev4848 4 года назад +2

    Ассалоому алейкум, азаматсыз 👍 👍 👍 Сыймык аке кооп жашан. 👏👏👏 13 октябырда кутобуз ак жол сизге.

  • @РустамБакиров-ь9ъ
    @РустамБакиров-ь9ъ 2 года назад +1

    Агай сизге рахмат ,ыйлап уктум

  • @ЖамилСартов
    @ЖамилСартов 2 года назад +1

    Ушул ырды уксам мени багып ушул даражага жеткирген энеми эстеп коп ыйлайм ушул ыр чыканда отту эле

  • @rolMorojenoe
    @rolMorojenoe 26 дней назад

    Мен мурун детектив криминал сыяктууларды жакшы коруп окучумун. Жамийланы жаштыгымда окуп коргонмун бирок толук бутургон жокмун анча эле кызыктырган жок. Азыр бут чыгармаларын окуп, угуп чыктым кээбирлерин кайра кайра окуйм. Ото улуу инсан болгон экен Ч Айтматов жайы жаннаттан болсун.

  • @AltynaiZhangazieva
    @AltynaiZhangazieva 11 месяцев назад

    Эң сонун,керемет. ❤❤❤

  • @gulyatilenbaeva5043
    @gulyatilenbaeva5043 4 года назад +3

    А я была в этом концерте. Тогда и увидела Чынгыза Айтматова один единственный раз.

  • @АйжаркынКадаева
    @АйжаркынКадаева 3 года назад

    Сыймыктын ырлары аябай уккулуктуу кыргыз элим сыймыктансак болот улуу дуйно тааныган Чынгыз атабыздын батаасын алган азамат ыраазычылык айтып кетем онорун оркундой берсин

  • @roza.m.88
    @roza.m.88 4 года назад +2

    Кыргызымдын чыныгы уулдары!!! Улуулары!!!

  • @ЧынгызБоркеев-ч6р
    @ЧынгызБоркеев-ч6р 4 года назад +8

    Залкарлар👍

  • @gulshadatsadykbaeva3359
    @gulshadatsadykbaeva3359 2 года назад

    Өнөрүнүзго таазим, Аллахым сизге берекелүү өмүр берсин

  • @roza.m.88
    @roza.m.88 4 года назад +2

    Чынгыз, Сыймык- кыргыз сыймыгы!!! Терен таазим!!!

  • @Айбикешка-ю2я
    @Айбикешка-ю2я Год назад +1

    Ыйлайсын кандай керемет чыгарма

  • @user-wg8mp3bg3n
    @user-wg8mp3bg3n 3 месяца назад

    Чынгыз атабыздын жаткан жери жайлуу болсун

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 Год назад +1

    Чынгыз Айтматов эстуу инсан каймана мааниде белги берген наймандарга,тарыхынды изилде деп,

  • @БактыбекКурманалиев-м6э

    Сыймык азаматсын👍👍👍

  • @meerimzakirova1490
    @meerimzakirova1490 4 года назад +2

    Супер 😊👏

  • @ЕкатеринаСоколова-н5т

    Браво ,Сыймык! Ты вы неповторимый певец.

  • @УланБейшекеев-ы5п
    @УланБейшекеев-ы5п Год назад +1

    Чынгыз ата великий писатель

  • @ИмигульАкматова
    @ИмигульАкматова 4 года назад +3

    😭😭😭😭😭😭😭😭

  • @Edil-y2i
    @Edil-y2i 11 месяцев назад

    Аягына чейин жандуу ырдайто десе

  • @nuripasoorbekova3755
    @nuripasoorbekova3755 Год назад

    Бул клипте башка улуттар тартылыптыр же кинонун узундусу болду бекен.

  • @АйгульУсонова-н4у
    @АйгульУсонова-н4у 4 года назад +2

    😥😥😥😥

  • @УрматНаркулов-т6ж
    @УрматНаркулов-т6ж 4 года назад +2

    👍👍👍

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Ураа мен Чынгыз Айтматовтун Ата тегин таптым,Чон уруусу Найман,Кытай Култай,Кутай, Кулчу Кучлукханадын тикелей урпактары болу керек,

  • @БексултанБатырбеков-д8я

    👍

  • @borzia.1979.
    @borzia.1979. 2 года назад +2

    Назира Айтбекованын интервьюсунан кийин уккандар барбы?
    Сыймык Бейшекеев, өчпөс талант. Көз жашым агып атып уктум.....
    .

  • @ЖамилаТагаева-х2э

    Омурунузго береке❤ денсоолукта болунуз Сыймык байке. Бул кинобу же атайын клиппи? Болсо кайсы кино???

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Кучлукхан Чынгызхандан уч жолу женилген,Бул ыр Кучлукхандын тагдыры сыякту,

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Кучлукхан менен Чынгызхандын согушу, Кучлукхан был Наследный принц империи Сакиз Огуз Найманов,

  • @ЭдилМолдокматов-у7б
    @ЭдилМолдокматов-у7б 4 года назад +7

    Азыркы ширк деп дамбал койнок кийгендер укса
    30 жылда эврейлердин эми програмасы ишке ашты дагы 20 жылда бизди сирия кылбаса болду кыргызым ойгон Алардын чон кызыкчылыгы Эл башы болбой суу башы бол деген соз бар.бара бара суу алтындан кымбат болот

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Чынгыз Айтматов Кучлукхандын тикелей урпагы, Чынгызхан менен Кучлукхантын тирешинен Найман уруусу запкы чегип Уй жайын мал жандыгын Уй було бала чакасын жоготкон,, Кучлукхандан жалгыз туяк калган экен Кытай Култай деген,

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Туугандар бул баланы Охналык Толок Атанын урпактары сактап калып Кыргыз болуп Найман уруусунун арасында Кутай Култай Кулчу Сарыбай деген аттар менен аталган,

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Манкурт менен Бугу Эне роман Чынгыз Айтматовтун Ата бабасынын тарыхы болу керек,Кыргыз туугандар силер Биз хандардын урпагы болобуз дегенинер Чындык,

  • @ghazgulkalybaeva4174
    @ghazgulkalybaeva4174 Год назад

    Апасы келгенде уруусунан жигиттерди кошо келсе болмок экен да, аттин!

  • @ЧолпонМурзакматова

    😢😢😢

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Тоо кайтарып жургон жеринен Толок апкелип озунун койун кайтартыптыр,Кийин Толок ата кызын Култайга куйоого берген экен, Охна айылында жашайт,Култай аташкан экен башында азыр Сарыбай,Чон Алай районунда Кулчу айылында Кучлукхандын тикелей урпактары жашайт,

  • @ErkeaiymAkmatova
    @ErkeaiymAkmatova 3 месяца назад

    Сыймык сени кызыр таарып жигит прим колдогон адам экенсин Чыныз Айтматовдун алдында ырдаганын не укмуш чынын айтсам козум куйду талантына таазим

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Казак туугандардын айтымында Тологотай баба Кылычты Атанын койун кайтартыптыр, Кийин Тологотай атага Кылычты Саидбурханидин кызын берген дешет, Тологотай баба Кылычты Атанын урпактары Казакстанда бар,

  • @nurchannel6890
    @nurchannel6890 4 года назад +3

    👈суротту басып Бутун Кыргызстан Партиясын колдоп каналга подписка болуп коюнуздар 8️⃣✅8️⃣✅8️⃣✅8️⃣✅
    💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

    • @МаксТоктажиев
      @МаксТоктажиев 4 года назад +2

      *Кыргыздар макурт болдук катуу тийсе кечирим сурайм бирок арданбагыла*😪😪😪😪*

    • @АФамилия-к3ч
      @АФамилия-к3ч 4 года назад +1

      @Бакытыма Бакытым туура.

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Кутай Култай дагы Ата энесинин ким экенин билбей калган экен,Ошон учун Култай аташыптыр Толок наймандар,

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Европалыктар Кучлукханды Цар Давид деп айткан имиш,

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    840 жылдан бери жагында Инанч Билге, Таянхан Кучлукхан Буйрукхандан башка Хандардын ханы чыккан эмес, Чынгызхан майда Хандар менен Согушкан эмес, Хандардын ханы Таянхан Буйрукхан Кучлукхан Наследные принцы,Ошон учун Кучлукханды Чынгызхан 20 жыл тынч койгон эмес,

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 Год назад

    Бул чыгарма каймана мааниде, Наймандардын тарыхын жашырып манкурт кылгысы келгендер жонундо айтып атат, Кучлукхан Алтайдан Жыззака келген болу керек,Кара кытай мамлекетин басып алган Кучлукхан мамлекети деп атаптыр,Амир Темир найман барлас болот экен,атасы найман апасы барлас болу керек, Фергана ороонун жунгардан сактап калганы найман Эрденебий болот, ушул нерселер бурмаланган жашырылган,

  • @АкбарБейшенов
    @АкбарБейшенов Год назад

    “””.

  • @bat1716
    @bat1716 3 года назад +2

    Алда байкуш манкурт,

  • @ДамираСадырова-о6л

    Адамдан откон мыкаачы жок дуйнодо.

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 месяца назад

    Жоломан бул Кытай Кутай Култай Кулчу,Чынгыз Айтматов Ата бабасынын тарыхын билген,Ачык айта албай каймана мааниде болсо да жазып кеткен экен,Эмне учун именно Найман Эне?Себеби Найман Эне Чынгыз Айтматовтун Энеси,

  • @nazirakmatov7107
    @nazirakmatov7107 2 года назад +1

    👍👍👍👍👍