Аскат Мусабеков - Лейли

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 16 янв 2025

Комментарии • 19

  • @максатдоолотоа
    @максатдоолотоа 2 года назад +1

    Унунуго берекем соонун ыр мага жагат☺

  • @bereke04.17
    @bereke04.17 Год назад +1

    Арнаймын сага ырымды, Лейли,
    Айтайын болгон сырымды, Лейли.
    Арналган алтын белегим ушул,
    Ардактап туткун мунумду, Лейли.
    Жоодурап анча кадала, Лейли,
    Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли.
    Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө,
    Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли.
    Тал чыбыктай буралган, Лейли,
    Тараз бир боюң кыналган, Лейли.
    Теңдеши жок сулууга сендей,
    Тең кылабы бул жалган, Лейли?
    Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли,
    Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли.
    Кайгыңды тартып камоодо жүрөм,
    Мунумду качан туясың, Лейли?
    Улуу бир тоого чыгалы, Лейли,
    Улардын үнүн угалы, Лейли.
    Уларча сайрайт чын ашык деген,
    Ушуну даана туялы, Лейли.
    Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли,
    Алмалуу бактан жолуксак, Лейли.
    Алкымыңан кангыча жыттап,
    Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли.
    Ак кептер болуп консоңчу, Лейли,
    Ак шумкарың болсомчу, Лейли.
    Ак ала зоого алпарып анан,
    Алкымыңан сорсомчу, Лейли.
    Көк кептер болуп консоңчу, Лейли,
    Көк шумкарың болсомчу, Лейли.
    Көк ала зоого көтөрүп барып,
    Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли.
    Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли,
    Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли.
    Эриш-аркак өтсөкчү бирге,
    Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли.
    Желкайып менен Байыштай, Лейли,
    Жабыгып ордо кайышпай, Лейли.
    Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге,
    Курманбек менен Каныштай, Лейли.
    Алдыда аска, үстү таш, Лейли,
    Аскада калган Кожожаш, Лейли.
    Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн,
    Зулайкадай жарлар аз, Лейли.
    Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли,
    Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли.
    Сүйгөнүнө акыры жетип,
    Чын ашык болгон арадан, Лейли.
    Кулмырза менен Аксаткын, Лейли,
    Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли.
    Сүйүүдөн жанган шам болуп алар,
    Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли.
    Олжобай менен Кишимжан, Лейли,
    Бири таеже, бири жээн, Лейли.
    Кыйылды кырчын курактан алар,
    Ойлогон сайын кейитет, Лейли.
    Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли,
    Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли.
    Ашыктан шейит болушкан алар,
    Айтылып калды жомоктой, Лейли.
    Темиркул акын айтылуу, Лейли,
    Телмире жазган Айсулуу, Лейли.
    Теңдеши жок өзүнөн башка,
    Тең келет ага кай сулуу, Лейли?
    Кызылды кийсең, жарашат, Лейли,
    Кызыгып элдер карашат, Лейли.
    Кадыркеч кылып ала көр, жаным,
    Кайран жаш өтүп баратат, Лейли.
    Жашылды кийсең, жарашат, Лейли,
    Жарданып элдер карашат, Лейли.
    Жароокер кылып ала көр, жаным,
    Жалын жаш өтүп баратат, Лейли.
    Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
    Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли.
    Кылыгыңды бир жолу сезип,
    Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли.
    Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
    Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли.
    Жамалыңды бир жолу жыттап,
    Жалганымдан мен өтсөм, Лейли.

  • @СаликаКачикеева
    @СаликаКачикеева 3 года назад +4

    Эн сонун бирок, Кишимжан Жанышалиеванын аткаруусунда уккам бийик чеберчиликте аткарат. Бирок кызга арналган ыр болгон учун жигиттер аткарыш керек.Чыгармачылыгында чон чон ийгиликтер болсун.

  • @ermekakimjanov234
    @ermekakimjanov234 3 года назад

    Азаматсын

  • @ЖивиКрасиво-з9б
    @ЖивиКрасиво-з9б 3 года назад +5

    Обзор
    Текст песни
    Также ищут
    Основные результаты
    Арнаймын сага ырымды, Лейли, Айтайын болгон сырымды, Лейли.
    Арналган алтын белегим ушул, Ардактап туткун мунумду, Лейли.
    Жоодурап анча кадала, Лейли, Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли.
    Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө, Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли.
    Тал чыбыктай буралган, Лейли, Тараз бир боюң кыналган, Лейли.
    Теңдеши жок сулууга сендей, Тең кылабы бул жалган, Лейли?
    Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли, Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли.
    Кайгыңды тартып камоодо жүрөм, Мунумду качан туясың, Лейли?
    Улуу бир тоого чыгалы, Лейли, Улардын үнүн угалы, Лейли.
    Уларча сайрайт чын ашык деген, Ушуну даана туялы, Лейли.
    Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли, Алмалуу бактан жолуксак, Лейли.
    Алкымыңан кангыча жыттап, Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли.
    Ак кептер болуп консоңчу, Лейли, Ак шумкарың болсомчу, Лейли.
    Ак ала зоого алпарып анан, Алкымыңан сорсомчу, Лейли.
    Көк кептер болуп консоңчу, Лейли, Көк шумкарың болсомчу, Лейли.
    Көк ала зоого көтөрүп барып, Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли.
    Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли, Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли.
    Эриш-аркак өтсөкчү бирге, Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли.
    Желкайып менен Байыштай, Лейли, Жабыгып ордо кайышпай, Лейли.
    Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге, Курманбек менен Каныштай, Лейли.
    Алдыда аска, үстү таш, Лейли, Аскада калган Кожожаш, Лейли.
    Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн, Зулайкадай жарлар аз, Лейли.
    Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли, Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли.
    Сүйгөнүнө акыры жетип, Чын ашык болгон арадан, Лейли.
    Кулмырза менен Аксаткын, Лейли, Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли.
    Сүйүүдөн жанган шам болуп алар, Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли.
    Олжобай менен Кишимжан, Лейли, Бири таеже, бири жээн, Лейли.
    Кыйылды кырчын курактан алар, Ойлогон сайын кейитет, Лейли.
    Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли, Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли.
    Ашыктан шейит болушкан алар, Айтылып калды жомоктой, Лейли.
    Темиркул акын айтылуу, Лейли, Телмире жазган Айсулуу, Лейли.
    Теңдеши жок өзүнөн башка, Тең келет ага кай сулуу, Лейли?
    Кызылды кийсең, жарашат, Лейли, Кызыгып элдер карашат, Лейли.
    Кадыркеч кылып ала көр, жаным, Кайран жаш өтүп баратат, Лейли.
    Жашылды кийсең, жарашат, Лейли, Жарданып элдер карашат, Лейли.
    Жароокер кылып ала көр, жаным, Жалын жаш өтүп баратат, Лейли.
    Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли, Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли.
    Кылыгыңды бир жолу сезип, Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли.
    Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли, Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли.
    Жамалыңды бир жолу жыттап, Жалганымдан мен өтсөм, Лейли.
    Бул дүйнөдөн мейли өтсөм, Лейли...

  • @Эржан-щ1н
    @Эржан-щ1н Год назад

    Керимбаевдин Толук аты ким

  • @КутманСултанбеков-я9н

    Бали Аскатбай

  • @СталбекЧырмашов-ы7б

    👍👍👍👍

  • @ЭльханСейдакматов
    @ЭльханСейдакматов 2 года назад

    Яяяяяяя

  • @ЖумарасулБазарбайуулу

    Ийй

  • @МайрамкулТабалдиева-д4к

    Лейлин го лейли.санжырага калыс болуп барганда аябай манчаркап отурдун го чиркин.соонун ырдаган баланы басып кайра кайра оку оку деп.бала ырдаганын эл баалайт.жакшы ырдай албаган кызга добуш берип.кыздын чачы улук деп чачка эмес унго бериш керек.мисаалы мунарымды сенден ойдо ырдаса, кызарып отуралбай ни удобно болуп кеттин го.сени деле элмирбек таанытты эле го.болбосо сени эч ким деле таанычу эмес.аруузатым менен таанылдын го.мен эч ким эмесмин.бир кана санжыранын туруктуу корорманымын.

    • @ТуратБегимбаев
      @ТуратБегимбаев 3 года назад

      Атаны кокуй кашайгыр! Бу кайдан чыккан эксперт?! 😂

    • @МайрамкулТабалдиева-д4к
      @МайрамкулТабалдиева-д4к 3 года назад

      @@ТуратБегимбаев чын жаш катын алганына манчыркады катынпоз .мен чынын жаздым ар ким оз оюн жазат.атаны кокуй арман кун

    • @МайрамкулТабалдиева-д4к
      @МайрамкулТабалдиева-д4к 3 года назад

      @@ТуратБегимбаев тоюна барып ырдап койгон го эксперт болбойле турам

    • @ТуратБегимбаев
      @ТуратБегимбаев 3 года назад

      @@МайрамкулТабалдиева-д4к ооба, ар ким өз оюн жазат да өзүнө жараша. Менин тоюма келген да эмес. Билишимче консерваторияны бүткөн билимдүү ырчы. Ошончүн калыс кылып чакырды да радио деле. Болбосо сен экөөбүздү эмнеге чакырбайт?! Жакындан билбегенден кийин анын жашоосуна башыңды салып эмне кыласың. Катын алабы коёбу анын жашоосу да. Болбосо аны тагдыр дейт.

    • @МайрамкулТабалдиева-д4к
      @МайрамкулТабалдиева-д4к 3 года назад

      @@ТуратБегимбаев тагдыр болбосо талаада калсын.сен айткандай итим да битим да тааныбайт.мага пофик .сен мага жазып убара болбо жазса озу жооп берсин.