Өмүрзак Кайыпов - Көк сулуу
HTML-код
- Опубликовано: 20 сен 2024
- Кыргыз радиосунун түз эфиринде мейманда болгон Өмүрзак Кайыповдун аткаруусундагы дастан, термелерден угуп турууну сунуштайбыз. КАНАЛГА КАТТАЛУУНУ УНУТПАҢЫЗ! ЖАКТЫНЫ БАСЫП ЖАНА ПИКИР ЖАЗЫП КОЙСОҢУЗ ДА АШЫКТЫК КЫЛБАЙТ! ЖАН ДҮЙНӨҢҮЗДӨР БАЙ БОЛСУН!#өмүрзаккайыпов #көксулуу
Азаматсын омурзак унуно береке кыргыздын нукура ырчысы кыргызымдын дастандарын даназалагвн кыраан жигит бали
Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демиге.
Алтындан артык баркыңа,
Ашыгам ырас жетүүгө.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Күмүштөн артык баркыңа,
Күчүмдү жумшайм жетүүгө.
Кишини мынча кыйнабай,
Кымбатым, келсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күндөйүм, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм үзбөйм түбөлүк
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк этсең күлкүң күмүш үй,
Жароокер кыздын күнүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жалжалым, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Ай жүздүү бетиң нур чайып,
Азилиңди ойлосом,
Айылда жатпайм тынч алып.
Алтыным чачкан жарыктан,
Айланам көрккө курчалып.
Ашыктык иштин айынан
Азапты тарттым, мынчалык!
Күн жүздүү бетиң нур чалып,
Кылыгың эске түшкөндө,
Күнүгө жатпайм, тынч алып.
Күмүшүм чачкан жарыктан,
Күнгөйлөр көрккө курчалып.
Кызыктык иши курусун
Кыйноону тарттым, мынчалык!
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүнбөй кетсең, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш агат!
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон Ай, Күн жалтанат.
Жол карап тарттым, көп азап,
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жоругуң эстеп, жаш агат!
Аксынын жери бийик жер,
Антташкан жерге өзүң кел.
Айылымдан чыккан перизат,
Ар дайым кылдың, үмүткөр.
Айтылган жерге келбесең
Антташкан жарың күйүткөр.
Бордунун жери бийик жер,
Болжошкон жерге өзүң кел.
Бозбудан чыккан асылзат,
Боздоп бир болдум үмүткөр.
Болжошкон жерге келбесең
Боз улан жарың күйүткөр!
Көркөмүң жанды суусаткан,
Көргөнү келдим узактан.
Көргөнү келсем чыкпайсың,
Көрө албас айткан ушактан,
Көксулуум, туура түшүнүп,
Көңүлүң менен узатсаң?
Ажары жанды суусаткан,
Атайын келдим узактан.
Атайлап келсем чыкпайсың,
Ар кимдер айткан ушактан.
Айперим, мени түшүнүп
Акылың менен узатсаң?
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин.
Бел байладым алууга
Перизаттай телдейим!
Көбүргөндүү жердейим,
Көңүлүң менен чакырсаң,
Көргөнү кантип келбейин.
Көксөтпөчү көп эле
Көксулуудай телдейим?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан Көксулуум,
Жамалың кошуп ырдайын.
Жарашкан пери экенсиң
Жаңшабай кантип турайын.
Кымыздыктуу кырдайым,
Кыздан бир чыккан Көксулуу,
Кылыгың кошуп ырдайын.
Кынтыксыз сулуу экенсиң
Кыңырылып турбайын.
Аргымак аттын басыгы,
Аксыдан чыккан Көксулуу
Ай тамак кыздын асылы.
Ашык бир болгон өзүңө,
Акындын кайсы жазыгы?
Ар түркүн ойго көп салчу
Ай пери кыздын назыбы?
Күлүк бир аттын басыгы,
Күйүмдүү көркөм Көксулуу,
Күн тамак кыздын асылы,
Кызыккан кызыл гүлүнө,
Күкүктүн кайсы жазыгы?
Көп ойлонтуп кыйнаган
Күн пери кыздын назыбы?
Калкымдан чыкса көп сулуу,
Калем каш, кара чачтуунун,
Калтары сенсиң, Көксулуу.
Каалап берген табийхат,
Казактан чыкпас төп сулуу.
Кара жаак акынга
Канчалык айтса эп сулуу!
Эшимден чыкса көп сулуу,
Эндиксиз сулуу кыздардын,
Эркеси сенсиң, Көксулуу,
Энчилеп берген табийхат,
Эс-акылы төп сулуу.
Эптеп айткан акынга
Эки күн айтса эп сулуу!
Айтканда сөздү чын гана,
Абыдан сага жарашкан,
Ак седеп таккан чыптама.
Атайлап сага тиккендей,
Акери өтүк бутта да.
Ак көйнөкчөн келатсаң
Ак куудай көлдө куп гана.
Аябай сага сулуулук,
Арнаган экен кудурет
Атайлап берип бүт сага!
Козгосок кепти жай гана,
Көп эле сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптама.
Көркөмү кооз көрүнөт,
Көк өтүк кийген бутта да.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийхат
Кош колдоп берип, бүт сага!
Айлыңа барсам, эртелеп,
Алдымдан чыксаң эркелеп.
Алышып ойноп жүргөнгө,
Ага да эркем, эрк керек.
Антташкан шерттен тайбайм деп
Акының Өтө сөз берет!
Кыштооңо барсам эртелеп,
Кыядан тоссоң эркелеп.
Кымбатым, эркем, эрк керек.
Кыйышпас болуп жүрүүгө
Күкүгүң Өтө сөз берет!
Айтаар бир сөздөн шашпайын,
Аксыдан чыккан даткайым.
Ак калпак кыргыз элимдин,
Акыны болом, дап дайын.
Атагың элге чыгарып,
Азыртан неге айтпайын!
Ашыктык иштен зарланттың
Анжиян базар канттайым!
Кыйыткан ойдон шашпайын,
Кыргыздан чыккан даткайым.
Кымбаттуу кыргыз элинин,
Күкүгү болом дап дайын.
Күлпөтүң калкка чыгарып,
Кыйкырып неге айтпайын.
Кызыктык иштен кыйнадың
Кашкардан келген канттайым!
Жайлаган жериң Ойрума,
Жай күнүнөн бер жака, -
Жаш сулуу түштү оюма.
Жашчылык иши жай бербей
Жалынам бирге болууга.
Кыштоонун башы Ойрума,
Кыш жармынан бер жака,
Көксулуу түштү оюма.
Кызыгам бирге болууга.
Казанымды бир кылып,
Ашташ болсом, Көксулуу.
Төшөгүмдү бир салып,
Башташ болсом, Көксулуу.
Айтылган шерт убада,
Кайтпас болсоң, Көксулуу.
Кыйынчылык түшсө да,
Кайтпас болсоң, Көксулуу!
Убададан айнычу,
Болбос болсоң, Көксулуу.
Өмүр бою айрылгыз
Жолдош болсоң, Көксулуу?
Өтө Көкө уулунан бир мурас, көп жаша Өмүрзак байке...
Мына,чыныгы талант! Үнү керемет,уккан сайын уккуң келет экен, бар болуңуз !!! 🌹🌹🌹💞👏
Мына сага чыныгы чыгарма Жан дуйнон чанкаган жерине жеттет
Өмүрзак кайыпов бар бол кыргызтын сыймыгы👍❤🇰🇬👏
Отто сонун уккан сайын уккун келет онорунуз оркундой берсин
Кандай гана керемет ырдады 👍
👍👍👍⚘⚘⚘👏👏👏👏👏 соз жок керемет!!!
Коз тийбесин онорунуз оркундой берсин
Баракелде!! талантаңа таазим.
Баракелде .уну уккулуктуу .омуруно береке берсин.талантына таазим Омурзак иним.Бар бол.
Мына сага укмуш ыр, укмуш аткаруу
Азаматсын улантабергиле кыргыз талантарын
Унуно береке Омурзак иним ,
Менин көк сулуум эч кимдин колун кармабай жөн жүр сени күтүп жүрөм мен
Сүйүү ырын ушундай ырдайт 👍👏✊❤🇰🇬
Азамат бар бол!
Маша Аллах. Кандай гана сонун!
Жанымдан аста чыккым жок, жандырып суйуу умуттун
Омурзактын аткаруусун ырахат алам, Женижок атабыздын ырдаганын уксам Коксулууну суйуп калгыдайсын го!!!
Оа унунузго береке эч качан талантыныз очпосун ырлары бут маанилуу соонун уккан сайн уккун келет да аллахым колдосун талантынызга таазим аке
Мыкты ото мыкты
Соонун ото
Менин Кок сулуум кайда болду экен яя😉👩❤ Алайга издеп барамбы!!!
Азамат экенси
Аман бол досум, үнүң өчпөсүн, болгону толук ырдап койсоң болот эле
Иииии ото эле соонун ырдаган
Узак жаша,комузунду таштаба, ООП кетпе башкага!
Кыргыздын байлыгы бул чыгармалар
Ээ баллиииии❤😮😮😮
Азаматсын
Канча уксам да тойбойм го❤
Мынча сонун ырдайт азаматсын,онорун оркундой берсин
Женижок акын базар жок суйгон экен создордун терендигин кара Кайыпов эзиптир ✊
Азаматсын-Омурзак кыргыз элин кубантып ,ырдап журо бер!
Талан деп ушу айт ото керемет ырдаган 👍👍👍👍👍👍
еех омурзак ырдасында
Талантынызга таазим
Кыргыздын жузу бар бол байкем
Аллах ыраазы болсун
Кйран Алымкул уулу төкмө иманы жолдош болсун👍👏✊❤
Чыныгы талант чыныгы үн баары керемет
Эн жакшы уну уккулуктуу
Талантына таазим Омурзак Омурунду берсин кудайым унуно береке Булбулдай унун очпосун,, бактылуу бол
Уккуң келет 🎉
Сыйлык кут болсун ага
Красавчик брат
.
Ото жакшы ырдайтда
Мына чыныгы талант.нукура кыргыздын уну .коп сыйлыктарга татыктуу азамат.
Ото сонун кыргыздын ата бабаларыбыздын майдан ары дамы ырдап журо Берлин ийгилик
Охоо сонун ырдапсынаар
👍👍
Баракелди, уккун эле келип турат. Талантынызга тазим!
Азаматсын Омурзак унуно береке
Мощь
Уккан. Сайын. Уккун. Келет
Кандай сонун аткаруу. Уккан адам кайра кайра угат.
Мына сага кыргызымда миллион корууго татыктуу ❤❤
аззаматсыз Омурзак балам
...Өмүрзак байкенин үнүн укканда баарын унутуп каласың .
Мыкты👍
Супер
Москва 100жолууктумтойбодум
😍
Неге батпайт чыкпай.
Батпа чыгарып туруңуздар.
Булбул деп ушуну айт
Ушинтип ырдаш керек
Омузак ЫРДАСАН туура ырда бурмалабай ырды коркун кетирбей. ... Жаштардан чыккан Кок Суулу эмес. Аксыдан чыккан КокСУУЛУ ДЕП ЫРДАЛАТ. ТАНТЫРАБАЙ ТАРЛЫК КЫЛБАЙ ТУУРА ЫРДА ЭГЕР ЧЫНЫГЫ АКЫН БОЛСОН.
Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демигем.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Кыйналам чындап демиге.
Кишини мынча чуркатпай,
Кыйнабай билсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм такыр үзгүм жок,
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк эттиң күлгүн күлүшүң,
Жайдары кыздын гүлүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жаркыным, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн күн, ай жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүшпөй калсам, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш тамат.
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон күн, ай жалтанат.
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жошулуп көздөн жаш тамат.
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан, Көксулуум,
Жамалың төгүп ырдайын.
Жарашкан перим экенсиң,
Жалтанбай карап ырдайын.
Абдан сонун жарашкан,
Ак седеп таккан чыптамаң.
Ак көйнөкчөн келатсаң,
Ак куудай көлдө куп гана.
Ааламда жок сулуулук,
Арнаган экен кудурет,
Атайлап берип бир сага.
Көркөмү сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптамаң.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийгат,
Баарын кош колдоп сунуп, бир сага.
Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдасам, ырым укпайсың.
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктуу иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.
Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жолдон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.
Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки сулуунун,
Периштеси Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Жетимиш эки сулуунун чиркин,
Периси сенсиң, Көксулуу.
Теңтуштан тагдыр кошподу,
Телтору тандап ат чапсам,
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн,
Теңибиз кыйнайт окшоду.
Курдаштан тагдыр кошподу.
Куладан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курдаштык кыйнайт окшоду.
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саяпчы салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!
Сиз мыктысыз агатай жакшы кылдыңыз сөздөрүн жазып коюп быйан(рахмат)
Рахмат текст жазып койгонунарга❤
Кандай керемет үн, кандай сонун ыр😍♥️
Чыныгы талант 👍👍👍
Сонун👍👍
Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демигем.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Кыйналам чындап демиге.
Кишини мынча чуркатпай,
Кыйнабай билсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм такыр үзгүм жок,
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк эттиң күлгүн күлүшүң,
Жайдары кыздын гүлүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жаркыным, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн күн, ай жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүшпөй калсам, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш тамат.
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон күн, ай жалтанат.
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жошулуп көздөн жаш тамат.
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан, Көксулуум,
Жамалың төгүп ырдайын.
Жарашкан перим экенсиң,
Жалтанбай карап ырдайын.
Абдан сонун жарашкан,
Ак седеп таккан чыптамаң.
Ак көйнөкчөн келатсаң,
Ак куудай көлдө куп гана.
Ааламда жок сулуулук,
Арнаган экен кудурет,
Атайлап берип бир сага.
Көркөмү сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптамаң.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийгат,
Баарын кош колдоп сунуп, бир сага.
Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдасам, ырым укпайсың.
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктуу иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.
Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жолдон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.
Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки сулуунун,
Периштеси Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Жетимиш эки сулуунун чиркин,
Периси сенсиң, Көксулуу.
Теңтуштан тагдыр кошподу,
Телтору тандап ат чапсам,
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн,
Теңибиз кыйнайт окшоду.
Курдаштан тагдыр кошподу.
Куладан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курдаштык кыйнайт окшоду.
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саяпчы салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!