Өмүрзак Кайыпов - Көлөмдүү чыгармалар
HTML-код
- Опубликовано: 26 ноя 2024
- Аткаруучу Өмүрзак Кайыпов
1. "Дүнүйө" - санат-терме, автору Т. Сатылганов
2. "Аккан суу" - терме, автору Жеңижок
3. "Көк сулуу" - көлөмдүү ашыктык ыры, автору Жеңижок
4. "Балам жок" - арман ыры, автору Жеңижок
5. "Олжобай менен Кишимжан" - дастан
6. "Акмырза" - ашыктык-арман ыры, сөзү Токтогул ырчыныкы, обону Жалил Сыдыковдуку
#АлмаМедиа
Туура🎉 эң сонун
Аман жүр көчмөндөр оюндарында жайлоону жаңыртып төгүлө ырдаганда мен кыргызмын деген жандар үй үйүндө укмуш бир дүйнөгө туш болгонбуз оюн күндөрүн өзгөчө бир көрккө бөлөгөнсүң талантыңа таазим өнөрүн өсө берсин
Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүне ким жетерсиң?
Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.
Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.
Келериңде, дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Кышкы чилде, муздайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын така тулпарсың,
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.
Келериңде, дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде, дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.
Келериңде, дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.
Келериңде, дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.
Келериңде, дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.
Келериңде, дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.
Келериңде, дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң,
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң,
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса, колго кирбейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың,
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң,
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянып,
Жакыныңды өрттөйсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Кавхар, жакут чыраксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.
Келериңде, дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң,
Жагалдантып көңүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде, дүңүйө,
Түбү түшкөн челексиң.
Келериңде, дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың,
Таттылыгың тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың.
Кетериңде, дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.
Келериңде, дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың,
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.
Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушундай.
Азаматсыз зеерикпей жазган сизден Аллахым ыраазы болсун
Сиздейлер көп болсо ,акылдуулар көп болмок, калжындабай...
Биз билбеген создор бар экен,талдоосун кимден билсек болот экен,сураныч жооп берсениз❤
Аиий эринбей жазган азаматсынарго
Омурзак и ним кайжердин Балакин мен узбекистандаминмин куда колбасит
Омурзакка кудайым кош колдоп бериптир: талантты,сымбатты.Кыргыздын ак калпагы кандай жарашып турат.талантын ташкындай берсин кыргыздын булбулу
Кандай сонун ырлар журокто. Ишинерге ийгилик калайм.
Какое великолепное исполнение! Шедевр. Бар болуңуз , аман болуңуз Өмурзак мырза сиз менен аябагандай суктанам✊
Кандай керемет сөздүн мазмунуну терең ырга обону төп келген жүрөктөн чыккан сөздөр жүрөккө жететго
Ар Бир чыгарманын Оз озунун нугу менен уну менен аткарган сендей таланттулар коп болсун омурун узуун орушун жайык ден соолугун бекем болсун талантына береке уккан сайын уккун келет коп жаша
Унузго береке ырларыныз сонун озунузго ден солук каалайм Аллыхым ыраазы болсун
Бисдин мурунку аталар кандайгана акылдуу болгон ой чабыты терен болгн сөз байлыгы кенен болгон 👍👏🇰🇬✊❤
Садага көлөкөм жүр өкт ү толкутуп ырдайсың аман бол үнүң шаңшый берсин
Өмүрзак өмүрүңө береке берсин талантың ташкындай берсин элдин батасын алып көп жаша буюрса бул замандын Токтогулу болдуң тарыхта калчу жансың эми сенден Саринжи Бөкөйдү толугу менен күтөм амааанбооол
Алмаз Имашев
Ырлардын уйкаштыгы, маани маңызы, бир укмуштуудай керемет! чиркин жандүйнө жыргап эсалат! Өнөрүңөр өркүндөй берсин!
Кандай кана керемет. Жүрөк тынчый түшөт өзүбүздүн комуздун үнүн.
Бар болуңуз Өмүрзак мырза!Ден соолукта болуп каалаган тилегиңизге жетиңиз!сизди терең урматтайбыз!
Омуру узак болсун деген ата эненин тилегин берсин,кооп жаша
Конулдон чыгарып ырдайсыз замирбек агабыздын доошуна окшоп ырдайт екенсиз
Азамат Омурзак балам оркунун оссун шаншыган унун оболоп кыргыз элинин учу кыйрына жетсин !Сен аткарган дастандар укумдан -тукумга улансын ,омурун Узун бак доолоттуу бол айланайын !
Олжобай олгон терек биздин айылда. Топ терек болуп осуп турат.
Кайсыл райондо болгон эле
@@Нурел0525 Кайсы район кайсы айыл?
@@КумарОсоров-т9я Ноокен район, Тоскоол-Ата айылы
Жараткан эгем онорду берген экен,таншыган унун жанырып толкутуп журокторду аман бол,атын менин атамдыкындай омуруно береке тиледим
Шедевр ❤!
Арыбаныз Омурзак унунузго береке, Алгалай бериниз!
Негедир акыркы жылдары терме менен Куранды көп укчу болдук Кыргыз эли кайрадан бутуна туруп келаткан сыяктуу 🇰🇬🙌
Азыркы ырдардан маани тапбай ушул ылралдан чеч чыгып жатат
Оомийин
Омурзак.иним таланты на таазим оркундоп.осо.берСендей.талант чанда.чыгат,
Жумуштан чарчап келгенде уксан эс ала тушосун бар бол омурзак
Өмүрзак кайыпов улуу өнөрдү улантучу👍✊❤🇰🇬
Уккун эле келет уккансайын.
ӨМҮРЗАК ырын үнүн эн сонун бар бол
Бала баатыр мыкты күчтүү ырдайт го чиркин
Кандай керемет жаратып бизге калтырган Женижок акыныбызга Алла раазы болсун
Ишинизге ийгилик каалайм
Азаматсыз Омурзак мырза, талантынызга таазим, нарктуу салттуу кыргыздын жузусуз, шакирттерди коп коп даярдап, кеменгер создун берметин терип суйлогон, улуу элдин учугун улап талантынар ташкындап журо бериниз, омурунузго береке
Ырахмат, Өмүрзак, талантына, аткаруу чеберчилигиңе!
Керемет үн, аткаруу!
👏👏👏👍👍
Комуз үнү кандай сонун! Баракелде!!!
Браво Омурзак,чыгармачылык бийиктик каалайм 👏👏👏
Молодец жакшы ырдадын
Унуно береке уккан сайын уккун келет
Керемет ун!❤
Абдан таланттуу ырчысың,кем болбо!
Арбаныздар!
Керемет!
Чон рахмат!
🙏💐👏👏👏🇰🇬🤲🎵🎶🎆🎇🐎✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨
Мыкты 😭😭😭
Омурзак, омурун узун болсун! Ыдаганын керемет экен!!!
Өмүрзак байке талантына тасим усун өмүр чыгармачылык ийгилик калайым 👍👏✊🇰🇬❤
Жумгалдык окшойсун ээ
@@azatmaratuulu3487 с с деген учунбу
Кочкрдукмун
Мен кочкордон болом
ЪъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъоъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъэээээээээээъэъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъэъъъъэъъъъэъъэъээъъъэъэъъъъъъъъъъъъъэъъъъэъъэъъъъъъъъъъъэъффффФФфффффФфффффФффФФФфФффффффФффффффффффФфФФъъъъээээээээээээээээъъъъъэъъъъъэъъъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъээээээээээц
Ои
Улуу өнөрдү улантучу 👍❤✊
Өмүрзак талантың ташкындай берсин өмүрүң узун болсун булбулдай болгон үнүң ташкындай берсин сени тарбиялап өстүргөн ата энеңе рахмат
Коп жашаныз,бактылуу болунуз ! Жеке концерт берсениз жакшы болот эле ,кутуп журом .
Ушул адамдардын оз оозунан уккум келип кетти. Аттин…
Ширали овози бор экан,Барака топсин.
Өмүрүңө береке.Аззамат.Талантыңа таазим.Не деген керемет саптар,денени дүркүрөткөн ыр саптар.Комуздун кылдарын күүгө салган азаматтар.
Ырчы жигитке ото чон Рахмат омурун Узун болсун коз тийбесин да соз тийбесин
Улуу Залкарлардын мураскору онорунузго береке.
Кайыповдун аткаруусундагы жыйнакты издеп таппай куттуп журдук эле👍🙏🙏"Кулактан кирип,бойду алат"-,дегенди тушуносун.унунузго береке.Коп жашаныз.дастандарды сиздин аткаруунузда сакталса.Укканда дастанда жашап откондой болобуз.Чоон рахмат.силерге
Омурзак омурундон береке тап иним Аллахым талантына талант кошуп берсин,сендей онорлуу жигиттер Эл арасында оркундой бергиле,мындан да жакшы жаны чыгармачылык ырларын кыргыз элине жаныра берсин.
Унунузго береке кыргыз калкымдын келечеги бар экен дагы
Кандай гана керемет ун!уккан сайын уккун эле келет го чиркин,чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт таалай каалайбыз!Кыргызымдын талаттарына таазим силер мыктысынар !!!
Сенинырларындыжакшыкором.❤рахматунуночпосун🎉😢
Азамат Адам баласын агартуунун эн бийик жолу акындык бар бол Залкар акылмандар откон
Азамат кыргызымдын булбулу. Бар бол.Комуз барда кыргыз бар.Кыргыз барда комуз бар.Комуз кыргызымдын тумары.
Унунузго береке браво кандай керемет ун Токтогул олбоптур
жж эх ээээх
ъжжжжъ
Керемет
Омурзак омурун узун болсун сонун чыгармаларынды оркундотобер .
Соз жок акынга просто супер чыгармачылык ийгилик
Талантына тазим алахым ден солук Узун омур берсин оомиин
Йхэйэ
Й
ЙЙфЙ
ффХ
ЭхйэЙйэ
Шедевр,Бравоо!!!👏👏👏 кандай керемет куу ,керемет саптар , талантынызга таазим, унунуз очпосун ,Кыргыздын алтын ундуу Булбулу, таланттыныз ташкындай берсин, сапарыныз байсалдуу болсун, пусть будет у вас все хорошо, Кыргыздын сыймыгы.
l
Агабыз келтирет да, көздөн жаш агатко.👍
Супер,дастандар кылымдан кылымга ушундай таланттардын жардамы менен кочуп,сакталып келет.Айтаарым,Элмирбектин балдарындай жаштарды да такшалтып даярдай журсо,дастандар дагы коппко сакталып жашай берсе
Омуруно аллахом береке Берлин.
Голос бомба
Создорду таптап журок кылдарын черткен унунузго береке Омурзак.
Унунор маркум токмо акындарды эске салат.
Сонун дастандар аман болуңуз
Омурзак байке Омурунуз Узун болсун Токтогул Атабыздын жолун жолдоп кележатасыз талантынызга таазим
Азаматсын Омурзак сенин ырдаганынды укканда ушундай телмирем. Мектепте ырдап жургонундо эле тан берет элем. Зынкыйып дайыма сынындан жазба. Талантын ташкындасын омурун узуун болсун эки дуно ширин нурлуу омур сур.
Омурзак байкенин шаншыган уну сонун мага Дастандары аябай жагат омурунуз Узун Болсун👍👍👏👏
Кайталангыз талант.Аллахым омурунузго берекесин берсин.Жаны чыгармаларды кутобуз.🤲🤲🤲
Бул сонун бала, өз стили бар, анча мынчаларга алмаштырбайм!
Аябай жагат ырдаганы👍
Красавчик 👍
Омурзак ава бар болунуз.талантынызга таазим.
Ушул ырчынын унун уканда илгерки залкар акындар коз алдына тартылатко чиркин Жан дуйном эс алат оркунун осун кандай Гана таланты кудайым эч аябай бергенго чиркин
❤😊.биз,Энди,уктук,акынды
Омуке унун керемет ишинди кудайым колдосун азаматсын уйбулон менен тынч бол
Азамат, керемет талант! Аткарган чыгармаларын эргуу менен угабыз.
Азаматсың эң сонун,бар болгула.
Азаматсыз Омурзак мырза
Азаматсың бар бол
Унуно береке булбулдай сайрай бер
Голос супер, дегеле баары сонун👍🔥☝️💪❤
Молодец...
Гап йук омадизни берсин, мазза килиб тинглайман
Азамат Омурзак акын укмуш укан сайын Укун келет
Омурзак омурун узун болсун ден соолук ишине ийгилик Азаматсын Аллахым колдосун 🙏🙏🙏❤️
Соонун чыгармалар, рахмат өнөрүңүз өркүндөй берсин. 👍👍👏👏
Омурунуз узуун Болсун эн сонун ❤❤
Онорун оркундосун балии
Мына кыргыздын элиталары. Дубайдан салам!
Өмүрзак байке систин аткарган чыгармаларынды барын калтырбай угам интернетке чыкан курманбек кожожаш.жана башка систен сураныч Олжобай менен Кишимжан ды толугу менен иютупка чыгарзаныс👍👏🇰🇬❤
Жумгал
Мен кочкорлукмун
Алла раазы болсун унуно береке
Аяш иним ! Сонун ырларын, ден соолук, ийгилик
Кыргыздын баа теткиз байлыктары дастандар
Комуз чералбаймдааа.
Аябай чертким келип келет
Ушундай ырларды уксам
Очень хорошо, слушаю такую музыку при готовке вкусных блюд. 😊
Ушундай ырлар сонун да ушуну зной береке
Х
Машаалла
Омурзак талантына таазим азаматсын