Элзар Өскөнбаева - Чиркин өмүр (+текст)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 21 сен 2024
  • Сөзү: Жеңишгүл Өзүбекова
    Обону: Сталбек Бактыгулов
    Чиркин өмүр, чиркин өмүр
    Чимирилип, ашыгабы?
    Кээде гана чалкып көңүл
    Деңиз болуп ташыганы….
    Чиркин өмүр жомогум (ай)
    Бир кайрылган коногум (ай)
    Кызыгыңа канбайм неге
    Бүтпөс сага соболум (ай)
    Чиркин өмүр, чиркин өмүр
    Санайт күндү кеги бардай
    Чаалыкпастан чуркай берет
    Чийип койгон чеги бардай
    Чиркин өмүр, чиркин өмүр
    Кызыл гүлдөй ачылганы
    Кызыгына кангычакты
    Кырдан ылдый жашынганы
    #чиркиномур #элзаросконбаева #кыргызчамузыка #асылбекозубеков #2023

Комментарии •