Токтобек Асаналиев - Күнөөлүү белем (Official Audio)
HTML-код
- Опубликовано: 15 окт 2024
- Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
Follow Toktobek Asanaliev:
...
www.facebook.c...
Күнөөлүү белем
Сөзү, обону: Калмурат Рыскулов
Канатындай куштардын каштарыңа мен,
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Күйүп барам махабаттын аптабына мен.
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен,
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Жалгыз келем махабаттын өстөнүндө мен.
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Наристедей алпейим жүрөгүм менен,
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем?
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Бар бол Токтобек . 👍🏻👍🏻👍🏻🎼🎼🎼Кайран Калмураттын ырдарын эң соонун аткарып жүрөсүң . 🙏🏻🙏🏻🙏🏻
Нака суу кошпогон, поэзия менен музыканын, аткаруучу таланттын айкалышкан гармониясы. Уккуң эле келет.❤
Кыргыз элинин сыймыгы бар болунуз,соонун ырдайсыз бактылуу болунуз.
😍😍😍😍
П