СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ ЖАНЫ КЛИП \ 2021
HTML-код
- Опубликовано: 12 сен 2021
- Сөзү Биримкул Алыбаевдики,
Обону Сыймык Бейшекеевдики
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кээде тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.
Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким мүмкүн болсо,
Калаарбыз да бир жерден учурашып.
Болуптур жигит шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп,
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду ушундай кеп.
Кете албай же жанынан же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.
Бар эле бир кошунам, зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
"Кана Айым, катын бол" деп, эшикти илип.
Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун зөөкүр деп кыйкырам.
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.
Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына, деп как жүрөккө сайып калдым.
Ушундай бул окуя билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе,
Эркектер эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сөөктү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да,
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө жарадым а.
Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөтүү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк жашыл жоолук салынганы,
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы. Кино
Назира чыныгы актриса, кыргыздын чыгаан кызы деп айтсак болот.
Ырда клипта аябай маанилүү экен😭😭😭😭мен эч музыка угуп ыйлаган эмес элем
Ыйлабачы жаным 😀👍😘
Мен дегы 🥺
@@user-xe4ox5tx3j: 🙈🙈🙈🤣🤣🤣...
Менда ыйлагам биринчи укканда мен суйгон адам уксан деп сунуштады эле бир убакта 😢😢😢
Зөөкүр акмактарды өлүм гана токтотот. Жакшы тартылган клип болуптур. Сыймык Бейшекеев менен Назира Айтбекова, талантыңызга таазим.
Азаматсынар!!!
Кудайым, эч бир аял заты кордолбосунчу 😢😢😢
Жакшы кылган аялдарды кыйнаган еркектер олсун
@@user-wd7pm8cr8p60
Кандай соонун ыр экен ,журогум сыздап кетти угуп алып рахмат сизге Сыймык 🥰😒жашоонун чындыгы
Глобалдуу тема козголуптур бул ырда .Кыздарга коргонууну уйроткондун ордуна эркектерге тарбияны уйротуш керек.Ото коп катталып,канча кыздар зордуктоонун курмандагы болушууда.
Бир кучтуу такыба молдо аке айтканындай, бул дуйнодогу баардык ишке эркектер жоопкерчиликтуу деп, азыр эркек аты еле болбосо ото слабый болуп кетти 🤷♂️ окунучтуу отто🤦♂️
Талантын таазим инимОмурун узун болсун
Г
Мааниси терен журоко кирген ыр болуптур. Клип дагы мыкты тартылган . Рахмат сизге Сыймык Бейшекеев👍👏👏👏
Сыймык ишине ийгилик.Өмүрүн узун болсун.Эл журтуна кызматынды кыла бер,бактылуу бол бала бакыран менен,
22z22622wz2227s22z226s4zzz
Ошо роль ойногон актриса га ырахмат жеткире аткарыптыр 👍
Уц
Ак вщщщ3щцушкггкеннккпшэешэгге5ждеделе
Эн жакшы ыр башка ырларга караганда эн сонун кимге жакса лайк баскыла Сыймык байкебизге ийгилик👍👍👍👍👍
Клипке да ырга, да соз жок! Азыркы замандын чындыгы тартылган! Азыр аялдар коп кордук корушот!
Абдан маанилуу ырларды ырдайтго негизиле ишинизге ийгилик!
Бул ыр 10, 15-жыл мурда эле чыкканда аябай жаккан.
Ырдыда сонун ырдаптыр Сыймык байкебиз,Назира актерлук чеберчилигин оркундой берсин
Сыймык байке мен сизди абдан жакшы көрөм баламдын атын сиздин атыңызды көйгөм
Назирочка азаматсын, мыктылардын мыктысы болуп баратасын, коз тийбесин
Ээх зөкүр эркек 😭канча аял азап тартып келет чынында. Сыймык аке мн ар дайым сыймыктанып келчү элек. Ар дайым ийгиликтерди жарата бериңиз.
Аябай сонун тартылыптыр, Назира любой рольду жаны менен ойнот, талант деп ушу кызды айтса болот. Сыймык Бейшекевге соз жок, кандай сонун ырдайт.
Ыр дагы клип дагы эң сонун чыгыптыр.
Сыймык Назира азаматсыңар
Сыймык мыкты ырчы Назира мыкты актриса экоо тен талантуу адамдар
Эххх ыйман берсин ....зоокурлорду козубуз корбосун кулагыбыз укпасын..ырга клип эн сонунбаа
Ыйладым Назира окшотуптур 😪Сыймык байке ыр сонун экен.
Амантур абдан жагат олоо жонокой жакшы бала
Керемет айтылған ән Керемет орындау
Ото маанилуу ыр 🔥🔥🔥
Жашоодо ушундай да эркектер бар .
Назира эң мыкты актриса.Баары колунан келет.Эрки күчтүү.Зөөкүр да өтө жакшы аткарган.Таанышкан бала да мимика көз караш менен жеткизе аткарган.Сыймык жүрөккө жеткизе ырдап,клип менен жуурулушуп эле калган экен.Клипти ушундай тартса кана саны бар сапаты жок кылбай.Баарыңа чыгармачылык ийгилик!
Сыймык Бейшекеев агайыбыз чыныгы ырчы ,клип ото маанилуу ,тарбиялык мааниси чон экен ,Назира ото сонун аткарыпсын
Сонун аткарган Назира алтын актрисасын ырдын созу да обону сонун Сыймык агабыз да алтын бар болуңуздар 😘😘😘😘🤗🤗🤗
Жүрөктү эзип жибере жаздады. Ыйман, ысапты жоготуп койгон кээ бир маң баш эркектер угушса эсине келишет беле? Каармандар образды ачып беришине албетте, коштогон Сыймыктын коңур үнү менен ырдын сөзүнүн мааниси төп келишип калыптыр.
Ыйладым журогум чыдабай акмактар аз болсун Назира супер! Сыймык соз жок азамат унуно береке!
ОО КУДАЙ АЛСЫЗ АЯЛДАРДЫ,, ЗООКУРЛОРДОН"САКТАЧЫ 🙏🏻АЯЛ ЭНЕ, АЯЛ ЭЖЕ, АЯЛ ЖЕНЕ, АЯЛ КАРЫНДАШ, АЛ КЫЗ ЭКЕНИН ЭСТЕГИЛЕ, КАЙБИР ЭССИСТЕР.
Эмнеге бизде ушундай мен аябай соонун ыр экен мен аябай ыйладым чыгарманызга таазим сизге иигилик Сыймык ага
Аябай соонун ыр болуптур.Клип да ырга топ келип адамды ыйлататго
Оа ыйлабай койо албайт экенсин
Ооба абдан жакшы ыр клип дагы жакшы экеен баарыбызды ыйлатты гоо
Эски ыр
Сыймык Бейшкеев мырзага таазим ушундай сонун болуптур
👍 мааниси ото чон азыркы заманга сабак
Золотой голос деп ушуну айтыш керек. Ото маанилуу болуптур ыр👍👍👍
Назира азаматсын👍.
Сонун аткаргансын сага кошулуп ыйлап да алдым 😭.
Сыймык Бейшекеев сонун ыр , ар бир чыгарган ырыныздын мааниси терен , рахмат .
Клип сонун.Сыймык байке унунузго береке.Коп коп клиптерди сизден кутобуз.Чыныгы жашоо,ушундай зокурлорго Аллахым ыйман берсин.
Дуйнодо адам кейпин кийген акмактар коп ошолорго намысын тепсеткен кор болгон кыздарда коп ушунчалык дурогум сыздады мындай тагдырды эч кимге каалабайм Сыймык айланайын талантына таазим биздин балдарга чон адамдарга кудайым ыйман берсин
😭😭😭кан какшаган тагдырлар канчасы талкаланды эхх жашооо ...
Сонун ыр экен майнилу
Сыймык Бейшекеевтин ырлары укулуктуу жагымдуу ырлар
Терең маанилүү ыр экен 👏🎶 . Ырды угуп алып бир ыйлап алдым 🥺😥😔 . Мындай маанилүү ырлар азыр аз . Клип дагы сонун болуптур,👏🥺. Азаматсыз Сыймык байке👏🥺
Назира рольунда ушундай болсо да жашоондо андай болбосун 😘
Плакать очень хочется 🥺😢 а ведь правда. Не дай бог чтобы с какой либо девушкой так поступили🙏 эх, а ведь таких мужчин много, и женщин которые столкнулись с такой тиранией тоже много!😢
Сыймык мырзанын үнүнө баракелде. Мазмундуу ыр болуптур.
Яхши кушик екан санатигизга омад
Мааниси терең кино экен. Бизде мыйзам чындап иштебейт, болбосо самозащита кылсаң камалбашы керек эле.
Сонун актриса өзүнүн ролун жакшы аткарат С.Бейшекеев дайыма мазмундуу ырдайт👍👍👍
Акыркы кундору мен Сыйиыкты ушунчалык сыйлап калдым просто ырчы талантуу адам катары. Без понтов делает свои дела очень грамотно. Канча ырчылар журот понтавать етип даже Бек. Он всегда скромно тихо. Иштерине ийгилик Сыймык еч качан оруба.
Сонун Назира суул
Назира Айтбекова такая одна у нас клипте да кинодо да супер ойнойт👍👍
Назира азаматсың сени.жакшы көрөбүз сыйлайбыз,Сыймык сонун жүрөктү титрете ырдаптыр азаматсың,сыйлайбыз👋👋👋👋👋👍👍👍👍
Журоко жеткен ыр экен.Козго жаш алат экенсин.Чыгармачылык ийгилик сизге.
Сыймык Бейшекеев. Башкача ырчыда озу, Соонун чыгыптырго. 👍🎶🎤🎤🎤😃
Сонун чыгыптыр азаматсынар ,
Сыймык азаматсын онорун оссун 👍👍ийгилик сага
Назира ушундай сонун аткарыптырсын супер аманэсен бактылуу бол Сыймык ыларын ушундай маанилуу бир сонун кино коргондой болосун маанисин тушунуп уккан кишиге бар бол
Арак ичкен байке чын актёрбу эн мыкты аткарган килипти аткарып жатып суйлогон созу барго 1 бутулкага аткарам деген сонун аткарган
Козумо жаш алдым. Мыкты аткарышыптыр баары.
Ото кучтуу клип болуптур👍👍👍👍👍👍
Ушундай эркектен кудай сактасын бул клиптен кийин мас киши көрсөм эки метр алыс качып калдым жарыктык
Аялды аябаган эркекке ушул олум АК деп ойлойм .себеби ушул ишке барарда энесин же карындашын,кызын ойлоор бекен ,эх жашоо ушунчалык таатал .болуп кеттинго
@@gulumkanjoldubaeva2387 оа азыр жырткычтан эмес адамдан коркуш керек болуп калды окшойт
Соонун клип, Назира аябай жакшы аткарыптыр. Сыймык байкебиз👍
Тим эле денени титиреткен ыр экен клип да мыкты болуптур
Эн мыкты клип болуптур. Назира эн мыкты аткарыптыр
Чоочун шаар чоочун аял. Бул ырды кооп жыл мурун уктум эле. анда мен мектемте окуйт элем аябай жаккан көз алдыма ушул тасманы элестетип, көзүм менен көрбөсөм да элестетип угар элем ийгиликтүү клиптерден болсун. Назира Айтбековага сөз жок сиз чыныгы талантсыз.
эч кандай жаман комментарий жок экен кандай Гана сонун ыр
Ушундай сонун ыр сонун клипкке тескери жазгандар акмакчылык болотго азамат сыймык назира актер амантур болуш керек рахмат ыйлап кордум таасирдуу тарбиялуу ыр журоктту эзет .
Азамат клип ырга топ келиптир булбулдай унун очпосун турмуштан алынган ыр клип сонун😘😘😘
Азаматсынар :унуно береке
Рахмат силерге тагдырды суроттогон замандашым ,талантынарга таазим...бул тагдыр ...
Ырды да клипти да ото маанилуу таасирдуу аткаргансынар рахмат чоон ушундай мыкаачы адамдардан сактасын Аллахым.
Эх соонун зордуктаган зөкүрлөр болбосунчу
😍😍😍❤️Назира Айтьекова ✅✅✅👍🏻
Аябай маанилуу ыр екен Рахмат
Кыргызча ыр такыр укчу эмес элем соонун ыр экен азыркы заманга тиешелуу
Сыймык байке ишинизге Ийгилик каалайм♡ өтө маанилүү ыр экен,
Назира мыкты аткарыпсын супер😘
Жакшы клип экен мына аткарган бала красапчикго
Жоолук соонун жарашат экен соз жок ырга клипке
Назира Сыймык байкебиз соонун клип
Мыкты актриса,мыкты аткаруучу,мыкты дастан!
Назира эже талантынызга таазим♥️
Аябай сонун ыр жашоодон алынган 👍👍👍👍
Азаматсыңар,талантынарга таазим!
Зөөкүрлөргө өлүм ак, канча кыздын тагдырына балта чаап жатышат,энесин, эже-карындашын ойлонбогон акмактар.
Ыйлабай көрө албайсың...
Соонун маанилуу азыркы турмуштан алынган
Ушул киши аябай талантуу, эн мыкты инсан. Билинбей баш аягы корунбой мелмилдеп аккан колдой болгон адам. Бар болунуз, ар бир чыгармасы маанилуу.
Клип, мазмун, ойногондор баары эн сонун
сонун ыр
Сыймык Бейшекеев сиздин дагы коп жаны ыр жаны клип кутобуз
Ыр манилуу клипда сонун
Сыймык таасирлүү ырларды ырдайт азаматсың мындайлар турмушта көп эле болуп атат го
Обдан жакшы чыгарма болуптур Бир кундо он он беш жолу угам Рахмат сизге Сыймык байке
Сонун ыр тагдырда бар нерсе актёрлор жеткизе ойноптур😭😭😭😭
назира моледец жеткире аткарган ролду
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.
Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан, жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо,
Каларбыз да бир жерде учурашып?..
Болуптур, жигит, шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың, атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып, тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп.
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду, ушунда кеп.
Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп, туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит, сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.
Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
Канайым катын бол деп эшикти илип.
Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам,
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.
Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына деп как жүрөккө сайып калдым.
Ушундай бул окуя, билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе.
Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сүрдүү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да.
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай.
Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөттү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы...
Ушундайды зоокур эркектер корбойт да.Ото тарбиялык мааниси бар клип болуптур.Коп аялдар эркектердин азабынан темир тор артында жатат.Канча аялдын тагдыры талкаланган!Азаматсын Сыймык!
Отто маанилуу ыр клип дагы мыкты экен Алла ыраазы болсун сизге
Еркектерден запкы тарткан айалдар кечиргиле еркектерди сиздер асылзатсынар ушу килпти корзо онолор биздин бир кумарыбыз бир адамдын омурунун сынганы
Маладец сыймык укан сайын укун келет корунбой кеттинго даагы сонун ырларды чыгарчы турмуштан алып
Сонун клип болуптур. Ыр мурда чыккан эле мындан коп жыл мурда касетадан кайра кайра укчу элек.
Назира азаматсың соонун аткарыпсын
Балдарыбызга туура тарбия берели агайын
Коруп алып ыйладым аябай сабак болчу клип ыр болуптур
Сыймык Назира абдан сонун болуптур ырыда клибида Дагы дагы ушундай журок козгогон чыныгы жашоодогу ырлардан чыгара бергиле
Сыймык аке талантына таазим
Ырларыныз дайыма сонун 👍👍👍👍👏👏
Аябай соонун чыгыптыр.
Рахмат,аябай сонун ыр ,сонун клип
Ото сонун ыр клип болуптур
Оо элим кадырлуу калкым диндеш мусулман туугандарым колдон келсе Кыз келин эже синдилерибизди чет олколорго талаалатпай оз мекенибизде карайлычы ушуга аракет кылалы себеби Мусаапырчылыкта Россияда ар кандай абалдарда кыйналып жургон карындаштарыбыз аз эмес болууда🤝рахмаат
Сыймык укам унуно береке