ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 11 сен 2021
  • #сыймыкбейшекеев #чоочунаял #чоочунаялклип #клип2021 #дастандар #жаныклип #чоочун #аял #кыргызчаырлар
    Сөзү Биримкул Алыбаевдики,
    Обону Сыймык Бейшекеевдики
    Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
    Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
    Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
    Ал аял аруу жазды сагынганы.
    Керемет келишимдүү, кээде шаңдуу,
    Кер аяк кээде тагдыр опурталдуу.
    Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
    Ичинен муң черткени аянычтуу.
    Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
    Тааныштык кокусунан жай сурашып.
    Эжеке, атыңыз ким мүмкүн болсо,
    Калаарбыз да бир жерден учурашып.
    Болуптур жигит шагың сындырбайын,
    Анчалык сурап калдың атым Айым.
    Түшүнгүң келип турса дагы терең,
    Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
    Ким менен шайтан басып тааныштым деп,
    Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп,
    Канчалык сыр бербейин деген менен,
    Ал аял билип койду ушундай кеп.
    Кете албай же жанынан же сөз чыкпай,
    Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
    Тумчугуп туталанып турганымда,
    Баштады аял кебин мына мындай:
    Жигит сен менден анча чочубагын,
    Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
    Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
    Ага да азырынча кошуламын.
    Бар эле бир кошунам, зөөкүр жигит,
    Үйүмө чала кызуу келди кирип.
    Ал менин абийиримди төкмөк болду,
    "Кана Айым, катын бол" деп, эшикти илип.
    Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
    Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
    Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
    Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
    Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
    Тургунуң, тургун зөөкүр деп кыйкырам.
    Же мага жардам берчү жан адам жок,
    Мен аны колдон келсе жеген турам.
    Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
    Кет үйдөн, кеткин дедим башым катып.
    Ал акмак арсалаңдап жата берди,
    Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
    Ошондо акылымдан танып калдым,
    Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
    Бычакты ала коюп ашканадан,
    Мына, деп как жүрөккө сайып калдым.
    Ушундай бул окуя билгиң келсе,
    Анан ал тиштенди да эрдин кесе,
    Эркектер эмне мынча зөөкүрсүңөр?
    Деп мага жалт карады сөөктү теше.
    Камыгып мен өзүмчө канадым а,
    Аялды ушунчалык аядым да,
    Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
    Көз жашын сүрткөнгө жарадым а.
    Бир карын майды бузган бир кумалак,
    Бүлдүргөн баарын мүлдө алиги акмак.
    Аялга бүт эркекти жек көрсөтүү,
    Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
    Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
    Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
    Аял да терең ойдун кучагында,
    Мен ага эми кантип кайрат айтам?
    Тунжуроо, туталануу эселеди,
    Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
    Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
    Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
    Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
    Ак көйнөк жашыл жоолук салынганы,
    Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
    Ал аял аруу жазды сагынганы.
    Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
    Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 3,3 тыс.

  • @user-uj4cs8fr3t
    @user-uj4cs8fr3t 2 года назад +495

    Назира келечектеги эмгек сиңирген актриса все точно уже, аялдын образын от души берет

    • @apashkaosh1178
      @apashkaosh1178 2 года назад +11

      Клип өтө мыкты тартылган!Ыйлабай көрө албайсын.,адам,аял тагдырына.
      Сыймык,Назира көөп жашагыла!

    • @maxburatadynaeva3865
      @maxburatadynaeva3865 2 года назад +4

      Соонун

    • @user-xl1oy4ie5f
      @user-xl1oy4ie5f 2 года назад +1

      Сооонун ыр,маанилуу экен,клип аябай жакшы тартылыптыр.Назира таланттуу Кыз супер💐💐💐💐💐👏👍

    • @user-xp5zg4gf5h
      @user-xp5zg4gf5h 2 года назад +1

      жакшы ыр экен ага алла ыразы болсун

    • @user-zl6nc6ff4g
      @user-zl6nc6ff4g 2 года назад

      .

  • @zhazgulTurganbaeva
    @zhazgulTurganbaeva 2 года назад +547

    Сыймык ага ырга Жан берсе ,Назира эже клипти коркуно чыгарыптыр🔥🔥🔥🔥🔥 ,аяныштуусу жашоодон алынганы окундурот 🥺🥺🥺Аллахым ыйман берсин баарыбызга!!!

    • @raimjanovnurba7054
      @raimjanovnurba7054 2 года назад +2

      Бул назира эмескоо

    • @zhazgulTurganbaeva
      @zhazgulTurganbaeva 2 года назад +6

      @@raimjanovnurba7054 Назира Айтбекова

    • @user-jy7gi6um9i
      @user-jy7gi6um9i 2 года назад +8

      Эң сонун ыр .аткаруу.клип жүрөккө жэтэт

    • @user-so4nf2xc9d
      @user-so4nf2xc9d 2 года назад +8

      @@raimjanovnurba7054 назира бп туратго кантип кыргыз актирисаларын тааныбайсын

    • @user-hj3bp5gh6m
      @user-hj3bp5gh6m 2 года назад +4

      Ооба

  • @user-vi3dt3fq9x
    @user-vi3dt3fq9x 2 года назад +232

    Мен Сыймыкты 95жылдан бері таныймын Кырғыз еліне еңбегі сіңген əнші. Жақсы əн екен мағынасы бар. Жүректен шықан журекке жетеді. Молодец Сыймык байеке Қазақ елінен салам жолдаймын.

    • @qweasd7752
      @qweasd7752 2 года назад +3

      Рахмаат баурым

    • @nurbeisheev7351
      @nurbeisheev7351 Год назад +3

      Саламынызга алик алдым казак биртууган

    • @user-py3re9dz5j
      @user-py3re9dz5j Год назад +2

      Сыймык мене Бек кыргыз эстрадасынын архарлары

    • @user-jm8yg1tg8z
      @user-jm8yg1tg8z Год назад +4

      Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
      Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
      Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
      Ал аял аруу жазды сагынганы.
      Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу,
      Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу.
      Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
      Ичинен муң черткени аянычтуу.
      Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
      Тааныштык кокусунан, жай сурашып.
      Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо,
      Каларбыз да бир жерде учурашып?..
      Болуптур, жигит, шагың сындырбайын,
      Анчалык сурап калдың, атым Айым.
      Түшүнгүң келип турса дагы терең,
      Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
      Ким менен шайтан басып, тааныштым деп,
      Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп.
      Канчалык сыр бербейин деген менен,
      Ал аял билип койду, ушунда кеп.
      Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай,
      Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
      Тумчугуп, туталанып турганымда,
      Баштады аял кебин мына мындай:
      Жигит, сен менден анча чочубагын,
      Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
      Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
      Ага да азырынча кошуламын.
      Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит,
      Үйүмө чала кызуу келди кирип.
      Ал менин абийиримди төкмөк болду,
      Канайым катын бол деп эшикти илип.
      Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
      Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
      Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
      Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
      Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
      Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам,
      Же мага жардам берчү жан адам жок,
      Мен аны колдон келсе жеген турам.
      Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
      Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып.
      Ал акмак арсалаңдап жата берди,
      Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
      Ошондо акылымдан танып калдым,
      Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
      Бычакты ала коюп ашканадан,
      Мына деп как жүрөккө сайып калдым.
      Ушундай бул окуя, билгиң келсе,
      Анан ал тиштенди да эрдин кесе.
      Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр?
      Деп мага жалт карады сүрдүү теше.
      Камыгып мен өзүмчө канадым а,
      Аялды ушунчалык аядым да.
      Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
      Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай.
      Бир карын майды бузган бир кумалак,
      Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак.
      Аялга бүт эркекти жек көрсөттү,
      Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
      Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
      Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
      Аял да терең ойдун кучагында,
      Мен ага эми кантип кайрат айтам?
      Тунжуроо, туталануу эселеди,
      Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
      Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
      Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
      Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
      Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
      Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
      Ал аял аруу жазды сагынганы.
      Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
      Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы..

    • @user-if5ec2eo7n
      @user-if5ec2eo7n Год назад

      🇦🇿🇦🇿🇰🇬🤘🤘🤙🇹🇳🇹🇳🇺🇿👍🇰🇬🇦🇿☝

  • @user-ti5hs9rt1y
    @user-ti5hs9rt1y 2 года назад +215

    Тилекке каршы ушул клиптегидей жашоо жок эмес экени өкүндүрөт.... Назира сөз жок, эң мыкты аткарыптыр көрүп бүткөнчө көздөн жаш токтогон жок😭

    • @chonjindikojomkulov2840
      @chonjindikojomkulov2840 2 года назад +2

      Бычак ала жургулода

    • @user-pl4ps3xx9s
      @user-pl4ps3xx9s 2 года назад +4

      Мен дагы Отто ыйладым конулум ооруп журогум ыйлап турду коруп буткондон кийин дагы эстеп ыйлап журдум алсыз аялдарга тийишпесе экен

    • @kerimbekismaiyliv8576
      @kerimbekismaiyliv8576 2 года назад

      Уж

    • @IndiraKazbekovna
      @IndiraKazbekovna 21 день назад

      Липчстпчч

    • @user-kw1ye1nr7r
      @user-kw1ye1nr7r 6 дней назад

      0:32 😮

  • @user-dv9wx3xh3q
    @user-dv9wx3xh3q 2 года назад +424

    Бауыр тілі АЛТЫН тіл! Ән жүрекке әсер етті, Аман бол Бауырым.

    • @user-fx6vb8yd5x
      @user-fx6vb8yd5x 2 года назад +5

      Казак туугандар силерге да аманчылык каалайбыз?

    • @aimiraarykbaeva8714
      @aimiraarykbaeva8714 2 года назад +3

      Сыймык байке ыр эн соонун ыр эле,даагы бир жоолу жан киргизип мыкты клип тартыпсыз, Назира клипти же мыкты денгээлде аткарыптыр азаматсыздар,чыгармачылык ийгиликтер коп болсун, сизден даагы мыкты чыгармаларды кутобуз

  • @user-gh1eo8zy3y
    @user-gh1eo8zy3y Год назад +16

    Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
    Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
    Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
    Ал аял аруу жазды сагынганы.
    Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу,
    Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу.
    Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
    Ичинен муң черткени аянычтуу.
    Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
    Тааныштык кокусунан, жай сурашып.
    Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо,
    Каларбыз да бир жерде учурашып?..
    Болуптур, жигит, шагың сындырбайын,
    Анчалык сурап калдың, атым Айым.
    Түшүнгүң келип турса дагы терең,
    Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
    Ким менен шайтан басып, тааныштым деп,
    Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп.
    Канчалык сыр бербейин деген менен,
    Ал аял билип койду, ушунда кеп.
    Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай,
    Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
    Тумчугуп, туталанып турганымда,
    Баштады аял кебин мына мындай:
    Жигит, сен менден анча чочубагын,
    Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
    Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
    Ага да азырынча кошуламын.
    Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит,
    Үйүмө чала кызуу келди кирип.
    Ал менин абийиримди төкмөк болду,
    Канайым катын бол деп эшикти илип.
    Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
    Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
    Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
    Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
    Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
    Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам,
    Же мага жардам берчү жан адам жок,
    Мен аны колдон келсе жеген турам.
    Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
    Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып.
    Ал акмак арсалаңдап жата берди,
    Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
    Ошондо акылымдан танып калдым,
    Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
    Бычакты ала коюп ашканадан,
    Мына деп как жүрөккө сайып калдым.
    Ушундай бул окуя, билгиң келсе,
    Анан ал тиштенди да эрдин кесе.
    Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр?
    Деп мага жалт карады сүрдүү теше.
    Камыгып мен өзүмчө канадым а,
    Аялды ушунчалык аядым да.
    Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
    Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай.
    Бир карын майды бузган бир кумалак,
    Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак.
    Аялга бүт эркекти жек көрсөттү,
    Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
    Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
    Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
    Аял да терең ойдун кучагында,
    Мен ага эми кантип кайрат айтам?
    Тунжуроо, туталануу эселеди,
    Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
    Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
    Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
    Чоочун шаар чочун аял жанымдагы,
    Ак койнок жашыл Жолкевского салынганы
    Мунайым коздоруннон турду окулуп
    Ал аял ару жазды сагынганы

  • @user-qt2zt2pc2k
    @user-qt2zt2pc2k 2 года назад +366

    Клип деген мына ушундай болот мукамдуу ун ,таланттуу актерлер ,маныздуу создор ,тарбиялык сабагы бар Негизи эле Сыймык Бейшекеев агабыздын баардык ырлары соонун ,мукамдуу конур ундуу уккун эле келет .Азаматсыз чыгармачылыгыныз оркундой берсин сиздей ырчыбыз бар экенине сыймыктанам .

    • @user-ob3hy2xw1r
      @user-ob3hy2xw1r Год назад +4

      Туура айтасыз ушуларды укса болот ыры да маанилуу

    • @user-mc8ek2tl9j
      @user-mc8ek2tl9j 7 месяцев назад +1

      Отто сонун аткарган

  • @user-mo7ol8nx9j
    @user-mo7ol8nx9j 2 года назад +252

    қазақ елінен сәлем керемет орындау шеберлігі рахмет балам

  • @user-bc7ef2bw5w
    @user-bc7ef2bw5w 2 года назад +73

    Назира азамат. Кандай роль болсода сонун жеткирет 👍👍👍😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @jamalmuktarkyzy970
    @jamalmuktarkyzy970 2 года назад +200

    Соз жок. Назира Айтбекова талантынызга таазим. Эн мыкты актрисасыз. Сыймык байке сизге дагы таазим. Унунуз кубулжуп угула берсин

  • @nagimatoktobekovna856
    @nagimatoktobekovna856 2 года назад +129

    Молодцы Сыймык байке ,Назира эже ❤👍 все на высшем уровне 🥺❤и песня и клип прям супер😍👍👍👍❤ прям видно что от чистого сердца пел и играли роль

  • @__-bi2oq
    @__-bi2oq 2 года назад +67

    😭😭😭Аллахым мындай жашоону ырларда кана кездештирсин

  • @user-vx2pl4np5g
    @user-vx2pl4np5g 2 года назад +101

    Сыймык ага талантынызга таазим. Клип Эң сонун болуптур.
    Назирага ушундай серьёзный роль аткарган жарашат экен.

  • @Relax-us8hp
    @Relax-us8hp 2 года назад +42

    Мындай турмуш эч кимге келбесин🤲. Актёрлор азаматтар жана чыгарма сабак болчу чыгарма болуптур.

  • @neptunneptun4794
    @neptunneptun4794 2 года назад +69

    Керемет. 😍😍 Жаксы корем Кыргыздарды.

  • @user-sl5nx1ku2g
    @user-sl5nx1ku2g 2 года назад +149

    Ыр деп , клип деп ушуну айт ....Азаматсыз Сыймык байке сиз менен сыймыктанабыз , мындай чыгармалар Кыргыз эстрадасында саналуу кана

    • @user-rr1cn4fx3f
      @user-rr1cn4fx3f 2 года назад +2

      Ттьн

    • @user-lo2ub1ld9i
      @user-lo2ub1ld9i 2 года назад

      Каяктагы эстрада бул сыймыктын чыгармачылыгы атана апана рахмат ушундай балпны остургон атана рахмат иним туптубудон ырдпйт сулюкта шаары!

  • @user-yy5pg9ez1l
    @user-yy5pg9ez1l 2 года назад +58

    Жүрөктү оорутугоо 😭😭😭😭 сыймык ага ден соолук каалайм сизге ким негатив жазса. Ошонун телефону бузулуп калсын

    • @user-yx4lb2vh3l
      @user-yx4lb2vh3l 2 года назад +1

      🤣🤣🤣

    • @user-cj5ve4mo2b
      @user-cj5ve4mo2b 2 года назад

      Хай

    • @ulanbaizakov4315
      @ulanbaizakov4315 2 года назад

      😂😂😂🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️

    • @user-rm5xx7ff6s
      @user-rm5xx7ff6s 2 года назад

      🤣

    • @user-pn1gm2ei3o
      @user-pn1gm2ei3o 2 года назад

      оорутуго эмес оорутту го болот.Aдамдын аты баш тамга менен жазылат. Андан сырткары сүйлөм бүткөндөн кийин аягына чекит коюлат.

  • @minuraboronova15
    @minuraboronova15 2 года назад +5

    Баданим жимирлап кеттттти хаманы коз Очип коргани Билан Коша карисин омин

  • @sara_sara2937
    @sara_sara2937 2 года назад +50

    Ырдын мазмуну,клиби баары төп келишкен.Сыймык жүрөккө жеткизе аткарган.Назира мыкты актриса.Ар кылдуу талант.Бар болгула.

  • @nuriyamamatova689
    @nuriyamamatova689 2 года назад +147

    Укмуш журокко жеткен чыгарма болуптур.Сыймык талантына таазим.Назира азамат жакшы актриса.

    • @dakankg
      @dakankg 2 года назад +3

      бизге да катталып койгулачы

    • @user-tb9lz2bl2p
      @user-tb9lz2bl2p 2 года назад +1

      Сонун чыгарма болуптур, Назира кучтуу аткарыптыр. Амантур азаматсын.

  • @alinakadyrbekova7243
    @alinakadyrbekova7243 2 года назад +121

    Аябай буулугуп турат элем Кыргызстанга кетким келип апамдарды бир туугандарымды сагынып ушул клипти коруп ыйлаааап ыыыййййлап алдым аябай соонун клип болуптур 😪😪😪😪🤧🤧🤧🥺🥺🥺😥😭😭😭😭😭😢😢😥

    • @talantbekalymkulov7718
      @talantbekalymkulov7718 2 года назад +13

      Ыйлаба Алтыным Аллахым Буйруса барасын ал кундорда алыс эмес Только Бир аз сабыр кылыныз.🤲

    • @user-ij1qs5dr8g
      @user-ij1qs5dr8g 2 года назад +14

      Ботон элде ботон жерде тынч аман эсен иштеп келгиле🤲🤲🤲

    • @alinakadyrbekova7243
      @alinakadyrbekova7243 2 года назад +3

      @@user-ij1qs5dr8g рахмаааат

    • @alinakadyrbekova7243
      @alinakadyrbekova7243 2 года назад +4

      @@talantbekalymkulov7718 рахмат айтканыыныз келсин

    • @user-gu4tw3uk2u
      @user-gu4tw3uk2u 2 года назад +4

      Ыйлаба алтыным,

  • @babysali
    @babysali 2 года назад +48

    Денени титреткен клип болуптур ыр га топ келиптир. Сыймык байке мыктыз

  • @user-vi3dt3fq9x
    @user-vi3dt3fq9x 2 года назад +61

    Мен қазақ болсамдағы Сыймық Бишекеев ырларын 1995 жылдан бері білем. 30 жаш деген ыры бар.👍👍👍

  • @user-tu5yt5yn5q
    @user-tu5yt5yn5q 2 года назад +930

    Маған қырғыздардың әндері өте қатты ұнайды.Әндері керемет.Осы әнді тыңдап жыладым ау.Алла сыйласын әнің өте жақсы

    • @user-vj8hj8oe2f
      @user-vj8hj8oe2f 2 года назад +13

      Рахмет баурум

    • @user-cl4nj8ni5x
      @user-cl4nj8ni5x 2 года назад +1

      Ььңж
      ж
      ьңңңтңңңютңьз
      ңбл5бхөллл4 юхю44юб45юю.45.ю4елө.л5ө5ю5юююү

    • @gulmirayrysbaeva8224
      @gulmirayrysbaeva8224 2 года назад +6

      @@user-le4dl8br3f Сурап жатабы кандай болот деп баурум деген тууганым дегендей

    • @buruljanuzakova4488
      @buruljanuzakova4488 2 года назад +3

      👍🤗👏

    • @user-qo9kt1fr2m
      @user-qo9kt1fr2m 2 года назад +3

      От эш

  • @user-uq4xj7ph6z
    @user-uq4xj7ph6z 2 года назад +93

    Кино көргөндөй эле болдум, азаматсыңар жакшы клип болуптур

  • @user-gs7uc9ud7j
    @user-gs7uc9ud7j 2 года назад +46

    Кыргызымдын белгилуу ырчысы Сыймык Бейшекев талантыныз оркундой берсин

  • @aisalkynkalmuratova1483
    @aisalkynkalmuratova1483 2 года назад +21

    Назира айым чыныгы таланттуу актриса,таланттына таазим,ишине ийгилик,бактын ачылсын,аял бактын каалаймын

  • @guldanakadyrova785
    @guldanakadyrova785 2 года назад +169

    Аягында Ким жаман бузулган Кыз жаман.Эркек зоокурлук кылбаса Кыз эч качан озу этегин ачып бербейт

    • @user-oy8pc7gu6r
      @user-oy8pc7gu6r 2 года назад

      Сонун ыр сыймык байке оркундой берсин талантыныз килип ото сонун чыкан

    • @user-gd7nv4rr1z
      @user-gd7nv4rr1z Год назад +1

      Тууралуу айтас

    • @user-hv1jn1di1w
      @user-hv1jn1di1w Год назад +3

      Качан болсо аял кишини жаман атты кылышат, ушундай ит зоокурлор ошол ишке барганга чейин эле Аллахым эмнеге жок кылып койбойт.

    • @user-tj7fv6ry2d
      @user-tj7fv6ry2d Год назад +1

      Кой ее ,берем десе люьой еркек движения кылат кыз еле етегин тыйса все будет хорошо

    • @iosisisiowojs7886
      @iosisisiowojs7886 Год назад

      Алдабачы

  • @user-om4cs9qn7k
    @user-om4cs9qn7k 2 года назад +77

    Назира -элдин кобун ыйлаттын го😢. Мыкты аткарыпсын. Чыгарма ото сонун. Клип дагы сонун болуптур.

    • @adilkanalbekov6699
      @adilkanalbekov6699 2 года назад

      Е

    • @user-qs9rn6nw6p
      @user-qs9rn6nw6p 2 года назад

      Назиранын жанындакыл жигит ким эке аа🤔

    • @user-yy7yd3ks4f
      @user-yy7yd3ks4f 2 года назад

      @@user-qs9rn6nw6p Мирбек Иманбеков ырчы бала

  • @user-kr1tl9wd1j
    @user-kr1tl9wd1j 2 года назад +22

    Недеген мағыналы өлең қатты ұнаттым жарайсың Қырғыз бір туғандар.

  • @ainursmailova6648
    @ainursmailova6648 2 года назад +480

    Сыймык мырза эн сонун ыр болуптур маантси терен. Азаматсыз. Назира айым эн сонун аткарыптыр. Ырдын тксти, мазмуну, обобону Жана клиби дагы топ келишкен.👍👍👍

    • @user-ob1mh7my5z
      @user-ob1mh7my5z 2 года назад +19

      Сыймык байке мазмуну терең текст болуптур сизге чыгармачылык ийгилик каалайм

    • @user-xv9pr5nb5h
      @user-xv9pr5nb5h 2 года назад +15

      Мен ойлогондой соонун клип болуптур ушуну кутуп жургом

    • @user-xv9pr5nb5h
      @user-xv9pr5nb5h 2 года назад +9

      Алга Сыймык мырза

    • @user-st7vo1pc3k
      @user-st7vo1pc3k 2 года назад

      х

    • @manasturdukulov4674
      @manasturdukulov4674 2 года назад +2

      Сиз тез арада бул видеону көрүшүңүз керек. Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланышы мүмкүн ruclips.net/video/oFyhzmu0xqs/видео.html

  • @user-dj7hu5fn2s
    @user-dj7hu5fn2s 2 года назад +191

    Ушул ырдын клиби кандай болот деп ойлоно берет элем. Соонун чыгыптыр. Ырдын мазмуну да аябай жакшы. 😭Канча жолу уксам ошончо ыйлайм

    • @user-pc7nt5lm5b
      @user-pc7nt5lm5b 2 года назад +1

      Эми ойлонбой уктаныз

    • @anarajunusova935
      @anarajunusova935 2 года назад +3

      Мен ойлогондой клип болуптур 👍

    • @user-kx9kp5en6r
      @user-kx9kp5en6r 2 года назад +1

      Менда ошенткен элем тооба

  • @kosmirateshebaeva3875
    @kosmirateshebaeva3875 2 года назад +61

    Негедир кайра кайра уккум келди, соонун ыр.Сыймык Бейшекевтин ар Бир ыры жагымдуу укулуктуу.Чыгармачылык ийгилик каалайм.Назирага соз жок мыктысын.👍👍👍🥰

    • @ainuramonokbaeva1185
      @ainuramonokbaeva1185 2 года назад +1

      Ыр менен клип топ келишиптир аябай маазмуну чоон чыгыптыр соз жоок эми чоочун аял 2 деп туруп кыздын кийинки тагдырын чагылдырсада жакшы болмок мен клипте аралашып озум кыздын кийинки тагдырын да чыгарса жакшы болмок экен деп кыжаалатмын аябай жакшы зеерикенде эле ырды угуп турам омур берсин зоболонор которуло берсин азаматтар

  • @svetchekirova8848
    @svetchekirova8848 2 года назад +39

    Ырды жазган адамга, Сыймык байкеге, Назира эжеге да сөз жок, өтө мазмундуу соогунду сыздата койду, көздон жаш али да токтой элек, баракелде.

  • @user-mo2im2wk5b
    @user-mo2im2wk5b 2 года назад +38

    Кооп жылдан бери мындай маныздуу клип ыр чыга элек эле.Эн мыкты клип да аткаруу да😢

  • @aiperinurlanova8626
    @aiperinurlanova8626 2 года назад +390

    Ырдын маанисине клипти куюп койгондой жарашыптыр. Мааниси отто терен, уккулукту сонун .

    • @user-yg6xf7gu1y
      @user-yg6xf7gu1y 2 года назад +15

      Баракелле Сыймык коп жаша ыр да клип да актерлор да оло сонун кино чыгарсанар да болот

    • @user-bw8zd7ye8z
      @user-bw8zd7ye8z 2 года назад +3

      О

    • @arzykanturganbaeva4508
      @arzykanturganbaeva4508 2 года назад +6

      Сыймыкка чыгармачылык ийгилик Назира адамды мунканткан ыйлаткан эн сонунабалды суроттоптур азаматсын Назира

    • @sashobakty1236
      @sashobakty1236 2 года назад +4

      Оа прям журогун титирейт баары соонун

    • @user-pn1gm2ei3o
      @user-pn1gm2ei3o 2 года назад +1

      Айпери Нурланова, өттө эмес өтө, уккулукту эмес уккулуктуу болот.

  • @nurdinnarmatov7807
    @nurdinnarmatov7807 2 года назад +49

    Сыймык Бешекеев Кыргызстаныбыздын эмгек синирген мыкты ырчысы!!!👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬💪💪💪💪

  • @mexxoldschoolmusic9079
    @mexxoldschoolmusic9079 2 года назад +141

    Никогда не слушал Кыргызские песни, тем более Бейшекеева. Но это песня такая душевная и понятная. Каждое слово пропитано талантом исполнителя! Эми Кыргызча Ушул ыр озгочо журоко тийти, мен аябай сыймыктандым ушундай таланттуу ырчы байкелерибиз бар экенине! ✊👍💐💐💐💐

    • @user-pr2oq2zp4b
      @user-pr2oq2zp4b Год назад

      Ззж
      999зщщщщщ в 7 ⁿ

    • @user-vd5hb4sv9g
      @user-vd5hb4sv9g Год назад

      Казак туугандар 95 жылдан бери угабыз,тааныйбыз дешет ко...

    • @user-qb6rh1ei4u
      @user-qb6rh1ei4u Год назад +3

      @@user-vd5hb4sv9g 14:00 5

    • @user-hw4jk5fp6n
      @user-hw4jk5fp6n Год назад

      Сен жон гана МАЛ екенсин да...

  • @user-gj4nu6md1v
    @user-gj4nu6md1v 2 года назад +285

    Журокко тийген клип болуптур, Сыймыктын ыры аябай маанилуу.

    • @user-qq9hy6vu6o
      @user-qq9hy6vu6o 2 года назад +2

      сонун ыр го. Унунуз го береке. Бир сыйра коздон жаш акты

    • @user-pg1dd7gm6u
      @user-pg1dd7gm6u 2 года назад

      Назира сен аябай сонун аткарыпсын.Талантына таазим.Мен сени жакшы кором.Сен сулуусун,талантуусун ишине ийгилик каалайм . Бар бол бактылуу бол .❤❤❤👍👍👍🙌

    • @chikibamboni1945
      @chikibamboni1945 2 года назад

      @@user-ns5ko9rc4q Ошондо эмне Кыздардын баары жалапбы??

    • @user-qd8tr9sr2q
      @user-qd8tr9sr2q 2 года назад

      Бббббббббббббб. ... Ь.

    • @user-qd8tr9sr2q
      @user-qd8tr9sr2q 2 года назад

      @@user-qq9hy6vu6o Ьь. ,. Н Бьь. Ььььъьбъ

  • @user-ms2cn5hp6m
    @user-ms2cn5hp6m 2 года назад +77

    Ушундай жакшы ыр жакшы клипке жакшы соз жазбасак болбойт го эн соонун азаматсыз ийгилик сизге👏👏👏👏👏👏👏

  • @user-rg4wd2fs7l
    @user-rg4wd2fs7l Год назад +6

    Кайра кайра укандар барбыыы

  • @theancientnorthlandic5536
    @theancientnorthlandic5536 Год назад +68

    Манас Атамдын Жигиттери. Туркия'дан Сизлерге Салам.
    Bu şarkı/türkü (ır) yüreğimi sızlattı. Çok derin anlamı var. Bütün Kırgızistan'a ve Türk Dünyasına Esenlik dilerim.

  • @user-cv5qk4en1r
    @user-cv5qk4en1r 2 года назад +49

    Окунучтуу алсыз Аялдардын кордук коргону😔.Ото таасирдуу клип болуптур Рахмат Сизгедерге аткаруучулар.

  • @mahabatsadykova
    @mahabatsadykova 2 года назад +55

    Шолоктоп ыйлап да алдым
    Талантынызга береке.
    Актёрлорго данк!

  • @user-us4rk1qt9j
    @user-us4rk1qt9j 2 года назад +11

    Жашоодо аялдар кандай гана оор соккуга учурап жатат. Канткен менен учурдагы кыйналып , кысталып жашоосу мудомук калтыргырган аялзаты коп. Ошол сыяктуу аялдардын образын ачып корсоткон. Назирага азамат.

  • @user-wm3sj3se3r
    @user-wm3sj3se3r 2 года назад +15

    Эн мыкты ырчы, комузчу, акын, обончу, деп билем. Мыкты талант...Азаматсыз... Ишинизге ийгилик, үй-бүлөнүз менен узак өмүр сүрүңүз!🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-rm5sq5pd7g
    @user-rm5sq5pd7g 2 года назад +29

    Эн сонун сыймык аке денем титиреп кетти аяалзатын баркын билгиле

  • @DARI646
    @DARI646 2 года назад +95

    Амантур, Назира мыктысынар. Клипке да, ырга да соз жок. Сыймык агай ийгилик👍👍👍👍👍

  • @user-ls2by7xt1m
    @user-ls2by7xt1m Месяц назад +1

    Сонун чыгарма, Сыймык Бейшекеев дал өзүн сүрөттөгөн экен

  • @gdggzy5542
    @gdggzy5542 2 года назад +12

    Аял заты бул клипти ыйлабай коро албайт жашоодогу болгон окуяны аткарган.Назира талантына таазим. Сыймык мынданда зор чыгармаларды жарата бер омуруно береке.

  • @hshsgiwhw9245
    @hshsgiwhw9245 2 года назад +91

    Чынында сөз жок ! Аябай сонун чыгарма болуптур 😍❤️

    • @user-ol8sg9cw9f
      @user-ol8sg9cw9f 2 года назад +1

      Сыймык ака мумкун болсо , аялдын 2 чи сериямын ырдап чыгын Турмодон чыккандан кийинки тагдырын ырдан

  • @user-si1fs5rn2d
    @user-si1fs5rn2d 2 года назад +73

    Мыкты!!! Мурат агай,Назира эжеке азаматсыздар!

  • @nazgulchyngysheva9178
    @nazgulchyngysheva9178 2 года назад +53

    Уккулуктуу ырдаптырсыз комуз менен Назира эң сонун аткарыптырсын

  • @user-gb9jn5ms1r
    @user-gb9jn5ms1r Год назад +2

    *МЕН* *СУЙГОН* *АДАМ* *УКЧУ* *ЭЛЕ* *АЛТЫКЕ* *КАТУУ* *САГЫНДЫМ* *СИЛЕРДИ*

  • @user-nft2nmfghn
    @user-nft2nmfghn 2 года назад +41

    Эх, катуу ыр экен! Коздон жаш агып кетти! Байкуш

  • @nasaat_al
    @nasaat_al 2 года назад +16

    Ата сиз менен Сыймыктанабыз

    • @user-zq9zo7vx8c
      @user-zq9zo7vx8c 2 года назад

      ??👍👍👍👍👍⚘🌹🌷💐🥰

  • @amina1402
    @amina1402 Год назад +7

    АЛХАМДУЛИЛЛАХ,Сыймык элди ойлогон жигит.Калк арасында болуп жаткан көйгөйдү чагылдырган тура.А Назира туш тарабынан таланты ташкындаган кыргызымдын жаркылдаган кызы.АЛЛАХ ТААЛАМ экөөнө тең ден соолук,узун өмүр,соолубас чыгармачылык берсин.

  • @user-tn1ps4yc1k
    @user-tn1ps4yc1k Год назад +2

    Назира эн кыйын актриса талантынды сыйлайм

  • @mmmppp1911
    @mmmppp1911 2 года назад +52

    Шу кушикни эшитсам ичим эзилиб йиглайман кимга кандай билмийман лекин шу комуздун уну жагымдуу

    • @user-pr8so7jf3q
      @user-pr8so7jf3q 2 года назад +5

      Брат урдура бербегин окшотуп😃

    • @user-wm3sj3se3r
      @user-wm3sj3se3r 2 года назад +3

      Словарный запас аз экен

    • @atabekdjal1879
      @atabekdjal1879 Год назад +1

      @@user-pr8so7jf3q 😂😂👍👍

    • @user-xq9hc7jg9b
      @user-xq9hc7jg9b Год назад

      Мен кошулам созунуз го себеб менда коп угам

  • @user-mq8eq6yn4l
    @user-mq8eq6yn4l 2 года назад +58

    Аябай чеберчилик менен тартылыптыр азаматсынар,ыр да соонун маанилуу ыйлап журуп кордум😪

  • @Akula557
    @Akula557 8 месяцев назад +2

    Сыймык биздин чынгыз

  • @user-ot2om1vs9z
    @user-ot2om1vs9z Год назад +9

    Мааниси терен ыр болгон Сыймык байке ыйлап уккам 🥺❤️

  • @user-wn3fv2ig8m
    @user-wn3fv2ig8m 2 года назад +85

    Назира азамат баардык ролду ийинине жеткире аткарат.

  • @user-uq3oi5fi7v
    @user-uq3oi5fi7v 2 года назад +459

    Требуем продолжения клипа и песни с счастливым концом ! Дабы поднять дух женщинам оказавшимся в таких же жизненных ситуациях .

    • @user-eq4rp7ux5n
      @user-eq4rp7ux5n 2 года назад +10

      Бул болгон окуяны чагылдырган.Коп жылдар отуп кетти бул ырдын чыкканына.Уландысы чыкса, анда калп болуп калатко

    • @raihanrysbaeva5643
      @raihanrysbaeva5643 2 года назад +1

      Туура айтасыз

    • @user-to8ko1dm7q
      @user-to8ko1dm7q 2 года назад

      Я да за.

    • @user-oi7cn6kh7k
      @user-oi7cn6kh7k 2 года назад +5

      Көздүү мончок жерде калбайт,бактылуу болот

    • @user-pp1he7tk7l
      @user-pp1he7tk7l 2 года назад

      @@user-et8kc2je6j х

  • @user-lo3xt6pf2v
    @user-lo3xt6pf2v 2 года назад +51

    Аябай маныздуу клип болуптур, Назира, Амантур мыкты денгээлде аткарышыптыр баракелде🥰👋 Сыймык чыгармачылык🌹 ийгилик азаматсын омурун узун болсун😘 г. Новосибирск

  • @user-wj4rr6bv5r
    @user-wj4rr6bv5r Год назад +1

    Сыймык Бейшекев соз жак ырынызга

  • @user-bs4dr3ty3p
    @user-bs4dr3ty3p 2 года назад +25

    Көп жылдар мурда аябай көп укчумун. Тажабай тынбай уга берчүм. Клип жок эле, ырынын маанисинен, бир чоң китеп окугандай, же кино көргөндөй болчум. Мына эми клиби чыгыптыр. Сыймык байкебизге Алла күч кубат, үй бүлөлүк бакыт берсин.

    • @user-kf3vi4up9n
      @user-kf3vi4up9n 2 года назад

      👍👍👍👍👍👏👏👏👏😪

    • @user-tt9mb8vw9u
      @user-tt9mb8vw9u 2 года назад

      Неге клиптери коп эле айыл этегинде жалгыз там турат деген ырларынын клиптери бар

  • @user-vm2ih2ik1n
    @user-vm2ih2ik1n 2 года назад +23

    Ээх турмуштун чыркыраган чындыгы тартылыптыр.эн мыкты дастан.мыкты клип.ийгилик баарыныздарга.

  • @BMWm5hurricanerrc
    @BMWm5hurricanerrc Год назад +1

    Токтогулдун торгойлору азаматсыңар! Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев, Айбек Каримов, Нурлан Насип, Гулнур Сатылганова, Роза Аманова калганын улайбыз......

  • @serfatderya2074
    @serfatderya2074 8 месяцев назад +2

    Сыймык, Бейшекеев.
    Ирлари,маноли.👍👍👍

  • @user-yq7yr3bz6q
    @user-yq7yr3bz6q 2 года назад +58

    Мааниси терен ыр . Назира эже сонун аткарыпсыз. Сыймык байке ийгилик ырларынызжы уккум эле келет

  • @user-wq3il2rw2u
    @user-wq3il2rw2u 2 года назад +22

    Тарбиялык мааниси ото чон.,ким тушунсо акыркы заманды 100% чагылдырылган

  • @maryam1010m
    @maryam1010m 2 года назад +46

    Самое лучшее исполнение в моей жизни! До слёз.. 😓

  • @user-ho6ep6fl4f
    @user-ho6ep6fl4f 2 года назад +1

    Сыймык Бейшекеев мыктысын Назира Айтбекова соз жок супер

  • @bubujrabekboeva6689
    @bubujrabekboeva6689 2 года назад +14

    Назира ролду абдан жакшы аткарыптыр, азамат

  • @user-vd9lf3qd9p
    @user-vd9lf3qd9p 2 года назад +32

    Чыныгы талант.журокко жеттиго Азаматсыздар.

    • @user-tp9xg4tx1y
      @user-tp9xg4tx1y 2 года назад +2

      Эн соонун мыкты соз жок

    • @taalaibekasakeev1592
      @taalaibekasakeev1592 2 года назад +2

      Сыймык иним элдин баары ушул клипти кутуп жатты эле,жакшы кылдын,Назира керемет,соз жок,элдин баарын ыйлаттынар го,азаматсын Сыймык!!!...................................

    • @user-mj5zd6pb3j
      @user-mj5zd6pb3j 2 года назад

      Мааниси терен ,баары топ келишиптир.ыйлап ыйлап алдым.Бар болгула.

  • @user-rx9zl1nv5e
    @user-rx9zl1nv5e 2 года назад +10

    Әй бауырым Қырғышанжазып, Орысшаға аудармандарь Керек болса Қырғыз тілінде оқып үйренсин?!

  • @user-yp2tj9sc1j
    @user-yp2tj9sc1j Год назад +1

    Алсыз аял, арсыз эркек, адилетсиз сот, талкаланган бутундой бир тагдыр.

  • @user-sq5vq3wq8s
    @user-sq5vq3wq8s 2 года назад +27

    Ушул ырды укканда ыиладым эле ушунчалык журогумо жетип рахмат Сыимык ага аман болун

    • @Hakim.0026
      @Hakim.0026 2 года назад +2

      Менида биринчи жолу клип көрүп көзүмө жаш келди.

  • @gulinaomorbekkyzy7201
    @gulinaomorbekkyzy7201 2 года назад +83

    Таасирдүү клип болуптур. Ырдын мааниси аябай так сонун жазылыптыр. Аткаруучу Сыймык Бейшекеев агабызга ден соолук каалайм, бар болунуз👍

  • @seiylmyrzaeva8175
    @seiylmyrzaeva8175 2 года назад +1

    Сыймын Назира ыр да клипта аябай топ келген баракелде

  • @user-cp6wh7gf6p
    @user-cp6wh7gf6p 2 года назад +1

    Назира соз жок, мыктысын.

  • @user-tb3ri8hx9f
    @user-tb3ri8hx9f 2 года назад +33

    Ыр дагы мазмуунду. Клип да сонун ,турмуштагы корунуш. Назира негизи кыйын кызсын!!! Бактылуу бол!!!

    • @user-hw7sz9bm6p
      @user-hw7sz9bm6p 2 года назад

      Жүрөктөгү ыр,клип болуптур 👍 көзүмдөн жаш куюлдуго 😔

  • @hdhejfhdneuhdbjds4916
    @hdhejfhdneuhdbjds4916 2 года назад +59

    Журоко жеткире ырдаптыр. Назира дагы аябай жакшы ойноптур. Ыр бутконгго чейин ыйладым. Чыгармачылыгынарга ийгилик каалайм

  • @user-nc9qk2qw5l
    @user-nc9qk2qw5l Год назад

    Назираны. Колдойм. Супер актриса

  • @jibekbapyeva8150
    @jibekbapyeva8150 2 года назад +1

    Назира, азаматсын. Сыймык , азамат.

  • @user-fb6bh5rn9r
    @user-fb6bh5rn9r 2 года назад +9

    Назира Айтбекова эң мыкты аткарган ! Ырга болсо сөз жок ! Ыйлатты

  • @jjdjjjsj1741
    @jjdjjjsj1741 2 года назад +32

    Өтө таасирдүү чыгарма болуптур, бир сыйра ыйлап алдым. Бали Сыймык ага, талантынызга таазим, чыгармачылык ийгилик

  • @user-nn4pi4qf3s
    @user-nn4pi4qf3s 2 года назад +1

    Клиптеги назирабы аябай жакшынакай болуп калыптыр ушинтип эле журчу

  • @user-yg6xf7gu1y
    @user-yg6xf7gu1y 2 года назад +6

    Назира заслуженная актриса готовая красавица и вобше передачаларды да сонцн алып барасын

  • @aizhamalkonushova2698
    @aizhamalkonushova2698 2 года назад +302

    Ыр клип менен топ келиптир, Назира Айтбекова азаматсыз! Мыкты денгээлде аткаргансыз👏

  • @user-sq5vq3wq8s
    @user-sq5vq3wq8s 2 года назад +40

    Мына клип деп ушуну аитНазира азаматсын

  • @user-it2lk6jx2b
    @user-it2lk6jx2b 2 года назад +6

    Мына сага чыныгы чыгарма. Көп жылдан кийин гана клип тартылыптыр. Баары жогорку деңгээлде

  • @nargizajoldoshova6859
    @nargizajoldoshova6859 11 месяцев назад +2

    Назира мыкты ойнойт ❤

  • @user-lv2st1wx4h
    @user-lv2st1wx4h 2 года назад +150

    Негизи Сыймык агабыздын ырлары абдан маанилуу.Анан дагы Сыймык Бейшекеевдин патриоттуулугун абдан баалайм.Баракелде соонун ыр болуптур!

  • @user-pr8so7jf3q
    @user-pr8so7jf3q 2 года назад +40

    Базар жок! Клипке мыкты иштеп коюуптурсуздар.

  • @user-om3el7yt4y
    @user-om3el7yt4y Год назад +5

    Сыймык аябай жакшы адам болуш керек атандын арты кайрылуу болсун алтышка

  • @user-sc5ej5ih4f
    @user-sc5ej5ih4f Год назад +5

    Сыймыка аллаға аалам өмүр ден соолук берсин. Илгертен бери ырдайт. Аябай жакшы үндүү ырды да келиштирип ырдайт. Ар бир ыры өзүнө топ келген маңыздуу түшүнүктүү ырдайт. Мындан ары да кыргызымдын ырларын бүт дүйнөгө таанымал болуп ырдап чоорлоп жүрө берсин. Сыймыкты төрөп чонойткон ата энесине да кудайым ден соолук бактылуу кәрілік берсин ата энесине 🤲🤲🤲🙌🙌

  • @user-uz8oi6ec9u
    @user-uz8oi6ec9u 2 года назад +41

    Ушул ырдын клибин мен башкача элестетчи элем.
    Клип соонун болуптур, актёрлор рольдорду жакшы ойношуптур 👍.Ийгиликтер боло берсин.

  • @rozaapyzova9384
    @rozaapyzova9384 2 года назад +3

    Сыймыка Назирага сыйлык берилиши кк таланттуу адамдар