“Ырдабай, бозо бизнесине өтүп кеттим” | “Бала бойдон калгым келет” деп ырдаган ырчы
HTML-код
- Опубликовано: 8 фев 2025
- ЛОТОРЕЯ О!ДЕНЬГИ: udacha.o.kg/
“А менин бала бойдон калгым келет.
Элесиң көз алдымда элестелет" деген ыр саптары бар “Балалыгым” чыгарманы билбеген кыргыз болбосо керек. Дал ушул ырдын автору жана аткаруучусу Жамил Карабалаев жана анын жубайы Канайым Чотурова менен маектештик. “Ырчылыкты таштап, бозо бизнесине өткөм. 17 жылдан бери ДЦП менен ооруган кызыбызды карап келебиз" дейт ырчы. Толугу менен видеодон көрүңүз.
ЛОТОРЕЯ О!ДЕНЬГИ: udacha.o.kg/
Дардандаган,парылдаган Сонун,накта кыргыздын жигитти экен,ырыныз бомба!
Канимет молодец ушундай ырчыларды комускодо калтырбай чыгарганына рахмат
Сонун ыр. Бактылуу карылыкты насип этсин! Кызына да бекем Ден соолук.
Ушул ырдын авторун билип алганыма шугур сонун ыр,сонун киши экен аман бол журналистге рахмат корсотуп таанытып койгонуна
Кандай керемет ыр. Талантынызга ТААЗИМ Агай. Омурунуз узун болсун. Чыгармачылык ийгилик. Сахнадан кутобуз.
😊😊😊😅😅😅
Агай сизден дагы шедевр ырларды кутобуз.Аман - эсен, ден соолукта болунуз!!!
Бул ыр чындап эле ШЕДЕВР, уксаң тимеле уюп каласың да жада калса көзгө жаш тегеренет го балалыгыңды элестеткенде
Канимет балам ишине ийгилик каалайм,а силердин кызынарга Ден соолугу жакшы болуп кетсин,онорунор оркундой берсин аман болгула
Ообада.Айша аты күчтүү ат экен бала көтөрө албады го
Жоош кишидей көрүнчү эле бакылдаган сонун байке экен
Ден соолук ,Уй булоодо бакыт о.э чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.Кызына жаратканым шыпаа Берип жакшы болуп уетсин
Биз сизди чыдамсыздык менен сахнадан кутобуз❤
Кандай гана сонун ыр. Азыр эл ушундай ырларды сагынып турат, созсуз эч ойлонбостон ырдап чыгыныз, элим тик токко эле чыгарып койгулачы кандай эле эл колдобойт экен
Таланттуу инсан экен.Чыгармачылык ийгилик каалайм.Дагы мыкты обондорду жарата бериниз.
Ушундай залкар таланттуу адамдар комускодо калганы отто окунучуу 😢 Эмне деген ыр саптар козго жаш айланат 😢
1999-2000жылы 1-класска мектеп босогосун аттагам. Ушул ыр менен чоноюп, ушул ыр менен мектепти аяктап, ушул ыр менен студенттик кундор отту. Мына эми мекенден, туулган айылдан алыста жургонумо 7 жылдан ашты. Балалыкты,айылды, ата-энемди сагынганда ушул ырды угуп ыйлап алам. Бар болунуз агай,өмурунуз узуун болсун.
Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет. Байкебиз чын дилден жүрөктөн чыгарган ыр Жамил байкебиздин уй бүлөөсүнө кааларым чын ден соолук, бактылуулук, берекелуулук каалайм. Жашоодо жамандык болбосун.
Соонун ыр эле баарыбыз ырдап калдык,Аман болунуз уй булонуз менен,жакшынакай карылык келиптир куту болсун
Оо кандайгана жакшы адам!!! Журогу таптаза бапыраган адам экен. Уну керемет азамат. Алып баруучу жигит сага рахмат ушундай талаттарды алып чыкканына рахмат!!!
Сиз агай бир омурго жете бир ыр .❤❤❤❤❤Тообо башкалар 100ыры болсо да мындай журок титиретбейт.
Эң туура.Жүрөккө жетет го.❤Менин кызымдын аты дагы Мираида❤❤2-класста окуйт жаным кызым.Мираидалар бактылуу болгулачы жандарым❤❤❤❤
КАЙДАГЫ КҮЙӨӨДӨН КҮЙӨГӨ ЧЫГЫП МАКТАНЫП ЖАШТАРГА ТУУРАМЕС ЖОЛ КӨРСӨТҮП ЖҮРГӨН АЙБАНДАРДАН ,ЖАРЫМ ЖЫЛАНАЧТАРДАН, ПАЙДАСЫЗ СӨГҮНГӨН БЛОГЕРЛЕРДЕН, ЖАНА БАШКА КЕЛЕСОЛОРДОН ИГТЕРВЬЮ АЛБАЙ УШУНДАЙ АДАМДАРДАН АЛСАНАР ЖАРАШАТ ЭКЕН ГО СУПЕР ИНФО ОКУУП КОЙ.
Соонун уй булоо экен кызынар сакайып кетсин Кудайдын суйгон пендесине берет эч чокбой жакшылап карагыла бозо бизнесинер онуксун эн жакшы жумуш пайгамбар жашындагы энемин мен да жасайм менин бозо бизнесим аябай онуккон 24магазин мн иштешем 200л кайнатам баары ручной чалым жардам берет кудайга шугур кывыраса береке боло берет
Ушул байкеге кыргыз элим жардам берип уй алып берсек ото чоон сооп болот эле.
Супер ыр эх балалыкты зске салды.Аман болунуз жаагы коп ийгиликтерди жарата бер
Кандай гана үн! Азаматсыз байке. Ушул ырды уккан сайын балалыка баргым келет кайра жаш болуп😢.Кайда журсонуз да ден соолукта аман журунуз үй бүлөөнүз менен. Бул ыр карыбайт!!! Дайыма ырдалып журо берсин
Апам байкушум камыр жасап жатып кынылдап ырдайт эле . Азыр өзүм чоноюп апамдын абалын камыр жууруган сайын түшүнүп көзүмө жаш алам .Мен чонойдум бирок апам каарып баратат.Рахмат соонун чыгарма үчүн.
Талантыныз ташкындай берсин кудайым Ден соолук берсин Уй булонуз мн аман болунуз ишинизге ийгилик
“А менин бала бойдон калгым келет.
Элесиң көз алдымда элестелет" деген ыр саптары бар “Балалыгым” чыгарманы билбеген кыргыз болбосо керек. Дал ушул ырдын автору жана аткаруучусу Жамил Карабалаев жана анын жубайы Канайым Чотурова менен маектештик. “Ырчылыкты таштап, бозо бизнесине өткөм. 17 жылдан бери ДЦП менен ооруган кызыбызды карап келебиз" дейт ырчы. Толугу менен видеодон көрүңүз.
Эң сүйүп уккан ырларымдын бири го 😊
Бул ырды кээде ырдап калам.Балдарым мени таңыркап карап калышат.Менин ой чабытым тээ 25-30 жыл мурунку кезимде чалкып учуп жүргөнүн кайдан түшүнүшмөк эле.Аттиң ай ал күндөр кайрылып келбейт эми😢.Сагынып гана,ичиңен сызып эстеп калат экенбиз да.Биздин балалык кезибиз өзгөчө өткөн.Сагынам.
Коздон жаш айланат,атам _апам балалык эске тушуп.😢Чыгармачылык ийгилик,жакшы чыгармалар жарала берсин.Ата_ энеме кудайым бейиштен омур берсин.
Абдан сонун ыр,ден соолук та болунуз!Минкуш керемет жер!
Эң сонун ыр экен бул адам анча мынча ырчылардан жакшы ырдайт экен телевиденияга чыгарып турса болот
Ушундай жонокой кишилер менен суйлошсон жашагын эле келетко чиркин👍
Керемет чыгарма. Бар болунуз аман болунуз уйбулонуздор менен..
Ушул ырды укчум авторун билчи эмесмин.Сонун киши экен.алпаручу балага рахмат.бизге ушул инсанды алып чыкканына.
Шарактаган жакшы агай экен,меймандос👍кичипейил,создору ордунда.Бактылуу каарылык каалайм
Ачык тарсылдаган жакшы Адам экен❤❤❤
Орт экенсиз байке ,коп жашаныз накта кыргыз жыттанасыз го чиркин👏🏻👏🏻👍🏻👍🏻
Жамин Ишине ийгилик ,чыгармачылыгына эргуу каалаймын.Уйбулон менен Аман бол.Айша Аман эсен сакайып кетсин.
Байкебиз,бакылдаган,тарсылдаган сонун инсан экен🎉🎉🎉Омурунуздор узун болсун🎉🎉
Клара эжейибизге бекем ден соолук, эки дуйнолук бакыт.Кыздарынын жакшылыгын коруп ,эжейди баалаган,колуна салып коколоткон чыныгы мырза жоолуксун!! Ото тын ,сулуу эжейибиз❤ . Жалил агайды ондогонго аябай эле аракет кылды,башка уй булоо куруптур , бактылуу болушсун
Кандайча?
Бул экинчи аялыбы,мунун аты Канайым экен,биринчиси Клара беле,анда орукчан кыз бул аялынын биринчи куйосунон окшойт,озунун балдары барбы?
@@kgkg4947Ошо тутун булатканыбызга 3 жыл болду дешти го,ошондо Кыз аялыныкы окшойт
Укмуш ыр❤. Аменин бала бойдон калгыым келет .
Соонун ыр! Жашоонун ар кандай түйшүктөрү менен алпурушуп жүрүп, кээде кыңылдап калам "А менин бала бойдон калгым келет" деп. Аман болуңуз!
Эн сонун адам экен өмуру узун болсун ырын айтпай эле кой чыгармачылык ийгилик . Аман болунуз
Эн сонун ыр уксан укун келет кайрадан Аллахым кызынарга омур берсин Аллахым оорусун Берген шыпасында берсин байбичениз менен эки дуйно бактуулу болунуз
Кандай сонун чыгарма жагымдуу ун балалыкка барып келгендей болдум коздон жаш тегеренет 😢
"Балалык " керемет чыгарма, дагы да сонун чыгармаларды жарата берсин,үй бүлөлүк бакыт,кызына кудайым шыпаасын берсин 🤲
Жамил байке, сизди эфирден көргөнүбүзгө кубанычтабыз! Сизге Токтогулдан биз Манас менен Бактыгүл салам жолдойбуз!!!
Байке аман болунуз иштеринизге ийгилик бар болунуз аманчылыкта болуп балдарынызга ден соолук каалайм
Алайдын кыздары кыйын болот,тиргилике тың эмгекчил болот, Оой байке укмуш бир соонун ак көңүл жүрөгү таза дардаңбай экен чыныгы жашоо керемет соонун бактылуу болуңуздар чыгармачылык ийгилик каалайм
Жакшы адамдар экен,бар болгула
Эх Жараткан Кудай баарыбызга ден соолук эле берчи калганын акылыбыз жетишинче өзүң салган жол менен аракет кылып жашап жатабыз.
Кандай сонун ыр,рахмат автор го,жакшы ырдап атат рахмат!!!
Бул ырды мындан 15,20 жыл мурда Бир топ Кошуна эже, женелер, женебиздин жолдошу тага болуп аябай конулдуу отуруп кечке кайталап ырдап жаттадык Эле, 😂 журоктун тупкуруно жеткен ыр экен деп, автору Ким деп такыр ойлобоптурбуз ошондо, азыр жашыбыз алтымыштан ашып ошол отурган эже, тагалар, козу да отуп кеткенде, ушул ырды угуп Тан калып жатам, авторун коруп, ушунчалык жонокой карапайым адамдар экенине❤ !!! Ошол мезгилде коммерция, сода сатык куч алып, жумуштан сокращениеге туш болуп биз да бозо салып сатып балачака бакканбыз, эми мынтип ал кучтон тайып андай тиричиликтен да алыстап небирелерди эрмектеп отурган чагыбыз😂😢❤!!! Авторго Жана аны элге тааныткан журналист жигитке Рахмат, ийгилик силерге❤😊🎉!!!
Ээн сонун беруу болуптур,жаратылыш койнунда
Уй булөсу менен тынч болушсун! Келинчеги да тоолук болуп , кара жумуш, уй жумуштарын жакшы жасап, өздөрунчө бизнес жасаган азаматтар экен. Ак эмгектеринин “жемиштерин” татып, бактылуу жашашсын!
Мындай ыр кылымда Бир жаралат сизге таазим ❤️
Омурлуу, ырыстуу,бактылуу -таалайлуу болуп,уй -булоон менен Аман -эсен болуп, коооп жаша,бул ырды угуп балалыка бир барып келгендей болдум😢
Жумгал уй булоолук бакыт каалайм,озуно да ден соолук каалайм,унун очпосун,мен классташын Нуржан
Тайларынды тартып тилин буудай кууруйт го, жээнтай! Аманчылыкта уй-булон менен жакшшылыкта бирге болгула!аминь. Эми ибадаттарды аткарып,акыретти унутпа,кызына шыфаа берсин Алла--таьаала,эки дуйнодо бактылуу болгула, Амиинь,амиинь,аамииинь!
Бул ыр ушунча жагат , укканда Нарындагы суук күндөрдү эстейм АПАМдар элесиме келет😢😢😢👍👍👍 эң мыкты мааниси менен ыр
Керемет ыр!
Балалык кезди кимдер кана эстебейт!
Бар болунуз агай!
Сонун ырлар жаралмак экен дагыда,ээх жашоо башка нукка бурарын билбейткенбизда😢,а то сонун ырлар,угуп эле отургун келет
Боорду эзип суйлойт экен. Аябай ичинде кири жок адам . 🎉🎉🎉.Журналист жигит мыкты алып барат, ийгилик
Супер соз жок сонун интервью болду
Ой азамат экенсин. Балалыгын эн сонун откон болуш керек. Мен ырды угуп ыйлап жибердим. Ооба балалыгын сагынбаган, кундо эстебеген адам жок болуш керек. Анык кыргыз жигити экен бапылдаган. Колу буту аман кишилер ушинтип эле оокатын кылыш керек. Уй булодо ынтымак болсо ушундай эле жашоо болот.
Кудайым ден соолук узун өмүр берсин үй-бүлөсүнө ырларды чыгара берин күтөбүз 🤲🏻сонун ыр баарын жагат деп ойлойм
Жамилди биз дагы ушул ырын кайра кайра ырдатчуубуз адам керчилуктуу ото ак конул пейли кенен жигит бар бол.
Эң сонун!Жамин,Чолпон эжең да Көк-Жар орто мектебинде биз менен чогуу иштеп кетти эле.Комузду да жакшы чертип, жакшы да ырдачу.Музыка мугалими болчу.Бар болгула,таланттуу бир туугандар!
Үй бүлөм үчүн деген сөзү мыкты айтылыптыр бар болунуздар бактылуу болгула
Бул ыр менен кошо чонойдум мен кээде угуп ыйлап алган учурлар болот бала кезди сагынып.Агайга ден соолук узун омур каалайм.
Мин Куштан салам байке🔥🔥🔥
Эң сонун ыр экен.Балалыкка бир барып келдик буюрса.🎉🎉🎉 АЛЛАХЫМ өзү колдосун.Ишинизге ийгилик каалайбыз.❤❤❤ Чың ден соолук, узун өмүр кажыбас кайрат.🎉🎉🎉 Амиинь, Амиинь, Амиинь!!!❤
Кандай сонун керемет ыр угуп козумо жаш алдым бар болунуз ырына жараша автор дагы сонун Адам экен дуйносу Кен жайдары ачык шайыр.
Бул чыгарма баарыбызды балалыка алып барып келет го чиркин! Мыкты чыгарма! Дагы чыгармаларды чыгарсан жакшы болот эле! Сенден мыкты чыгармаларды кутобуз! Кызына ден соолук!!!
Издеп журуп кордумго чиркин. 😢😢😢. Балалыгым, жайлоолорум, кулундарым, козуларым, ат устундо откон шамалдай жашоом. Туптунук жер астынан чыккан муздак булактан ичкен сууларым. Сепаратардан чыккан жаны каймак. Таттуу кымыз.
Байке аябай шайыр, ачык, таланттуу киши экен, ыры да соонун, уй булосу менен аман эсен, ден соолукта болушсун
Керемеи,ыйлап жибердим го.Балалыгым эн бактылуу убак эле.Мындай таланттар эстен чыкпасынчы.Бар болунунз байке ,кайнагам экенсиз кайталап кордук.
Талант десен талант ун десен ун.Ото ичи таза инсан экен Уй-булоосу менен бактылуу болсун Экрандан жаны ырларменен кутобуз❤❤❤
Мынча жакшы инсансыз.
бар болунуздар омурунуздор узуун болсун.
Кызыныздар жакшы болуп кетсин🙏
Кереметүү туулган жерим Бурана айылым❤❤❤ эң сонун балалыгым ушул айылдан өткөн👍👍👍😍
Москвадан угуп жатып, көзүмө жаш алдым😢. Ат-Башы суусун кечип, чычырканак терип жеп, мупмуздак сууга түшүп жүрчү элек... Жайында чоң атамдыкына Ак-Моюнга барчумун, баткактан торт жасап... Сонун күндөр өткөн экен. Эх...
Аксана Матисакова жөнүндө да чыгарылыш кылсаң жакшы болмок
Ден соолукта болунуз ,бар болунуз сонун чыгарма да .
Кудай тилегиңизге жеткирсин . Керемет
Ото сонун уккулуктуу ырдайт экенсиз таланттуу адам аттин Кыргызстанда белгилуу ырчылардын бири болмок экен.
Кандай Соонун чыгарма, кандай Соонун адам. Кунуго угам мекенимди сагынсам деле ушул ырды уга берем
Соонун обону создору ото туура чыккан журоктон керемет чыныгы талант браво.
Талантынызга таазим кайра чыгармачылыкка кайтса жакшы болмок кандай гана таланттуу мырза
Аман болунуз бул ырды канча ырдап журдук дагы эле ырдап калабыз
Сонун чыгарма экен..Мин Кушубузду эске салат экен.
Голос супер,бомба❤❤❤
Ушундай таланттуулар эл алдында ырдап туруш керек,талантты кор кылбай.
Аллахым шыфаасын берсин оомиин.жакшы Адам экениниз корунуп турат.
Соонун ырдайт экен озуда
2005- жылы биз 1 -курс студент болуп ушул ыр менен ооруп ,уктукго.Жолдубай агай жандуу үн менен ырдап берет болчу.
Азаматсын талантты кор кылба ырдай бер бул ыр эл оозунда калат мен да кайра кайра угуп туулган жеримди эскерди кана бала бойдон калсак
Баикем рахмат молодец таалантына таазим 100жаш чыгыныз денсоолук болунузшедевр
Бул ырды укканда козумо жаш келет атамды эстеп ыйлап алам 😢кичинекей кезиидегидей журо Берсе кана депчи 😢
Бактылуу болунуздар, соонун киши экенсиз ...😊
Ушу ырды угуп элжиреп кеттим биз кичекей кезибизде угуп журчу элек журогум болк деп кетти го🤗🤗🤗👍👍балалыгым ай кайра бир кайрылып койсо го дейсин да❤❤❤