Бисквит кантип жасалат? Классический бисквит // Бисквит для торта.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 16 ноя 2020
  • #бисквит #даамдуутамактар #классическийбисквит #кыргызчарецепттер
    Бисквит кантип жасалат?
    Салам достор! 🎂🍰🥮🧁🥧
    Даамдуу тамактар каналына кош келиңиздер! 🤗
    Бүгүнкү видеодо классикалык бисквиттин жасалышы жөнүндө болмокчу 👍👍👍
    Көп азыкты талап кылбаган, бирок кылдаттык мамилени талап кылат, видеону аягына чейин көрүп, жакса, пайдалуу болсо лайк басканды үйрөнөбүз достор😀 мен үчүн абдан маанилүү.
    Суроолор, сунуштар болсо комментарийге жазыңыздар👇
    Каналыма каттала элек болсоңуз сөзсүз катталып коюңуздар, алдыда көптөгөн пайдалуу рецепттер болот буйруса😉
    Бисквит үчүн керектүү азыктар:
    ✓ Жумуртка 5 даана
    ✓ Кумшекер 180 гр.
    ✓ Ун 180-200 гр.
    ✓ Разрыхлииель 5 гр.
    ✅ Эленген унга разрыхлительди кошуп жакшылап аралаштырабыз.
    ✅ Жумуртканы агы менен сарысына бөлүп алабыз.
    ✅ Жумуртканын агын миксердин жардамы менен бир аз көбүрүп чыкканча чалабыз, кумшекерди себелеп кошуп, миксердин ылдамдыгын бир аз көбөйтүп 5-7 мүнөт тынбастан чалабыз.
    ✅ Жумуртканын агы көбүрүп, көлөмү 2-3 эсе көбөйүп чыкканда сарысын бирден кошуп, жай ылдамдыкта жөн гана аралаштырабыз.
    ✅ Кургак азыктарды жумурткага эки болуп кошуп, силикон аралаштыргычы менен этияттык менен ылдыйдан өйдөнү көздөй аралаштырабыз.
    ✅ Шакекче форманын алдына фолга төшөп, четтерин бекитип, камырды куябыз.
    ✅ Духовканы алдын ала ыссытып 170 градуска 30-35 мүнөттөй бышырабыз.
    ✅ Алгачкы 25 мүнөт дузовканын оозун такыр ачпайбыз.
    ✅ Бышакын жыгач таякча менен текшеребиз, ортосуна сайганда кургак чыгыш керек.
    ✅ Даяр бисквитти салафанга ороп 5-6 саат муздаткычка коюп койсоңуз жакшы болот.
    Классический бисквит // Бисквит для торта
    Мой инстаграм: / daamduu.tamaktar

Комментарии • 252

  • @user-jx1jm4em5r
    @user-jx1jm4em5r 11 месяцев назад +3

    Таптаза тыкан,эже экенсиз,түшүнүктүү сүйлөп жеткиликтүү баары сонун

  • @user-fw4is8ql7y
    @user-fw4is8ql7y 2 года назад +7

    Рахмет сизге!
    Творожный пирог жасап корсетинизши, сіз жақсы жасайсыз!

  • @user-on5xd9su2g
    @user-on5xd9su2g Год назад +5

    Ассалому алейкум рецепт аябай тушунуктуу экен, жасап кордум соонун болду Алла ыраазы болсун😊

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  Год назад +1

      Абдан кубанычтамын, рахмаат сизге да бөлүшүп койгонуңуз үчүн👍🤍💐💐💐

  • @user-no9wn8sd7l
    @user-no9wn8sd7l 3 года назад +1

    Рахмат,абдан тушунуктуу рецепт,ишинизге ийгилик.

  • @user-qc9he9nl7c
    @user-qc9he9nl7c 3 года назад +1

    рахмат ишиңер ийгиликтүү болсун 👍👍👍

  • @user-kz6qp1qh8y
    @user-kz6qp1qh8y 3 года назад +1

    Колунузга береке аябай тушунуктуу кылып айтып берет экен 👍

  • @user-zf4wn6dc1w
    @user-zf4wn6dc1w 2 года назад +2

    Чоон рахмат аябай жакшы чыкты бисквит мен жасап кордум

  • @user-nm6ep5fm6s
    @user-nm6ep5fm6s 3 года назад +16

    Баарын тушунуктуу кылып,жакшы рецептер менен болушосуз.Рахмат

  • @user-gs5yn7ii4z
    @user-gs5yn7ii4z 2 года назад +1

    Азаматсыз эн сонун эртен жасап кором буйруса рахмат эжей.

  • @user-dz1zm5mr6v
    @user-dz1zm5mr6v 3 года назад

    Чоон рахмат жасап кордум жакшы болду 👍

  • @user-xm9qd3us6v
    @user-xm9qd3us6v 8 месяцев назад

    Жакшы тушундуруп айттыныз рецепт учун рахмат

  • @user-ov8hu1ng4y
    @user-ov8hu1ng4y 3 года назад

    Рахмат эжеке колуңузга береке!

  • @user-qt2us9ln4v
    @user-qt2us9ln4v 3 года назад

    Ретцеп учун рахмат ишинизге ишгилик 😘😘😘😍😍😍😊😇🤗❤❤

  • @user-so7rh8xc4b
    @user-so7rh8xc4b 5 месяцев назад

    Эн соонун . Алла ыраазы болсун

  • @user-vt6ev9ur5e
    @user-vt6ev9ur5e 3 года назад

    отто сонун тушундурдунуз аллахым сизге эки дуйно бактылуулукту насип кылсын ото сонун тушундум рахмат

  • @user-ye7ud1sj5q
    @user-ye7ud1sj5q Год назад +1

    Жудаям чиройли чиқди боризга шукур

  • @user-ss9tg4sx9n
    @user-ss9tg4sx9n 3 года назад

    Колунузга береке мага абдан жакты.

  • @user-rd3eb5jr5t
    @user-rd3eb5jr5t Год назад +1

    Чоон рахмат сонун тушундуруп бердиниз

  • @user-zi4bb6tt8h
    @user-zi4bb6tt8h 3 года назад

    Абдан жакшы тушундурот экенсиз рахмат

  • @mahabattursunbaeva5262
    @mahabattursunbaeva5262 3 года назад

    Сизге рахмааат абдан тушунуктуу,унунуз да абдан жагымдуу.

  • @mairambekkkmairambekkk4149
    @mairambekkkmairambekkk4149 3 года назад +1

    Креминда чыгарып беринизчи жаным эжооооом айабай жакты озунузда ото тушунтурот экенсиз

  • @user-zg5wd3xp7w
    @user-zg5wd3xp7w 3 года назад +1

    Колунузга береке 😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘💖💖💖💖💖💖💖💖💖💖💖💖💖💖👭👭👭👭👭👭👭 сизге аябай суктанам жана уйнузго конок болуп сизден улгу алгым келет

  • @user-jn2tm5le6q
    @user-jn2tm5le6q 3 года назад

    РАХМЕТ керемет рецепт үшін 👍🏻👍🏻🥰🥰🥰😍😍😍💚💚💚😋😋😋

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Абдан кубанычтамын, чооң рахмат сизге да 🤗😊👍🌹🌹🌹

  • @user-bo6br3ui2x
    @user-bo6br3ui2x 2 года назад

    Соонун! Тушунуктуу фудблогер! Азаматсыз!

  • @ChynarkylAbdybachaeva-vv7ni
    @ChynarkylAbdybachaeva-vv7ni 8 месяцев назад

    Ракмат сизге,эки дуйнодо бактылуу бол.
    Меники окшоп бышты озу кичине бузуп алдым ортосун палычка менен быштыбы деп сайып коргом чого тушуптур 😢😢
    Бирок биринчи кылганымда эле сонун болду ракмат🎉

  • @user-vl6lf5sh2p
    @user-vl6lf5sh2p Год назад

    Отто тушунуктуу соонун👍👍

  • @aselberdigulova5264
    @aselberdigulova5264 2 года назад

    Колунузга береке, ийгилик каалайм 💐😘

  • @user-pb5yt7xt2j
    @user-pb5yt7xt2j Год назад

    Чоон рахмат сонун чыкты👍

  • @zana8392
    @zana8392 3 года назад +5

    Чоң рахмат, жакшы түшүнүктүү жасайсыз, ийгилик, бактылуу болуңуз 🌹🌹🌹

  • @user-tw6ew2ok2g
    @user-tw6ew2ok2g 2 года назад +1

    Эн эле тушунуктуу кылып тартасыз рахмат чоон бактылуу болунуз

  • @user-mj5xv4gt9c
    @user-mj5xv4gt9c 3 года назад +1

    Азаматсыз супер🥰😍👍

  • @guljainaaidaralieva4594
    @guljainaaidaralieva4594 3 года назад +13

    Вы всегда неповторимая и не сравненнная. Вы мастер своего дела. Мы вас очень сильно любим!!!!!!!
    Спасибо вам за ту радость, которую вы дарите нам.🤪🤪🤪🤪🤪🤪⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Благодарю💐💐💐 мне очень приятно🤗 я тоже Вас очень сильно люблю, дорожу♥️👍

    • @user-km6ep6ie8u
      @user-km6ep6ie8u Год назад

      ​@@daamduu.tamaktar Менин бисквитим ишип барып чөгүп кетип атат

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  Год назад

      Саламатсызбы демек туура эмес жасап жатасыз же духовканын температурасы жогору болуп сырты тез бышып ичи бышып жетишпей жатат, жумуртканы дагы жакшылап чалыш керек эгер ручной миксер болсо 15 мүнөттөн кем эмес, аракет кыла бериңиз үйрөнгөнчө менде деле далай бисквиттер чөгүп кеткен))

    • @user-km6ep6ie8u
      @user-km6ep6ie8u Год назад

      @@daamduu.tamaktar Ошо ишиип келип эле ортосу пышпай чөгүп кетип атат

  • @Sumaya-t7o
    @Sumaya-t7o 3 года назад

    Рахмат, эже даярдап көрдүм окшошту 🌹🌹🌹 пиццанын камырын жаза кетсеңиз жакшы болот эле рахмат эже 🌸🌸🌸

  • @user-cj1sh7rq4h
    @user-cj1sh7rq4h 3 года назад +3

    Сонун болуптур 😍😍😍

  • @user-wn5yq9eb2i
    @user-wn5yq9eb2i 3 года назад +1

    Абдан тушунуктуу кылып тушундурдунуз. Сиздин рецебиниз менен жазайм,результатын жазып коем. Рахмат👍👍

  • @user-it3jb8qn9e
    @user-it3jb8qn9e 3 года назад

    Абдан соонун! Билбеген коп нерселерди билип алдым, рецепт учун чоон Рахмаат!!!

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Кубанычтамын, видеону көбүрөөк киши көрүш үчүн досторуңуз менен бөлүшүп койсоңуз абдан ыраазы болмокчумун🤗👍👍👍 чооң рахмат!

  • @user-be7tl9cu6n
    @user-be7tl9cu6n 3 года назад +8

    Спасибо большое, очень доступно объясняете, спасибо за такой труд. Еще было бы круто, если и крем покажите

  • @shadmanovaaelita3084
    @shadmanovaaelita3084 11 месяцев назад +1

    Рахмат чооң сизге,мен жасап көрдүм бир жасаганда окшошту🥰

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  11 месяцев назад

      🥳🥳👍👍👍 азаматсыз, абдан кубанычтамын🤗

  • @user-qz6qf4se8i
    @user-qz6qf4se8i 2 года назад +1

    Мен жасадым ушул рецеп менен форма менен бирдей болуп которулду сонун чыкты рахмат сизге 😘😊жакшы тушундургонунуз учун🌹🌹🌹.

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  2 года назад

      Азаматсыз👍👍👍 абдан кубанычтамын!

  • @user-kj1vf9rw5p
    @user-kj1vf9rw5p 3 года назад +2

    Рахмат
    Ишиңизге ийгилик 👍

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад +1

      Чооң рахмат, айтканыңыз келсин 🌸🌺🌸🌺🎊🌺

  • @user-dc5xs3jo5g
    @user-dc5xs3jo5g 6 месяцев назад

    Ассаляяму алайкум уа рохматуллоохи уа бароокаатух! Аллахым ыраазы болсун. Кыска жана нуска!❤

  • @user-tc4be1xc5x
    @user-tc4be1xc5x Год назад

    Рахмаат, сонун.

  • @time-9232
    @time-9232 3 года назад +1

    Сонун которулуптур. Мен ушул усул менен жасап корбоптурмун!! 👍👍👍

  • @person2081
    @person2081 3 года назад +1

    Рахмат!

  • @nurperiturgunbekova6702
    @nurperiturgunbekova6702 2 года назад

    ушул рецепт и жасап кордум сонун болду которулуп рахмат чооон эже❤👍

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  2 года назад

      Азаматсыз👍👍👍 абдан кубанычтамын🌹🌹🌹

  • @user-yh3eo6po3p
    @user-yh3eo6po3p 2 года назад +3

    Эн соонун👍баардык адамга тушунуктуу айтылган,чон рахмаат, Алла ыраазы болсун.

  • @sabirovmuhammad823
    @sabirovmuhammad823 2 года назад

    🤗🤗🤗мага жакты

  • @user-ej1hu9sd3y
    @user-ej1hu9sd3y 3 года назад +5

    Элмира азаматсыз, соз жок, ийгилик каалаймын 🌹🌹🌹🌹
    Ар дайым алга💥💥💥

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад +1

      Чооң рахмат Бегимай сизге да ийгилик каалайм 😉👍👍👍

    • @user-my7ie1rq9j
      @user-my7ie1rq9j 3 года назад

      рахмат соонун чыгыптыр

  • @user-wc7dr4jb5u
    @user-wc7dr4jb5u 3 года назад +3

    Бисквитиниз аябай сонун болуптур😍😍😍

  • @user-fj9fy3ii7w
    @user-fj9fy3ii7w 2 года назад

    Ар дайфм ютубтан коруп жасасам эч окшобойт болчу. Ушул эженин видеосунан коруп жасасам аябай сонун болуп окшоп чыкты. Элмира эженин коп тамактарын жасап аордум чынында сонун болуп чыгат. Баарын так даана тушунуктуу кылып айтат👍👍👍👍

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  2 года назад +1

      Чооң рахмат сизге да, Аллах ыраазы болсун, абдан кубанычтамын ушундай жылуу сөздөрдү окуганда 😊👍👍👍

  • @mirlanbeknurbekuulu4613
    @mirlanbeknurbekuulu4613 Год назад +1

    Рецебин жазуу түрүндө калтырынызчы
    Аябай сонун болуптур!

  • @user-bo9lg8xn1h
    @user-bo9lg8xn1h 7 месяцев назад +1

    👍👍😊

  • @rika_pastry1802
    @rika_pastry1802 3 года назад +2

    Аябай соонун ишинизге ийгилик каалайм 👍

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Чооң рахмат, сизге да ийгилик каалайм 😉👍💐💐💐

  • @user-ic8qd4el5q
    @user-ic8qd4el5q 3 года назад +1

    Рахмат

  • @user-fj9fy3ii7w
    @user-fj9fy3ii7w 3 года назад

    Мен жасап кордум айабай окшоп чыкты. Дайыма окшото албайт элем. Рахмат Алла раазы болсун. Дагыда коп керектуу видеолорду кутобуз🙏

  • @user-kw7ke2bx9r
    @user-kw7ke2bx9r 3 года назад

    Колуна береке 😚

  • @user-do4zo7es7d
    @user-do4zo7es7d 3 года назад

    Рахмат чоон

  • @user-zz7wn8yh9l
    @user-zz7wn8yh9l Год назад

    Ото соонун мана да жакты

  • @hsisjjeisjs5219
    @hsisjjeisjs5219 2 года назад

    Чон Рахмат рецепт абдан сонун,корком Жана тушунукту.
    Мен кече жасап кордум ноорузга каратта абдан сонун болду бисквитим

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  2 года назад

      Абдан кубанычтамын, азаматсыз 👍👍

  • @user-rn1rg1lw4r
    @user-rn1rg1lw4r 2 года назад

    Сонун мен жасап кордум мощный болду,😘

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  2 года назад

      Азаматсыз👍👍👍 абдан кубанычтамын!

  • @user-wx9gn4kp9r
    @user-wx9gn4kp9r Год назад

    Соонун эже

  • @user-db2zg7il7b
    @user-db2zg7il7b 2 года назад

    Ото аккуратный иштейт экенсиз !

  • @user-mg4gd1cg9l
    @user-mg4gd1cg9l 3 года назад

    Сонун

  • @user-sp6ns5rv6o
    @user-sp6ns5rv6o 3 года назад +1

    Аябай соонун болуптур 👍🏻

  • @user-xx4qy5hv6m
    @user-xx4qy5hv6m 8 месяцев назад

    Мен жасадым эле окшошту🎉

  • @user-us9le5em1l
    @user-us9le5em1l 3 года назад +4

    Кремдин дагы ретцевин дагы чыгарынызчы🙏🙏

  • @user-yh8bh6km1n
    @user-yh8bh6km1n Год назад

    Рахмат ❤

  • @user-wu4hi7fo1b
    @user-wu4hi7fo1b 3 года назад +2

    Рахмаат Мен кутуп жаткам да ушул видеону

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Абдан кубанычтамын, жасап көрүп биз менен бөлүшкөндү унутпаңыз 😉♥️♥️♥️

    • @user-wu4hi7fo1b
      @user-wu4hi7fo1b 3 года назад

      @@daamduu.tamaktar албетте

    • @user-wu4hi7fo1b
      @user-wu4hi7fo1b 3 года назад

      @@daamduu.tamaktar албетте

  • @user-sp2th7hz4b
    @user-sp2th7hz4b 3 года назад

    Абдан тушунуктуу рахмат жасап кордум абдан даамду сизге рахмат😘💖🌷🌷🌷сиздин жардамыныз менен тортторду жасап баштадым 💗💗😍

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад +1

      Азаматсыз 👍👍👍 абдан кубанычтамын сиздей көрүүчүлөрүм бар экен😊🌷🌷🌷

    • @user-sp2th7hz4b
      @user-sp2th7hz4b 3 года назад

      @@daamduu.tamaktar 😍😘

  • @user-tq5pf4ql9m
    @user-tq5pf4ql9m 2 года назад

    Соонун рецепт менин бисквит им 2 см болуп калды

  • @gulzat0149
    @gulzat0149 Год назад

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @Vlad_A065
    @Vlad_A065 Год назад

    Мен жасап кордум аябай сонун болду. Рахмат😍😍😍😍👋👍👍👍👍👍🙂🤩🤩🤩🤩🤩🥧🍫 Мен сушуну жакшы кором

    • @Vlad_A065
      @Vlad_A065 Год назад

      Мен ушуну жакшы кором

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  Год назад

      Азаматсыз, куттуктайм👍💐💐💐 Чооң рахмат сизге да!

  • @user-kq5rj8rt9z
    @user-kq5rj8rt9z 3 года назад +1

    Ассаламу алейкум менин бисквитим да тушуп кетчу 🤭Эми сиздикиндей кылып жазап кором ИншАлла 🙏

  • @aminakadyrbekkyzy4286
    @aminakadyrbekkyzy4286 2 года назад

    Молодец

  • @altynaikurmanbekova2474
    @altynaikurmanbekova2474 3 года назад

    Саламатсызбы эже рецепт сонун 🥰🥰 колунузга береке МашАллах Эми ушул бисквит тин диаметрин 26 кылыш учун канча жумуртка сахар ун керек айтып коё аласызбы

  • @user-ye7tj7wl2h
    @user-ye7tj7wl2h 3 года назад +1

    Эн сонун

  • @user-rg9mb5xu7g
    @user-rg9mb5xu7g 2 месяца назад

    Эже рахмат Элмира эже кандайсыз дайыныныз чыкпай калдыго

  • @user-fi6mb9jn5y
    @user-fi6mb9jn5y 2 года назад

    Ассалому алейкум Отто сонун бисквитти уйроттунуз кремди деле видео кылып чыгарынчы сураныч бардык тортторго кете беретурган крем мен крем жасасам жуткий болуп калат сливки менен

  • @qwertyu860
    @qwertyu860 3 года назад +1

    Сиздин рецептериниз ар дайыма ийгиликтуу болот созсуз жасайм ))

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Чооң рахмат, менин рецепттерим менен ийгиликтүү жасап жаткан сиз азаматсыз👍👍👍

  • @mederysupov1166
    @mederysupov1166 3 года назад

    👍👍👍

  • @user-dc5ul4td7n
    @user-dc5ul4td7n Год назад +1

    Колунарга береке жашоонар тоорттой ширин боло берсин

  • @user-pi6pp5sm6z
    @user-pi6pp5sm6z 3 года назад

    👍👍👍👍

  • @user-js6iz6iw2u
    @user-js6iz6iw2u 3 года назад

    👍👍

  • @Vanille0282
    @Vanille0282 3 года назад

    Аябай тушунуктуу айтып бердиниз.Рахмат.

  • @user-yw2ef7gh7l
    @user-yw2ef7gh7l 2 года назад

    Спасибо за рецепт больше спасибо

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  2 года назад

      Пожалуйста, рада помочь☺️💐

    • @user-yw2ef7gh7l
      @user-yw2ef7gh7l 2 года назад

      Эжеке крем творожный миксер менен чалып жасаса болобу

    • @user-yw2ef7gh7l
      @user-yw2ef7gh7l 2 года назад

      Сиз жасаган самсы жасап коргом аябай дамдуу тестасы сонун болду Рахмат сизге

  • @user-ri2et6ov9q
    @user-ri2et6ov9q 3 года назад +2

    жакындан бери сенин каналын менен оруп калдым Элмира балдар учун тамактарды чвгарчы сен суперсин👍😆😊

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Чооң рахмат 😀👍👍👍 макул чыгарам буйруса!

  • @sulin2853
    @sulin2853 2 года назад

    👍👌👏

  • @user-lp6gr1yw4f
    @user-lp6gr1yw4f 2 года назад

    Ассаламу алейкум разрыхлителдин ордуна сода колдонсо болобу
    Аябай тыкан жасайсыз ийгилик каалаймын

  • @gulizakurmankulova1921
    @gulizakurmankulova1921 3 года назад

    Саламатсынбы Эльмира..колуна береке... овсяные печения рецебин чыгарчы.сенинки боюнча

  • @user-vf1ih8tm1c
    @user-vf1ih8tm1c 3 года назад

    Мен азыр бисквитимди салдым кутуп жатам, даяр болгондо айтам😊

  • @user-vq5mk1gm8k
    @user-vq5mk1gm8k 2 года назад

    Эн сонун туура жасадын

  • @qwertyu860
    @qwertyu860 3 года назад

    Созсуз жасап кором))

  • @Mandarin284
    @Mandarin284 3 года назад

    👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-rt9pp5md5d
    @user-rt9pp5md5d 3 года назад +1

    ЧООН РАХМАТ 👍😘😘😘АЗАМАТСЫЗ ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК КУДАЙЫМ КОЛДОСУН АРДАЙЫМ 🙏БАКТЫЛУУУ БОЛУНУЗ 😘😘ЖАНЫ ЖАНЫ РЕТЦЕПТЕРДИ СИЗДЕН КУТУП КАЛАЙБЫЗ 🤗😉😘😘

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      ЧООҢ РАХМАТ, АЙТКАНЫҢЫЗ КЕЛСИН 🤲🌹🌹🌹🌹🌹

  • @user-we1hi1em5c
    @user-we1hi1em5c 3 года назад

    аялдын баары ушунжай болсо кана😍

  • @user-vb3vk5ic2o
    @user-vb3vk5ic2o 3 года назад +1

    Сонун 👍тараза менен форма албасам😊

    • @daamduu.tamaktar
      @daamduu.tamaktar  3 года назад

      Ооба сөзсүз алыш керек, башка да рецепттерге керек болот го.

    • @kymbatborkosheva9632
      @kymbatborkosheva9632 3 года назад

      СОНУН БИСКВИТ БОЛУПТУР

  • @user-bo6br3ui2x
    @user-bo6br3ui2x 2 года назад

    Духовка Асел деген менен да ушундай градуста асты устун жандырып жасаса да болобу?

  • @gulzatbektemirova9263
    @gulzatbektemirova9263 3 года назад

    Размааат эжее

  • @user-kz1rl7gg6g
    @user-kz1rl7gg6g 2 года назад

    Саламатсызбы 🌸 бугун жасайын дегем ЖАНЫ ЖЫЛГА . ЖАКШЫЛЕ БОЛОТ Э 1 КУНДО КРЕМИ СИНЕБИ

  • @user-kg9zc1uv2j
    @user-kg9zc1uv2j Год назад

    Саламатсызбы, менин формамдын бийиктиги 6 см экен ингредиенттерден азайтайынбы же кандай кылыш керек