Бир күнү эртең менен Чынгызхан жакын достору жана кээ бир жоокерлери менен мергенчиликке жөнөдү. Аны менен чогу чыккан жолдоштору жаа-жебелерин даярдап алышты, Чынгызхан болсо өзүнүн сүйүктүү бүркүтүн алды. Чынгызхандын бүркүтүнө эч бир күш, эч бир курал тең келе алчу эмес. Ошондуктан ал кушту хан абдан жакшы көрчү. Ошол күнү, канчалык берилүү менен аңчылык кылышпасын жолдору болгон жок. Чынгызхандын маанайы түштү. Жолдошторуна жинин чыгаргысы келбеген хан алардан артта басып айылына кийинчерээк барууну чечти. Токойдо көпкө кармалып калган хан чарчап, суусап чыкты. Ошол жылы болгон кургакчылыктын айынан көптөгөн көлчүктөр кургап калган болчу. Жакын аралыкта суу табуу мүмкүн болбой калган эле. Бирок, бир дөңчөнүн жанынан Чынгызхан суу агып жатканын байкады, абдан сүйүндү. Колундакы бүркүтүн жерге кондуруп , жанында ар дайым алып жүргөн күмүштөн болгон чынысын чыгарды. Ылдый карай агып жаткан сууга чынысын тосту, бирок суунун көлөмү аз болгондуктан көпкө күттү. Чыныны ашыра толтурду. Азыр суусаганымды кандырам деп сүйүнүп жаткан хандын танчын бүркүт бузду, хандын колундакы чыныны канаты менен бир чапты эле суунун баары төгүлүп кетти, колундакы чыны алыска учуп барып чаң болуп калды. Чынгызхан абдан катуу ачууланды. Бирок ал Бүркүтүн абдан жакшы көрчү жана да кушунун суусап жатканын түшүндү. Бүркүт да катуу сусап жатса керек, ошон үчүн канатын каккылап жиберди деп ойлоду. Жерде жаткан чынысын көтөрдү да башынан толтура баштады. Чыны жарымына эми толуп калган учурда Бүркүт дагы канатын каккылап жиберди да чыныдакы сууну төгүп салды. Чынгызхан Бүркүттүн канчалык жакшы көрбөсүн анын мындай мамилесине чыдаган жок. Бир колу менен кылычын чыгарды, экинчи колу менен чыныны сууга тосту. Суу жетиштүү толуп калганда куш дагы канаттарын каккылап сууну төгүп салды. Үчүнчүсүндө Чынгызхан Бүркүттү кылычы менен өлтүрүп салды. Ошол убакта суу токтоп акпай калды. Баары бир сууну табам деген хан суунун башын издеп жөнөдү. Дөңчөнүн башына чыкканда суу чыгып жаткан жерин тапты. Дөңчөгө чыккан хан сууда өлүп жаткан жыланды байкады. Ал жылан ошол аймакта жашаган эң уулу жыландардан болчу. Эгерде ал ошол суудан ичсе сөзсүз өлмөк экенин түшүндү. Чынгызхан айылына өлүк Бүркүтү менен барды. Желдеттерин чакырып Бүркүтүнүн алтын айкелин жасоосун талап кылды. Анан, алтын куштун оң канатына: “Сенин досуң сага жакпаган кыймылдарды жасап жатканда да, ал сенин досуң бойдон калат” Ал эми сол канатына: “Ачуулкта жасалган нерселер, жакшылыкка алып барбайт” деп жазууну талап кылды.
Сонун экен
🥰😍😍😍
Бир күнү эртең менен Чынгызхан жакын достору жана кээ бир жоокерлери менен мергенчиликке жөнөдү. Аны менен чогу чыккан жолдоштору жаа-жебелерин даярдап алышты, Чынгызхан болсо өзүнүн сүйүктүү бүркүтүн алды. Чынгызхандын бүркүтүнө эч бир күш, эч бир курал тең келе алчу эмес. Ошондуктан ал кушту хан абдан жакшы көрчү.
Ошол күнү, канчалык берилүү менен аңчылык кылышпасын жолдору болгон жок. Чынгызхандын маанайы түштү. Жолдошторуна жинин чыгаргысы келбеген хан алардан артта басып айылына кийинчерээк барууну чечти. Токойдо көпкө кармалып калган хан чарчап, суусап чыкты. Ошол жылы болгон кургакчылыктын айынан көптөгөн көлчүктөр кургап калган болчу. Жакын аралыкта суу табуу мүмкүн болбой калган эле. Бирок, бир дөңчөнүн жанынан Чынгызхан суу агып жатканын байкады, абдан сүйүндү. Колундакы бүркүтүн жерге кондуруп , жанында ар дайым алып жүргөн күмүштөн болгон чынысын чыгарды. Ылдый карай агып жаткан сууга чынысын тосту, бирок суунун көлөмү аз болгондуктан көпкө күттү. Чыныны ашыра толтурду. Азыр суусаганымды кандырам деп сүйүнүп жаткан хандын танчын бүркүт бузду, хандын колундакы чыныны канаты менен бир чапты эле суунун баары төгүлүп кетти, колундакы чыны алыска учуп барып чаң болуп калды.
Чынгызхан абдан катуу ачууланды. Бирок ал Бүркүтүн абдан жакшы көрчү жана да кушунун суусап жатканын түшүндү. Бүркүт да катуу сусап жатса керек, ошон үчүн канатын каккылап жиберди деп ойлоду. Жерде жаткан чынысын көтөрдү да башынан толтура баштады. Чыны жарымына эми толуп калган учурда Бүркүт дагы канатын каккылап жиберди да чыныдакы сууну төгүп салды.
Чынгызхан Бүркүттүн канчалык жакшы көрбөсүн анын мындай мамилесине чыдаган жок. Бир колу менен кылычын чыгарды, экинчи колу менен чыныны сууга тосту. Суу жетиштүү толуп калганда куш дагы канаттарын каккылап сууну төгүп салды. Үчүнчүсүндө Чынгызхан Бүркүттү кылычы менен өлтүрүп салды.
Ошол убакта суу токтоп акпай калды. Баары бир сууну табам деген хан суунун башын издеп жөнөдү. Дөңчөнүн башына чыкканда суу чыгып жаткан жерин тапты. Дөңчөгө чыккан хан сууда өлүп жаткан жыланды байкады. Ал жылан ошол аймакта жашаган эң уулу жыландардан болчу. Эгерде ал ошол суудан ичсе сөзсүз өлмөк экенин түшүндү.
Чынгызхан айылына өлүк Бүркүтү менен барды. Желдеттерин чакырып Бүркүтүнүн алтын айкелин жасоосун талап кылды. Анан, алтын куштун оң канатына:
“Сенин досуң сага жакпаган кыймылдарды жасап жатканда да, ал сенин досуң бойдон калат”
Ал эми сол канатына:
“Ачуулкта жасалган нерселер, жакшылыкка алып барбайт” деп жазууну талап кылды.
Көп-көп жазып тур.