Жолдошбек Мамажанов Сүрөтүңө
HTML-код
- Опубликовано: 5 сен 2024
- "Сүрөтүңө"
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, түштүң экен күлүмсүрөп.
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм, мейли өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
#музыка #автор #баткен #кадамжаймедиа
Жодошбек бизддин жаштыгыбыз унутулгус суйуулорубуз.Озуно окшоп ырдаган эч бир аткаруучуну жолуктурбадым.
Ушундай алп таланттарыбыз бааланбай калган. Аттин не деген керемет ун Асыл создор.
Эн туураа
Кечээги коргон бугун жок деп,ишенгин келбейт э,ушул таланттардын жоктугуна.Озгочо обон,керемет аткаруу,чындыгында эч ким озуно окшотуп ырдай албайт.
Эмнегедир ырдаган сайын журогун
Эзилип ыйлагын келип.жаштыктын
Бизден алыстаганын.сездирген.ыр.
Кандай гана кайталангыз.талат.
Курсташым эле Фирдаус бейиш багын насип эткен болсун жараткан!❤
Не деген талант сонун сонун ырда обонуда
Кыргыз жылдыздары, очпос ырлар, керемет ыр, эмне деген ун, соз жок...
Уккан сайын ыйлагын келет 🥺🥺🥺🥺🥺
Озуно тагдырына, байланыштуу сезилет аргинал во,
👏👏👏👏👏👏👏
Жодошб
Керемет ун керемет ыр