Жолдошбек Мамажанов "Алма гүлү" автор ырдайт
HTML-код
- Опубликовано: 3 апр 2021
- "Алма гүлү"
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Мамажановдуку
Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
Калган бейм ал гүлдөрдүн далдаасында,
Кыз жандап жүргөн кезим кечээ күнү,
Ишенбейм сен "улгайдың" десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезги махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара,
Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып,
“Дүрт” этип, махабаттан келсе мээрим,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма,
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени.
Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
Аралап, тиктеп турам алма гүлүн.
Элесиң көз алдыма келе калып,
Угулду кулагыма сенин үнүң, - Видеоклипы
Мамажановдун ырларын уксан кадимкидей эс аласын.
Ыр деген ушундай болуш керек, журоктун ыры, кайсы муун болбосун суйуп угат, , бул ыр кылым жашайт.
Нукура талант мен укканда коздорумдон жаш куюулат😢
Кайра-кайра корсом дагы тажабайм! Ушунчалык журоктон берилип ырдаганы корунуп турат.
Мен. Дагы. Бул. Ырды. Издеп. Таппай. Жургом. Рахмат. Ун. Деп. Ушуну. Айт
Сотый раз уже переслушал эту песню я хоть из молодого поколения мне весьма нравится песни в его исполнении ❤❤❤❤
Ырчы обончу Жолдошбек Мамажанов кылымда жаралган инсан, Алма гулун Бейишин берсин сизге. Оомийин. Оомийин..
Мен Алайдан болом Кадамжай районунун Уч- Коргон айылында иштегем агабыз Нива автоунаасы менен айдап жургондо ким экен дечу элем Агабыз атакттуу инсан экен кийин уксам акебиз ааламдан откон экен жайыныз жаннатан болсун Аллахым бейишин берсин МАИ же иштечу элем
Менин эн суйуп укчу ырларым Мамажановтун ырлары болчу жаткан жерижанаттан болсун
Мамажановдун ырларын уксам студеттик кундор эске тушот. Жайыныз жаннатта болсун.
Эн сонун.уккан сайын уккун келет.👍👍👍
Залкарлар . Жаткан жеринер жайлуу болсун ☝🏻
Азыр да журогумдо сыздайт жара 😭
Мына Үн , мына ыр , мына обон эээ туугандар! Не деген керемет !
журоктон ырдалган ырлар журокко жетет рахмат
Кайталангыз талан Жайыныз жанната болсун
Кайдасың айтсаң боло кызыл АЛМАммм!
🍎🍎🍎
Рахмат Түмөнбай
Канча ирээт,канча ирээт,бала кезде ушул ырды угуп маанисин тушунчу эмес элек,эми мына убагы келди
Молодец
Ушундай жандуу ун менен ырдаган ырларды уксан сонун да.Жуогуно жетет да,эс алып да каласын
Кадамжайдын залкар чыгармачыл инсаны
Кайталангыс талант. Кандай сонун залкар адамдарыбыз арабыздан кетип калышты.
Соз жок укмуш Тируу талант Кандай жагымдуу музыка Тумонбай сен дагын ушундай укмуш ырдайсын Качан концерт коесун оштобу же Ноокатка Сени сагынды Элин
Эмне деген саптар, тамшанасын! Жолдошбек аяш-атам чыныгы талант, аткаруу манерасы менен башкалардан айырмаланып турчу! Озунун стили бар болчу десем, жанылышпайм! Бала кезектен бери жандуу аткаруусун укканга мумкунчулук болгонуна абдан сыймыктанам! Баекем биздин уйдо коп болоор эле, анан аккордеонун чыгарып алып, ырдап баштаганда эле элдердин баары тынчтанып угуп, чыныгы рахат алып отургандары дагы деле эсимде! Жаны женеттен болсун, мыкты инсан эле!
Мен баткенден.жолдошбек мамажанов ото кучуу композитор обончу ырчы таланты кучтуу адам.эл эчак эле берип койгон наамды.
Жайыныз Жаната болсун Амин. Кандай сонун киши боюуна,ойу жарашкан 😭😭😭😢😢😢😢
Опей Жолдошбек Мамажанов агабыз өтүп кеттиби😮
Коп болгон@@user-ry7qy2nb7m
Азаматсын, Тумонбай, мен бул ырды коп жылдан бери издейт элем
Жаткан жери жанатта болсун уккан сайын укун келип жаш кезибиздин элеси тартылып эс алабыз .
Кандай гана сонун ыр уксан эс аласын чиркин ушул ырды аябай жакшы кором
Укмуш ун мындай ырларды канча уксан дагы тажатпайт кайра кайра уккун келет издеген ыр болчу рахмат
Кайталангыс талант, шедевр!!!
Жолдошбек Мамажановты бала кезде радиодон берсе экен деп кутуп укчубуз, жаткан жериниз жайлуу болсун, бейиштен орун берсин кудайым,оомийин
Ааааа оооооо ммммм деген жерлери оло жагат
Эх жаштык кез кандай сонун ыр журоктон чыккан
Не деген укмуш ыр,укмуш аткаруу,укмуш обончу,кайталангыс талант!
Щ
Курсташ элек Фирдаус бейиш багынан орун насип этсин.Кайталангыс талант эле.❤
Сонун ыр.
Автор,тирууду?
Эхх, не деген бийик, залкар инсан эле!
Жолдошбек Мамажанов Кайталангыс талант.
Рысбай Абдыкадыров,
Жолдошбек Мамажанов, Токон Эшпаев, Чубак Сатаев Кыргыз Элинин очпос талаттары !
Бул таланттуу инсандар дуйнодон эртераак кеткени окундурот. Аллахым жаткан жерлерин Бейиштин бир бакчасынан кылсын
Асанкалый Керимбаев
@@user-st4pt3fl7d Асанкалый Керимбаевти унутуп калыпмын кечирим сурайм?
Ак Булуттарыны кундо ырдайм жумушта
Омур чиркин отсо да,эл эмгектен эскерсин! Жараткан бейишинен берсин!
Аке аллах кунолорунузду кечирип рухунузду шат кылсын фирдаустан жай берсин аллахым
Кайталангыс таланты бар
Кадамжайдын ырчысы- обончу
Жолдош
Мамажановдун жайы жаннаттан, бейишинен берген болсун,
Оомийин!
Бул ырды уксам жаштыгымды эстейм
Кадам жай эле эмес,бутундой кыргыз элинин таланты эле,
Жайын жаннаттан берсин.
Кайталангыс талант Ушул ырлар м н чонойдук Бейиши болсун
Жолдошбек Асанкалый Рысбай агалардын ырын угуп чонойдук элек аттин ай омурлору кыска болсо ырлары азыркыга чейин унутулбай ырдалып келе жатат олбос очпос таланттар
Ообону уну создору ушунчалык соонун укулуктуу ото кучтук.
Азыркы ырчылардын ырынын бир да мааниси обону да жок уксан кайра жинин келет ыр деп ушуларды айтыш оздору обон чыгарып оздору жандуу ырдап л
Жайы жаннатан болсун мындай таланттар дагы жаралат бекен кыргызга керемет обондору жаратып кетти аллахым суроо жоопторун жеңил кылган болсун
Бир жаралган талант, Жолдошбек ака жайыныз жаннаттан акырет сапарыныз аабат болсун аамин аамин аамин
Виртуоз!!!
Рахмат,,,издеп жургон ырым,,, Аллахым ыраазы болсун 🤲
❤❤❤👍👍👍🤲🤲🤲
Мен акеми жоготуп отурам акеордеон м н ырдайт эле Алма гулун, Жолдошбек агабыз ото сонун обон ыр калтырып кетиптир, Жайы жайлуу болсун..
Жаш кезибизден угуп чонойдук.канча жолу уксан да уккун келет.
Керемет журоктун теренинен чыккан чыгарма чыныгы талант гана ушундай бейиште болсо керек алмалары гулдоп жургондо й.......
🎼🌹🌹🌹👍👍
Ушул ырды уксан Уккун келет
Мени кечиресиздер. Мындай ырды чынында суйгон киши жаратышы мумкун.
Кайсы бактылууга арналса да . Азамат
Аябай сонун ыр
Эх кайран талант😭
Кыйын киши эле мыкты ыр
Ырчылар обончулар деп эски ырчыларды айтыш керек жандуу ун менен кандай уккулуктуу угуп жадабайсын чыныгы таланттар
Мен ушул ырды ырдап чонойдум десем да болот. Азыр да ырдагым келет мектепке барып алып. Агайым аябай сонун кылып ойноп берчу аккордеонду. Не деген кайталангыс талант. Кайталангыс музыка, ун . Ушунчалык журокко жеткире ырдаган.
Аяш Ата жаткан жериниз жайлуу болсун.
Кандай манилу ыр
Чыныгы талант,кайталангыс,ушул ырлар менен чонойдук🤗
Ай чиркин Жолдошбек акам, ырларынызды уксам ыйлайм😔
Аллахым бейишинен берсин🤲
Эх чиркин студенттик кундор кандай сонун кездер эле ошол кезде Мамажанов кыргыздын Жимиси эле.
Алда бир кем дуйно экен байкуш кандай сонун талант эле атин жаш отуп кеткени Жашка жарды экенбиз да бирок ообону жашайт туболук
Залдын угуп турган мемиреген тынчтык ырдын мааниси канчалык журоктон калганы Жолдошбеке Эле артистки бербесе дагын ал элдин журогундо калат !!! Анын ырлары элдик болуп калаберет Апасс Жайнаковдун ырлары акем экообу учун данк!!!
Бул Адам Бир жаралды да Бир кетти питон башкалар окшото албайт
Атаныздын жайы жанната болсун акыретте бейиштин торуунон орун берсин аллахым
Кайталангыс талант,убагында баалашпады,кандай гана баа жеткис талант эле
Бейиши болсун,кандай сонун!
Озун жоксун ырын жашоодо , сен олгон жоксун.Аллахым чон соопторду берсин.🤲😢
Кайталагч
Эххх
Кайталангыс талант кайран 80чи жылдар
Аяш Ака, Азаматсыз, Сиздей ТАЛАН АЗ, БАРГАН ЖАЙЫНЫЗ ЖАННАТТАН БОЛСУН🤲🤲🤲
СССР убактагы бала кезимди сагынам ушул ырларды ата энебиз менен концертке барып укчук эле кандай сонун мезгил эле.
Чыныгы талант, кайталангыс инсан, эмне деген обон,эмне деген ун соз жок.Чыныгы таланттар дуйнодон эрте кеткени окундурот! Ырдын обону,созу бири-бирине шайкеш келген укмуш!Жайыныз жаннатта болсун!
Асслому алейкум
Аттин аттин омурунуз кыска экен
Кайталангыс талант
Азыр тируу болсо дагы канчалаган чыгармалары жаралмак.
Аттин арман дуйно десен.
Талантка, таазим,
Журоктон тунок тапкан,журокту кубанткан, жагымдуу канчалаган кыз жигиттин бактын ачкан,тунт журоктун сезимдерин дагы ачкан,кандай керемет ун,керемет обон биз ушул ырлар менен чонойдук десем болот,тим эле коздон жаш агат го,жаштык кезге барып келгендей эле болдум караокесин чыгаргылачы ырдап журолу.
Тажабай мин кайталап угамын,
Рахмат сизге , олбос шедевр жаратканызга.
Жадабай
Мама.........
Соз жок👏👏👏👏👏👍👍👍
Созу Ж Садыков обону Жолодошбек Мамажановтуку
Керемет ун чиркин
Индиянын. Ырларына. Окшоп. Кетет
Автор барибир автор экенда
❤
Бар болунуз жезде аман болунуз уй булоонуз менен бугун кордум сизге катталып койдум
Ушул кишилер наам албай кеткени окундурот,чындык жок экен бул жашоодо. Ушул кишинин ырларын, ырдаган келин кыздар эмгек синерген наамдарын алып жатышат.
Дурт этип дегенде, чын эле дурт этетко ❤
Кайталгыз ташант
Карап туура жазбайт белен😀
Жакшы таша..деп койбоптур😂😂
❤😂
100 Кыйын киши еле Сис колдон
Кайран кайран.
🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲😞
Созу.обону кимдики билгендер жазып койсонуздар кубапычта болом
Бул ырдын сөзү Жалил Садыковдуку, обону Жолдошбек Мамажановго таандык. Автор ырдап жатат
Ырыскелди Омар Арсен мирбекк ошолор орихгинал
Кайталангыс талант!!!!!!!! СӨЗ ЖОК.....