САБАК. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА арналат...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 мар 2024
  • САБАК
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА арналат...
    Далай ирет, күмүш аккан суу кечип,
    Алтындан таажы кийген тоого чыктым.
    Акыреттин босогосун аттарымда,
    Арт жагыма бир кылчайып карадым.
    Туулган жерден бир ууч гана топурак,
    Алаканга батырганга жарадым.
    Жакшы кыртыш топурактан жай камдап,
    Жаш калемче көчөт тиккем майрамдап.
    Сүйүү менен карап, багып өстүрдүм,
    Көчөттөрдүн боюн көккө жеткирдим.
    Көчөттөрүм көктү чийген бак болгон,
    Бой келишип күндүн бетин талашат.
    Кур намыска аза салтын кармашып,
    Көздөн чыккан чолок жашын аяшат.
    Табытымды тирмийише карашып,
    Көмүскө ойдо бийлик тагын самашат!
    Бийлик, дөөлөт, атак-даңктын тозоңу,
    Гүл бакчамды каптап, басып калыптыр.
    Көрө албастык, ач көздүктүн курту жеп,
    Тамырларын айыкпас дарт чалыптыр.

Комментарии •