Журттун наркын сактайлы | Айт Айт Десе || Аза Ишенбеков

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 окт 2024
  • Керек эмес, кээде жашоо эптеген,
    Күчтүү нерсе, болот экен эрк деген.
    Канча аракет, кылсаң дагы айтууга,
    Калкта үн бар, кыйкырса да жетпеген.
    Максатыбыз, кенен болсо оюбузда,
    Магдырап, жашылданат коомубузда.
    Марага бараткандай жүгүрөлү.
    Мекенди оңдоо, өзүбүздүн колубузда.
    Өчүрбөгүн келечеке үмүтүңдү,
    Өкүнбөгүн изилденгин күнбү-түнбү.
    Өксүүнүн кучагына оролбостон,
    Өркүндөгүн көргөзбөгүн күйүтүңдү.
    Максатсыз кете берсе кадамың,
    Магдыратпайт, эркелетпейт, заманың.
    Кадамды, ыраагырак салбасак,
    Көргөзөт бизге жашоо сараңын.
    Эл багытын оңдойлу,
    Эч кайдыгер болбойлу.
    Экиленип мен дебей,
    Элди жерди ойлойлу.
    Жашоону сүйүп барктайлы,
    Журттун наркын сактайлы.
    Жаштардын ойлоп тагдырын,
    Жерлерди бөлүп сатпайлы.
    Жалпыны оңго үндөйлү,
    Жашылданып гүлдөйлү.
    Жашоого ийиз калтырып,
    Жаштарды алга сүйрөйлү.
    Ыйыгын айтып мекендин,
    Ыр салсак комуз күүсүнө.
    Кошолу жаштар салымды,
    Кыргыздын өнүгүүсүнө.
    Ээң жаман, кайрыгерлик илдетибиз,
    Элди ойлоо, жалпыбыздын милдетибиз.
    Эбегейсиз жаркын жашоо көрүнүүдө,
    Элим ишен, ийгилике бир жетебиз.
    ____________________________________
    Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
    / temirovlive
    Биздин тик-ток - vm.tiktok.com/...
    Инстаграмыбыз - / aytaytdese

Комментарии • 83

  • @МахаМаха-к3и
    @МахаМаха-к3и 2 года назад +16

    Айланып кетейин Аза кагылайын не деген денени титиреткен алтын сөздөр.Өмүрүңө береке кагылайын.Аллахым колдоп,Жаратканым жар болсун.

  • @БактыгульАбдыбекова
    @БактыгульАбдыбекова 2 года назад +21

    Азамат чындыкты чыркырап айтыныз сизге таазим

  • @АзаматБейшеналиев-ч5ц

    Калыгул акедей созун кучтуу

  • @atyrgul3358
    @atyrgul3358 Год назад +4

    Аллахым сизге жар болсун!!!

  • @КайрыАбилова
    @КайрыАбилова 2 года назад +14

    Баар болгула Кыргызымдын кыраан жигиттери

  • @ИсрапилПарманасов
    @ИсрапилПарманасов 2 года назад +16

    Эн тууру создор

  • @БайышБ-з1к
    @БайышБ-з1к 2 года назад +18

    Алла ыразы болсун.

  • @АйшаРахманбердиева
    @АйшаРахманбердиева 2 года назад +12

    АЗАМАТСЫН, АЗА балам,коодонундо учурдагы ЭЛДИН кор жашоосуна болгон ой толгоонду,ношорлотуп тогуптурсун,Калем учуна береке.

  • @ФатимаЭргешовна-ы3б
    @ФатимаЭргешовна-ы3б 2 года назад +7

    Рахмат !

  • @КабылИсмаилов
    @КабылИсмаилов 2 года назад +24

    Азаматсын иним, жүрөккө жеткире айткан чындыгын жүрөктөрдү титиретет тымызын.👍👍👍

  • @ПаридаКожобекова
    @ПаридаКожобекова 2 года назад +12

    Аллах омур берсин уулум Аллах берген талант эн туура айтып жатат

  • @norakbar8135
    @norakbar8135 2 года назад +16

    Бактылуу бол

  • @agzammagazin2433
    @agzammagazin2433 2 года назад +4

    Аза ийгилик сага .!Айт.Айт.Десе.

  • @gulumjankimbiletova4062
    @gulumjankimbiletova4062 Год назад +3

    Эр жигит экен Байдылда Сарногоев ыр саптары курч экен,Азамат эээй дегени сонун экен

  • @РыскулОкун
    @РыскулОкун 2 года назад +5

    Эх Азамат Азамат экен чын болсунчу Ден соолугун

  • @БолотовБолот
    @БолотовБолот 2 года назад +4

    Молодец 👍👍 жигит деп ушул жигитти айт , омурун узун болсун 🤲🤲🤲🤲

  • @ЧынараБолотбекова-ч2у

    Аман бол, айланайын!
    Баары чыркыраган чындык.
    Кудай өмүр берсин!
    Жаза бер, окурмандарың көп.

  • @bekmoldobekov7090
    @bekmoldobekov7090 2 года назад +5

    Азаматсын аза, айт айт. Айта бер. Нечен сөзду кклтире бер. Унун унгө жетсин панфилов чуйго жетсин АЗА. Ийгилик

  • @ТемирбекБотобаев-м4к
    @ТемирбекБотобаев-м4к 2 года назад +7

    Азамат Аза АЛЛАХга шугур сендей жигиттерибиз бар экенин коруп мекендин келечегине жараткан РОББИБИЗ АЛЛАХТАН умутум чон

  • @azatkozubaev5938
    @azatkozubaev5938 2 года назад +2

    Азамат

  • @agzammagazin2433
    @agzammagazin2433 2 года назад +4

    Кагылайын Кыргыз жеримен.Кудай озун колдоп элинди да коргой кор.Адамдарга акыл эс бере кор.
    СОнун айтып атасынар .Аза .Болот. Азаматсынар.!

  • @beka-deka1993
    @beka-deka1993 2 года назад +10

    Баракелде Азамат талантын ташкындай берсин

  • @agzammagazin2433
    @agzammagazin2433 2 года назад +3

    Аза азаматсын иним!

  • @СейдакматУристемов-о5ц

    Бар бол Аза!

  • @bekmoldobekov7090
    @bekmoldobekov7090 2 года назад +4

    Азаматсын Аза

  • @ДастанБайкишиев-х3с
    @ДастанБайкишиев-х3с 2 года назад +16

    Кыргызымдын кымыз жыттанган арнамыстуу уул кыздарыбыз кобойо берсин, Аллахым колдосун кыргыз элибизди жерибизди.

  • @nurbek111
    @nurbek111 2 года назад +10

    Азаматсынар!

  • @ЭрланКубанычбеков-с6ц

    Кыргыз элим озубуз онолбосок олко онукпойт

  • @БолотбекЖолдошов-о8л
    @БолотбекЖолдошов-о8л 2 года назад +11

    👍👍👍👍👍👍👍

  • @АкылканЖээнтаева
    @АкылканЖээнтаева 2 года назад +15

    Балли азамат

  • @ЖыпараОморова
    @ЖыпараОморова 2 года назад +3

    Бар экенго 🤗боло турганды суйлогон👍

  • @aigulaule3705
    @aigulaule3705 2 года назад +5

    Аллах ден соолук өмүр ыйман берсин уулум Аза чыгармачылыгың өркүндөй берсин адамдарга сөзүң жетип турсун балдарын бакпай таштаганга кудайдын каары тийип турсун

  • @МаматкаримКадырбаев-о8э

    Азаматсын рахмат талантына , сен да Болот Назаровдойсун го бар бол омурун узун болсун .

  • @РозаЖолдошева-щ2ж
    @РозаЖолдошева-щ2ж 2 года назад +16

    Молодец 👍👍👍👍👍👍👍красавчик. Бар бол! Аллахым жамандан озу сактасын 🤲🤲

  • @ИсламОрмон
    @ИсламОрмон 2 года назад +7

    Бар болунуз,азаматсын.козго жаш алдым.

  • @КанайымМадымаева-з2н
    @КанайымМадымаева-з2н 2 года назад +2

    Ен соонун Бийиктерден корнсун канал

  • @НурланКамчибеков-б7э
    @НурланКамчибеков-б7э 2 года назад +3

    👏👏👏👏👏👏👏👍

  • @Hamza-Nur
    @Hamza-Nur 9 месяцев назад +1

    Маашаллах. Абдан туура

  • @ДеньиНочь-я8ж
    @ДеньиНочь-я8ж 2 года назад +22

    Аза Ишенбеков, Азаматсың, Таланттуу, боорукер, күчтүү, акылман, Кыргыз Элибиздин Жигити ар дайым аман-эсен бол.

  • @hdgyhxbydg1533
    @hdgyhxbydg1533 2 года назад +10

    Аза,сенин ыларын элге аба менен суудай керек.Карандай какшаган супсак сөздөн көрө , сенин ырларын намыска түз жетет.Ишине ийгилик,элине арнаган ыларды жарата бер.

  • @Аматкулов.Т.Ы
    @Аматкулов.Т.Ы 2 года назад +7

    Ассалому алейкум Таксыр туура айтасын бар бол

  • @sbes1318
    @sbes1318 2 года назад +2

    Акындар Аллахым ыраазы болсун сиздерден, элибиз нарктуу эле бир гана анча мынча элдер зомби, фанат, урук алгыч, манкурт болуп адам кейпинен кетип клганы эле болбосо

  • @СултанСулейман-ю1к
    @СултанСулейман-ю1к 2 года назад +3

    Молодец 👍

  • @nurizajamalbekova9906
    @nurizajamalbekova9906 2 года назад +31

    Кыргызымдын жигити, бар болунуз Аза.

  • @kebyaalat4988
    @kebyaalat4988 Год назад +1

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @miki27960
    @miki27960 2 года назад +5

    Айт Айт

  • @hurdastankubatbekov2866
    @hurdastankubatbekov2866 2 года назад +7

    ✊✊

  • @АдилетТаалайбекуулу-б2ю

    Аза этият бол доконсалардан.

  • @КамилСырдыбаев-з5з
    @КамилСырдыбаев-з5з 2 года назад +3

    АЗАМАТСЫН АЗА ЧЫНДЫК МЕНЕН КОЗГО САЙЫП ЭЛГЕ ЖЕТКИРИП КООП КООП ЧЫГЫП ТУУР

  • @УминсаТойчубаева
    @УминсаТойчубаева 2 года назад +4

    Болот артындай сендей болгон Аза деген инин бар экен,уучубуз кур эмес экен, калеминер мындан да курчусун ,силерге ден соолук каалайм.

  • @ТилекАбдымомунов
    @ТилекАбдымомунов 2 года назад +3

    Билип койгун Биз чет жерде журсок дагы, журогубуз Мекен учун каттуу урат. Жолоочунун жолдогусу кетпей калды, Канча Адам максатына жетпей калды. Кабыргабыз кайышып турса даагы, чыда эми онугууго эптей калды. Инша Аллах.

  • @ЭлизаОсмонканова
    @ЭлизаОсмонканова 2 года назад +4

    Элге ыйман берсин,эл ыймандуу болсо жакшы президент келет.Ыймандуу болуу менен башка да жакшлыктаркелет.

  • @АтабекКондубаев
    @АтабекКондубаев 2 года назад +14

    Онукпойбуз бул бийлик менен кайран Гана кыргыз Элим .Элди канча жыл кыйнайт экен мыйзамсыз бийлик

  • @umka7590
    @umka7590 2 года назад +6

    Жигитке 70 онор аздык кылат.Молодец

  • @НурсултанМедетов-л1ж
    @НурсултанМедетов-л1ж 2 года назад +3

    Жетим Тоону ачтырбайбыз.

  • @saudtuibas4593
    @saudtuibas4593 2 года назад +2

    Обонду озгорт
    Сонун создорун

  • @ЫрыскелдиКараев
    @ЫрыскелдиКараев 2 года назад +3

    Курч таасирлуу жакшы создор! Бирок э,э дебей эле айтса жакшы болмок.

  • @ГульназКоконокова
    @ГульназКоконокова 2 года назад +3

    Аттиң ай арман 🥺кыйналган эле карапайым эл.Эми баары бүтүп АКШга көз каранды боло турган болдук 😥 Кытай бүтүп 😭

  • @Nurmir-w1h
    @Nurmir-w1h 8 месяцев назад

    Баракелде.азамат.бабалардын урпагы теңирим колдосун ар дайым.

  • @НургульМаметджумаева

    Сен коргогончо, баарын талкалап, саттып жок боло турган брлду гооооо.....

  • @УлукбекКамбаров-г1у
    @УлукбекКамбаров-г1у 2 года назад +2

    Эн туру соз

  • @Бисер-ф3ц
    @Бисер-ф3ц 7 месяцев назад

    Азамат бар болсун сага окшогон кыргыздын жигиттери,баардыгы таамай айтылган создор

  • @nurnurumova1230
    @nurnurumova1230 2 года назад +2

    Жашоо бул бийликтегилер эмес жакшы жашоо бул озубуздун оюбуз созубуз да НИЕТИБИЗДИ ондойлуу сабырдуу болуп осуп онугууго Бет алалы ошондо КУДАЙЫМ башчыбызды озубузго кызмат кылчуу адамды буюрат

  • @Марьям-л8й
    @Марьям-л8й День назад

    Ушундай азаматардын убалы уктатпайтко силерди.

  • @СубанкулЫсламов
    @СубанкулЫсламов Год назад +1

    Элге жетпей калды кандай айтса да 🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️. Чындыкты айткан адамды душман корушот.

  • @АскарКыянов-я2п
    @АскарКыянов-я2п 2 года назад +2

    Биздин акындарга кошуналарыбыз да Ыразы,, урулардын бети жок Кытай карызын озулору эле толоп койсо туура болмок бирок булар адам эмес айбандар эч убакта адам болбойт

  • @АнараКожобекова-в5ю
    @АнараКожобекова-в5ю 2 года назад +1

    Кыйын болсон ! Мурункулар миллиярдап жеп, олкону кризиске, кептелткенин айт,

  • @aibek3160
    @aibek3160 2 года назад +2

    Чындык айткан адамдарды дакансалар нпошник наркаман кылып чыгат

  • @АдилетМолдоисаев-м4л
    @АдилетМолдоисаев-м4л 2 года назад +11

    Ии даканцалар бул бала да наркоман бекен байкап атасынарбы акыйкат кайсы тарапта экенин чындык ачуу болот

  • @АсанЖаанбаев-с2ъ
    @АсанЖаанбаев-с2ъ 2 года назад +2

    Бул дагы бир шоу. Сыймык дагы чон казатка аттангыла деп , Акыры эмне болду ыя ?.

    • @Токтоо
      @Токтоо Год назад +1

      Алар да бир аферистер да, элди алдап пайдаланып оздору байып четке чыга качты.

  • @samatmyrzabekov9373
    @samatmyrzabekov9373 9 месяцев назад

    Эң тура айтыңыс

  • @АнараКожобекова-в5ю
    @АнараКожобекова-в5ю 2 года назад +1

    Мурункулар миллиярдап жеп жутуп казынаны тоногондор, угуп жатат болду бекен ? 👆 Ошолордун айынан кыйын кунго туш болуп , Эми кичине ден , кудай буюрса Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, сонун иштеп жатышат баары ачык таза корсотуп. Эл душмандары Бут тозпогула !!!

    • @Токтоо
      @Токтоо Год назад +1

      Азыркылар кем калышкан жок андан ашып кетти. Элибиз айтып жатышат.

  • @aynazikkaybek600
    @aynazikkaybek600 Год назад

    Э ни кошпой айтса болбойбу.

  • @emilbekrustamov3626
    @emilbekrustamov3626 2 года назад

    Батыштын акчасын алып ушинтип олтурасынар .душанан чыккан соз эмес акча учун айтылган созда.Болот корунбойтко

    • @Токтоо
      @Токтоо Год назад +2

      Келесоо батыш эмес азыр тууганын акча бербейт токуйсун да арам.

  • @jwjxhjdjdjd2545
    @jwjxhjdjdjd2545 Год назад +2

    Журогундо ыйманы бар адамга тассир берет

  • @jwjxhjdjdjd2545
    @jwjxhjdjdjd2545 Год назад +2

    Тууган.буларга. ыр. тассир.бербейт .ток.бала м н.ач бала.ойнобойт бай. кедей. бирикбейт. .коруп жатабыз элдин.койгойун милициян. сотторун. айыл окмотун. иштегиси жок. ким.чечет. алар.мамлекетте иштеп жатат деп. текшерген.адам жок

  • @ТоктосунШайхидинов

    👍👍👍👍👍