Аза Ишенбеков - Эй уккула акчалуунун малайлары | Айт Айт Десе
HTML-код
- Опубликовано: 14 окт 2024
- Ээ мен коркпойм, байыңан да чоңуңан да,
Калчап көргүн, солунан да оңунан да.
Мен жөнүндө жаман айтпа десең эгер,
Өзүм дебей, элдик адам болгун анда.
Эй уккула акчалуунун малайлары,
Коркутушкан силердейдин далайлары.
Мен корком, жалгыз гана Жараткандан,
Жалгыз Кудай, жанымды да алаар дагы.
Жолун тостум коркту дебе унчукпасам,
А мен унутам бир күндө эле тынч уктасам.
Ээч нерсе боло электе асылдыңар,
Болбой калды тилимди курчутпасам.
Жаратканым туткула деп динди берген,
Жакырларга жардам бер деп дилди берген.
Байдын дагы кедейдин да кылгандарын,
Баарын айт деп сайраган тилди берген.
Сүйлөй берем ал тилим жоголгуча,
Жашылданып мекеним оңолгуча.
Алдым жуттум заманы болуп жатса,
Айткылачы айтпаска айла канча.
Баарын көрүп ичиме каталбаймын,
Башым катып, тынч уйкуга баталбаймын.
Башкалардай коркуп чындык айталбай,
Байкуш болуп жашынып жаталбаймын.
Айтып турсам бар чындыкты эл билсин деп,
Ар кимиси коркутушат сен кимсин деп.
Акым бар айтууга айта берем,
Акылсызга бир аз акыл кирсин деп.
Арам менен байлыкты жыялбайсың,
Акчаң менен тилимди кыялбайсың.
Башымды оңой эле кесе аласың,
А бирок тилимди тыялбайсың.
__________________________________________
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
/ temirovlive
Биздин тик-ток - / aytaytdese
Инстаграмыбыз - / aytaytdese
#айтайтдесе #темировлайв #Акын
Денем дуркуройт кыргызымдын чындык учун чырылдаган жигиттерин азамат оркунун оссун балам кыргызымды тунгуюктан сактап калаар жаштарым аман болгула
Азаматсын. Опкосун. Уз. Акмактарга. Аарынынийнесиндей. Чагып Болоттун. ЖанындабызАЛГА🇰🇬. БОЛОТТУМ. Алыстан. Сахалинден
БАР ЭКЕНСИНЕРГО АЗАМАТ КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫН ЖИГИТЕРИ АЛЛАХ СИЛЕРДЕН ЫРААЗЫ БОЛСУН СИЛЕРДИ АЛЛАХ КОЛДОСУН ИНШААЛЛАХ ТИЛДИ КИМ КЕСЕ АЛАТ БАШТЫ КЕСМЕЙИНЧЕ ТИЛ КЕСИЛБЕЙТ БАР БОЛГУЛА ИНШААЛЛАХ СИЛЕРДИН СОЗУНОРГО ДА АЛЛАХЫМА ЖЕТЕР
КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ АМАН БОЛГУЛА. СИЛЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ.
Эх кайда баратабыз ушундай чындыкты айткандарды кармап камап жатышат
БОЛОТ балам,ЧЫНДЫК ырын дарыядай шаркырап ага берсин, омуруно берекесин берсин.
Аман болгула бактылуу болгула жигиттер.Чындыкты айтып жүрө бергиле.Кудай сактасын омиин.
Ыраазыбыз силерге. Көзүбүздү ачып жатасыңар
Молодец кучтуу акын экен. Ото курч , таамай жазат экен.
Журок титиреткен саптар . молодцы ребята так держать 👍
Ак ийилет бирок сынбайт. Азаматсынар силердей билимдуу жигиттер чыгып чындыктын козун ачып корсотуп элдин козун ачып жатасынар. 😍😍😍
Азаматсыңар кыргыздын жигиттери бар болгула
Азаматсынар .!.Айткыла.айткыла.айткыла
Акындар ,азаматтар Аман болгула ,соз ээсин тапса экен
Чындыкты көрсөтүп,айтканынар үчүн ыраазычылык, сиздерге чын ден соолук ишиңиздерге ийгилик каалайм 👍👍👍👍
Балам озуно кудайымдын козу туз болсун
Аза иним азаматсын калемин курчуй берсин ийгилигин кооп болсун !!!
Мыктысынар -Кыргыздын Акындары !!!Азаматсынар - Кыргыздын Жигиттери... Силер бар - Эл бар... бизден силерге колдоо ар дайым...
Ананайыным аман бол, Аллахым бир өзү колдосун! Айттырбаса да айта бергиле,!!!!
Ой азамат Кыргыз баатыр.Баатыры бар бол.
Ачуу чындык сөздөр экен азаматсын
Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Азаматсын,акыным!!!👍🏻👍🏻👍🏻
Азаматсыңар жигиттер
Эн туура айтыныз чындыкты иним
Нак жигитсинер.
Бар болгула, рахмат 🙏
Азаматтар
Азамат, Болот Кудайдан тапсын силерди кордогон адилетсиз зулум бийлик😢. Аман болгула Кыргыздын Эр азаматтары. Айткыла, айткыла, токкуло, токкуло чындыкты чыркырата ичимдеги бугум чыгат, силердин токкон ыр саптарынар менен😢😢😢
Баш кесмей бар болсо да ,тил кесмей жок деген ата бабалар.Азаматсын Болот.Чагылган акын деп туура баа берилген экен.
Азаматсын Кыргыздын Намыстуу Жигитти.
Азамат бул бийликтен дагы элдин умуту очуп баратат
👍👍👏👏👏Азаматсыңар!
Азамат
Азаматсын 👍👏👏👏👍👍👏👍👏👍👍👏👍👍👍👏👏
Азаматсынар
👏👏👏 Кыргыз азаматы, Аза! Кыргыз азаматы, Болот! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Азаматсын!
Өмүрлүү бол!
Бетке айткандарды эң жакшы көрөм , ,Азаматсыңар алтындарым,"
Рахмат !!!Ар дайым бар болгула кыргыздын асыл акырдары !! Акыркы мезгилде лампочка менен бульбулятор кыжырымды келтирип алергия кылчу болду !!! Келечегибиз ойлонтуп турат жалпы элди!!!!
👏👏👏👏👏 соз менен айтып мыктылар! жеткире албайм коздон жаш акты😪
Акындар дем алат екен молодец Аллах сени колдосун ииним ???
Аман бол балам кудай сени колдосун
Аза Ишенбеков Болот Назаров жигитсинер денсолукта болгула Эл силер менен силер Эл менен
Керемет айттыныз !!!
Азаматсыңар алтын балдарым.
Тартынбагыла айткыла баарын.
Чындыкты силерден башка
ким айтат. Болот балам, бир кудайдан кана корколу, балам.
Калганын башыңдан өткөрүп
жатасың. Аман жүр балам !
эми айткандан майнап чыкпай турган болчу болду100%
Бурул жаныбековна, туура айттын тууган
@@ТилекТолонбаев-з6ю Эми оздорунон корсун экидос
Азаматсын! жамгырдай того бер баатыр.
👍Азаматсын!
30 жыл мурун бок жеп журдунор беле.наша чегип болотторун.бут Кыргыз элин уят кылдынар.болот негр иттен пас болдун котсун.
@@МирВсем-щ2р Сын такпа бир күнү сенин башына ошол наша келет башына, сен эмне укмуш периштесинби, духун болсо ушинтип айтып чыкда чындыкты
Азаматсын уулум!!Сыймыктанабыз ушундай пвтриот балдарыбыз менен!!!
АЗАМАТСЫҢАР 👍 АЛЛАХ РААЗЫ БОЛСУН БААРЫҢАРГА
Ак соз
Азамат жигиттер.
БОЛОТ НАЗАРОВ азаматсын, ушул темпинден кайтпа балам, орконун оссун, бар бол!
Ооба туура 👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍 🇰🇬 🇰🇬 🇰🇬 🇰🇬 🇰🇬 🇰🇬
Молодец жигит
Эн жакшы бар болгула 👍👍👍💪💪
Азаматтар!
Азаматсынар, балдарым.Силерди коруп, Элмирбек олбоптур дедим. Артынан, силердей булбулдарды, кайраттуу арстандарды тарбиялап кетиптир. Силердин айткан созунорду, угаар бекен жемкорлор жана алардын жугундукорлору. Барболгула, элибиз жана жерибиз учун курошкуло. Жаратканым колдосун.
Маладес 👍👍👍👍👍
Молодес соз жок ырында👍👍👍👍😘😘😘
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
Эркек Коркпой чындыкты айтат Эл жаштар ойгонгула Алга жаштар
Азамат, чыныгы эркек экенсиң. Бекер барбаптырмын силерди бошот деп.
👍👍👍
Азаматтар 👍
Азаматсын дагы дагы соккула баарылап жоголсун жемкорлор
Красавчик иним алга бир Аллахтан корк бул щахмар бийликтин колунан эч нерсе келбейт
Азаматсынар суйлой бергиле чындыкты ыр кылып....
Азаматсын эч токтобо
Азаматсыздар, ийгилик сиздерге. Тарыхта каласынар жакшы жагынар менен буйруса.
Кандай таланттуу адамдар бар арабызда.
Алаах ыразы болсун
Эркек, таланттуу экенсин!
👍👍👍👍👍👍
Биз колдойбуз сени
Айт айт
Аман болсонор экен . Кудайым колдой кор акындарды, чындыкты чыркырата айткан, жаш балдары.Буларды соттомо убалы кимге???????
Айланайын БОЛОТТОР ,! Алла колдосун ,Болот деген атка татыктуу уулсунар , Аккан суудай токмолугун агыла берсин токтобой .Омурунор узун , денинер сак болсун ,Туурасын айтсан тууганына жакпайсын деген кыргыз .Бул да кудайдын сыноосу Болот деген майышпас керек ,силер элдик уулдарсынар ,, Олбогон киши алтын аяктан суу ичет , Алга балам ишинди кудай ондосун ...
🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥
Айт айт десе айта бер Акйкаты айта бер Атка чапкан камчыдай Акйкат тилин чаба бер Ак жолундан кайтпаста Алга коздой барабе Ала тонун башына акйкат туусун тагабер Гок кашка судай шаркраб Гобуруб дайым ага бер Гокуроктун барына гумосуз тага бер✊👍👍👍
👍👍👍
Аза Ишенбеков онорун оркундой берсин, азаматсын
Башындагы коштолгон комуз күүсү сонун экен.
Азаматтар акындын чындыкты чырылдап айткан тилдерин кесе албайт. Аллахым колдосун!!!
Аза ийгилик каалайм иним
Болот чындыкты Гана айтып жатат чыныгы азамат
🔥🔥🔥🔥
Не деген керемет сөздөр, не деген керемет жигиттер, аман болгула АЛЛАХЫМ колдоосун!!!
Аза бар бол тууганым, сени колдойм, уй булоом менен
Азамат чындык женет АЛГА!!!🌄👏👏👏
Аллах раззы болсун чындык
Маладес болот
Жашаа Аза кыогыздын булбулу
Азаматсынар!!!,УЧ КАМАНДЫН АЙТА БЕРГИЛЕ БЫЛЫКТАРЫН.АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН АКЫНДАР.
Азаматсын! Эмне деген курч создор. Бир башка бир олум,жагалданып жугунду ичкиче, чындыкты бетке айтып,таза,адилеттуу жашап откон артык.
Баарынар тилинерден таап жатасынар. Каталыкты озунордон издегиле.
А эмне чындыкты айтпай эле, тебеленип жата бериш керекпи фанат болуп.
Колдогула Элим акынды
Токтогул акындын жолунда жургон жигиттер аман болгула
БОЛОТ,БОЛОТ АМАН БОЛГУЛА КУДАЙ КОЛДОСУН ТУУРА АЙТАСЫН БАЛАМ ОМУРУН УЗУН БОЛСУН.😭😭😭😭👏👏👏👏🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
МЕКЕНди суйгон жигиттерибиз коп болсун,мен Мекенимди суйом,бирок колуман эчтеке келбейт,башынар аман болсун балам,Мекен учун иштеп берем деген 50депутат да силерге тен келбейт.Мекенди суйуу деген ушул.
Карапайым кыргызымдын жигиттери бир болгула элинди жеринди акчалуу бай манаптардан коргогула антбесенер ар бир жонокой карапайым элди кулга айлантканы калды бул заман башынарлы которуп бир болгула энелердин жаш жубайларлын жашоосу коркунучта бооуп жатат эне карындаштардын коз жашын токтурбогуло заман оор коркунучту котур ташы койнунда душмандар баш которуп жатат
Жок дегенде созунорду кошкула
Азамат жигит!Аллахым сени колдосун!👍👍👍👏👏👏
Ассалому алейкум Соз жок керемет создор чындыкты чыркырата айттып турасын Аллахым колдосун ийгилик ото маанилуу создор чындык онорунор оссун керемет Акындар бар болгула
Маладец Аза омурлу бол Аларга жетбейтко Айткан менен
Молодец 😍
Молодец экенсиз 💪💪 тек алга 💪💪