Мухиддин Арабий ким?
HTML-код
- Опубликовано: 13 сен 2024
- Мухиддин ибнул Арабий ким? (1165-1240)
Пайгамбарыбыз САВ айтты: “Аалымдар менин мураскорум”.
Бухарий, Илм, 10; Абу Даут, Илм, 1; Тирмизий, Илм, 19; Ибн Маже, Мукаддима, 17
Бүгүн биз, дагы бир Пайгамбарыбыз САВдын мураскорлорунан болгон-аалым, улуу олуя, жазуучу, даанышман, акын Мухиддин Мухаммед бин Али бин Мухаммед бин Арабий Ат-Таий Ал-Хатамий жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Негизи эле мындай улуу аалымдар жөнүндө 5-6 мүнөттүк убакыттын ичинде айтып коюу мүмкүн эмес. Кантсе да бизден аракет, Аллахтан берекет...
Мухиддин Арабий. 1165-жылы Андалузия Ислам мамлекетинин б.а. азыркы Испаниянын түштүк чыгышындагы Мурсия жергесинде төрөлдү. Атасы Али бин Мухаммед Аббаси халифалыгынын аскер башчыларынан, ошол эле кезде атактуу аалым, даанышман Ибн Рушддун жакын досторунан эле. Апасы Нурун болсо ансарлардан болгон. Сегиз жашында үй-бүлөсү менен Андалустун борбору Ишлибия б.а. азыркы Севилия жергесине көчүштү. Ишлибия ал кездери илимдин, маданияттын борбору болуп, аябай өнүккөн шаарлардан эле. Туугандары тасаввуф жолун карманышчу. Мухиддин Арабий алгачкы илимин ушул жерден ала баштайт. Ал өтө зирек, акылдуу, көрөгөч, эс тутуму өтө күчтүү балдардан болгон. Жаш кезинде эле инзивага т.а. Аллахты зикир кылып, аз жеп, аз уктап, сыртка чыкпаган жашоо образына кирет.
Арадан бир топ убакыт өткөн соң ал Мекке, Шам, Багдан шаарларына барып, ал жерден атактуу аалымдардан илим алат. Тафсир, хадис, кыраат, фикх илимдери боюнча чоң аалым болот.
Ибн Рушд менен тааанышат. Ибн Рушд илим билим акыл менен гана алынат деген көз карашта эле. 17 жаштагы Мухиддин Арабий илим билим акыл менен эле эмес кашф менен, илхам менен да алынса боло тургандыгын айтып, ага кереметтүү түрдө далилдеп берет.
1184-85-жылдары Урайни аттуу аалым менен таанышат. Ибнул Арабий бул аалым тууралуу китебинде “Алгачкы устазым”-деп айтат. Ал көз жумганга чейин анын жанында калып андан илим алат.
1196-жылы Фаска т.а. Мароккого барды. Ал жактагылар аны сый менен, урмат менен тосуп алышты. Кийин 1198-жылы кайра Андалуска кайтты. 1199-1200 жылдары Ажылык милдетин аткаруу үчү Меккеге барды. Меккеде Ал Кассар аттуу аалым менен таанышып, андан кийин кайра кезүүгө чыкты. Бираз убакыт өткөн соң кайра Меккеге келип “Рухул Кудс”, “Тажур Расул” аттуу китептерин жазды. 1204-жылы Мадина, Мусул, Багдат жергелерине барды. Мусул жергесинде “Ат Таназулаатил Мусулиййа” аттуу китебин жазды.
Кийин Түркиянын Коня жергесине келет. Ал жерде Садреддин Конйеви менен таанышып, анын жесир апасына үйлөнөт. Садреддин Конйевинин атасы ошол эле кезде, устаты да болуп калат. Бул жерде “Рисалатул Анвар” аттуу китебин жазат. Бул мезгилдери Селжуктар мамлекети өкүм сүрүп турган. Селжук султаны 1-Изеттин Кейкавуска кат жазат. Катында мусулман жергесине бастырып кирип келген крестүүлөргө каршы жумшак мамиледе болбой, тескерисинче аларга каршы согушуу керектигин айтат.
Кийин Мысырга т.а. Египетке, Мадинага, Багдатка, Халепке (азыркы Алеппо) сапар тартат. Андан кийин Конйага, анан Шамга б.а. азыркы Дамаскка жайгашат. Ал жерде “Фусус” аттуу китебин жазат. Бул китепти түшүндө Пайгамбарыбыз САВды көрүп, Анын үммөт үчүн айткан сөздөрү аркылуу жазгандыгын айтат.
1240-жылы Дамаскта түбөлүк ааламга көчөт. Касийун тоосунун этегине көмүлөт. Убакыттын өтүшү менен мазарлар талкаланып жок болуп кетет. Анын кабыры кайсыл жерде экенин эч ким билбей калат. Ибнул Арабийдин өлөөрдөн мурда Сын Шынга келгенде Мимди табат деп айтканы бар эле. “Сын”, “Шын” жана “Мим” булар арапча тамагалар эле. Кыргызчасы “С” “Ш”га келгенде “М”ны табат деген мааниге келет. Арадан 277 жыл өтөт. 1516-жылы Осмон империясынын султаны Йавуз Султан Селим Хан Мысырга жортуулга чыгат. Жолдон Шамда токтойт. Йавуз Султан устазы Кемал Пашазаде экөө Ибнул Арабийдин китебин изилдеп атышып “Сын Шынга келгенде Мимди табат”-деген жерин окуп калышат. Бул жерде “Сын” же “с” бул- Селим т.а. Йавуз Султан Селим хан эле. “Шын” же “Ш” болсо-Шам эле. Ал эми “Мим” же “М” Мухиддин эле. Демек “Селим Шамга келгенде Мухиддиндин кабырын табат”-деген ишаарет бар эле бул жерде. Йавуз Султан издеп таба албай кыйналат. Кийин түшүнө Ибнул Арабий өзү кирип, кабырын кантип табаарын айтып берет. Натыйжада кабыр табылып, казылганда баары таң калат. Ибнул Арабийдин денеси таптаза бойдон эле. Ага күмбөз курдуруп, жанына мечит салышат. Бул зыярат жери азыркы күнгө чейин зыяратчылар үчүн ачык турат.
Ибнул Арабий келечеке тиешелүү Аллахтын уруксаты менен кээ бирки иштер тууралуу кабар берген. Мисалы анын китептеринде Осмон империясы тууралуу ошол кезде эле кабар бергендиги, атүгүл империянын атына чейин атап өткөндүгү тууралуу жазылган. Мындан сырткары дагы өтө көптөгөн сырдуу маалыматтарды Аллахтын уруксаты менен Куран аяттарына жана хадистерге таянып айтып кеткен.
Анын жүрөгү дүйнөгө байланган эмес эле. Бир күнү ага үй белек кылышат. Артынан бир кедей келип Ибнул Арабийден жардам сурайт. Ибнул Арабий эч ойлонбостон үйдү кедейге белек кылып берип, өзү кайра чатырга чыгып кетет. Бул да болсо анын улуулугунан, жан дүйнөсүнүн бай болгондугунан кабар берет.
Эй МаашаАллах! Ушундай роликтерди коп-коп кыргызча чыгара бериниздер Аллах ыраазы болсун!
Оо АЛЛАХЫМ бизди акыретте суйуктуу пайгамбарыбыз МУХАММАД саллаллахи алейхи васалламдын БЕЙИШТЕ кошунасы болушту Насип кыл оо АЛЛАХЫМ аамийииинь аамийииинь аамийииинь
Мен сүйгөн жападан жалгыз канал. Аллахым ишиниздерге береке берсин!
Назгүл Зайитова жакшы! Сиз да ыйманыбызды бекем кылсын Аллахым
Го
Телескоп деген да жакшы канал
Туран биримдигине кандай карайсыз.
Имам Сарахсий жонундо ушул сыяктуу кылып айтып бергилечи Алла раазылыгы учун
Бул программаны коргондо, кадимкидей конул сергий тушот!!! Сиздерге чон рахмат! Аябай пайдалуу нерселерди айтасыздар.
Оо АЛЛАХЫМ бизди акыретте суйуктуу пайгамбарыбыз МУХАММАД саллаллахи алейхи васалламдын шафаатында болушту Насип кыл оо АЛЛАХЫМ аамийииинь аамийииинь аамийииинь
Пайгамбарым. мураскору аалымдар,
Пайдубалы болуп диндин калдыңар.
Аалымдарды урматтайбыз албетте,
Ал биз үчүн абдан бийик баркыңар.
Айтып берип хадис, Куран аяттан,
Аалым чыксын, амиинь арбир жамаатан.
Беш убакыт бекем болуп намазга,
Бейиш менен кубандырсын жараткан.
Аминь
@@jumaliov0669 🤔🤔🤔🤔🤔🤔
Калемиңиз курчуй берсин, Аллахым өзүңүзгө айланаңызга бекем ыйман берсин.
@@КасиетШаршеналиева-к6е аамиин
Аллах ыраазы болсун, бизден дагы аалым,олуя,каарыларды чыгарсын
Мухаммад с.а.в тарыйхасына карап туздоно берсек биз туз жолдо кетип жаткандай болобуз,(бидаят) деп коёт динге жанылык киргизе албайбыз сиздерден Аллах таала ыраазы болсун омин
"Аллах"сизден ыразы болсун абдан жакшы баяндалыптыр жаны видео кутобуз!!!!
Assalomu alaykum Tugʻandar 🇺🇿🇰🇬 zoʻr tushuntirdingiz birodar Alloh rozi boʻlsin omin.
Көрбөй туруп лайк басамго чиркин )))
Туур 😓😢
Оо АЛЛАХЫМ бизди тозок отунан кор азабынан суйуктуу пайгамбарыбыз МУХАММАД саллаллахи алейхи васалламдын урматы учун сактай кор аамийииинь аамийииинь аамийииинь
Менин ысымымдай Аалым бар болгонуна Аллага шугур.
Башкаларга айтып бересизби.
Маа шаа Аллах.
Эртугрулду корсонор Ибин Арабийдин катышканын коросунор, аябай соннун сериал
Менда бир жарым жыл кордум азыр осмон кууп коруп жатам
@@muslimabdullaev5410 оа менда кутуп жатам ертен орусча переводу чыгат
Ар бир бөлүгүн бир дем менен көрөсүнго чиркин
Ким ЭРТУГРУЛ көрсө лайк ♥️
Эртугрул Бий Арабийдин дуасы менен коп ийгиликтерге жеткен экен
Аа Маашаа Аллах ушундай маалыматтарды каяктан билсе болот
@@jumakanhajieva6886 Ислам үммөтүндөгү тарыхтын агымын өзгөрткөн улуу 100 инсан) деген китепти окусаңыз мынданда пайдалуу тарыхты окуйсуз
Ооба аябай жакшы кино эртугрул экөө жолугушу толук мүмкүн ,азыр Эртугрулдун баласы Осмон империясын курган ошол жонүнүдө көрүп жатам ал дагы жакшы тарыхый кино .Бизде дагы ушинтип таарыхыбызды тааныткан кино тартышса соонун болмок азыр китеп окугандар жокко эсе кинону көргөндөр көп жок дегенде кинодон билишет эле.
@@user-ux7iq7hl3e Эртугрул Осман ,Сабжы,Күндус баардыгы жолугушат, Эртугрул картайып балдары так талашышат,анан Эртугрул мен тактыны бул балама тапшырам деп айтайын деп жатканда сөзүн бүтүрбөй өлүп калат😔 Анан баары Османды шайлашат
Ассаллому алейкум ооо менин бир тууганым дечуу эленерго?баарыбызга бутпос тугонбос ыйман берсин Аллахым
Алейкум ассалааму Оо менин бир тууганым !!!
@@user-qq4yo6lw8f Ва алейкум салям. Мусулман бир туугандар.
@@user-qq4yo6lw8f Аалейкум салам!
@@user-qq4yo6lw8f Мен бугун сиздин каналынызга жазылдым.Жакшы нерселерди кутом иншаалах.Ишинизге ийгилик каалайм.
@@user-qq4yo6lw8fАссалому алейкум Туран биримдигине кошулалы деп Мамлекетке кайрылбайсыздарбы.
Ассаламу алейкум ушундай видео роликтер көп болсо жакшы болмок сиздерден Аллах раазы болсун Бейиш Нуру
ippipippppppppppppppp
ipipuipppuppuppppppuupupipippppppupupppppipuuipiupipipuppuiiiippupuipipupipppipppupipip ho gh
Эн соонун канал мага жагат баардык видеолору
Ассалаумағалейкум Қазақстаннан сәлем сіздерге Алла разы болсын
Кыргызстандан алейкум ассалааму бир тууганым!!!
Урматту юутуп программасы сиздерден сураныч ушул каналдын подписчиктерин миллион кылып салгылачы сураныч..)
Адаш! мен да кошулам ушул созунузго🤗
Ассалому алейкум кыргызстан мусулмандык олко болсун дегендердер лайк баскыла.
Прекрасное видео байке, ДжазакаЛлаху хайран! Вы наверное меня узнали, это я ваш братишка Нурген.
Кыргызча суйлобойсунбу.
*РАХМАТ АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ КОТОРГОНДОРГО,
Мусулмандар өздүгүн жоготкон жок бирок алсыз болуп жатат. Эгер пайгамбарыбыз с.а.в болгондо мындай жетимсиреп жүрбөйт элек. Бирок пайгамбарыбыздын мураскерлери ( аалымдарыбыз) бар аалымдарыбыз дын өмүрлөрү узун жана берекелүү болсун..
Ведь не существовало никакого разумного человека как пророка Мухаммада с.а.в! Кто согласится со мной?
Мен.Кыргызча суйлобойсунбу.
Админдин голосу да , озунчо бир керемет ☝
Мааша Аллах соонун маалымат
Аллах ыраазы болсун
ОоЖаратканРоббим кечир куноолорубузду.
Сиздерге Алла раазы болсун кандай эки дуйно пайдалуу эн жакшы видео коргозостор чооон рахмааат сиздерге
Чоон рахмат,Аллахым ыраазы болсун.
Ассалому кыргызстан мусулмандык олко болсун дегендердер лайк баскыла
Кандай гана сонун ролик жасагансыздар, ушундай видеолор кадимкидей жанды азыктандырат. Аллах ыраазы болсун сиздерден.
Ооба Эртугурул серялында көргөм 😊
Єлибизде жєрибизде ,Отоо зирек ,Мухиддин Араби дей Акыл єстуу Аллахтын суйуктуу инсандары коп тоороло берсин .
Аллах аалымдардан ыраазы болсун жана бейиште сыдыктар менен чогуу болсун! Оомийн. Окунучтуу нерсе аалымдар азайып баратат, бул да кыяматтын белгиси... ыйманыбызды бекем кыл, Аллахым
Ото керемет Аллахым ыразы болсун сизден
МАШАЛЛАХ АЛЛАХ РААЗЫ БОЛСУН
Ассалям алейкум кыргыз элим
Достор канча сом каналына жазылабыз сиздерди жакшы видеолор кутот
АССАЛАМУАЛЕЙКУМ ҚЫРҒЫЗ БІР ТУҒАН. ҚЫРҒЫЗ ТІЛІНДЕГІ ВИДЕОРОЛИГІҢ БІЗГЕ ҚАЗАҚТАРҒА БАРЛЫҒЫ ДЕРЛІК ТҮСІНІКТІ АЙТЫЛДЫ. АЛЛАҺ СІЗДЕРМЕН БІЗДЕРГЕ, ЖƏНЕ ҰЛЫ МҰХИТТДИН АРАБИ СЙЯҚТЫ ИСЛАМ ҒҰЛАМАЛАРЫНА БҰЛ ДҮНЙЕ ЖӘНЕ АХИРЕТТЕДЕ ДƏРЕЖЕЛЕРІН КӨТЕРІП РАЗЫ БОЛСЫН. АМИН . АЛЛАҺУ АКБАР.
Эн мыкты канал. Ар бир видеону калтырбай коруп чыкканга аракет кылам. Дагы да коп видеолорду элге тартуулай бериниздер.
Ясинь сүрөөсү бүт ооруларга даба.
АЛЛАХым сизге ыраазы болсун канчалаган жакшы илим ала алдым менин жашоого болгон коз карашым бир аз болсо да озгоро алды 🙏🙏
7 минутага жетпеген видео болот бирок маанилуу
Ассаламуалейкум Бейиш Нуру каналынын автору сизден АЛЛАХ ыраазы болсун
Эртугрул тууралуу чыгарыныздарчы сураныч🙏🏾
Рахмат
Бейиш нурунун видеолорун ачып аягына чыга электе эле 🖒лайк басам.Алгаааа.
Аллах Ыразы болсун Сизден ушундай азыркы уммотко ата бабалары ким экенин таныштыра бериниздер ИншаАллах алардын жолдорун жолдошко Аллах бизге да насип кылсын
Алла ыраазы болсун.
Аллахым ыраазы болсун Админ
Бирок Дирилиш Эртугрул киносун башында башталганда 1200 жылдар деп башталат
Анан дагы канчалык акыйкатын биле албадым
Аллахым ыраазы болсун
Эн сонун канал экен коруп аябай таасир алдым
Элге кенири байандап жеткирип айтып берген сиздин омурунуз узун болсун Аллах эки дуйно бактылулугун насип кылсын
Альхамдулиллах Алла ыраазы болсун?
Аллах разы болсун ишининздерге ийгилик дагы кутобуз
ما شاء الله جزاكم الله خيرا يا اخي الكريم وبارك الله فيك
ОКУГАН ЭЛГЕ ЖЕТКИРГЕН БИР ТУУГАН АССАЛООМАЛЕЙКУМ
Исламга куч кубат бер АЛАА!!
Аллах сизден разы болсун
АСТАГФИРУЛЛАХ😓
خزك لله خير
Аллахым ыраазы болсун сиздерден
Менин Атым мухиддин
Бейиш нуру силен Жана телескоп каналы мыктысынар👍👍👍
Маа шаа Аллах
Мендагы көрбөй туруп басамго
Молодец уком
Аллах ыраазы болсун мен да сериалдагы билдим Ибнул Арабий жөнүндө
Эртугрул 93 жашында олгон демек жолугууга мумкунчулук бар. Ошондо 30дан 40 жаш аралыгында жолугуу мумкунчулугу бар
Да по милуют Аллах вас Ибн Арабий👍
алла разы болсын
Баарыныздарга Ассалому алейкум Мусулман бир туугандар
Бейиш Нуру МашаАллах.
Ушундай аалымдар жашап отконун билбегем СубханАллах Аллах коп коп аалымдарды берсин.
Маша Аллах 👍
Эн сонун 👍🏻👍🏻👍🏻коп нерсе билип,тушунуп калдык. Аллах ыраазы болсун,сиздерге,"Бейиш нуру " каналы.
Бейиш Нуру номер 1 Аллах ишинизге ийгилик берсин
Ишинизге ийгилик каалайм
Карасанар кандай руху таза авлиялар чыккан э. Чындыгында туздон туз тушунуу ото кыйын бизге аалымдарвыз тушундуруп бергени жетиштуу
Азыр деле бар тарикат пирлери
Аллха ыразы болсун бул инсанга
Ким Аллахка Баш ийсе5 убак Намаз окуса жана Пайгамбар С А В га Эргешсе жана анын Суннот Амалдарын коб кылып ага Салават айтса жана кимдин Ата Енеси алдан кучтон тайган учурда Кызмат кылса Ал Адам Бейишке Кубанып кирет
21кылым шайтандар гоп адамдар дунйого берип жашапкалдык ото окунучтуу
Жараисын Кыргызстандык бауырым
Аллахым сизди өзү колдосун Казакстандык баурум!!!
😢! Аллах ыраазы болсун!
Сиздерден сураныч сахабалардын омур баянын киргизиниздерчи коп коп
Ассаламу алейкум Бейиш нуру Сулейман Хилми Тунахан жонундо да малымат бериниздерчи рахмаат.
Kaparbek Abduvaliev Чыккан болчу мурдакы роликтердин арасында бар
@@nursultanzhorobaev1246 эмне деп жазып издесек чыгат
Allohu Akbar
Ибн Араби Аллахым рахматына алсын.
Ошондой Фитна болуп турган кезде элге туура жолду корсотуп. Эртугрулда аябай соонун аябай кенен суроттоогон. Эгерде жашоодо дагы ошондой киши болгон болсо ээ Аллахым биздин уругубузга дагы ушундай аалым, олуяларды насип кыл
Лайк лайк лайк
сиздерден аллохм рази болсн ушиндай алмдарибизд тарихин куброк чкаригла имам сарахси жонундада айтисангз рахмат алдиндан
Иншаллах чыгарабыз бир тууганым
Эртугурулдун бейиш Нуру чыксын дегендер лайк
Ассаламу алейкум Аллахым раазы болсун админ сиздерге жакшылыктар ыроолосун сураныч сиз менен байланышсам болобу
Жакшы канал экен ийгилик силерге
Юнус Эмре, Джаладдин руми жөнүндө да ролик чыгаргылачы сураныч.
алхамдулиллах
Маша Аллах
Субахан Аллоох
Ма шаа Аллах!
🖤🥺
Ма шаа Аллах ото сонун канал
👍
Ассалому алейкум тууганым сизден Алла раазы болсун .. ушундай видеолорду Инстаграм баракчаларына да киргизип турасызбы . Кантип тапсак болот Инстаграмдан
Класс 👍