Талха РА ким болгон?

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 окт 2024
  • Тирүү шейит-Аз.Талха.
    Касиеттүү Курандын Аалу Имран сүрөсүнүн отуз биринчи аяттында Ааламдардын Раббиси болгон Аллах ушинтип буйруйт; “Анан дагы айт: “Эгер силер Аллахты сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет!” деп айтат. Андыктан Расулуллахты ээрчүү, Анын адеп ахлагы менен ахлактануу, Анын сүннөтү менен жашоо кулчулугубуздун өзөгү болуп саналат. Бирок Пайгамбарларды күнөөсүз деп билгенибизден, бир күнөө кылганда же кемчилик кетиргенде кантип ал кемчиликти оңдоонун, тообо кылып күнөөдөн кайтуунун өрнөгүн да сахабалар чийип көрсөтөт. Тообо кылуу, адамдык кемчилигин сезүү да кулчулук жашообуздун маанилүү бөлүктөрүнөн. Бүгүн биз тообо кылуунун, кетирген кемчилигинен кайтуунун, Пайгамбар ахлагы менен ахлактануунун, Курандын айтуусу менен жигиттиктин чыныгы өрнөгүн Талха бин Убейдуллахтын дүйнөсүнөн үйрөнөбүз.

Комментарии • 153