Гүлнара Кахарова - Балама

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 фев 2021
  • Эң мыкты видео контенттер биздин каналда. Жазылып лайк басып комментарий жазыңыздар!
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 192

  • @aizharkyntoktomambetova971
    @aizharkyntoktomambetova971 2 года назад +102

    Баланы кимдер сүйбөгөн,
    Бапестеп багып күйбөгөн.
    Баласы үчүн жок чыгар,
    Башына азап үйбөгөн.
    Тумоолоп калса баласы,
    Түгөнөт экен аргасы.
    Берүүгө даяр жанын да,
    Болсо эгер анын айласы.
    Кызыгы болбос дүйнөнүн,
    Кыйналып бала бакпаса.
    Унутат кыйын күндөрүн,
    Эмгегин уулу актаса.
    Элжиреп ойлоп күнү-түн,
    Эртеңден үзбөй үмүтүн.
    Ээси болуп жашоонун,
    Эне-ата жашайт бала үчүн.
    Балдарым - менин кымбатым,
    Балдарым - менин сырдашым.
    Жаралбай калганда алар,
    Жашамак беле кур башым?
    Бала деп согот жүрөгүм,
    Бала үчүн жашап жүрөмүн.
    Бел байлап мындан ары да,
    Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
    Бассам да, турсам тилегим,
    Балдарга өмүр тилеймин.
    Баарынан күчтүү сезим бул,
    Бала сүйүү деп билемин.

    • @Elka9818
      @Elka9818 Год назад

      👍👍

    • @user-sy8qp9zq3u
      @user-sy8qp9zq3u Год назад

      Аябай сонун ыр экен

    • @user-du6nh7gn8g
      @user-du6nh7gn8g Год назад +5

      Чон Рахмат тексти жазганга.Мен ушунун текстин таппай журдум эле чон эмгек менен жазып чыгыптырсыз.аман болунуз

    • @esimkanchokoeva3582
      @esimkanchokoeva3582 Год назад

      ❤❤❤❤

    • @aikerimo.k4604
      @aikerimo.k4604 Год назад +3

      Чон рахмат текст учун😊

  • @user-jc1dr1gp2u
    @user-jc1dr1gp2u 2 года назад +64

    Бул ырдын мааниси балалуу болгондон гана түшүндүм ата энелерибиз аман болсун

  • @user-qc8lj4bv8c
    @user-qc8lj4bv8c 2 года назад +11

    Баарынан кучтуу сезим бул -
    Бала суйуу деп билемин!!!!МааШааллах!!!

  • @user-vr9ql7id6t
    @user-vr9ql7id6t 2 года назад +26

    Номер бир ыр болуптур, комментарий жазбай эле өтүп кете албадым.Абдан маанилүү ыр болуптур, сөзүнө обону дал келген,ал эми Гүлнара Кахарова эжебиз шашпай ырдап, жеткирип ырдаптыр.Рахмат сизге......

  • @user-ws9hy9mc2k
    @user-ws9hy9mc2k 3 года назад +38

    Кандай сонун аял топ келишкен бактылуу болунуз

  • @user-wc8kh6bt9q
    @user-wc8kh6bt9q 3 года назад +23

    Ортта осиё булбули азия мадонаси мен сизни ва оилангизни жуда яхши кораман оллох сизни ва оилангизни уз панхида асрасин омин

  • @sapargylmamatova4384
    @sapargylmamatova4384 Месяц назад +1

    Сонун ыр кайра кайра угам эжени да жакшы кором ырлары укуулуктуу.

  • @user-qi9wt9gg2p
    @user-qi9wt9gg2p 6 месяцев назад +4

    Эне болгондон кийин угуп жатам, ото соонун, маанисин терен! Ыраазычылык! Балдарыбыз аман болсун❤

  • @mna22mn
    @mna22mn 9 месяцев назад +5

    Журоктон чыккан ыр ,журоко жетет.❤

  • @user-rb1np1ww2j
    @user-rb1np1ww2j 3 года назад +21

    Мен Кахарованын ырларын суйуп угам!!!
    Унуно береке уй булоон менен бар бол!!

    • @user-lr9tt7fh7i
      @user-lr9tt7fh7i 2 года назад +1

      Кахарова элдин суйуктуу ырчысы деп билемин ырларын мен аябай кызыгуу менен угамын.менин суйуктуу ырчым.уй булоон менен бактылуу бол!!!

  • @user-eo8yb7fr5x
    @user-eo8yb7fr5x 3 года назад +11

    суктанам сиздей аялга коз тийбесин

  • @maratkgmakg6857
    @maratkgmakg6857 2 года назад +10

    Сонун ырдаган .эже омурунуз узун болсун.дизлайк баскандар озунор ырдай аласынарбы

  • @user-ml2vm8ij4b
    @user-ml2vm8ij4b 2 года назад +17

    Чыныгы талантту ырчы 👍👍👍👍👍👍

  • @user-hr9zb2gk2m
    @user-hr9zb2gk2m 4 месяца назад +4

    Балдырым аман болсун❤

  • @user-vy2oi2rv4s
    @user-vy2oi2rv4s 2 года назад +30

    Гульнара ажарлуу ,сулуу айымсын ырларын аябай уккулуктуу көз тийбесин , дайыма ден соолугун чың болсун .

  • @user-gu5pm6fj1d
    @user-gu5pm6fj1d 2 года назад +35

    Балдарыбыз бар болсун бактылуу омур сурушсун аларды коруп биз да кубат байлап жашап келебиз

  • @user-jn5ie1br7n
    @user-jn5ie1br7n Месяц назад

    Гульнара Каххарова сизге тазим балама деген ырынз манилуу суйуп угабыз .Балдарывыз Аман болсун .

  • @chika436
    @chika436 2 года назад +7

    Гулнара эже ушул ыр учун сизге таазим !!!Унунузго береке берсин кудайым ...Бактылуу болунуз эже .Биз сизди аябай жакшы коробуз...😍😍😍😘😘😘💋💋💋

  • @user-gu5pm6fj1d
    @user-gu5pm6fj1d 2 года назад +17

    Уну да формасы да озуно топ келген ажарлуу айым бар болунуз

  • @user-rr8zc6qk9k
    @user-rr8zc6qk9k 21 день назад

    Гулнара эже талантынызга таазим баар болунуз ден соолукда болунуз эжеке ырга сооз жок❤.

  • @user-nm3ei9zk3z
    @user-nm3ei9zk3z 25 дней назад

    Гулнара ото соонун Керемет айым .Ырлары соонун .

  • @user-pe2wt1lu8s
    @user-pe2wt1lu8s 2 года назад +40

    Солнышко! Я всегда любила и уважала эту певицу. Оставайтесь такой прекрасной всегда!

  • @samarailyazova2959
    @samarailyazova2959 2 года назад +57

    Эхх кандай сонун ыр! Журокко жеткен, мааниси терээн ыр экен! Ар дайым бар болунуз Гулнара эже!

    • @zabyd13
      @zabyd13 2 года назад +3

      Ээ

    • @user-ib5xf2em2w
      @user-ib5xf2em2w Год назад

      Кундуз таштаналийева овтору бкл ырды аткаруучусу соонун

    • @user-qm2jb9zj3n
      @user-qm2jb9zj3n Год назад

      Керемет чыгарма текстин жазган кишиге да ошондой эле аткарган ырчыга да ийгилик.

  • @user-ef6fj3cg5x
    @user-ef6fj3cg5x 2 года назад +12

    Ото суйом Гульнара Эжени талантын и ырын

    • @user-ee2zr9gu9s
      @user-ee2zr9gu9s 2 года назад

      Ким суйбойт менда суйом

  • @user-ds2et2pv3x
    @user-ds2et2pv3x 2 года назад +25

    Аллахым балдарыбызга неберелерибизге Узун омур ден-соолук ыйман ынтымак Насип Этсин🤲🤲🤲😘😘😘😘😘💞💞💞💞Кахарова Гулнара айымга тазиим🌹🌹🌹🌹🌹😘💞

  • @user-ft1vm7rt8b
    @user-ft1vm7rt8b Год назад +3

    Ушул ырды угуп журуп балалуу болдум.💞

  • @user-ql9pp1ou7j
    @user-ql9pp1ou7j 2 года назад +7

    Эн сонун ыр балага арналган

  • @Baktiar98
    @Baktiar98 2 года назад +6

    Бала ортодогу шам чырак балдарыбыз ыймандуу чонойсун ылайым

  • @user-ci7rt8wp5t
    @user-ci7rt8wp5t 2 года назад +9

    Суйөмда Кахарованын ырдаганын
    Браво

  • @user-bp8jf3rs8o
    @user-bp8jf3rs8o 3 года назад +7

    Гульнара эже омурлуу эки дуйно бактылуу болунуз!!!

  • @user-hy4pi5zb9u
    @user-hy4pi5zb9u 3 года назад +9

    Жеткиликтуу ырдайтко. Молодец👍

  • @F.y.tb.o.l.
    @F.y.tb.o.l. 2 года назад +8

    Гульнара эжэ сонун!

  • @ainazukadbykabyrova8968
    @ainazukadbykabyrova8968 6 месяцев назад +1

    Ырчы кыздардын баары ушул эжедей болгондо❤❤❤

  • @kairunisasamshieva8540
    @kairunisasamshieva8540 2 года назад +5

    Бар болун ушул ырынызды жакшы кором

  • @user-yb7cb2dh7p
    @user-yb7cb2dh7p 2 года назад +4

    Баарлык ..ырчылар сороилор... Ичинен Гульнара аябаи озун жакшы алып балалуу болуп балдарын суироп.кээ биролорго окшоп корсотуп ал эле бул эле бул балам баланчадан туудум эле деп баркын кетирип суилогон жок.Озу да жакшынакаи болуп озун жашына ылаиык болуп келе жатат.Акылдуу таланттуу аял зат ушуну аитыш керек.Балдарын озуно татыктуу бактылуу болушсун.Озун ошолордун ырахатын коруп.озун ырдагандаи балдар деп келе жатасын омурун баисалдуу. Келечекте бактылуу карылыкты берсин.Ырынды таштаба сен ырдаганда Бут энелер ырдагандаи сезилет,
    💝🌹🥀

  • @ukuevaukueva3456
    @ukuevaukueva3456 3 года назад +8

    Эн жогоркуу денгелде ырдап атасын соонун ырдайсын!!!👍👍👍

  • @user-en3cs8vu4i
    @user-en3cs8vu4i 3 года назад +31

    Берууго даяр жанында болсо эгер анын айласы деген жери жакты!

  • @user-oq8fk1oi7q
    @user-oq8fk1oi7q 2 года назад +1

    Мынча сонун укан сайн укун келет Гулнаранын ырларын мага бардык ырлары жагат коп жашан

  • @sapargylmamatova4384
    @sapargylmamatova4384 Месяц назад

    Сонун ыр кайра кайра угам эжени да жакшы кором ырлары укуулуктуу

  • @user-iw7uk2ce3m
    @user-iw7uk2ce3m 2 года назад +49

    Кандай кана суктанарлуу аялсыз Гулнара эже. Эркек эмес аял суктанат сизге. Мага бир мумкунчулук берилсе , аябай суйлошмокмун, тамшана коздорун карап карап койуп.

  • @user-cx5ev8kv6k
    @user-cx5ev8kv6k 5 месяцев назад

    Молодец 🎉🎉🎉 ар бир кадамынды ийгилик коштосун 🤲

  • @user-ce9ej2bj4l
    @user-ce9ej2bj4l 3 года назад +8

    Соонун ырдайсыз да🥰🥰🥰😘😘😘

  • @user-nc9uh7cq4n
    @user-nc9uh7cq4n 7 месяцев назад

    ЖАКШЫ ЫРДАЙТ Омурлу Болсун Денсолук ЖАКШЫЛЫК Байлык Болсун ❤❤❤❤😊

  • @nargizaabdumalikova4286
    @nargizaabdumalikova4286 2 года назад +1

    Менин эн жакшы коргон ырларымдын бири ушул ыр,сонун ырдагансыз Гулнара эже

  • @user-el9kd7ug7z
    @user-el9kd7ug7z 7 месяцев назад

    Кудайым буюрса уулум уйлонсо ушу ырды ырдап уул келинимди ортого бийге чыгарсам деп озумо соз берип койдум !!!!❤❤❤

  • @aiperiturgunbekova4553
    @aiperiturgunbekova4553 2 года назад +6

    Ушул ыр аябай жакчу,кызым торолгондо дайыма уктатарда ушул ырды ырдап уктатып журуп,жаттап алдым😊Маанисинде соз жок!

    • @user-fw3en9kl6l
      @user-fw3en9kl6l 2 года назад

      Кудайым Ден соолук омур берсин ийгилик каалайм мен сиздин жакшы кором

  • @user-fm1sx6yp7g
    @user-fm1sx6yp7g Год назад +1

    Гульнара баардык жагынан топ келишкен жакшы адамсын, коз тийбесин.
    Кыргызда сендей кыздар коп болсун🙏

  • @shairbekdosbaev2223
    @shairbekdosbaev2223 7 месяцев назад

    Ото маанилуу ыр чыныгы талант, талантынызга таазим рахмат эже сизге, дайыма ден соолукта болунуз.

  • @user-xt7rl5iw1c
    @user-xt7rl5iw1c Год назад +1

    Гульнара эже Кооп жашаныз ырларыныз сонун Базар Коргондон чыкан суулу эжем

  • @user-os3uw7qj7j
    @user-os3uw7qj7j 2 месяца назад

    Керемет ыр❤

  • @suyushbekmamatov8707
    @suyushbekmamatov8707 10 месяцев назад

    Сонун тойго.современный.тойлор көп болсун.менин балдарымдын тою дагы ушундай болсун

  • @user-wn7wt8wd7n
    @user-wn7wt8wd7n 6 месяцев назад

    Эже сизди корбосом ,талгак ,утууптон ,унунузду угам ,кандай жакшы,эже

  • @user-tj3ij3kt2g
    @user-tj3ij3kt2g 9 месяцев назад

    Четко ясно журоко жеткирип ырдапсын ГУЛНАРА бар бол

  • @user-nm3ei9zk3z
    @user-nm3ei9zk3z 25 дней назад

    Балдарыбыз аман болсун балдарым учун жашаймын

  • @user-wn7wt8wd7n
    @user-wn7wt8wd7n 6 месяцев назад

    Я не имею сказат на, тем боле. Эжешкам ,Ден соолук семянызга баардык жакшылык

  • @sharipaasanovasharipaasano6148
    @sharipaasanovasharipaasano6148 7 месяцев назад

    Гулнара онорун оркундой берсин омурун узун болсун азаматсын коп жаша

  • @mahabatkattoobekova8636
    @mahabatkattoobekova8636 2 года назад +3

    Соонун чыгарма, суйом го Гулнара эже бар болунуз.

  • @SaliyaBoronova-jn5es
    @SaliyaBoronova-jn5es 8 месяцев назад

    Гульнара сен аябай сулуу бактылуу айымсын омурлуу бол

  • @gggggggjghghghghghgjgjgvgj1961
    @gggggggjghghghghghgjgjgvgj1961 2 года назад +2

    Гулнара эже унунуз тунук ырыныз да жакшы уккулуктту бар болунуз ишинизге ийгилик

  • @user-cx1ek5fx8o
    @user-cx1ek5fx8o 2 года назад +1

    Абдан мааниси терен сонун ыр, онорун оркундой берсин.

  • @user-gu5pm6fj1d
    @user-gu5pm6fj1d 2 года назад +5

    Ырларыныз абдан жагат кайта кайта уга берем тажабай

  • @user-uc8ju7ki8d
    @user-uc8ju7ki8d 9 месяцев назад

    Азамат эжеге иштерине ийгилик уккан сайын уккун келген ыр❤

  • @user-uo5on2rk1l
    @user-uo5on2rk1l 10 месяцев назад

    Гүлнара үнү сонун баатыр эне жаша колдойм үнүндөн

  • @ernistasanuulu5276
    @ernistasanuulu5276 2 месяца назад

    Гульнара кандай сулуу айымсыз ар бир аткарган ырларын тажабац уга бергим келет мык ты апасын онорун оркундой берсин узун омур бактылуу болгула балдарын уйбулон менен 😢😢😢❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-gi5bf5mo8t
    @user-gi5bf5mo8t Год назад +1

    Эжее омурлууу болунуз сиздей энелер кооп болсун.ушууунча жагымдуу унунунуз.сиздей эээч бир адам ырдай албайт ушул ырды.соонун эже.бар болунуз

  • @user-yi1wy2hm3i
    @user-yi1wy2hm3i 2 года назад +22

    Шикарный голос ваш. Спасибо вам. Хорошего вам творчества

  • @user-ve5mb9tk1s
    @user-ve5mb9tk1s 11 месяцев назад

    Балам 5 жашта буйруса суннот той Уул той болсо Гулнара эжэмди кайдан тапсак болот. Менин кичинемден кумир эжэкем. ❤

  • @user-it4jw9ey5j
    @user-it4jw9ey5j 7 месяцев назад

    Журоктон чыкан ыр унунузго береке берсин

  • @user-ru9xd5xg2x
    @user-ru9xd5xg2x 14 дней назад

    Аябай сонун ыр

  • @user-ue2ib3ws4v
    @user-ue2ib3ws4v 2 месяца назад

    Эх кандай сооонун ыр балдар учун эмнелерди кылышпайт ээ😂😢😮🎉😅😊😘👏😄😁😆😅😭😉😗😙😚😘😍🤩😊☺️😌😏😴🤤😋🤔😜😜🤪😔🤐🤔🤫🤭🤗🧐🤕

    • @user-ue2ib3ws4v
      @user-ue2ib3ws4v 29 дней назад

      ❤😅эч кимге ишенбегиле бердинерби байлап озунорго бекем болгула депсиз кыргызымдын иш жагынан Айша энем деп эсептейм 😂✊🤗👍🥀

  • @anjelichka-klubnichka1
    @anjelichka-klubnichka1 Год назад

    Гульнара Кахарова менин тейнемдин Кошунасы😊😊😊😊😊😊

  • @user-rp6fe9fb2g
    @user-rp6fe9fb2g 11 месяцев назад

    Ото сонун маанилуу ыр 😊

  • @user-ly5dj9gv1g
    @user-ly5dj9gv1g 3 месяца назад

    Унузго береке❤❤

  • @user-in3ru9cz8o
    @user-in3ru9cz8o 3 года назад +5

    Ото сонун ырдайсыз, ырларынызды уккан сайын уккун келет, талантыныз оркундой берсин.

  • @user-hf8hm3hq9g
    @user-hf8hm3hq9g 8 месяцев назад

    Азаматсыз!

  • @user-rt7lf9bg1p
    @user-rt7lf9bg1p 5 месяцев назад

    Мен сыйлаган жакшы коргон ырчы айым💋🥰Уй булолук бакыт чвгармачылык ийгилик Тойлорубуз сиз мн кызыктуу шандуу.👍🥰💋💋🙋

  • @user-tc2lg7ft6h
    @user-tc2lg7ft6h 7 месяцев назад

    Кандай сонун ыр маанисин тушунгон адамдарга рахмат эже ушунчалык ыйлап алдым угуп жатып ата энелерибиз бар болсун омурлору озун болсун ар бир ата эне чонойткон бала чакасынын сый урматын корушсун ылайым)))

  • @dinaradevanaeva6205
    @dinaradevanaeva6205 3 года назад +7

    Сонун

  • @user-rd1fb1kh8n
    @user-rd1fb1kh8n 2 года назад +3

    Гулнара сизди аябай сыйлайбыз унунузго береке

  • @begimayorozbaeva844
    @begimayorozbaeva844 Год назад

    Унутат кыйын кундорун эмгегин уулу актаса... Жакшы балдардан болуп чонойсун балдарым силерди сагындым❤️❤️❤️козуларым

  • @maxabatboronbaeva2616
    @maxabatboronbaeva2616 2 года назад +2

    Мейил Боронбаева жазган ыр. Биздин чон апабыз.

  • @user-so4wv3cc9q
    @user-so4wv3cc9q 2 года назад

    👍👍👍унунузго береке ден соолукта болунуз эжеке

  • @user-rb1np1ww2j
    @user-rb1np1ww2j 3 года назад +5

    Айрыкча ушул ырын

  • @asddrrtggfdrty733
    @asddrrtggfdrty733 Год назад

    эжеке талантынызга унунузго сулуулугунузга таазим.

  • @user-zt1gw8rp4l
    @user-zt1gw8rp4l Год назад

    Сонун ыр эжеке .

  • @nonamenoname523
    @nonamenoname523 3 года назад +5

    Балдар пешенебизге бар болсун

    • @arzynisaelchieva3930
      @arzynisaelchieva3930 2 года назад

      Кандай сонун ыр.Мыкты чеберчилик менен ырдаган.

  • @user-ed4fi6od7t
    @user-ed4fi6od7t 2 года назад +2

    Эн сонун ыр

  • @user-eq2vq9vq6e
    @user-eq2vq9vq6e 2 года назад +10

    Можно текст этой песни.Класно поет

  • @rasul1046
    @rasul1046 Год назад

    Ээх журогум эзилибип атат угуп алып жакында кетем Москвага балдарымды таштап😫😭😢жан балдарым байлыгым жашоого умут берген балдарым

  • @user-kq4me4tu1v
    @user-kq4me4tu1v 2 года назад +5

    Балдарыбыз аман болушсун ар дайвм бар болушсун!

  • @user-zf4kt4bq5p
    @user-zf4kt4bq5p Год назад

    Мен үчүн ырдагандайсызгоо менин 4 балам бар 2су ооруп чоңойду Кыйналган кундорум эсимен чыгатыр актаса Оомурун тилеймин Баарынан күчтүү бала сүйүүсү.

  • @user-bd5zw6wd4r
    @user-bd5zw6wd4r Год назад

    Сулуулуктун баарын козуно берген экен Кудайым

  • @user-gc4ut3en9n
    @user-gc4ut3en9n 6 месяцев назад

    Ата эненин кадырын биле турган ыр

  • @user-sm6dw5wi4f
    @user-sm6dw5wi4f Год назад +1

    Созу Меейил Боронбаеваныкы, Обону Кундуз Таштаналиеваныкы .Аткаруучу Гулнара Кахарова жеткире ырдаган.

  • @jdjdhhdjdjdj9717
    @jdjdhhdjdjdj9717 2 года назад

    Азаматсыз Эже унунузго береке,

  • @user-wn7wt8wd7n
    @user-wn7wt8wd7n 6 месяцев назад

    Эжеке сизди,Токтобубу эжение угам угам сыйлап урматап

  • @user-py7lr8xv2t
    @user-py7lr8xv2t 3 года назад +5

    Браво

  • @user-xd1ep2ew9b
    @user-xd1ep2ew9b 2 года назад

    Кандай соонун ыр.

  • @user-nd5vz3jw9m
    @user-nd5vz3jw9m 4 месяца назад

    Балдарындын сый урматтын келиндин кызматын когуло кошок кошконун менен,

  • @user-je5mn3hj7r
    @user-je5mn3hj7r 2 года назад

    Гулнара эже унунузго береке,бактылуу болун,балдарыбыз бактылуу болсун