Нурайым Акылбекова - АПА (Премьера клипа 2024)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 30 янв 2025

Комментарии • 6 тыс.

  • @МырзайымНурбековна
    @МырзайымНурбековна Год назад +8564

    Ушул комментарийге лайк баскан адамдын ата энесинин өмүрү узун болсун 🙏❤🤲

  • @СофияАбдыназарова
    @СофияАбдыназарова Год назад +493

    Элим, кичинекей таланттуу кызыбыз Нурайымды барктап, сыйлап алалы.
    Ийгиликтерге оной келген жок...
    Аллах эки дуйнонун бактылуулугун берсин!

    • @АйкоТабалдиева
      @АйкоТабалдиева Год назад +14

      Ошода, сойруйуп кайра жаман комментарий жазбай,интересно эмнеге 23-жылдын аягында бир дагы ырчылардын арасынан чыкпадыго,сыйлык албадыго,чакырбай коюштубу эмне?

    • @ГулмираМизамова-ы7н
      @ГулмираМизамова-ы7н Год назад +12

      Туура, ар кимге салыштырбай баалаш керек

    • @NurelManasov-d2f
      @NurelManasov-d2f Год назад +6

      Сен баалай берда, баалагын келсе

    • @buasiaabdugaparova6496
      @buasiaabdugaparova6496 Год назад +4

      Ото кызыл бат онот дегендей болду, тейтендеп журуп кадырын жоготту.

    • @ЖаннаБайменова-з5г
      @ЖаннаБайменова-з5г Год назад +1

      Бұл Қазақ әні. 🇰🇿❤🌹Қазақ әндері керемет. Бұл әннің авторы Гаухар Әлімбекованың Перзент сыры деген әні. Сөзі Әбдіғаппар Серікбаев.
      ruclips.net/video/ZYmeceQCzlA/видео.htmlsi=XFtgVq9fbKU-IzCz
      Және ruclips.net/video/BiVHotPhHjk/видео.htmlsi=iYai35RwYowZ7TcP

  • @damira.0589
    @damira.0589 Год назад +108

    Аябай журоко жете турган ыр клип болуптур 90%аялдардын башынан откон болсо бул кундор азаматсын Нурайым

  • @Sport_uz-l5s
    @Sport_uz-l5s 8 месяцев назад +120

    Еркак булиб йигламагандим лекин бу кушикни ештиб кузимдан йошлар тухтамай окди. Рахмат киргиз синглим ижодларизга омад

    • @ZarinaErkeeva-u2k
      @ZarinaErkeeva-u2k 27 дней назад +1

      Ушул килип эн жакшы нурайым апчеда ушундай килиптерди чыгара берсин дагы бир ыйлайлы 😖😖😖

  • @АйдынДосатова-ц7я
    @АйдынДосатова-ц7я Год назад +73

    😢😢 мен ыйлдадым 😢биринчи Москвага келгенимде балдарым сагынып кыйналып жүргөн күндөр эске келди ❤...ар бир бала ата энеси менен чогуу болсун...ар дайым ❤

    • @galaabakirova
      @galaabakirova Год назад +2

      Барыбыз эстедик менин балам келди жаныма❤❤❤❤

    • @nazikmuratova6399
      @nazikmuratova6399 Год назад

      Дал ушул клиптегидей болгон канча балдар балдарын сагынып иштеп журушот. Бир убакта мен да ушундай уштечуумун азыр кудайга шугур онлайн иштеп жакшы кирешеге чыгып. Мигрант жашоону токтоттум.

    • @galaabakirova
      @galaabakirova Год назад

      @@nazikmuratova6399 мага уйротчу айтчы эмне жумуш онлайн менда иштейин

  • @КаникейТуташова-р4х

    Ыйладык го,Назира эже аябай сонун жеткиликтуу аткарган,Ата-энелерибиздин омуру узун болсун!

  • @JanylAitalieva
    @JanylAitalieva Год назад +22

    Нурайка абдан сонун чыгыптыр клип,молодец аткаргандарга да Назира чыныгы актриса жакшы ойноптур ийгилик коштосун, дагы да клиптерди тарта бергиле, алга,алга

  • @ЖубанышЕрмуратов-о5д
    @ЖубанышЕрмуратов-о5д 2 месяца назад +22

    Карындасымыз жарайсын қазақ ағаларын әр қашан қолдайды. Қазақ -қырғыз бір туған

  • @МирайКаныбекова-ф9ч
    @МирайКаныбекова-ф9ч Год назад +2085

    Бул клипти көрүп алып ыйлагандар биргебиз
    Ата-энелерибиз аман болсун Аллахым 🥺🤲👍👍👍

    • @Talant_9
      @Talant_9 Год назад +26

      Балдарымды ушинтип таштап келдим 4 болоюн деп калды😢

    • @Talant_9
      @Talant_9 Год назад +41

      Суйлошкон сайын байкуш 4 жашар балам атаа келбединизго деп журогумду эзет эркек башым менен ыйлап алам😢

    • @Zarina.
      @Zarina. Год назад +10

      😭😭😭

    • @АймээримБактыбековна
      @АймээримБактыбековна Год назад +3

      @@Talant_9 цй

    • @МирбекАбдугапаров-ы7ш
      @МирбекАбдугапаров-ы7ш Год назад +6

      Омийн омийн омийн

  • @БурулжанМавлянкулова

    Мен Нурайдын кичинесиндегини аткарган кыздын чон энеси болом аты Айжаз неберемин омуру узун болсун экобу тен бактылуу болсун

    • @uulkanmamarasulovna
      @uulkanmamarasulovna Год назад +10

      Неберениздин омуру узун болсун.

    • @СуйумканМатиева
      @СуйумканМатиева Год назад +10

      Неберениз бактылуу, билимдуу кыз болсун. Сонун аткарыптыр

    • @Nurbady
      @Nurbady Год назад +9

      Айжаз аябай соонун аткарыптыр,бактылуу болсун!

    • @Luchshyi888
      @Luchshyi888 Год назад +1

      ❤❤❤

    • @Luchshyi888
      @Luchshyi888 Год назад +2

      Айжаз да атына заты жарашкан кыз турбайбы!😊❤ Ананайын десе! Бактылуу болсун ❤

  • @ИсабековКенжебек
    @ИсабековКенжебек Год назад +30

    Малладец Нурайка соонун клип болуптур.Аман бол ишиңе ийгилик каалайм.Ар бир ата эне балдары менен бирге болсун.Дагы да көптөгөн клиптерди жаратып жүрө бер.

  • @Пётр-т9я
    @Пётр-т9я 5 месяцев назад +40

    Рождён в Киргизии, но знаю всего несколько слов по-киргизски: "Апа, Ата, жок, бар...!" Но в этом видео мне не нужен перевод - красивейшая мелодия, понятный и трогательный сюжет, прекрасный голос ангела - Нурайым!!! Будь счастлива и любима, очень красивая и очень талантливая девушка!!! В России давно уже не встречал такой искренности и нежности у певиц! Слушал несколько песен... - слов нет, влюбился!!! Жаль, многовато лет!!!

  • @СофияАбдыназарова
    @СофияАбдыназарова Год назад +468

    Клип кучтуу чыгыптыр.
    Журокторду козгоп,
    коздорго жаш келтирип
    Балдарынын бейиши болгон Апалар аман болсун! Аллах, колдоп, коргоп журсун силерди!

  • @ElizaKainazarova
    @ElizaKainazarova Год назад +18

    Чыныгы жашоодон алынган клип башка клиптерден айырмасы билинип турат, баары укмуш, Нурайкоу атаң менен апаңдын ошол убагын биз да көрүп калдык, мына ошол мезгилдин жемиши, клип болуп көрбөгөндөй сонун болуптур, ийгилигин мол болсун!

  • @ЖапакАман
    @ЖапакАман 9 месяцев назад +271

    Менің қанша досым бар қырғыз,қырғыз өз бауырым.қаншама қырғыз эжелер,апалар жүр москавда,қанша сөйлессемде семьясын сағынып жүргендерін айтады.Қанша ұл қыздар ата энесин сағынып жүр..жаным қырғызым бәрі жақсы болады..мен сізлерді аябай жакшы көремин.Менің Алтын бауырларым..Нурайымға рахмат!!!

    • @КымызайСапарова-й1щ
      @КымызайСапарова-й1щ 8 месяцев назад +4

    • @БурмаСултанкулова-п3м
      @БурмаСултанкулова-п3м 8 месяцев назад +4

      Сиз дагы аман болун

    • @НазираАсанова-ж9д
      @НазираАсанова-ж9д 8 месяцев назад +5

      Аллахым ыраазы болсун 🥰🥰🥰

    • @gulajorobaeva
      @gulajorobaeva 8 месяцев назад +4

      Назира

    • @Демониха-003
      @Демониха-003 7 месяцев назад +5

      Казагым казагым казагым баурым биз Бир элбиз Бир журтпуз бардак жагынан окшошпуз.Казак кыргыз Бир тууган озбек байкушту Ким тууган
      Ажырабайлы биздин жергекос келиндер ар дайым кутемиз мен Встык Коллег боламын жайыннда келип дем алындар конул алындар казагым Бир тууганым.

  • @Oksan-oksan
    @Oksan-oksan 5 месяцев назад +29

    Ушул ырды угуп ыйладым,апамдай мага эч ким куйбойт,апамсыз жашоомду элестете албаймын,апаларыбыздын омуру узууун болсун Аллахым❤

  • @АидаЮлдашева-е1н
    @АидаЮлдашева-е1н Год назад +181

    Мен да убагында балдарымы таштап келгем Россияга ,ыйлагам аябай ошол кундоруму эстеп аябай ыйлап алдым 😢эч бир ата эне балдарын таштап келбесинчи ыйлабасын энелер куса болбосун балдар ❤аябай сонун чыгыптыр Молодец кызым бактылуу бол ❤

    • @ГулбайраАлиева-о3л
      @ГулбайраАлиева-о3л Год назад +1

      👍👍👍👍💋💋💋💋🤲🤲🤲🤲❤❤❤❤🙏🙏🙏🙏🇰🇬🇰🇿🇰🇬🇰🇿💝💝💯💯💯💯💞💞💞💞🥰🥰🥰🥰

    • @ГулбайраАлиева-о3л
      @ГулбайраАлиева-о3л Год назад +5

      Алга ❤🤲🙏 Алга ❤🤲🙏 жана дагы Алга.🖐️🖐️❤❤💞💞💯💯😥😥💝💝💥💥🌄🌄🔥🔥🌅🌅👍👍

    • @MiraidaAsanova-xi3us
      @MiraidaAsanova-xi3us Год назад +3

      Мен дагы уч кызымды уч жерге таштап жолдошум менен ажырашып россияга барган кундорум эсиме тушту .

  • @ДаниярАбдимиталипов-в7к

    Ырдын мазмуну да, обону да таасирдүү экен.Аны аткарган Нурайдын үнү да керемет, мукамдуулугу менен жүрөккө жетет.Клипке да артисттер абдан туура тандалып, жакшы аткарышыптыр.Айрыкча Назира Айтбекова.Образга кирип, мыкты аткарган.Назира ушундай образ, жөнөкөйлүк сага абдан жакшы жарашат экен.Кыргызымдын таланттуу кыздары бар болгула.өсө бергиле.Бири-бириңди колдоп көтөрүлө бергиле.Ийгилик каалайм.❤

  • @АрзымбекТургунбаев-ь8ц
    @АрзымбекТургунбаев-ь8ц 11 месяцев назад +992

    Эркек башым менен аэропортто оштон москвага учуп аткан мекендештеримди коруп козумдон жаш чыкты,бироолордун балдары калып атат узатышып,бироолордун ата энеси ыйлап,э аллахым жашообузду ондоп мамлекетибиз онолуп бала чака мн бир болойлучу ооомин.

  • @maksatkazmukhanov334
    @maksatkazmukhanov334 5 месяцев назад +13

    Орындаушы да, орындаған әні де өте керемет!
    Қырғыз, Өзбек, басқа да бауырларымыз бар, өз еліміздің де азаматтары бар, елі үшін, отбасы үшін жасап жатқан еңбектері еленсін, балаларының қызығын көріп жүре берсін!
    Клип өте ыстық өзіме! ❤

  • @РУСЛАНРАЗАКОВ-л1р
    @РУСЛАНРАЗАКОВ-л1р Год назад +45

    Ушу кичинекей кызыбызды, ар кандай жамандаган Эл Эл деле эмесбиз да, каяктагы Бир казака бергибиз келди, кыпкыргызга эле калат, мен ото сыйлайм бул кызды Азамат, Аман бол алтын кыз. Оомо калк экенибизди далилдедик го😢, казакты колдоп эээх

    • @Dalfina-px2cl
      @Dalfina-px2cl Год назад +10

      😢😢😢мен ушул созду айтып далай кырылдымго соцсеттерде оома ээрчиме эл экенбиз деп,эми деле тушунгондорго рахмат

    • @РУСЛАНРАЗАКОВ-л1р
      @РУСЛАНРАЗАКОВ-л1р Год назад +9

      @@Dalfina-px2cl мен дагы коп кырылдым, калк ото начаар экенбиз чынында тируулой эле жеп жутат экенбиз, Нурай ото соонун Кыз, женил ойлуулар ар нерсе дей беришет экен. Сизге дагы ырахмат барбыз жакшы адамдар бирок аз 🇰🇬

    • @ШербетКойчуманова-т2с
      @ШербетКойчуманова-т2с Год назад +8

      Мен да коп жазам, мени сен бардык каналдарда журосун,зомби ээрчиме сен тажаттын деп жазышат,ким канча жолу жазгандарын аты фамилясынан бери текшерип кызыккандар бар экен,тооба олуп кетишсин миллион жолу жаза беребиз нурайка учун баарынар тынч аман болгула жакшыларым.

    • @СуйумканМатиева
      @СуйумканМатиева Год назад +4

      Жакшы адамдар бар учун, дуйно жузу кармалып турат. Жакшы адамдар кооп болсун. Бар болгула жакшы адамдар.

    • @tugankun9493
      @tugankun9493 Год назад +1

      Осы ән сол сен сен айтқан қаяқтағы Қазақтың әні !!!!!! Бұл Қазақ әні. Перзент сыры деген ән.
      Авторы Қазақтың әнші-композиторы Гаухар Әлімбекова. Сөзі Әбдіғаппар Серікбаев.
      ruclips.net/video/BiVHotPhHjk/видео.htmlsi=iYai35RwYowZ7TcP
      Және ruclips.net/video/ZYmeceQCzlA/видео.htmlsi=XFtgVq9fbKU-IzCz

  • @ГульнарАбрахимова
    @ГульнарАбрахимова Год назад +415

    Қырғыз халқына амандық тілеймін. Балаларыңыздан ажырамай, өз елдеріңізде тыныш өмір сүрулеріңізге тілектеспін. Сіздерге жаным ауырып, жылап алдым мен де. Балаларыңызды қуантып, оның өскенін көріп, жанында жүріңіздер.

    • @АканКачкынов-н5в
      @АканКачкынов-н5в Год назад +13

      Машаллах Машаллах баурларым сиздерда аман болунуздар бир туугандарбыз Казак элим

    • @aksuuaksy
      @aksuuaksy Год назад +2

      Казак туугандар сизгерге да Аллахым эки дуйнолук жакшылык берсин🤲❤

    • @СуйумканМатиева
      @СуйумканМатиева Год назад +7

      Сизге чоон рахмет. Биздин мигрант турмушубузду тушунуп, болушконузго. Алла ыраазы болсун тууган.

    • @Жылдызбек-г6р
      @Жылдызбек-г6р Год назад +6

      Сиздер де Аман болыныздар.Ниетинизге рахмет.Кыргыз казак бир туган екни коринип тур

    • @oioioieieiei
      @oioioieieiei Год назад +1

      Рахмат казак тууган атайын таштабайтта балдарын

  • @СчастливаяФортуна

    Биз, азыркы заманда жүрөгүбүз, духубуз жакшы нерсени, тынчтыкты, гармонияны гана эңсеп турган учурда, аягын сонун кылып бүтүрүп, бизди жыргаттыңар. Эгер кайгылуу бүтсө азыр бырылдап ыйлап отурмакмын. Эми тынч ❤оокатымды кылайын❤клиптин аягы сонун болуптур

  • @nurbekmadalbekuulu
    @nurbekmadalbekuulu 4 месяца назад +15

    эх убакыт азыр 2балалу болдук,убагында кадырын билбей каяша берет экенбиз мезгил отуп апана кылбаган мамилени кайненене жасайт экенсин,кадырын эми эне болуп сезип жатам убагында тоё тоё кучактап ооп сыйлабай деп,азыр да кеч эмес апабыз барында сыйлап урматтайлы
    Сонун чыгарма❤

  • @Shinobu_kocho961
    @Shinobu_kocho961 Год назад +15

    Нурайым кара кызым клип керемет чыгыптыр. Назира Айтбекова, атандын ролундагы инсан, агандын, ролундагы бала, озундун кичинекей кезиндеги кыз укмуш аткарышыптыр. Зор, ийгилик гана болсун жаным кызым.

  • @ГулумканКадырова-з6л

    Мендагы мынчалык шолоктоп ыйлайм деп ойлободум эле молодец, Назира эже дагы аябай сонун аткарган рольун.баламды таштап уй салабыз деп жургон кундор эске тушуп аябай ыйлап кайра кайра коруп отурам😢

  • @ГулалдамИбраимова
    @ГулалдамИбраимова Год назад +156

    Назира Айтбекова жонокойлук жарашыптыр, жонокойлук адамдын жылдызы деген пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В

  • @Gulnura-l4j
    @Gulnura-l4j Месяц назад +10

    Дуйно жузундогу апалардын омурлору узуун болсун❤❤❤Апалар аман болсун❤

  • @erkinmamatkulov88
    @erkinmamatkulov88 Год назад +809

    Эркекмин...,
    Бирок балдарымдан алыста болгонум,менин жашоомду тасмага тушургондой эле болуптур, коздогу жашым токтобой калды, Баарыбызга аман-соо балдарыбызга жеткенди насип этсин!😢

    • @АйнураАкмурзаева
      @АйнураАкмурзаева Год назад +29

      😢😢😢😢А мен Апасымын😢

    • @НурайАсилбеккызы
      @НурайАсилбеккызы Год назад +7

      😢

    • @ГулнурЗаирова-б6з
      @ГулнурЗаирова-б6з Год назад +7

      Енсонунапа

    • @ГулнурЗаирова-б6з
      @ГулнурЗаирова-б6з Год назад +2

      ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

    • @rozaduishonova1056
      @rozaduishonova1056 Год назад +15

      Сонун чыгарма болуптур.Ата энемди эстеп кеттим😢 Клип ата энеге арналгандай экен.Алыста жургөн ата энелер баарыңарга аманчылык, балдарыңардын бактылуу күндөрүн көрүү насип этсин тез тез сүйлөшүп тургула.

  • @БурулайАсанова-с5е
    @БурулайАсанова-с5е Год назад +288

    Төгөсүң эч тажабай мээримиңди,
    Карайсың дале болсо көңүлүмдү.
    Унутуп өз жашооңду бир берилген,
    Бизге арнап бердиң Апа өмүрүңдү(Өмүрүңдү).
    Көңүлүмө толсо эгер жараттарым,
    Даарылайт Апа билсең алаканың.
    Кадырыңды түшүнбөй убагында,
    Көп кыйнады өзүңдү бала чагым(бала чагым).
    Далай ирет кайгыга салганымды,
    Балам деп тостуң Апа таңдарыңды.
    Бир оору каптап кирет жүрөгүмдө,
    Кантип мен жок кыламын арманымды.
    Көңүлүмө толсо эгер жараттарым,
    Даарылайт Апа билсең алаканың.
    Кадырыңды түшүнбөй убагында,
    Көп кыйнады өзүңдү бала чагым(бала чагым).
    Ак карасын өмүрдүн түшүн депсиң,
    Билем азыр өзүң бар бүчүрлөпмүн.
    Келемин эми сенин баркың сезип,
    Кезинде кечир Апа түшүнбөпмүн.
    Көңүлүмө толсо эгер жараттарым,
    Даарылайт Апа билсең алаканың.
    Кадырыңды түшүнбөй убагында,
    Көп кыйнады өзүңдү бала чагым(бала чагым).

  • @Burulay-ti9or
    @Burulay-ti9or Год назад +90

    Мен мигрант эмесмин, бирок элестетип алып ыйладым, балдарымы эч качан таштай албасам кк. Аргасыздан балдарын таштап кеткен мигранттарга, аман эсен келип, балдарынарды боорунарга кыскыла!!!

  • @Оаоаоа-р2м
    @Оаоаоа-р2м 21 день назад +1

    Кызым Нурайым мен 68 жаштамын, мен сенин ырларынды музыка каналынан, телефондон угамын, онорун оркундой берсин сорун ырдайсын!, апана рахмат!, Азаматсын кызым. Жалал абадтан салам.

  • @БерменМусаева
    @БерменМусаева Год назад +68

    😢😢😢 Бир жаш Бир айлык баламды таштап Москвага кеткенимди эстеп олло ыйладым. Мен да баламдын кофтасын жазданып жатчумун😢😢😢. Азар балдарым жанымда шугур, уй алдык . бирок 12 жыл мурун мен учун кандай Кана оор болгонун эстеп ыйладым 😭😭😭

  • @djakanbaevam
    @djakanbaevam Год назад +64

    Сонун чыгыптыр 😢😢😢
    Мен болсо апамды таштап алыста сагынып жургон малым 😢😢😢😢журогум ооруп кетти жакшы клип болуптур азаматсын😊

  • @МираидаЧолпонова-н5у

    Жүрөктөн чыккан ыр жұрөккө жетет. Молодец Нурайым. Соонун чыгыптыр❤❤❤❤

    • @Чагыш
      @Чагыш 5 дней назад

      ❤❤❤❤❤❤😅😅😅

  • @АидаСатыбалдиева-я2у
    @АидаСатыбалдиева-я2у 8 месяцев назад +2

    Соонун клип болуптур. Журокту оорутуп ыйлап алдым бизда Москвада журобуз. Назира рольду укмуш келтирип ойнопсун талантына таазым. А кара кыздын унуно соз жок

  • @Ася-ц4в
    @Ася-ц4в Год назад +41

    Бундай бала чак азыркы кезде коп адамдардан отуп жатат менинда балдарымдын башынан оту аалага шугур азыр баары жакшы

  • @БусалимаАманова
    @БусалимаАманова Год назад +21

    Азаматсың Нурайка, клип сонун чыгыптыр. Көп ийгиликтерге жете бер.

  • @aigulahmedova5280
    @aigulahmedova5280 Год назад +3113

    Ата энемди Аажыга алып барам дегендер журокчо❤❤❤😢

    • @Jakanova-mn1wv
      @Jakanova-mn1wv Год назад +70

      Бизда жолдошума менен балдарыбызды таштап келдик эле Москвага бирок куйоом башкалар менен ойноп кетти балдарын ойлопта койгон жок ата энелерибиз аман болсун дагы ошолор бар экен карап мага жолок таяк болуп атышат менда ыйлап алдым коруп балдарымды сагынып журом ата энемди !

    • @Zizizizi864
      @Zizizizi864 Год назад +31

      ​@@Jakanova-mn1wvЧогуу эле жашап журдун беле куйоон менен

    • @Jakanova-mn1wv
      @Jakanova-mn1wv Год назад +15

      Оа

    • @ЭлимбекРахманов
      @ЭлимбекРахманов Год назад +5

      ​@@Jakanova-mn1wvит экен😢

    • @jibarash7552
      @jibarash7552 Год назад

      ​@@Jakanova-mn1wv Андай айбандар эч онолбойт менин жездемда журот просто эжем ага жалко, андай ыпластар бул жагы иштебей калганда гана кайтат артына же ооруп олоюн дегенде Аллахым жазасын берсин андай акмактардын

  • @NasserParsi
    @NasserParsi 6 месяцев назад +10

    I was able to appreciate this wonderful, emotive song even though I was unable to grasp the lyrics.
    This is the tale of true love and many common people who leave their comfortable lives behind to go to a strange and foreign nation in order to assist the people they love.

  • @ДавлатхонТурсуналиева

    Дайыма ушундай сулуу добушу тунук жорогу ыймандуу болуп онуго бергин кыргыздын кызы бактылу бол бизге отто жагасын

  • @JyparaJumabaeva
    @JyparaJumabaeva 10 месяцев назад +58

    Мен азыр 30 жаштамын эки кыздын энесимин, бизди да ата энем балачагыбызда таштап Алматыга кетишкен, 😢 мен кийин чоноюуп балалуу болсом балдарымы эчкимге таштабайм дечуум шугур кыздарым жанымда болсода негедир козумон жаш тегеренди

    • @UrmatMamaev-x8b
      @UrmatMamaev-x8b 2 месяца назад +4

      Карындашым эс качан таштабы кыздарынды

    • @АлымжанАсанов-в3ч
      @АлымжанАсанов-в3ч Месяц назад

      Оурооо8рпшпшащпщрщрщалй1лцьвькеьаьслаьаткеледрдкдпдпдпдапдпдмдмдпдпдедп

    • @АлымжанАсанов-в3ч
      @АлымжанАсанов-в3ч Месяц назад

      1ееаагагагагагапгпгмгмшпшпшпллпллммлмлплпвдвдвладалаьалалмлмлаплплпдпдпдпдпдпплплплплпььмдмдмдмдидидидиидид❤

  • @МайрамканСултанова-у1э

    Эн сонун клип болуптур нурайка талантын ташкындай берсин аллахым даражаны жогорулата берсин назирага Рахмат сонун аткарыптыр нурайканын Ата энесине Рахмат кыргызга ушундай таланттуу кызды тартуулаганына

  • @Xfz-n1c
    @Xfz-n1c Месяц назад +2

    😢биздин жаш кезибизде ата энебиз мигрант болгон.Анда мындай эмес болчу мигранттарга кысым ото коп татаал болчу.Ичим ооруйт байкуш ата энелирибиз кыйынчылык ыраахатын эки дуйно корушсун ❤

  • @АдинаАндабекова-с5т

    Мен да ушинтип 2017 жылы балдарымды таштап келдим эле Москвага. Аллага мин ирээт шугур 🙏 азыр балдарым жанымда.

  • @ЖАРКЫНСамакова-з7й
    @ЖАРКЫНСамакова-з7й Год назад +274

    Коргондо балдарды сагынып журогун ооруп кетет балдардын келечеги деп алыста журобуз Алыста жургон ата энелер аман болсун тапкан акчабыз берекелуу болсун аман эсен элибизге жерибизге баралы❤❤❤

  • @ДинаАимбетова
    @ДинаАимбетова 11 месяцев назад +30

    Өте әсерлі, Гаухар Әлімбекованың орындауында жылап едім мына клиптан тіпті жасым тиылмай тұр. Керемет орындау 👍

  • @МаксатИшенов-и8э
    @МаксатИшенов-и8э 3 месяца назад +15

    Нурайымдын озунун жашоосу бул🥺🌹🌹🌹👍👍👍

  • @АлиАлёша-н9и
    @АлиАлёша-н9и Год назад +382

    Менин апам мен 17 жашымда каттуу ооруп калган убагымда колундагы шакекгин сатып мени даарылаткан болчу азр кудайыма шугур 26 жаштамын бирок болгон кучум менен колдоруна мойунуна кулагына алтын алып бердим бир шакекти сатып даарылатып мени аман алып калган апакем омурунузду берсин жаштык убагым сизди кыйнаган болсо аз калды буйурса ниетиме жетип сизди ажы эне кылам буйурса соссуз 21.01.2024 😢😢😢

    • @АлсуШербаева
      @АлсуШербаева Год назад +9

      Тилегинизге жетин

    • @noygutngt5911
      @noygutngt5911 11 месяцев назад +7

      Арманынды комтке айтпай кудайга айт тахажут ка тур

    • @Баргы
      @Баргы 11 месяцев назад

      ​@@noygutngt5911 булда бироого сабакты жазыптыр

    • @ОлмасБегалиева
      @ОлмасБегалиева 11 месяцев назад +5

      Аллахым озу колдосун кызым эки.дуйно бактылуу бол

    • @ГУЛНАРАМалаева-х6д
      @ГУЛНАРАМалаева-х6д 11 месяцев назад +2

      ОМУРУН УЗУН БОЛСУН АПАНДЫН ДА ОМУРУ УЗУН БОЛСУН АЖЫГА БАРЫШ НАСИП КЫЛСЫН АЛЛАХЫМ ДЕН-С БЕРСИН.

  • @Mednur23
    @Mednur23 Год назад +227

    Мынчалык ыйлайм деп ойлогон эмес элем 😢 Апалар аман болсун 🤲🏻🤲🏻

  • @ЖыпарКурбаналиева

    Бул ыр мурда ырдалчу беле, ким ырдайт эле?
    Азаматсың,Нурайка, мен сенин колдоочу күйөрман апанмын. Өтө сонун клип болуптур, канча энелердин жашоосун чагылдырыпсынар. Канча балдардын балалыгы ушундай өтүп жатат жашоо-тиричиликтин айынан.
    Эмне үчүн кечээ музыка каналы сени чакырышпады, сенин былтыркы көп эмгектеринди баалашпады, бир ыр үчүн көз мончок деп ырдаган кызга деле сыйлык берип атышат. Чакырып коюшса болмок...жыл жыйынтыгында

  • @aianaasanova9063
    @aianaasanova9063 5 месяцев назад +10

    Назира эже мыкты актрисасызда
    Майын чыгарып аткарыптырсыз соз жок
    Нурайым ыр бомба 😍 укутан сайын уккун келетго голосту❤
    Москвада❤ угуп атам 😢

  • @АйназикЖаманкулова

    Бир сыйра жаштап алдым , озум апа болуп апаман алысмын 😢 апамды сагынып кеттим😢 апалар Аман болушсун😢

    • @ЗакияТурушова-з4к
      @ЗакияТурушова-з4к Год назад +5

      Питерден салам менда кыздарымды 😢😢 сагындым мен токтоно албай ыйлап кордум 😢 .👍🌹🌹🌹🌹

    • @fatisabyrbekova850
      @fatisabyrbekova850 Год назад +8

      Мен дагы апамын, бирок атам мн апамды сагынып алыста журом

    • @НуржылдызМуратбеккызы
      @НуржылдызМуратбеккызы Год назад +2

      Озубуз ата эне болсокда апама Жана папама дале бала бойдонмун мен да коруп ыйладым сагындым апамды❤❤❤❤❤

    • @BaizakBaisalbekov
      @BaizakBaisalbekov 10 месяцев назад

      клип сонун болуптур уканда ыйлагын келет.

    • @kasyrova_
      @kasyrova_ 10 месяцев назад +1

      😭

  • @Кызык-у5х
    @Кызык-у5х Год назад +32

    Уйдон чыгып Питерге жеткидери ыйлап кеткем😢😢ыйлап журуп 1жыл зорго чыдагам....Азыр мин ирет шугур балдарымдын жанындабыз.Озумду эле коргондой болдум😢😢

  • @ML-ART88
    @ML-ART88 9 месяцев назад +212

    Қазақстаннан жалынды сәлем Қырғыз ағайынға... Өте керемет орындау, көңілдің көзінен жас тамды😢😢😢😢😢

    • @СоняАппазова
      @СоняАппазова 7 месяцев назад +6

      П екмпожмдиуиддиумадмд аилиддимат

    • @GulbaraGul
      @GulbaraGul 4 месяца назад

      ​@@СоняАппазовас

    • @Фатима.фатима10
      @Фатима.фатима10 2 месяца назад

      ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤ ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤😢😢

    • @Ками-б1
      @Ками-б1 Месяц назад

      Ю ибо

  • @JainagulSarieva-ru5on
    @JainagulSarieva-ru5on Месяц назад +2

    Клипти коруп ыйладым,ырды угуп токтоно албадым😢комент окуп дагы ыйладым,аман болунуздар туугандар

  • @ДаниярБатыров-ы8к
    @ДаниярБатыров-ы8к Год назад +16

    Мен да 7 айлык баламды,2,5 жаш кызымды таштап келип аябай ыйлачумун.3 айга чейин сутум токтобой койгон журогум элжиреп журуп.Азыр кызым 9-класс,балам 7-класс.Бирок Россия деген балдарыбыз мээримибизди корбой чонойушту.Азыр озумду жей берем неге келдим экен деп.Жашоо турмуш ар кимди ар кандай таштак жолдорго салат экен.Айла жок баш ийбешке.Назирага рахмат ийине жеткире аткарыптыр.Бир эстеп алдым баштан отконду😢😢😢😢

  • @МиргульМуратова-к6ф

    Кечке ыйладым , апамдын кадырын эми тушунуп 😭😭😭😭, 3,4 жолу коргондор барбы, ыйлап ыйлап алдым 😢😭😭😭😭

    • @ГулбайраАлиева-о3л
      @ГулбайраАлиева-о3л Год назад +10

      Ата Энене Алла Ыраазы Болсун сендей таланттуу кызды тарбиялап остургон.👍👍❤❤🖐️🖐️💋💋🙏🙏💯💯🔥🔥😍😍🥰🥰🤲🤲

    • @ГулбайраАлиева-о3л
      @ГулбайраАлиева-о3л Год назад +9

      Ата Энене Алла Ыраазы Болсун сендей таланттуу кызды тарбиялап остургон.👍👍❤❤🖐️🖐️💋💋🙏🙏💯💯🔥🔥😍😍🥰🥰🤲🤲

    • @ГулбайраАлиева-о3л
      @ГулбайраАлиева-о3л Год назад +11

      Азаматсын Нурайка ❤🤲🙏💯 Жаны чыккан клип кут болсун. Дагы коптогон ийгиликтерди багындыр алтын кызым.👍👍❤❤🤲🤲🙏🙏💯💯🇰🇬🌅🌄💞💞💋💋🖐️🖐️💥💥👍👍💞💞💝💝

    • @DoniYusupov-g8b
      @DoniYusupov-g8b Год назад +10

      Уккан сайын ыйлап атамго 1жашар кызым Кыргызыстанда озум Москвадамын апамда ушинтип бизди бой жеткирди3😢😢😢😢

    • @ПеризатТоктомаматова
      @ПеризатТоктомаматова Год назад +8

      Менда эми балдарды таштап Англияга кетем,журогум ээзилип кеттиго 4жолу уктум😢😢😢

  • @Aliya-q1e
    @Aliya-q1e Год назад +17

    Апама (кайнэнем) раазымын озунун балдарын тарбиялап чонойткону аз келгенсип биздин дагы балдарыбызды карап жатат.
    Апамды жакшы кором.
    Ата энебиз Аман болсун ушул убакытка жеткирген ❤

  • @MeerimBerdikojo
    @MeerimBerdikojo 27 дней назад +1

    Унуго береке бар бол мен ушул ырды угуп алып ийлап жатам мен дагы кичинекей чагымда ата -энемди кыйначуумун❤❤😢

  • @Жаратканымколдосун

    Бул клипти көргөндө ар бир мигрант эне ыйлайтко.😢 Балдарыбыздын келечеги кең болсун. Алар эч качан мигрант болуп иштебесин. Өлкөбүз өнүксүн

  • @nurguljangarasheva6693
    @nurguljangarasheva6693 Год назад +24

    Гаухар Алимбекова,Кайрат Нуртаз и Нурайка учоо тен жакшы ырдашкан. Спасибо большое казак элине журокко жете турган ырларды жазышат.

  • @raelyA
    @raelyA Год назад +81

    Журоко жеткен ыр болуптур.🥰Балдарым деп иштеп жургон, ата-энебиздин омуру узуун, ден-соолугу чын болсун! Ата-эне, бала чаканын ортосу эч качан алыстабасынчы!🥹🤲🏻🙏

  • @Aitmanbetov
    @Aitmanbetov 4 месяца назад +3

    Сиз тойго конок болуп келгенде мен официант болчум суротко тушо албай калдым😢

  • @ЕлнурСериков-э7ь
    @ЕлнурСериков-э7ь 10 месяцев назад +25

    Қазақстаннан сәлем! Біздің әннен аударма болса да одан кем түспес өте күшті ән шығарыпсыз, тек Сәттілік!

    • @visnia7328
      @visnia7328 8 месяцев назад

      Казакчаси кандай жазып койунчу таппадым издеп

    • @АжарКожиева
      @АжарКожиева 4 месяца назад

      ​@@visnia7328Гаухар Әлімбекова "Перзент сыры"

    • @kanatbolatuly8329
      @kanatbolatuly8329 4 месяца назад

      ​@@visnia7328 Гаухар Әлімбекова айтады

    • @KausarKaidarovna
      @KausarKaidarovna 2 месяца назад

      @@visnia7328Перзент сыры. Гаухар Әлімбекова

  • @Aijamal332
    @Aijamal332 Год назад +16

    Эн мыкты денгелде тартылыптыр сонун ❤🫶🏻Ийгилик мындан ары да кооптогон ырларды клиптерди чыгарып дуйно жузуно атагыныз чыккан кыздардан боло беришинизге тилектешмин😘🫂

  • @Эль-ж9в
    @Эль-ж9в Год назад +59

    Кайра кайра көрсөм деле ыйлап көрүп жатам ,бизди да атам мн апам акем экөөбүздү таштап Москвага иштегени кетишти эле окуучу кезде ,азыр үй -бүлөлүү болуп балалуу болдук ,рахмат ата апа.

  • @ЖансаяМайсалбекова
    @ЖансаяМайсалбекова 5 месяцев назад +20

    2024 ким угуп жатса Апаларына кааларым узуун омур чын ден-соолук ,ар дайым бактыныздарга аман болсун

  • @AidarToktoraliev
    @AidarToktoraliev 10 месяцев назад +14

    Эн сонун Апалар аман болсун ❤❤❤биздин апабыз бул дуйно менен кош айтышкан 😢

  • @гулнара-б5ъ
    @гулнара-б5ъ Год назад +38

    2008 чи жылдарды эстеп ыйладым мен да торт баламды таштап РФ га кеткен элек Жумушка баратып бала бакчадагы балдарды коруп кундо ыйлайт элем Азыр Аллага мин мертебе шугур баары жакшы.Ушул кундорго жеткирген Кулайыма кундо шугурлор айтам

  • @danyatemirbek7162
    @danyatemirbek7162 Год назад +12

    бул клип ти көргөн ар бир мигрант ата эне ыйлайт, себеби баарыбыздын журогубуз жаралуу, балдарыбызды сагынып, мекенди сагынып аран журобуз 😢

  • @БактыгулИманакунова-т4в
    @БактыгулИманакунова-т4в 6 месяцев назад +4

    Назира ролду сонун аткарган . Клип сонун чыгыптыр. Мигрант болгон мезгил качан бутот болду экен. Чыгармачылык ийгилик Нурай кызга.

  • @АзиретНурбаев
    @АзиретНурбаев Год назад +172

    Назира Айтбекова чындыгында керемет актриса

    • @rusya...
      @rusya... 11 месяцев назад

      Койчу оллергияны

  • @ajaraatamkulova5888
    @ajaraatamkulova5888 Год назад +41

    Ушундай мыкты кыздарыбыз бар болсун,колдойлу кыргыз элим.

  • @AselToroeva-k9t
    @AselToroeva-k9t Год назад +19

    Клип эн сонун болуптур буткончо ыйладым аябай таасирлуу❤Назира эн сонун аткарыптыр

  • @АйгеримСаякпаева-н6к
    @АйгеримСаякпаева-н6к 7 месяцев назад +1

    Апа кечир мени коп нерсени тушунбопмун эми озум эне болуп сезип жатам бейишим апам омурунуз узун болсун апа оорубаныз

  • @hadichahumayrodjalalova4997
    @hadichahumayrodjalalova4997 Год назад +30

    Мен кыргызстандык озбечка болом,мага аябай жакты,сонун бийлеген, супер удачи вам❤❤❤❤ б

  • @johnwick755
    @johnwick755 Год назад +156

    Өте күшті орындау. Жүректі елжіреп жіберді.
    Жарайсың ,Нұрайым қарындасым өнерің өрге өссін!
    KZ 🇰🇿 - дан сәлем Қырғыз бауырларға.

  • @СаадатМирзакаримова-к2п

    Аябай ийладым 😢😢😢😢. Ата апам бизди канчалык кыйналып бакканын чын жүрөктөн туйдум 😢😢😢😢😢😢😢

    • @jiyde4112
      @jiyde4112 Год назад

      Торогондон кийин багат да , эч ким кыйнабайт торо торо деп!

  • @ЧолпонТойгонбаева-и5ф
    @ЧолпонТойгонбаева-и5ф 5 месяцев назад +1

    Клипт и коруп алып ыйладым апамды эстеп. Таланттуу балдардя колдойлу остуролу алар биздин келечегибиз..Балдаи бакчасында иштейм Нурайымдын ички сезимдерин туюп турам.Синдим Россияда эле кызынаа ыр жаттатып койдум" Баргым келет баргым
    к
    е

  • @NurmiraKadyrkulova
    @NurmiraKadyrkulova Год назад +131

    Уккан сайын апамды эстеп ыйлап алам ... 😭
    Апооуу сагындыым.. 💔💔
    Апамаларды козу барында сыйлап алыныздар.. 😢💔

    • @БатырТаиров-п9р
      @БатырТаиров-п9р Год назад

      😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

    • @ajaraatamkulova5888
      @ajaraatamkulova5888 Год назад +3

      Менда апамы Эстеп ыйладым,3 жыл болду апамы жоготконума😢

  • @МолдирРайымбек-ю3х
    @МолдирРайымбек-ю3х 10 месяцев назад +93

    Нұрайым әншіні өте жақсы көріп тыңдаймын. Өте сұлусыз😊. Мен Қазақстаннанмын. Алла бағыңызды жақсын. Бақытты болыңыз

  • @nature_and_life953
    @nature_and_life953 Год назад +13

    Сонун өнөрүн өркүндөй берсин сонун чыгарма болуптур

  • @SardarbekBakirov
    @SardarbekBakirov 5 месяцев назад +1

    Нурайым карындашым жазганым сага жетебикен, сунушум казактардын "анага кат" деген ырын сенин аткаруунда коргум келет бир аракет кылсан жакшы болмок..

  • @Sultan-m9q3n
    @Sultan-m9q3n Год назад +20

    Ыр дагы, клип дагы соонун чыгыптыр. Жашым 30га келип калды, 4- класста атамы айылдан Россияга узатып атканда машинанын аркасынан жугуруп ыйлаган элем, кундо кийимдерин жыттап жатчумун жуудурбай😢 Ар бирибиздин ата-энелерибиз аман болсун, балдарыбыз ата-энесинин жанында чонойсун🤲🤲🤲

    • @hongweili9561
      @hongweili9561 Год назад

      😢

    • @rayankids2825
      @rayankids2825 Год назад +2

      Менда 30га келип калды жашым😊 11 классымда мамам Москвага кеткенде самолёттун учуп кеткенин кутуп уйго жеткенче ыйладым эле андан кийин кундо ыйлайт элем келгенче хотя менин атам жанымда болсо деле мамамды аябай жокточу элем сагынып 😢

    • @JyrgalKalmamatova
      @JyrgalKalmamatova Год назад +1

      Жакшы ыр болуптур ар Бир уйдо ущундай болуп жатат да мигрант ар уйлоруно балдарынын жанында болсо экен

  • @nurgulnurgul707
    @nurgulnurgul707 Год назад +22

    Апаларыбыз аман болсун Аллахым озу колдосун Нурайка көп көп ийгиликтерге жетиш молодец😢🎉❤❤

  • @zar113
    @zar113 Год назад +42

    Ото соонун😍🥺🥺🥺балдардын коз жашы тогулбосунчу😔аябай ыйлап алдым балдарымды ойлоп

  • @user-xh9ro7zh8e
    @user-xh9ro7zh8e Год назад +14

    Оой азамат алтын унду кыз сонун чыгыптыр,клиптин көркүн Назира кызда ачып койуптур ❤❤❤

  • @оматулууманап
    @оматулууманап Год назад +11

    Нурайым карындашым талаантына тазим озундун турмушун чындыгында чагылдырган окшойсун тура айтсам класс эзгилечи балким туура айткандырмвн😊

  • @akylnuru5555
    @akylnuru5555 Год назад +29

    Аябай ыйлагым келди, абдан соонун чыгыптыр елип❤ рахмат клипти аябай күтүп жүрдүм эле, дагы ийгиликтерди каалайм, көп көп ырларды жарата бер❤

  • @DoolotUbaidyldaev-r2b
    @DoolotUbaidyldaev-r2b 12 дней назад +2

    Багын Тоодон Бийик Болуп Омурун Узун Болсун Алтын Кыз Сизди Кудай Колдосун Алтын Бир Тууганым❤

  • @asya_shakimova
    @asya_shakimova Год назад +53

    Канча жолу корсом деле ыйлап жатамго.Ата -Энелерибиз аман болсун❤️😭

  • @ЖанылАбдулазизова-п6з

    Нурайымдын ушундай даражага жеткирген ата -энесине ,агасына рахмат,реальный турмуштан алынган клипп болуптур ,азамат онорун оркундой берсин 🎉🎉🎉❤❤❤❤

  • @a4production613
    @a4production613 Год назад +113

    Расса йигладим 😢😭Оллохим хеч кимни мусофир килмасин биз хам мусофирда 4 болани катта киляпмиз хаммага юртига кетиш насиф килсин 🤲

  • @JkdhjshsHhdhbjd
    @JkdhjshsHhdhbjd 4 месяца назад +1

    Молодцы Нурайым токтоно албай ыйладым клип ото кучтуу чыгыптыр ошол мугалим азыр сени коруп аттин деп жаткандыр

  • @Umida.minbaeva
    @Umida.minbaeva Год назад +16

    Аябай ыйлап кордум ,журоктон чыккан ыр журокко жетет.Ийгилик Нурайым ❤

  • @AnelyMamatkulova
    @AnelyMamatkulova Год назад +46

    Сердце разрывается😢🥺
    Прекрасно вышло🫶

  • @ЖанбушайЖетимишова

    Сонунгоо жакты мага чыгармачылык ийгилик❤🎉🎉🎉

  • @НуржанОмаралиева
    @НуржанОмаралиева 2 месяца назад +1

    Нурайым озунун жашоосун чагылдырып клип тартыптыр молодец!

  • @bemkafer
    @bemkafer Год назад +191

    Менда россияда иштейм жаш апамды жоготконума ыйладым, 😢😢жан апакем менин 😢 жатканжериниз жанатан босун, кудайым куноолорунузду кечирсин 😢😢😢