"БЕЙНЕ" Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Yсөнбаев
HTML-код
- Опубликовано: 14 окт 2024
- Төкмөнүн уулу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү төкмө акын Замирбек Yсөнбаев залкарлар жөнүндө
Төкмөлөрдүн эң мыктысы Кыргыз Эл Артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Замирбек Усенбаев берген маегин угуп, абдан жан дүйнөм байыды. Баракелде, атанын баласы деп мына ушундай асыл адамдарды айтат. Сөзү да орунду, үнү да сонун, комуз черткени да өтө чебер, кандай гана керемет дүйнө! Нукура кыргыз дүйнөсүнө сүңгүп кирип, кадимкидей ырахат алдым.
50 жылда эл жаңы дегендей каада салт, адеп-ахлак, кыргыз элинин түпкүлүктүү эл экенин, бирок 21- кылымда баары болуп көрбөгөндөй өзгөрүп баратканы өтө катуу ойлонтот. Залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаев Токтогул устатын, төбөсүнө көтөрүп, анын күүлөрүн, ырларын төкпөй-чачпай убагында жаздырып калып, бийик деңгээлге жеткирип, тарыхта калтырганы айтып бүткүс мурас жана алтындан кымбат эстелик. Азыркы учурда шакирттердин устатына кылган "сый-урматы" бул акыр заман жакындап келе жатканын белгиси жана далили. Акыр заман деп, төкмөлүк өнөрдү, устаттарды мурдагыдай аздектеп, даңктап, сыйлабай калган заманды айтат. "Мен эле, мен" деп, төш кагып, эгоизм менен, байлык, бийлик деп жулунган заман бул, нукура кыргыз элинин тамырына балта чапкан заман.
❗Алымкул атадай болуп, устатына тирүү кезинде гана эмес, көзү өтүп кеткенде да сый-урмат көрсөтүү, бул адамгерчиликтин эң жогорку деңгээли. Бирок азыркылар эгоизм менен глобализмдин курмандыгы болуп жатышканы зээнди кейитип, жүрөк оорутат. Өз устатын унутпай, дайым атын атап, айтып жүрүү шакирттердин милдети жана адамдык парзы.
☝️Замирбек агайдын апасынын акылман керези мага өтө жакты:
-"Көзү жыйын көрбөгөн,
Колу боюм көрбөгөн кишилер менен мамиле түзбө" деген. Азыркы "акыр заманга ылайык кандай гана ыйык, накыл сөздөр! Тобо! Азыр ошондой түркөйлөр биздин элди басып алып, башкарып отурушат го!
❗"Көзү жыйын көрбөгөн" деп, эл менен мамиле түзгөндү билбеген, начар немелер жөнүндө айтса, а "Колу боюм көрбөгөн" деп алыш-беришти билбеген, өзүмчүл-эгоист, өз кызыкчылыгын гана ойлогон, ач көз алдым-жутум көр пенделер жөнүндө айтып жатпайбы. Тобо! Тобо!
Соонун! Алп акындардын бейнесин көбүрөөк чыгарсаңыздар!
Рая Замирбек ага өмүрүңүз узун болсун карылыктын күнүн бактылуу откорунуз
Атанын уулу, атадан артык уул деп сизди айтат, дайыма бар болуп узак өмүр сурунуз😘😘😘
Угуп эле отургун келет....
👍👍👍🥰 Кудайым узаак омур берсин 🤲