КӨЗДҮН тегерегиндеги бырышты 30 мүнөттө тегиз кылат !!!

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 20 сен 2024
  • Коздун айланасындагы териге кам коруу.
    Аялзатынын карылык менен курошуусу алгач коздун тегерегиндеги териге кам коруудон башталат. Дал ушул зонада курактын ойдолоп калганын билдируучу белгилер пайда болот. Тери жанычылдыгын жоготуп, шишиктер, алгачкы майда бырыштар тушот.
    Бул дагы тан калыштуу эмес. Анткени, коздун айланасындагы эпидермистин катмары ото жука келет- болгону жарым миллиметр. Анысы аз келгенсип, коз ар дайым кыймылда болуп турат: ар кимге коз кысабыз, кундон качып жулжуйобуз, жылмаябыз, кулобуз дегендей. Жыйынтыгында, коздун териси ото коп нагрузкага туш болот. Мына ушунун баары териге 20-25 жаштан баштап эле кам коро баштоо зарылчылдыгын алып келет. Кантип кам коробуз? Анын уч этабы бар: тазалоо(очищение), нымдаштыруу дейбизби(увлажнение) жана тонизирование (кыргызча которо албадым) же тондоо болобу, тан.
    1. Тазалоо. Адатта, коздогу макияжды алып салуу учун косметикалык молочко колдонулат. Контактный линза колдонгон адамдар учун коздон макияжды алып салуу учун майлуу каражаттарды колдонуу сунуш кылынбайт- андан коро майы жок лосьон менен колдонуп, сууга чыдамдуу туштарды колдонуудан качкан дурус. Козду боегон сон, анны кундо кайра очуруп туру керек экенин унутпаныздар. Макияжды алуу учурунда кыймыл ото жумшак болушу керек. Терини чоюп салбоого аракет кылыныз. Эки вата тампонун молочкого чылап алып, козго 40-50 секундага коюнуз. Андан сон косметиканы ойдодон ылдыйды коздой кеткен кыймыл менен суруп салыныз.
    Нымдаштыруу жана азыктандыруу
    Бул максатта атайын кремдер, лосьондор жана гелдер колдонулат. Башка каражаттардан булар курамында козго кирип кетип, ооруксунтуучу «майлуу каражаттардын» жоктугу менен айырмаланат. Анын устуно алар офтальмологдор тарабынан колдоого алынган болушу керек. Кремдер озгочо кургак терилерге туура келет. Бирок аларды сурмага жана коздун алдына сыйпоого болбойт. Анткени, майлар козго кирип кетиши мумкун, бул болсо зыяндуу! Ланолини бар крем колдонуудан качыныздар, анткени, ал козду шишитип жана кызартып коюшу мумкун. Кремди козго шыбап салуунун да кажети жок! Аны Кичине бир тамчы сымал эле манжага сыгып алып, коздун сырткы жагынан мурунду коздой басым менен синириш керек. Лосьондор женилдетилген курамына ылайык, тез синеет.Андан сырткары, алар бырыштарды жазууга , терини жылтыратып коюуга да жондомдуу. Гелди болсо контактный линза тагынган адамдар колдонсо ылайыктуу. Коздун айланасына колдонулуучу косметикалык каражаттарды ар бир торт айда алмаштырып туруу зарыл. Бул коз ооруларына туш болуудан сактайт.

Комментарии • 18