Эл өкүлдөрү Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдардан кабар алды
HTML-код
- Опубликовано: 5 май 2024
- Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды.
Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына 10 бала жаткырылган. Учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага которула баштайт.