Жандуу ыр. "Балам жок" Женижок. Элдик таланттар. Айтыш

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • Катталыныздар/Подписывайтесь
    RUclips:
    / @user-si1xc4oc9w
    Одноклассники:
    ok.ru/kyzy...

Комментарии • 34

  • @Kgarmy.special
    @Kgarmy.special 2 года назад +20

    Ак сайдан аккан дарыя,
    Арманым айтам жарыя.
    Көк сайдан аккан дарыя,
    Күйүтүм айтам жарыя.
    Аргымак оозун бурайын,
    Ай, айланып жыл келет,
    Айтпай бир кантип турайын.
    Күлүктүн оозун бурайын,
    Күн айланып жыл келет,
    Күйбөй бир кантип турайын.
    Күмүшүн ырдын терейин,
    Күйүтүм айтып берейин.
    Алтынын ырдын терейин,
    Арманым айтып берейин:
    Сарыны кийдим тогунан,
    Саргайдым бала жогунан
    Караны кийдим тогунан,
    Кайгырдым бала жогунан.
    Кымыздык терген кең колот,
    Кырына барып эл конот.
    Кымбатым, элим, келипсиң,
    Кыйытып айтсам, не болот?!..
    Балдыркан чыккан чоң колот,
    Башына барып эл конот.
    Башымда турган арманды,
    Байкатып айтсам, не болот?!.
    Алтынды жезге өткөрбөйт,
    Айтпасам дартым бөксөрбөйт
    Күмүштү жезге өткөрбөйт,
    Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт.
    Алтындын жайы гүлбакта,
    Алган жарым Көксулуу,
    Айтып турам бул чакта.,
    Арманга батпа бул тапта!
    Күмүштүн жайы гүлбакта,
    Кошулган, жарым, Көксулуу,
    Какшанып турам бул чакта,
    Эми күйүткө түшпө бул тапта!.
    Кошулган, жарым, Көксулуу,
    Килемди согуп түр кылдың,
    Кирген үйүң гүл кылдың.
    Кажары согуп түр кылдың,
    Кармаган үйүң гүл кылдың.
    Сандык жыйдың жүгүңө,
    Сарамжал кирди үйүңө.
    Беш кеште жыйдың жүгүңө,
    Береке кирди үйүңө.
    Чырмап чийиң каладың,
    Чырайлап үйүң кармадың.
    Оролтуп чийиң каладың,
    Окшотуп үйүң кармадың.
    Алдын сылап жүк жыйдың,
    Аркасын карап үй тиктиң.
    Керегесин кынадың,
    Керүүдөн туруп сынадың.
    Кайтар куштан үлгү алдың,
    Кайчылабай тон бычтың.
    Учаар куштан үлгү алдың,
    Үлгүлөбөй тон бычтың.
    Шакегиңдин жүлгүсү,
    Шаарга кетти үлгүсү.
    Оймогуңдун жүлгүсү,
    Ойротко кетти үлгүсү.
    Казы элечек, кара көз,
    Калкымдан чыккан бото көз.
    Торко элечек, торгой көз,
    Тобумдан чыккан бото көз.
    Оймогуңа гүл тактың,
    Он жубанга сын тактың.
    Шакегиңе гүл тактың,
    Сан жубанга сын тактың.
    Аксыдан чыккан сулуубум,
    Арманым айтып турумун:
    Тескейге каккан куу казык,
    Текенин эти жол азык.
    Теңтушумдан кем болдум,
    Теңирим менде не жазык?..
    Күңгөйгө каккан куу казык,
    Кулжанын эти жол азык.
    Курдашымдан кем болдум,
    Кудайым, менде не жазык?..
    Беш колумда муунум жок,
    Бел кыла турган уулум жок.
    Оң колумда муунум жок,
    О дүйнө көздөй жол тартсам,
    Ордумду басар уулум жок!
    Түндүктүү дүкөн үйүмө,
    Түркүк болор уулум жок.
    Капшыттуу дүкөн үйүмө,
    Карманып оокат кылаарга,
    Кадырлап баккан уулум жок!..
    Эрте турсам шамал жок,
    Эсимде турат амал жок.
    Саар турсам шамал жок,
    Санаамда турат амал жок.
    Өзөндүү булак, Кара-Суу,
    Өрөөнүң толсо калаа жок.
    Өз журтумду ээлерге,
    Өзүмдөн бүткөн бала жок!
    Кайыңдуу булак, Кара-Суу,
    Каптаса толгон калаа жок.
    Кадимки журтум ээлерге,
    Кадырлап баккан бала жок.
    Аргымак жалы кайрылса,
    Тармал эмей, эмине?
    Өзүңдөн бала болбосо,
    Арман эмей, эмине?
    Тобурчак жалы кайрылса,
    Тармал эмей, эмине?
    Тутунаар балаң болбосо,
    Арман эмей, эмине?..
    Кайрылышта мүрзөмдү,
    Кайрылып барып ким көрөт,
    Кайгырып жашын ким төгөт?
    Бурулушта мүрзөмдү,
    Бурулуп барып ким көрөт?
    Буркурап жашын ким төгөт?..
    Эгерде уулум болгондо:
    Каттаганда кан жолум,
    Кармаганда оң колум.
    Сүйлөгөндө таңдайым,
    Сүйүнгөндө маңдайым!
    Ак шумкар кушун чуктамак,
    Ак чатыр кирип уктамак.
    Көк шумкар кушун чуктамак,
    Көк чатыр кирип уктамак.
    Жанына бычак бүлөмөк,
    Жайында кушу түлөмөк.
    Кынына бычак бүлөмөк,
    Кышында кушу түлөмөк.
    Аргымак минип ойнотмок,
    Адырга тайган жойлотмок.
    Ак дарыя бойломок,
    Ак шумкар салып ойномок.
    Көк дарыя бойломок,
    Көк шумкар салып ойномок!..
    Көл жакалай куш салса,
    Көк ала моюн каз алмак.
    Сайды бойлоп куш салса,
    Сарала моюн каз алмак.
    Суксурга кушун ыргытмак,
    Сур жорго минип жылжытмак.
    Кекиликке кушун ыргытмак,
    Кер кашка минип жылжытмак.
    Аргымак минип жетектеп,
    Алтынды кумдай этектеп.
    Күлүктү коштоп, жетектеп,
    Күмүштү кумдай этектеп.
    Секиртип күлүк мингизип,
    Сүлөөсүн ичик кийгизип.
    Сымбатын журтка билгизип.
    Булкунтуп буудан мингизип,
    Букары тонун кийгизип.
    Аргымак берип дуулатып,
    Адырдан коён уулатып.
    Тобурчак берип жыргатып,
    Токойдон коён уулатып.
    Сар кашка атка мингизип,
    Саймалуу калпак кийгизип.
    Карагер атка мингизип,
    Кайырма калпак кийгизип.
    Чыгарбайт белем, жыйынга,
    Мен курган жыт кылбайт белем мурунга!...
    Сайратсам элдин кашында,
    Санаам жок эле башында.

  • @DIER_NEKIT_RBX
    @DIER_NEKIT_RBX 5 месяцев назад +3

    Доскем менин журогун таза Кыял докен

  • @user-pl1ug6rl8w
    @user-pl1ug6rl8w 2 года назад +8

    колдоо керек мамлекет мындай жигиттерди антпесе жоголот кыргыз салты

  • @naziraakimova5835
    @naziraakimova5835 4 года назад +3

    сайяк бай токтогул бар екенгу байке онорунузго береке ушну емгек синирген наам бериш

  • @user-xh9iq9ci6m
    @user-xh9iq9ci6m 5 месяцев назад +1

    Накта. Чыныгы талант🎉❤

  • @user-tq6dt7oo5q
    @user-tq6dt7oo5q 5 лет назад +10

    Азаматсыз! Онорунон айланайын кыргыз элим😊

  • @user-zj7zn1xd4r
    @user-zj7zn1xd4r 3 месяца назад

    Эн мыкты
    Нукура Кыргызс

  • @user-fd7bk5pu6e
    @user-fd7bk5pu6e 2 года назад +2

    😍😍😍😍😍😍азаматсыз

  • @user-mm8qv6oe9p
    @user-mm8qv6oe9p 6 лет назад +4

    Эн сонун экен

  • @user-wc7fw8no8m
    @user-wc7fw8no8m 2 года назад +2

    Азаматсыз

  • @dastanosmonbekov9171
    @dastanosmonbekov9171 5 лет назад +5

    Молодец байке браво

  • @user-fm5rm7ox6f
    @user-fm5rm7ox6f 6 лет назад +3

    Сонун ырдапсыз обонуна береке дагы ырдап чыгар беш

  • @user-jg7zx8yq3e
    @user-jg7zx8yq3e 11 месяцев назад +1

    Унунуз сыйкрдууго братан окей

  • @akultokoev2490
    @akultokoev2490 5 лет назад +2

    Эн сонун

  • @uchihaobito7819
    @uchihaobito7819 5 лет назад +3

    Эн сонун байке

  • @myktarbekmuratbekov1601
    @myktarbekmuratbekov1601 5 лет назад +6

    көп уулду бололу.☺

  • @user-uj5sy3td1x
    @user-uj5sy3td1x 5 лет назад +3

    иии жени жок кайра келсе керекко дейм

  • @veranikabakirova9137
    @veranikabakirova9137 3 года назад +1

    👏👏👏🌹

  • @jyldyzkurmanieva593
    @jyldyzkurmanieva593 2 года назад

    Бали , бали !

  • @user-bq9qz2ku8s
    @user-bq9qz2ku8s 6 лет назад +1

    Маладес

  • @user-jt9xe2fu4h
    @user-jt9xe2fu4h 4 года назад

    Молодец

  • @nfqghj9030
    @nfqghj9030 2 года назад +1

    Бул талантты дагы молдолор талкалайт го ырдаба куноо деп

  • @user-ip8nq8rf1g
    @user-ip8nq8rf1g 6 лет назад +1

    красавчик

  • @user-rg8ve4uz6z
    @user-rg8ve4uz6z 5 лет назад

    Эн жакшы

  • @janianarkulof636
    @janianarkulof636 2 года назад

    Вапше транска тушосунго сонун ырдаптыр

  • @user-qu3lq9ys2b
    @user-qu3lq9ys2b 5 лет назад +1

    👍👍👍👏👏👏

  • @umsunaisonunbekova7117
    @umsunaisonunbekova7117 5 лет назад +1

    👏

  • @user-pr2re1vx4t
    @user-pr2re1vx4t Год назад

    Ныязалы абама окшош экен кайсыл жерде тартылган

  • @user-rg8ve4uz6z
    @user-rg8ve4uz6z 5 лет назад

    Уууйт дуууйт

  • @maksmaks7580
    @maksmaks7580 6 лет назад

    Жакшы.кайыл

  • @user-ns6uj4zz9r
    @user-ns6uj4zz9r 3 года назад

    ✋✋👍👍👍👍👍👍

  • @user-sr4pu7zs3i
    @user-sr4pu7zs3i 5 лет назад

    👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @joldoshbekov692
    @joldoshbekov692 5 лет назад

    Эдилбек эзгир

  • @user-dp1ij1dy8d
    @user-dp1ij1dy8d 5 лет назад

    👍👍👍👍👍👍👍