Бир ырдын баяны: "Туулган жерге"
HTML-код
- Опубликовано: 16 авг 2022
- Жээнбек Мамбеталиевдин сөзүнө жазылган Бабаравшан Тургунбаевдин "Туулган жерге" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#жээнбекмамбеталиев
#бабаравшантургунбаев
#туулганжерге
"Туулган жерге"
Туулган жерим асыл турагым,
Сезимимде өчпөс чырагым.
Симфония болсоң сен эгер,
Нота болуп сага турайын.
Кереметүү күүлөр куюлуп
Кулагымда турат угулуп
Туулган жерим сенде турбайбы
Айтып бүткүс, кооз, сулуулук
Түшкө кирсе күлгүн жамалың,
Жүз көрүшүп сергип каламын.
А сен болсо бүтпөс чоң дастан,
Бар болгону мен бир сыяңмын.
Обон салган талаа жаңыртып
Кайрыктары миң бир кыялдын
Дептер болсоң сансыз барактуу
Из калтырар мен бир сыяңмын. Видеоклипы
Бар болуңуз Бабакем, элдин уулу аталып. Эл, жерге кызмат кылдыңыз,эсен болуң Бабакем
Дайыма Ден соолукта болунуз !!сизден ырларынызды ырдап журобуз.Унунузго береке!
Ото сонун чыгарма! Илгери баарбыз ушул ыр менен чонойдук го.
Азаматсыз Агай Омурунуз Узун Ден соолугунуз бекем болсун ырларынызды угуп чонойдук Момо жемиштердин бардык туру бышкан Бейиштей болгон Лейлегибиз менен сыймыктанабыз
Адамды сактаган каарытбай,
Бир ырдын баяны тарыхтай
Сонун сөз
Лейлектиктер барбы🖐
Бардаа