Спринг роллы👍👍👍 Сөзсүз жасап көрүңүздөр❗️
HTML-код
- Опубликовано: 19 окт 2024
- Спринг-роллы 🥬
Керектүү азыктар: 8 роллы үчүн.
▪️ Тооктун төш эти 300 гр.
▪️ Бадыраң 2 даана
▪️ Таттуу калемпир 2 даана
▪️ Өсүмдүк майы 100-150 гр. (этти жана роллыны кууруганга)
▪️ Салат жалбырагы 1 байлам
▪️ Творожный сыр 200 гр. (Cremette же Hochland сыяктуу)
▪️ Рисовая бумага 8 шт. (упаковкада 50 шт.)
▪️ Кисло-сладкий соус 4 аш кашык
▪️ Соус терияки же бальзамический соус, мятанын жалбырагы же көк чөптөр, кызыл кургак калемпир кооздук үчүн.
Тооктун этин маринаттаганга:
▪️ Туз 0.5 чай кашык
▪️ Кара мурч 1/3 чай кашык
▪️ Паприка 0.5 чай кашык
▪️ Соевый соус 1 чай кашык
▪️ Сарымсак 1 тишче
➡️ Алгач тооктун этин 20-30 мүнөткө маринаттап коёбуз.
➡️ Бадыраңды, калемпирди узун, ичке кылып туурайбыз.
➡️ Тооктун этин бир аз өсүмдүк майына бышканча кууруп алабыз, болжол менен 7-8 мүнөттө бышат.
➡️ Рисовая бумаганы муздак сууга 50-60 секундага салып жумшартып алабыз, идиш диаметрине ылайын жайпак чоңураак болушу керек.
➡️ Жумшаргандан кийин этияттык менен жайып салат жалбырагын, тооктун этин, творожный сырды, бадыраң, калемпирди салып, эки четин жаап оройбуз.
➡️ Оролгон роллыларды бири бирине тийгизбей коёбуз, жабышып калбаш үчүн.
➡️ Ороп алгандан кийин бир аз өсүмдүк майына эки жагынан кууруп алабыз.
❗️Кууруганда роллы кызарып куурулбайт, ошондуктан отто көп кармаштын кереги жок, анткени ичиндеги жалбырак карайып өңү кетип калат. Болжол менен 1 мүнөткө чейин эле куурулат.
Куурулганда бири бирине жабышпай дагы калат!
➡️ Даяр роллыларды тарелкаларга салып, бетине кисло-сладкий соустан куюп, кооздоп дасторконго коёбуз😉
Тамагыңыздар даамдуу болсун ❤️
Нукура кыргызча жагымдуу анан дагы эн тушунуктуу айтып,корсотуп берген сизге Аллах ыраазы болсун
Сиздин рецебинисти чыдамсыздык мн кутуп кором оото керемет
Соонун колунузга береке
Соонун эже Аллахым ыраазы болсун сизден
Абдан сонун ❤
Азаматсыз
春雨👍
Ассаламу алейкум. Кармаган орозонуздар кабыл болсун... 😊👍
Ва алейкум ассалям, чооң рахмат бирге болсун❤️👍
Айтыныздар маарек болсун соонун 🎉🎉🎉🎉😊😊😊😊🤩🤩🤩🤩
Сонун экен😋😋😋😋
Рахмат!👍👍👍🤩
Ой ой ой Ассаламу алекум кандайсыз барсызбы айт марек кут болсун сагынтырбай чыгып турунуз
❤🎉😊
👍👍👍
Ассаляму алейкум 😊 Кандай кооз 😍😍 Ийгилик 😍 Орозонуз кабыл болсун 😁😁
Колуна береке
Мыкты, ар бир видеонду калтырбай кором... Дагы коп коп видеолорду чыгара бер... 😍👍
Чооң рахмат, абдан кубанычтамын👍❤️😘
Мм сонун🤤
❤❤❤❤❤
Молодец
Соонун экен,созсуз жасайм ❤
Молодец 🎉❤
❤️❤️❤️