Кыргызча минусовка караоке СЕЗДИҢ БЕКЕН тексти менен

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 сен 2022
  • 🎵 Асан Акматовдун сөзүнө жазылган Токтораалы Жоробековдун "Сездиң бекен" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
    🎤РАЯ НУРГАЗИЕВА - Сездиң бекен ырынын үнү бар (плюс) варианты • РАЯ НУРГАЗИЕВА - Сезди...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    Рая Нургазиеванын өздүк ютуб-каналы: / @user-oe9yi7jd1t
    #ыркесе #раянургазиева #сездинбекен #karaoke_kg #yrkese
    ======================================================
    Рая Нургазиева
    "СЕЗДИҢ БЕКЕН?"
    Сөзү: Асан Акматов
    Обону: Токтораалы Жоробеков
    +++++++++++++++++++
    Капилеттен нээтим сага байланды,
    Жүрүп-жүрүп ак сүйүүгө айланды.
    Мурда жүрсөм эч нерседен бейкапар,
    Эми такыр таппай жүрөм айламды.
    Мурда жүрсөм эч нерседен бейкапар,
    Эми такыр таппай жүрөм айламды.
    Көз карашың бир өзүмө дем берет,
    Жылмайышың аба сындуу эң керек.
    Эмнегедир жолукканда мен сага,
    Билбей калам айтарымды эмне деп.
    Эмнегедир жолукканда мен сага,
    Билбей калам айтарымды эмне деп.
    Кыйналганым, кысталганым үчүнбү,
    Кээде үнсүз кармалайсың бүчүрдү.
    Кичинекей ак көпөлөк өңдөнүп,
    Сездиң бекен Ала-Тоодой күчүңдү?
    Эмнегедир жолукканда мен сага,
    Билбей калам айтарымды эмне деп.
    Мурда жүрсөм эч нерседен бейкапар,
    Эми такыр таппай жүрөм айламды.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 11

  • @Yrkese
    @Yrkese  Год назад +1

    🎵Асан Акматовдун сөзүнө жазылган Токтораалы Жоробековдун "Сездиң бекен" ырынын караокеси тексти менен.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

  • @user-jn3nw6xy2f
    @user-jn3nw6xy2f Год назад +1

    Соонун ыр

  • @user-jn3nw6xy2f
    @user-jn3nw6xy2f Год назад +1

    👏👏💐💐💃💃👍👍

  • @user-un8wd5vv3h
    @user-un8wd5vv3h Год назад +1

    👍👍

  • @user-km5uk6wg7j
    @user-km5uk6wg7j Год назад +1

    Керемет ийгиликтер жылоолосун

    • @user-co7ku6lu2f
      @user-co7ku6lu2f Год назад

      Соонун ыр ишинерге ийгилик дагы коп коп чыгара вергиле