"Артыңдан барсам бакчага, Артылып колуң башкага..."

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 18 окт 2024
  • Текебай Мураталиевдин "Акинге" аттуу ырын Элмирбек Иманалиевдин аткаруусунда угабыз.

Комментарии • 37

  • @ЭркайымЮсупова-и1г
    @ЭркайымЮсупова-и1г 4 года назад +18

    КАГЫЛАЙЫН ЗАЛКАРЫМ!!!АР БИР ЫРЫН ИЙИНЕ ЖЕТКИРЕ ЫРДАП,ААЛАМДЫ ЖАН ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН БАГЫНДЫРГАН КОЛ ЖЕТКИС УЛУУ АКЫН!!!СУРАКСЫЗ БЕЙИШТЕ ЖҮРСҮН😢😢😢😢😢🙏🙏🙏🙏🙏

  • @НурбекБекмаматов-б6к
    @НурбекБекмаматов-б6к 4 месяца назад +2

    Азыркынын Токогулу , кыргыздын чыгаанн акындарынын бири элего чиркин, кылымдарга ырдалат анын чыгармплар.Жаткан жери бейиштин тоту болсун.😢😢

  • @АйгулАбдылдаева-н5ь
    @АйгулАбдылдаева-н5ь 3 года назад +8

    Кайран гана талант.Аттин арман.Элмирбек мененЭльмира Кайып кызы чыныгы булбулдар эле да.Эки булбул ээрчишим кете берди.Аттин арман дуйно.

  • @anichkaamatova2320
    @anichkaamatova2320 2 месяца назад +1

    Ананайын залкар иничек .
    Жайини жаннаттан берсин Оомийин

  • @АидаАбыканова-х4ц
    @АидаАбыканова-х4ц 4 года назад +10

    Жаркырап эле жүрө берсе эмне 😢😢😢 канча уксам дагы уккуң, издеп көргүм келет.. Арман дуйно....😢😢😢

  • @КерезБукаева
    @КерезБукаева Год назад +3

    Артыңдан барсам бакчага,
    Артылып колуң башкага, ой.
    Жалынып сүйлөп жатыпсың,
    Жактырбай сени жатса да, ой.
    Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
    Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.
    Ак көйнөк кийсең таптаза,
    Акактай тишиң кашкая, ой.
    Күлмүндөп сүйлөп жатыпсың,
    Гулүндү албай жатса да, оо.
    Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
    Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.
    Карагер аа, минсем токтобойт,
    Капталга малым оттобойт.
    Калкымдан сулуу көп көрдүм,
    Кареги сага окшобойт, эй.
    Кыргыздан ой, сулуу көп көрдүм,
    Кылыгы сага окшобойт.

  • @АйнураМаксуталиева
    @АйнураМаксуталиева 4 года назад +12

    Кайталангыс,кайран гана залкар талант,үнүнүн тунуктугун кара!Жаңырык жаңырат.Бизге өлбөгөндөй эле сезилип жатат.

  • @gulnaragulnara9841
    @gulnaragulnara9841 4 года назад +12

    Барган жерин бейиштин багы болсун!Жаткан жерин бейиштин жайы болсун! Оомийн!

  • @tvladina8517
    @tvladina8517 4 года назад +9

    Кандай кооз ун!!! Обону,созу,ырдаганы,мамилеси баардык жагынан бар Залкар акын эле,ырларын уккан сайын ичибиз ачышат....УШУНДАЙ ЗАЛКАР АКЫН КОП ЖАШАГАНДА ОСУП КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАШТАРЫБЫЗ КАНЧА САБАК АЛМАК,ЖАТКАН ЖЕРИН ЖАННАТТАН БОЛСУН ЭЛМИРБЕК!!!!СЕНИ КЫРГЫЗ ЭЛИ ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙБЫЗ!!! УШУНДАЙ ДЕП АЙТАБЫЗ БИРОК ЖУРОГУБУЗ СЕНИН ЫРЛАРЫНЫ УККАН САЙЫН ЫЙЛАЙТ.....

  • @ДанагулАшимова-ы1ю
    @ДанагулАшимова-ы1ю 4 года назад +5

    Кыргызымдын булбул уну элего чиркин.жаратканым бейишин берсин.

  • @___-uj5fe
    @___-uj5fe 3 года назад +4

    Элмирбектин аткаруусунда деп жазбаса деле уну таанымал, алтындын....мындай ун ото чанда....ырларын бейиштин гул багында жанырып турсун....

  • @zulpuharakbekov5775
    @zulpuharakbekov5775 3 года назад +4

    Омур бизден отсо да. эл эмгектен эскерсин,жаткан жерин жайлуу болсун!!

  • @МахсудаРасулова-ш1з
    @МахсудаРасулова-ш1з 5 месяцев назад +1

    Кайран гана асыл адам😢

  • @АнараӨмүрбековна-т2ф
    @АнараӨмүрбековна-т2ф 4 года назад +5

    Ала Арчанын тоолорун жаңыртып ырдап келдик эле ... Бар болуңуз Түмөнбай Колдошов. Залкар акындын аткаруусунда Ала Арчада жүргөндөй сезип кеттим. Көчүрүп алайын эми.

  • @mirgyltyrkbaeva9633
    @mirgyltyrkbaeva9633 4 года назад +11

    Оо кайран талант!

  • @АйзирекЭрнискызы
    @АйзирекЭрнискызы 3 года назад +4

    Уулу талант таазим сизге 😍😍

  • @АйтолкунСамартканова-т7к
    @АйтолкунСамартканова-т7к 5 месяцев назад +1

    Иииии жанашым

  • @МирланАлишеров-п4б
    @МирланАлишеров-п4б 4 года назад +10

    Мыкты аткаруу

  • @ГулмираМатраева
    @ГулмираМатраева 3 года назад +4

    Каран Элмирбек 😪😪😪😪😪😪😪😪😪

  • @ТашбубуМедетбекова
    @ТашбубуМедетбекова 4 года назад +6

    Эх байкуш журогум

  • @ГульбарчынАйтиева
    @ГульбарчынАйтиева 3 года назад +5

    Кайра,кайра угам

  • @КадыркулШайбеков
    @КадыркулШайбеков 3 года назад +2

    Бул ырдын аталышы Акинге болуш керек эле.

  • @УмутНаматова-з5н
    @УмутНаматова-з5н 4 года назад +5

    😢😢😢азыр да ишене албайм.
    Тумонбай мырза, мумкун болсо дагы Элмирбек аганын ырларынан ырдап чыксаныз,обон жарала элек ырларына обон чыгарсаныз жакшы болот эле.
    Бул менин сунушум. Эске аласыз деген ойдомун.

    • @Tumonbay_Koldoshov
      @Tumonbay_Koldoshov  4 года назад +2

      рахмат! Буйруса

    • @УмутНаматова-з5н
      @УмутНаматова-з5н 4 года назад

      @@Tumonbay_Koldoshov Чыгармачылык эргуу,ийгилик каалайм!

    • @муха2008-ю4щ
      @муха2008-ю4щ 3 года назад

      @@Tumonbay_Koldoshov ырдаганынзга соз жок Маш Аллах коз тийбесин кооп жашан Тумонбай ага

  • @НаргизаТажимырзакызы

    Оуу ойлосом ай сизди ичим сел эээээй😭😭😭😭

  • @КылычбекЭргешов-с3п
    @КылычбекЭргешов-с3п 3 года назад +2

    Айка каяктасын

  • @danislanbektemirov3039
    @danislanbektemirov3039 4 года назад +3

    Түмөнбай мырза мен да сунуштайт элем Зайырбек Ажыматов аганын ырларына да обон чыгарсаңар? арбагы ыраазы болоор эле.

    • @Tumonbay_Koldoshov
      @Tumonbay_Koldoshov  4 года назад +3

      Арыбаңыз! Зайырбек Ажыматовдун "Жарты кайык", "Кош, дебечи", "Неге ыйладың?", "Мунарым" деген ырларына обон жазгамы. Келечекте дагы жазабыз, буйруса

  • @ТашполотоваТашполотова

    👏👏👏👏👏

  • @МухсинМухсин-э2м

    Обонун мурда уктум беле дейм

  • @БактыгулПримбердиева

    Соз жок, ыр угуп буткучо ыр дын ичинде жашаш керек.