Токтобек Асаналиев - Болоюн сенин Боогачың (Official Audio)
HTML-код
- Опубликовано: 13 окт 2024
- Премьера песни
Токтобек Асаналиев - Болоюн сенин Боогачың (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
Follow Toktobek Asanaliev:
...
www.facebook.c...
Болоюн сенин Боогачың
Сөзү: Акбар Рыскулов
Обону: Калмурат Рыскулов
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыстан арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың,
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздотсоң кантем түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Токтобек аке сонун ырдагансыз,кыргыздын чыныгы булбулу 👍
Үнүңүзгө береке Токтобек мырза. Ак-Муздан салам.
Токтобек мырза, Сенин "Кең Тянь-Шань"деген ырды ырдаганыңды угуп биздин бала чак эске келди.Ийгилик каалайм.
Ассалому алейкум мен озум колдон болом бирок ушул ырды уканда Ак-Сай Торугарт эске тушот бул ырдын омур байанын билем деп ойлойм мага Ат-башылык дос баке бир туугандар айтышы бойунча
Кайра кайра уксам да.тажабайм.го атаганат
Сонун уну таза экен
Ушундай ырдар жага баштайт экен чонойгон сайын ☺️👏
Боз туман чалып Тоо башын
Бойлобой турам оо бачым
Боздотбой мага корүнчү
Болойун сенин БОГААЧЫҢ.
Алмаш Кыргыз Мамлекеттик Университетин журналистка факультети биринчи бүткөн. Жашоосун, жаштык курч сүйүүсүн мекенге арнаган.Аллах жаркын, боё ичи тардык, көрө албастык эмне экенин билбеген жанды көп сынады.
Керемет ун!
Канча укксам да тажабайм😊
Унунузго береке
Азаматсың доке чыгармачылык ийгилик!
Унуно береке!Азамат!!!
Токтобек байке ача кайындыдан салам
Байкем кучтуу
Байке жакында нарынга тойго чакырам нарынга
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыстан арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Сонун
Браво 👍👍👍
Калмурат Рыскулов укмуш обон жараткан экен
Мен суйгон ырчыыы❤❤❤❤
Байке мыкты ырдай экен 🤝💪🇰🇬
Боогочын деген создун мааниси кандай болдукен
😊 сонун
ӨРКҮНҮҢ ӨССҮН.АЗАМАТ КЕЛЕЧЕГИҢ АЛДЫДА.
БИРОК БИР СУНУШ КОЛУҢДАН СӨӨМӨЙҮҢДҮ СУНУП АСМАНДЫ КӨРСӨТПӨӨГӨ АРАКЕТ КЫЛУУ КЕРЕК.
Баракелди байке ийгилик калайм
Богаачы атабыз Ат башынын Ак муз деген айылынан чыккан алп акын болгон. Токтобек байкедей. Аркы өйүздөгү айылдан бир сулууга ашык болуп ошондон улам жазылган ыр.
Ашыгым мага жыттатчы.
Аркы өйүз жакка жашынбай деп ырдап жатпайбы.Туалетная бумага эмес.""БОГААЧЫ"" Жакшылап түшүнүп алгыла.
❤❤
💥💫💥💫
Мен озумду богачы сезе берем , Каймана атым богачы,
Богачы деген эмне жаза кетиниздерчи
Адамдын аты Боогачы
Боогачы болуш болгон озунун заманында акын болгон
Укой аттуу кызга арнап ыр чыгарган
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.