Р. Абдыкадыров "Биз экөөбүз" - "Жийде" тобунун аткаруусунда.
HTML-код
- Опубликовано: 4 окт 2024
- "Биз экөөбүз"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан табылгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Же атайы сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен. - Кино
Ииий именно Жийде тобунун ырдаганын таппай жүрдүм эле. Эже рахмат канал учун. Бала кезде арноо концерттен эле күчүбүз
Ушул ырды 2004 жылы телевизордон 1 эле жолу уккам
Бирок радио кыргызстан обондорунан таап алып ар куну угам
абдан мыкты ырдачу
Жийде эженин аткаруусундагы ырды таппай жургом
❤❤❤
Бирок радио кыргызстан обондорунан таап алып ар куну угам