Бир ырдын баяны: "Болоюн сенин Боогачың"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 21 июл 2022
  • Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган Калмурат Рыскуловдун "Болоюн сенин Боогачың" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #акбаррыскулов
    #калмуратрыскулов
    #боогачы
    "Болоюн сенин Боогачың"
    Алмашып күзгө жашыл жай,
    Ат-Башым агат шашылбай.
    Ат кечпей суунун агымын,
    Арманым аттын башындай.
    Боз туман чалып тоо башын,
    Бойлобой турам ооба, чын.
    Боздотуп койсоң ат башын,
    Болоюн сенин Боогачың,
    Алыска арзып мен келдим,
    Адашкан тайлак өңдөндүм.
    Аркы өйүз менен берки өйүз,
    Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
    Боздосоң кантип түтөйүн?
    Болжогон күндү күтөйүн.
    Боогачың болуп мен сенин,
    Боюңдан издейм, Үкөйүм.
    Ачыгын айтсам жашырбай,
    Арманым аттын башындай.
    Ашыгым, менин көрсөтчү,
    Аркы өйүз жакка жашынбай.
    Боз туман чалып тоо башын,
    Бойлобой турам ооба, чын.
    Боздотуп койсоң ат башын,
    Болоюн сенин Боогачың.
    Боздосоң кантип түтөйүн?
    Болжогон күндү күтөйүн.
    Боогачың болуп мен сенин,
    Боюңдан издейм, Үкөйүм.
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 5

  • @mamatapyzov5191
    @mamatapyzov5191 Год назад +3

    Акбар агай созун сонун жазгансыз рахмат акындык дареметинизге. Токтобектин аткаруусунда ийине жекире.аткарылган
    Талантын оркундой берсин унуно береке.

  • @user-eg7zb2fi7g
    @user-eg7zb2fi7g Год назад +5

    Мыкты чыгарма.

  • @user-fv5bk3gy6v
    @user-fv5bk3gy6v 4 месяца назад

    Обону ырга төп келген,керемет аткаруу👍

  • @gbbvvv6622
    @gbbvvv6622 Год назад +3

    Акбар агай,бул ыр тарыхтын баяны.аткаруучуга да жарашкан.кээ бир ырлар өткөн өмүрүңдүн кайталангыс баяны.бар болуңуз замандаш.

  • @user-zx7vv9vb5i
    @user-zx7vv9vb5i Год назад +1

    Бул ыр Токтобек Асаналиев учун жаралгандай.Сонун чыгарма сонун аткаруу.