Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 сен 2024
  • Урматтуу мекендештер!
    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен куттуктайм!
    Эски жылды узатып жатып, жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыктарын чыгарып, келе жаткан жаңы жылга жакшы максаттарды алдыбызга коебуз.
    2023-жыл жалпыбыз үчүн жемиштүү, ийгиликтүү жылдардан болду. Өлкөбүз экономика, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, курулуш, өндүрүш, спорт жааттарында жана башка дээрлик баардык тармактарда өнүгүү көрсөткүчтөрүнө жетише алды.
    Бул жетишкендиктер келе жаткан жаңы 2024-жылында дагы уланып, мындан кийинки жаңы жылдарды дагы тосуп жатып, жетишкен ийгиликтерди белгилөө жакшы салтка айланат деген терең ишеничтемин!
    Алдыга койгон максаттарга жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликтин, мамлекетибиздин өсүп - өнүгүүсүн эңсеген мекенчилдик маанайдын жана бекем ынтымактын негизинде гана ийгиликтүү жетише алабыз.
    Урматтуу мекендештер!
    Жаңы жылда сүйүктүү өлкөбүздүн бардык жашоочуларына Жараткан бекем ден соолукту, бактылуулукту жана ийгиликтерди берсин. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, токчулук, ынтымак жана туруктуу өнүгүү болсун!
    Дагы бир жолу, сиздерди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен куттуктайм!
    Чын жүрөктөн каалоо менен,
    Алмазбек Акматов

Комментарии • 1