“1 литр суу 30 сом, 1 литр сүт 25 сом”. Таласта эл сүттүн арзандашына нааразы.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 5 фев 2025
  • Таласта сүттүн арзандаганына нааразы болгондордун митинги өтүп жатат
    Облустук акимчиликтин имаратынын алдына ондогон адамдар, негизинен аялдар чогулду. Сүттүн баасы арзан болгондуктан, уйду кармоо пайдасыз болуп калганын айтышууда.
    Митингдин катышуучуларынын бири сүттүн литри 25 сом, ал эми дүкөндөрдө бир бөтөлкө суу 30 сом экенин айтып, мисал келтирди.
    Чогулгандар ветеринардык кызматтын өкүлүн укпай, Садыр Жапаровго кайрылууну көздөшүүдө. Буга чейин мындай нааразылык акциялары Чүй облусунда болгон.

Комментарии •