Жакшы бала боломун КАРАОКЕ

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 фев 2025
  • #Жакшы_бала_боломун,# Балдар_ырлары, #Балдаргы_ырлар,
    ЖАКШЫ БАЛА БОЛОМУН
    Музыкасы: Бакай Джумабаев
    Сөзү: Айнара Баатырбек кызы
    Жакшы бала боломун.
    Жамандыкты жоёмун.
    Айтканыңды аткарып,
    Көңүлүңө толомун.
    Кайырма:
    Ай, ай, апакем!
    Боло көрбө капа сен.
    Ой, ой, атакем!
    Кетирбеймин ката мен.
    Агызбаймын жашыңды.
    Бала болуп акылдуу.
    Эр азамат болуп мен,
    Чыгарамын атыңды.
    Кайырма:
    Ай, ай, апакем!
    Боло көрбө капа сен.
    Ой, ой, атакем!
    Кетирбеймин ката мен.
    Айтканыңды кыламын.
    Тарпагыла убайым.
    Тапшырмамды аткарып,
    Жакшы маанай сунамын.
    Кайырма:
    Ай, ай, апакем!
    Боло көрбө капа сен.
    Ой, ой, атакем!
    Кетирбеймин ката мен.

Комментарии •