"Герцен" музейи - райондогу жаштардын тагдыры талкууланды

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 6 сен 2024
  • ЖК депутаты ‪@ruslanjakyshov‬ 7-февралда өткөн жалпы отурумда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовко кайрылды.
    Эл өкүлү министрликтин кыргыз жарандары жашаган Түркия өлкөсүндө маданий борборлорду ачуу жакшы демилге экенин айтуу менен жергиликтүү көйгөйлөрдү көтөрүп кетти.
    Атап айтканда; Бакай-Ата районундагы Герцен атындагы музейдин менчигин министрлик өз балансына алуусун айтты. Министр мырза, музейди жергиликтүү кеңештин депутаттары макулдугун берсе эле өз балансына алаарын айтты.
    Депутат Жакышов, ошол эле райондо жаштар саясатынын адиси аттуу штаттык бирдикти ачууну табыштады. Себеби мындай адистер Кыргызстандын бардык райондорунда ачылган.

Комментарии • 4

  • @user-rw7br4mv4z
    @user-rw7br4mv4z 7 месяцев назад +1

    Айыл аймактарда жаштар комитети ачылса жакшы болмок.

  • @Kairat_07
    @Kairat_07 7 месяцев назад +1

    Герцен музейин мамлекеттик баланска өткөрүп берүү боюнча эки тараптын тең кызыкчылыгы сакталган бир дагы сунуш боло элек.
    Министрлик музейди толук (жери, имараты, ичиндеги баардык экспанаттары жана башкаруусу менен) өткөрүп алабыз деген сунуштар болгон.
    Бирок жергиликтүү кеңеш "Министрлик музейдин башкаруусун (каржылоосун) алып, имарат муниципиалдык баланста калтырылы, экспонаттардын коопсуздугуна (бул жерден башка жакка чыгып кетпесин деп) кепилдик сурап келет.

  • @user-qn5we8ob7b
    @user-qn5we8ob7b 7 месяцев назад +1

    Жаштар адиси түзүлсүн

  • @Kairat_07
    @Kairat_07 7 месяцев назад +1

    Бакай-Ата районуна жаштар адиси керек. Атайын жаштар иштери, мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча штат ачылып, өзүнчө адис болгону жакшы. Маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине бул милдетти "жүктөп" кою менен иш натыйжа бербейт.
    Бакай-Атада 2016-жылы бул штаттын ваканттык ордуна талапкердин жок болгонуна байланыштуу жоюлуп кеткен.