Руханий тарбия!

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 22 окт 2024
  • • Окуучулардын жан дүйнөсүн кантип байытсак болот?
    • Балдарга диний тарбия берүүдө кандай ыкма колдонуу керек?
    • Баланын жөндөмүндөгү жок нерсени талап кылуу туурабы?
    • Z муунунун өкүлдөрүнө ата-эне же мугалим кандай мамиле кылуу керек?
    • Эфирди көрүп аткан ата-энелер педагогикалык билимди кайдан алышса болот?
    • Эмне үчүн учурда мугалимдерге карата сый урмат кетти?
    • Бала тарбиясы боюнча же балдарды китепке кызыктыруу боюнча кайсыл булактарды сунуштайсыз?
    • Кандай ыкма менен балдарыбызга динди тааныта алабыз?
    • Сиздердин мектебиңиздерде Куран үйрөтүү кружоктору барбы?
    • Комфорт жашоо балдарга терс таасирин тийгизеби?
    • Тарбияда негизги ролду ойногон энелерге 40 жылдык мугалим катары кандай кеңеш бересиз?
    • Кайнене келин көйгөйү коомубузда көп кездешет. Мындай көйгөйлүү үйдөгү бала тарбиясына кандай ыкманы сунуштайсыз?

Комментарии • 81

  • @janaraajieva9613
    @janaraajieva9613 Год назад +76

    Мен апам (кайненем) менин жасаганымды жактырбай коп жанжал салат. Кол которгонго чейин барды, унчукпай чыдадым, мени атам согунбогон то есть уйдо бир да адамды тилдеп согунбогон адам, бирок, кайненем мени урушкан сайын ото жаман создор тилдеп, соккон учурлары коп болду. Ал бироо урушуп кетсе катышпай калса, мени да ал адам менен суйлошпо дейт, балам балдары менен ойносо аны дагы ойноттурбайт. Апа туура айтат кайнене айтып койсо созу эч нерсе болбойт угуш керек деп бирок, келинин кун катары коруп, кун корсотпой каалагандай кылган энелерге деле жакшылап сабак берип койсонуздар болмок.😢Канча келиндер кор болуп унчукпай чыдап жашаган менен акыры журуп оорулуу болуп же, озун озу жанын кыйганга чейин барышат.

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Год назад +10

      Начар адамдар көп да сиңдим,өкүнүчтүүсү көп экен сиз айткандай кайненелер. Бөлүнүп эле кутулбасаңар. Ал адатын калтырбайт,же катуу сыноо башына түшсө өзүнө келиши мүмкүн. Менин кайненем расвтылык мисалы өтө жакшы киши болгон,бир дагы ай келин деген эмес,кызым деп сүйлөчү,ишенсеңиз өзүмдүн апаман да көбүрөөк жакшы көрүп,жакын болчумун😢 айыкпас дарт менен ооруп,тез өтүп кетти. Бейиштик болсун 😢

    • @JibekJaldykbaeva
      @JibekJaldykbaeva 4 месяца назад +1

      Эжеке мен да оору болуп калдым улам биринен айыксам бири чыгат ушулар деле нервтен экенда болбосо 25 жаштамын кандай жол аркылуу чыгам билбейм, өзүм тайатамдын колунда өскөн элем ал киши Аллахым ырахматына алсын өтүп кетти. Балдарыма кандай эне болом акыларына кирген жокмунбу деп ошондон корком

    • @МеербанРустамова
      @МеербанРустамова 4 месяца назад

      туура мен дагы созуно кошулам кыйынчылык мн балдарымды чонойтум мен да эстесем ошончо жукту кантип чыдап кун откордум 😢ата энелерге дагы тарбия болуш керек энен жок жетим деп кемсинтип 😢😢😢
      айта берсе соз коп молдонун кемпири ушундай???????

  • @ummismail4714
    @ummismail4714 Год назад +22

    Аллохума барик !❤️ма ша Аллах эже ,менда озумду тарбиялап ,балдарымды туура динде тарбиялаганга,Кур’ан менен суннот менен жашаганга ,аракет кылам .Ин шаа Аллах сиздей ыймандуу грамотный Салиха апаларыбыз кобойсо аалам онолот.

  • @СашаСавельева-р2м
    @СашаСавельева-р2м Год назад +25

    Мага абдан жакты. Дин менен илим- билимди айкалыштыра билген мыкты педагог экен.

  • @j.tolgonai_psy
    @j.tolgonai_psy Год назад +14

    Туура, азыр мектептен тарбияны талап кылган ата - энелер бар.
    Ар бир ата-апа билим алып издениши керек .

  • @Мэка-х1щ
    @Мэка-х1щ Год назад +9

    МаашаАллах, сиздин мектепте иштоо мага да насип этсин, мыкты инсан экенсиз. Омурунунузго береке

  • @онугуосууозгоруадлетуу

    ОО Жараткан Мееримдуу Райымдуу Аллахым!!! элибиз келечек муун балдарыбыз дили ыйманга тилибиз зикирде берекелуу жашайлы 🇰🇬🤲🤲🤲🤲

  • @Айгерим-ф7р
    @Айгерим-ф7р Год назад +6

    Жакшы тарбия жаатында дин жаатында кенеш бериптир ушундай адамдарыбыз коп болсун

  • @ЭркингулМаматова-н8в

    Эң сонун маек болуптур.Бул каналды сүйүп угам турган болдук..Сиздерге баракелде дейм. Тарбия жаатында мыкты маектер уюштурасыздар.

  • @СашаСавельева-р2м
    @СашаСавельева-р2м Год назад +6

    Эже туура айтат,ата- эне озулору улгу болуш керек. Динге кыйнап алып келе албайт эч кимди. Журоко киргенде гана баары болот.

  • @АлтынайАлдозова-р5ф

    Аллах ыраазы болсун! Өмүрүңүзгө береке, эжекем! Мен сизге суктандым!

  • @ТолобубуАсанбекова

    Нурила апа аман болуңуз! Ден соолук каалайбыз!

  • @БурмакульМедетпекова

    Маашаллах.Аллах ыраазы болсун.

  • @ЖылдызСариева-э5т
    @ЖылдызСариева-э5т Год назад +4

    Кандай керемет суйлойсуз, өткөндө Кантка дааватка келгенде баяндан сизди уктум эле.Аллах сизден ыраазы болсун

  • @Комната11-э8э
    @Комната11-э8э Год назад +3

    Омурунуз узун бактылукту АЛЛАхыбыз насип кылсын

  • @ЭлмираНизамиева
    @ЭлмираНизамиева 4 месяца назад +2

    Кандай сонун алтын кенештер , бизге да ушундай акылман мээримдуу эне болуш насип кылсын

  • @онугуосууозгоруадлетуу

    Алла ыразы болсун ! кайра кайра уктум салт санабызга ыйманга бекем жашайлы

  • @gulzira8709
    @gulzira8709 Год назад +4

    Аллах пайдалуу илим билим берсин баарыбызга, жугумдуу, берекелүү болсун

  • @ШамуратоваКулукан

    Нурлан,Сиздин тарбияңызда
    өскөн балдар,жаштарга өрнөк болот!Ден-соолук,ишибизге
    ийгилик,АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН!

  • @tolgonaimoon5662
    @tolgonaimoon5662 Год назад +2

    Адилеттуу Кайнене аябай аз болуш керек . 100 % дан 1%эле

  • @БусайраАйдаров
    @БусайраАйдаров Год назад

    Маа шаа АЛЛАХ 👍.
    АЛЛАХ ыраазы болсун баарыбыздан. 🤲

  • @РдрДпдр
    @РдрДпдр 3 месяца назад

    Ушул мектепке практикага чыккан элем Нуриля эжей абдан сонун эжей экен❤

  • @АаламАалам
    @АаламАалам Год назад

    Маш Алла,, сонун, эжеке ишинизге ийгилик, жонокой тил мн тушундурдунуз, рахмат

  • @aishatoktomatova3097
    @aishatoktomatova3097 Год назад +4

    МаашаАллах
    Аллах ыраазы болсун.

  • @ТохироУмми
    @ТохироУмми Год назад +7

    Ма шаа Аллах 🇰🇬🧕 Өзгөн(1)

  • @burmacherikbaeva7704
    @burmacherikbaeva7704 Год назад

    Аллах сизге ден-соолук берсин, сизден көп үлгү алдым.Аллах ыраазы болсун!!!

  • @ЗуваидаБургханкызы-у8д

    Аллах ыраазы болсун

  • @aigerimozkorbekova9267
    @aigerimozkorbekova9267 Год назад

    Маа шаа Аллах 😊Кандай суйкумдуу,онуккон ЭНЕ🫶🏻

  • @peplperl8810
    @peplperl8810 Год назад

    Абдан сонун кеңешиңизди берипсиз.Өмүрүңүзгө береке

  • @jumagulatekova8633
    @jumagulatekova8633 4 месяца назад

    Нурила эже.
    Алла ыраазы болсун.
    Сиз мыкты пендесиз.
    Ийгилик сизге

  • @aitolkunnukeeva8443
    @aitolkunnukeeva8443 4 месяца назад

    Кыргыз элимде сиздей эл агартуучу татыктуу апалар коп болсо экен ,билиминизге таазим ,ар бир созунуздооругуздо терен тарбия бар экен ❤

  • @ОгулханЭшатова
    @ОгулханЭшатова 4 месяца назад

    Маша Аллах эң сонун кеңештерди айттыңыз.Дин жөнүндө сөз болсо чоңдор да эски нерселерди козгойсунар деп качкандарды көрөбүз,чынында тарбия жөнүндө эң туура деп табылып жаткан башка элдин усулдары өзүбүздүн динде көрсөтүлгөн,бул чындыкты сиз сонун түшүндүрүп бердиңиз Аллох ыраазы болсун

  • @BaktygulKadyrova-rq4ol
    @BaktygulKadyrova-rq4ol 8 месяцев назад

    МааШааАллах 😍 Аллахым ыраазы болсун ишиңизге ийгилик каалайм 🎉

  • @НурайымЭсенбаева-ж1н
    @НурайымЭсенбаева-ж1н 4 месяца назад

    Аябай билимдүү, ыймандуу,орундуу апа экен.Ар бир созу орундуу.Омурунуз узуун болсун !Дагы билимиңизди бөлүшүп туруңуз.

  • @erkeayimjorobekova1356
    @erkeayimjorobekova1356 4 месяца назад

    Салам Нурила ,сен азаматсын,ар дайым алла райымын токкон болсун,ийгиликтуулордон боло бер.❤

  • @kanykei-cg3or
    @kanykei-cg3or 4 месяца назад

    Сиздей ыймандуу, билимдүү апаларыбыз көп болушсун🤲

  • @БакытбекЧайишов-л3ж
    @БакытбекЧайишов-л3ж 4 месяца назад

    Саламатсыздарбы. Мен учун аябай сонун сабак болду. Сонун маек болду. Тушунбогон коп создорду тушунуп баштадым.

  • @ГулсараАбдималиков

    Гапыр Агай биз жакада келсинчи дордой келечекке

  • @HazBalltaeva
    @HazBalltaeva 4 месяца назад

    Сизге рахмат менин оюмча кыргыз элинин маданияты салт санаасы урп адаты улууну сыйлоо кичинук ызатто деген коптогон тартип таалим менен тарбиялашыбыз керек

  • @Samira-c8r
    @Samira-c8r 8 месяцев назад +1

    Апа ото туура суйлойт экен

  • @simple.kg_3127
    @simple.kg_3127 Год назад +2

    Маша Аллах, туура айтасыз

  • @тууражол-л7м
    @тууражол-л7м Год назад

    Сиздин каналга ийгилик

  • @ЭргешовМирлан
    @ЭргешовМирлан 5 месяцев назад

    Ушундай мугалимдер коп болун

  • @АлияАлымова-е9х
    @АлияАлымова-е9х Год назад +6

    Эн туура айтасыз. Аллахым узун омур берсин сизге⚘️⚘️ Мансур байке сизден да Аллах раазы болсун.

  • @АльбинаЭшмаматова-ю2д
    @АльбинаЭшмаматова-ю2д 9 месяцев назад +1

    Токтоо ушундай сонун апалар кобуроок болсун!

  • @SazhiraSubanalykyzy-mn5lt
    @SazhiraSubanalykyzy-mn5lt 4 месяца назад

    МашАллах

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 Год назад +6

    Куранды жаттабаш керек,Куранга амал кылуу керек,Куран эскертуучу китеп Ыймансыз болсонор жазалаймын Худтун Элин Нухтун элин жазалагандай деген маани болот,Аны наизусть жатташтын кереги жок,Окуп амал кылуу керек,

  • @БакытбекЧайишов-л3ж
    @БакытбекЧайишов-л3ж 4 месяца назад

    Кайненем жакшы аял экенин бироолордун кайнелеринин кылганын коруп билип, туюп калам

  • @gulzira8709
    @gulzira8709 Год назад +2

    Ма шаа Аллах

  • @ТорокулУбайдуллаев

    Ассалому алейкум.Мектебинер каерде?

  • @Сайрагул-р7с
    @Сайрагул-р7с 4 месяца назад +1

    Мугалим эжей туура айтат ыйман деген эн керек

  • @user-hz5jf8lm9t
    @user-hz5jf8lm9t Год назад +5

    Я ваша новая подписчица...надеюсь хороший канал...спасибо..

  • @kanymtoktalieva7512
    @kanymtoktalieva7512 13 дней назад

    Давха мектебинен кучтуу мугалимдер кеткендиги окуучулардын билим денгээлинен билинип калат экен, начар болуп кетти😢

  • @dinasultanova6621
    @dinasultanova6621 4 месяца назад

    Биз уй булону жакшы туптоп еркек оз милдетин аял оз милдетин аткарсак жакшы .

  • @ДоорбайШарапов
    @ДоорбайШарапов Год назад

    Ассаламу алайкум.мектебинер кайда жайгашкан Бишкектеби

  • @МадинаБейшекеева
    @МадинаБейшекеева 4 месяца назад

    Ассаляму алейкум кандайсыз менин класс жетекчим

  • @Чолпон-ы1ф
    @Чолпон-ы1ф 4 месяца назад

    Биздин курсак эле ток,рухубуз ачка,ошондуктан жакшы созго акылга муктажпыз,курсактын токтугунан башка нерсе журокко кирбей калган,куноо озубуздо....издениш керек.....

  • @balanyonukturuu
    @balanyonukturuu Год назад +1

    Баланы биз жок дегенде 8 айынан өнүктүрө баштайлы,сегиз айынан баланын өнүгүү нормасын интернеттен карагыла,туура өнүгүп жатабы,физикалык,психикалык жактан байкап тургула урматтуу ата-энелер. Төрөп коюп эле,курсагы тойсо болду эмес,кийими бүтүн болсо болду эмес. Майда жана жалпы моторика деген бар, манжаларынын кыймылдашы,дене-боюнун кыймылынын туура өсүшү,туура өнүгүшүнө маани берели. Бул чоң тема,изилдегиле.

  • @МасеитоваБубухаба

    Ассалому алейкум эже суйлогон унунуз
    Октом Абдивалиеванын
    Унунуз окшош экен бир туулган эмесизби.?

  • @ТурсунайСулайманова-н7ч

    👍👍👍👍

  • @АйзадаМамытова-ч7и
    @АйзадаМамытова-ч7и 4 месяца назад +1

    Саламатсызбы, бул мектеп кайсыл жакта?

  • @ЧынараАматжан
    @ЧынараАматжан Год назад

    Менин балам кыргыз мектепте окуйт ,бирок орусча жакшы окуйт

  • @peplperl8810
    @peplperl8810 Год назад

    Бирок,айтарым тарбиялап жаткан балаңа кайната-кайнене кошо кирише берсе эмне кылыш кк.Балаңды ур катуурак карма деп,кошо кол көтөргөн учурлар болот балага.Андай чоң ата-чоң энелерге кандай кеңешиңизди бересиз.?

  • @sezim167
    @sezim167 Год назад

    😘😘😘

  • @cyfjcjvjcfjchjhdudh4768
    @cyfjcjvjcfjchjhdudh4768 Год назад +2

    Мугалимдер (катуу айтсам кечирестер)балдарыбызга ,,жакшы соз жыланды ийинден чыгарат ,,дейт кайдыгер мамилеле кылышат .баары эле эмес70,80%,урушуп ,уруп эмес балдарга ЖАКШЫ СОЗ менен тарбиялашса

    • @ОрозгулКалмаматкызы
      @ОрозгулКалмаматкызы Год назад

      Саламатсызбы мугалимдер балага өз баласынан артык сылап сыйпап мамиле жасашат айрыкча азыркы мезгилде биз баштагы мугалимдер урушуп уруп эле тарбиялашкан андан ошол балдар кемип кеткен жери жок бир жакшынакай болуп эле окуп бүтүшкөн ата - эне мектепке балдарыбызды жоготкондо мугалимдин сөзүн ук ал эмне десе аткар деп аны сыйла бир да сөзүн калтырбай ук дешибиз керек мугалим билим берип ата - эне балдарыбызды тарбияласак коомго жакшынакай балдар өсүп чоңоёт үйдөн ар бир тапшырмасына көңүл бөлүп аткаруусуна комоктошубуз керек төртүнчү класска чейин үйдөн багыт берип койсок андан ары өз алдынча болуп алып кетет

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Год назад +1

      ​@@ОрозгулКалмаматкызы мугалимдер, Совет маалында көбү өтө аша чаап кеткен. Психологияны такыр үйрөнүшкөн эмесго дейм. Апам айтып берсе шок болом. Указка менен колун канжалата чапкан экен мисалы сулуу жаз деп апамды,или кемсинтчи экен кедей-кембагал,ичкен адамдардын балдарын дайым артка тартчу экен,шок болосуң. Нарында,Мин-Кушта окуган экен. Психикасын өлтүргөн балдардын. Мына 50 жыл өтсө да көзүнө жаш алып эстейт. Азыр туура билим алып жатышат. Уруштун чеги болот.

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Год назад +1

      Туура айтасыз,бирок азыр менин оюмча жакшырып калды мугалимдер. Мурун өтө начар,адамгерчилик жок мугалим көп болгон экен,Совет маалында. Ал эмес мен өзүм окуп жүргөндө,бирок ошол мугалимдер да Совет маалынын мугалимдери берчү да бизге,кадимкидей балдарды,жакшы окуй албагандарды, колунда жокторду кемсинтүшчү. -Кебетесин кара,шөлдүрөгөн. Же -Дөөдүр деген сыяктуу сөздөр,сөздөр эмеспи баланы жок кылган. Балдарыбызды тизелетип, жерге башын тийгизип,ар бирин көчүккө тээп чыкчу мисалы,агай.Алар жерди сүзүп,полду. Ошол жакшы нерсе эмесда. Ал маалда маани берчү эмесмин. Кийин мугалимдикке окудум,психологияны окудук аябай,өтө туура эмес мамиле кылынат экенда. Ал эми өзүм балалуу болгондо,ойлондум,кимдин акысы бар менин баламды тепкенге деп. Же кемсинткенге 😢Аллах сактасын андай учурга кездеше элекпиз,балам 3-класс. Бирок мен жол бербейм,аны менен бирге балдарымды мугалимди угууга,урматтоого тарбиялайм.

  • @АйдайСатыбекова-е5ч

    Кайсы жеке мектепте иштейт экен эже?

  • @АйзадаЖоробекова

    Кылгабыла болуп калыптыр бааашкы бетиндеги темасы 40жылдык тажрыйбасы бар мугалимге ката темасы жазылса куник корунот экен

  • @venera71
    @venera71 Год назад

    Кандай тушунсо болот кыргыз мектеп жок болчу деп жатат башында

  • @satjdbbcfyk2445
    @satjdbbcfyk2445 4 месяца назад

    Эй Келин канча Балан бар же болунуп жаша же АжырашЫп менин балама куйоого чык мен жакшы Келин кылып алам бироого Зар бироого кор Деген ото туура соз

  • @Nuraym-ob6hq
    @Nuraym-ob6hq Месяц назад

    Кыргызчаны биринчи оздоштуруп алуу керекта

  • @Nuraym-ob6hq
    @Nuraym-ob6hq Месяц назад

    Динди суйолубу же Кудайды суйолубу кайсынысын суйолу

    • @nilufarabdygaparova3905
      @nilufarabdygaparova3905 8 дней назад

      Дин-бул баш ийуу,Аллахтын эрежеси.Динди суйуп,сыйлаганыбыз Аллахты суйуп,сыйлаганыбыз...