ГАПЫР АГАЙ //ЭНЕЛЕРГЕ БАЛДАРДЫ КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК ЭКЕНИН АЙТТЫ//

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 18 мар 2023
  • Эгерде сиздерге видео роликтер пайдалуу болуп жатса бөлүшүп койунуздар 👍👍👍
    БУЛ КАНАЛ СИЗДЕРГЕ ЖАКШЫ НАСААТ, ТААЛИМ, ТАРБИЯ БЕРУУ МЕНЕН БИРГЕ ЖАКШЫ МАКСАТТА КЫЗМАТ КЫЛАТ!!!
    #гапырмадаминов #нуржигиткадырбеков #абдишүкүр_нарматов #БИЛИМTV

Комментарии • 293

  • @Kapkan_-pj4kv
    @Kapkan_-pj4kv Год назад +215

    Агайды билим министири кылыш керек

    • @user-ks9wg2rg6p
      @user-ks9wg2rg6p Год назад +3

      Кеңешчи болду ...

    • @user-sy1zq1yn6v
      @user-sy1zq1yn6v Год назад

      @@user-ks9wg2rg6p ш6

    • @user-gf8ww6gp9e
      @user-gf8ww6gp9e Год назад +2

      Туптуура кошулат элем

    • @berma-gk3ox
      @berma-gk3ox Год назад +4

      Эн туура министр болуш кк агай

    • @aselakmatova7442
      @aselakmatova7442 Год назад +3

      Мен да кошулаар элем.
      Крокодил 🐊 дин ордуна келсе жакшы болбок.

  • @user-fs8ms8ir7f
    @user-fs8ms8ir7f 10 месяцев назад +8

    Мен жалгыз бой энемин..куйом отуп кеткенде апама 2 баламды карап бериниз уй жай кылып алайын десем.....каршы чыгып койду ле......кийин тушундум туура кылган экен деп...апама ырахмат айттым....азыр агай айткандай тарбиясы жакшы кылып балдарымды чойойтуп алдым..студент болду..уй кылдык Аллага шугур кылам....уйдо эне главный ролду аткарат экенбиз

  • @user-oo3hp8ls4f
    @user-oo3hp8ls4f Год назад +50

    Агайдын өмүрү узун болсун

  • @nice_woman
    @nice_woman Год назад +61

    Гапыр агай, билимиңизге, идеяларыңызга, кылган мээнеттериңизге Аллахым ыраазы болсун! Өмүрүңүз узун болсун, ден соолук берсин Аллахым! Мен да педагогмун, бирок турмуш-шартка байланыштуу мектепте аз эле жыл эмгектенгенмин, билимиме шайкеш келген Алла берген таланттарым бар. Мугалимдик кесипке шыктуумун. Менин да жеке оюм бар эле. Туура айтасыз, бала тарбиясында эненин ролу өтө чоң. Анан бир исключение бар бул жерде. Бала тарбиясы өтө олуттуу маселе болгондуктан бала тарбиялап жаткан энелердин да маанайы бул жерде өтө маанилүү. Ата сөрөйлөр биздин улутта көбүнчө, өтө копол мамиле кылышат. Энелердин жүрөгүн көбүрөөк оорутуп коюшат. Маанайы жок эне бир күн кечке жүрөгүнө эч нерсе түтпөйт. Баягы айтат эмеспи: "жаман сөз жан кейитет, жакшы сөз жан эргитет",-деп. Балам жакшы тарбия алсын деген ата алардын энесине жакшы мамиле кылуусу керек. Үйдө балдардын көзүнчө аялы менен кырылган эркектер учурда көп эле. Теңме-тең аял менен алышкандар бар. Жашоого бир аз романтика киргизсе мырзаларыбыз жакшы кетет деп ойлойм. Бала тарбиясында эне да, ата да эриш-аркак иш алып баруусу шарт. Баланын көзүнчө болгон уруш жаңжал баланын жан дүйнөсүн жабыркатат. Ошондуктан аталарга өзүнчө, энелерге өзүнчө мектеп ачуубуз керек деп ойлойм. Үй-бүлө бүтүн жана бекем болсо анан мамлекет бекем болот. Энелер да убагында эс алып, убагында жолдошу тарабынан керектүү камкордуктарды көрүп азыктанып туруусу зарыл деп ойлойм. Керели кечке үй жумуштары, бала тарбиясы менен алышып отурса кечке жуук жолдошу да жолдошко окшоп эмес эң чоң баласына окшоп, копол сүйлөп кирип келет. Жумушка кетип жатып да эненин маанайын түшүрүп, кагып-силкип чыгып кетет. Ошол нерселерди токтотуп, баарынын мүнөзүн оңдогону жетишсек да сонун болмок. Ошондо мамлекет өнүгөт белек? Ата-энелердин жаңжалын көрүп психикасына жарака кетип чоңойгон уул-кыздарыбыз келип, бир кесиптин ээси болуп иш орунга отурат. Анан ошондо менде да мындай болгон деп өч алмай башталат да. Караңгы үй-бүлөлөргө сабактарга чакырып, жалпы кесип ээлери жабыла биригип жер-жерлерде сабак өтчү болсок жакшы ийгиликтерге жетишсек керек деп ойлойм. Мээнетибиз мөмөсүн берчү болсо ана ошондо көр Кыргызстандын гүлдөгөнүн. Балдарым буйруса садикке бара турган жашка жетип калды. Мен да даярмын салым кошкону. Кызыл дипломдун ээсимин.

    • @harunosakura3275
      @harunosakura3275 Год назад

      Все верно! Поэтому я не хочу выходить замуж за Кыргыза.

  • @user-xd4gu8tj1c
    @user-xd4gu8tj1c Год назад +19

    Мен мектепте окуган убакта ушундай честный мугалимдер болгондо мен чоон ийгиликтерге жетмекмин,мектепте эле экзаменде дайым беш алып жургон сабагымдан 4ко тушуруп коюшкан ,себеп мен алар сураган нерсени бербей калганым учун ,ал эми окуу жайлар акча деп жолоткон да эмес.

  • @ranarana6424
    @ranarana6424 2 месяца назад +1

    Агайдын омуру узуун болсун АЛЛАХЫМ ден соолук берсин Оомиин

  • @user-jx5ct8se8o
    @user-jx5ct8se8o Год назад +17

    Китепти кантип кайдан алсак болот маалымат берип коюнузчу админ

  • @user-kc3co9ry8e
    @user-kc3co9ry8e Год назад +36

    Эн туура! Ар бирибиз ушул кенештерди журогубузго синирип алуубуз керек!

  • @user-wp1cn7go9e
    @user-wp1cn7go9e Месяц назад +1

    Бийлик ушундай адамдь билим беруу министр кыльшь кере эле да эмнени карап жатьшат❤❤❤😮😮

  • @avazbekmaksytov5312
    @avazbekmaksytov5312 Год назад +20

    Бул илимдерди мен 25 жыл кутком рахмат ага коп жашан Отто курч пикир

    • @user-xw4ln9yo3l
      @user-xw4ln9yo3l Год назад

      Керемет создор агай бар болунуз билиминизге таалим кылабыз

    • @user-mg2gp9eq5l
      @user-mg2gp9eq5l 6 месяцев назад

      Туруайтасынармендакутком

  • @user-mr4uj7nu1t
    @user-mr4uj7nu1t Год назад +21

    Эн туура создор айтылып атат.

  • @nurbekomuraliev6085
    @nurbekomuraliev6085 Год назад +19

    ☝️👍👍👍👍👍 Чыныгы патриот Кыргыздын Гапыр агай

  • @user-sk6fe8ik1y
    @user-sk6fe8ik1y Месяц назад +1

    Аагай билиминизге таазим менинда уулдарым
    Аллахым сиздей билимдуу кылсын
    Иншаалах

  • @user-lu2rs7xm6v
    @user-lu2rs7xm6v Год назад +12

    Туура агайды министр кылса арзыйт, бирок саясат оюнуна ойнотушуп агайдын абиирин түшүрүшпөсө экен.Лично мен каалабаймын Гапыр агайымдын атына көө сүртүлүшүн,и ошондой эле капа болушун каалабаймын.Жараткан Аллахым элиме ыйман берсин🤲🤲🤲🤲

  • @gulzinaasankyzy7812
    @gulzinaasankyzy7812 Год назад +16

    Ылайым ар Бир мектепте ачылса экен эне мектеби❤

  • @stalbekanarbaev1846
    @stalbekanarbaev1846 Год назад +14

    Абдан туура. Мына кыргыздын чыгаан педагогу. Г. Мадаминовду мен "кыргыздын Сухомлинскийи " деп айтаар элем

  • @user-vs7op8ly8g
    @user-vs7op8ly8g Год назад +3

    Эн туура , Гапар агай бул демилге эртераак болуш керек эле , ошентсе да биз дагы деле жаш муундардын тагдырына күч жумшашыбыз керек

  • @user-dx9og4oz4m
    @user-dx9og4oz4m Год назад +8

    Эн туура куштун бир канаты калып кеткен турбайбы......

  • @user-ed6zd2qo5h
    @user-ed6zd2qo5h Год назад +5

    Билим министри жардамчысы кылып коюштуго билим министри нени кыйратып жатат ОЗУ Гапыр агай болсун👍👏

  • @user-xu4dt5xq8o
    @user-xu4dt5xq8o Год назад +17

    Эң сонун сабак болуптур 😊

  • @user-zb1pr3ff5l
    @user-zb1pr3ff5l Год назад +10

    1987-жылы картошка тергени барганбыз 7 класста окуйбуз кечинде дискотека пластинка коеп бийлебиз агай каршы болуп токтото албайт. Бир жолу музыка коюлган бийлген окуучулар аз классташ кыздарым жаткан болмо жакка барсам агайым Гапыр агайдай болуп унун назик чыгарып жомок айтып берип жатып баары ойлуу отурат аларга кошулуп четте отуруп угуп отуруп бийлегенди деле унутуп уч Кун кечинде агайдын жомогун укканбыз

    • @user-ck4bs4xr4k
      @user-ck4bs4xr4k Год назад

      Китебин кайсыл жактан алсак болот

  • @Kapkan_-pj4kv
    @Kapkan_-pj4kv Год назад +68

    Кудайым сизди колдосун агай ден соолукта болунуз агайдын китепттерин кайсыл жерден алсак болот

  • @user-do9eu6hw9s
    @user-do9eu6hw9s Год назад +13

    Аллах ыраазы болсун сиз менен сыймыктанабыз

  • @gulfiyamamyrbaeva3222
    @gulfiyamamyrbaeva3222 Год назад +10

    Ойлонуп бирок айтылбаган сөздөрдү айтты агай 🤝 Абдан терең маанилүү ойлор, сөздөр!!! Кыргызстандын келечегине өтө таасирдүү энелер мектеби!!! Ушул долбоор ишке ашса мыкты инсандар тарбияланат деп ишенем!!! Агай сизге таазим!!!

  • @user-nz9eg9dr8w
    @user-nz9eg9dr8w 3 месяца назад

    Гапыр Мадаминов агайдын китебин окугам абдан жактыы ❤

  • @user-eg5dj8fw9q
    @user-eg5dj8fw9q Год назад +6

    Ушундай жыйынды мамлекет өзүнө алып ар бир район мектептерге уюштуруп берсе ата энелер толук барып түшүнүшөт эле. Шайлоо учурунда тим эле ар бир айыл өкмөттө ар нерсе болотго ошого караганда ушундай агай эжеке илимпоздорду чакырып турушса кийинки муун сөзсүз кыргызстанды өнүктүрмөк окуубаган адам бари бир карангылыктан чыгышы кыйын ошого окуутуш керек балдарды карызга алып болсода

  • @sonyaaripova81
    @sonyaaripova81 Год назад +12

    Азыр, баарыбыз акча акча акчааа деп басып калдык да. Журогубуздо, мээбизде жалан эле акча байлык топтоо болуп калды чынында эле окунучтуу. Биринчи Гапыр агай айткандай, рух казаныбызды толтуруу керек экен 😟 Гапыр агай сизге ден соолук, узун омур ишинизге ийгилик болсун! Сизге кооп, чоон рахмат агай, сизден коп нерселерди уйронуп билип атабыз

  • @user-fl8mg3el6z
    @user-fl8mg3el6z Год назад +26

    Маш Аллаа, Аллахым ыраазы болсун, ушундай Агайларды колдош керек, Аллахым ыйманынызга ыйман кошуп ден соолук узун омур берсин

  • @aitbekilichbekov6034
    @aitbekilichbekov6034 Год назад +10

    Гапыр агай сизге Жаратканыбыздан: чың ден-соолук, узун берекелүү өмүр тилеймин 🤲🏻 бар болуңуз Кыргызстандын,элибиздин маңдайына 😃 сизге оомат, дөөлөт тилеймин! Жаратканыбыз колдосун, жолдосун 🤲🏻😊

  • @user-th6zg2db9u
    @user-th6zg2db9u 6 месяцев назад

    Туура ылайык билим министрине

  • @ramimaratovna3793
    @ramimaratovna3793 Год назад +62

    Азыркы заманда Адамдарга ушундай тарбия таалим сабактарв ,китептери аяабай керек болуп турган Кез.Анткени адамдар жалан байлыкка берилип кеткендиктен балдарга конул болунбоц ,Ата Эне да озунун милдеттерин унутуп калышкан..Азыр бирине бири атаандашып жашаштын амалы болуп калды .

    • @user-xu4dt5xq8o
      @user-xu4dt5xq8o Год назад +2

      Эң туура сөз, азаматсың

    • @user-np9yy7cr9p
      @user-np9yy7cr9p Год назад +1

      Соонун сабак балдарыбыз акылдууу болсо экен ❤

    • @guldarzhunusova1918
      @guldarzhunusova1918 Год назад +1

      Туура айтасыз 👍

  • @nuri63
    @nuri63 Год назад +8

    Агай сизге чооң рахмат.Айткандарынызда калет жок.Ата энелер сиздин ар бир айткан сөзүңүзгө чооң маани берип,тарбияны туура беришибиз керек.

  • @user-vx8ur7gu5t
    @user-vx8ur7gu5t Год назад +14

    ИнШааАллах Кыргызстан жакын кундо эң мыкты мамлекеттердин катарына кирет 👍

  • @NovosibKG
    @NovosibKG Год назад +7

    Эх Алхамдулилля Бизни Боллар Шундай Агайлар бор экан Мигрант бумиди

    • @buurabiashaizhigitova217
      @buurabiashaizhigitova217 Год назад

      Эмне деген эмгек, бай тил, натыйжалуу жыйынтык. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө ден соолук, АГАЙ

  • @user-ce5bt8de7d
    @user-ce5bt8de7d Год назад +9

    Ушундай чыныгы эл үчүн күйгөн инсанга бийлик бериш кк,

  • @user-mz2yi6lc8y
    @user-mz2yi6lc8y Год назад +51

    Биздин замандын философу, биздин замандын жаны методикасы, биздин келечектеги муундун Гапыр агайы,
    Булда биздин ырыскыбыз билим илимдин куту.
    Кыргызстандагы эн асыл алтыны,
    Келгиле сыйлайлы асыл затыбызды.
    Сизди жакында эле билдим, сиздин мага болгон таасири абдан Чон.
    Келечекке сиз жол көргөздүнүз түшүнгөн адамга.

    • @user-df4ds6gt3y
      @user-df4ds6gt3y Год назад +1

      Ффыыяяяяяяя
      Эѳф учу каааавв

  • @rajapkanbaratkyzy8379
    @rajapkanbaratkyzy8379 Год назад +12

    Китепти кайсы жактан алсак болот?

  • @user-bq5rz3rt2y
    @user-bq5rz3rt2y 9 месяцев назад

    Агай сизге Ден соолук калайбыз

  • @user-th7mv8vv2x
    @user-th7mv8vv2x Год назад +24

    Машаа Аллах, агай өмүрүңүзгө береке берсин, ден соолук берсин, көп жашаңыз ,биздин балдар келечекте сиздей илимдуу болсун. Иншаа Аллах.

    • @muhabathusenova1682
      @muhabathusenova1682 Год назад

      Ишинизге ийгилик илиминизге мындан арыда береке

  • @user-cy2th4lz1s
    @user-cy2th4lz1s Год назад +3

    Агай омурунуз узун болсун.
    Биз сизден ыраазыбыз.
    Балдарыныздын жакшы кундорун корунуз
    Алла ыраазымын.

  • @uulkankyiykbaeva2273
    @uulkankyiykbaeva2273 Год назад +5

    Сиздин чогулушунузга катышкам Токмок келгенинизге абдан жакты бирок азыркы убакта кандай бала бакчанын директорлорун школдукун корсуп.жатабыз акчадан башканы ойлобогон биринчи ошолорду кандай кылып ондош керек озунуз айткандайэнелерди тарбиялап эжейлерди да абдан ондош керекго бакчасында канча бала окуганын билбеген директорлор бар экен

  • @sharipanuralieva7717
    @sharipanuralieva7717 Год назад +1

    Азаматсыз агай сизге таазим Гапар агайга кыргыз эл баатыры наамын бериш керек

  • @user-cf2ud8hb6o
    @user-cf2ud8hb6o Год назад +2

    Агай сериалын коргондон бери бул кишинин фанатына айландим.Оозунан чыккан ар бир созу маанилуу,уккулуктуу .Ушундай мугалим аалымдарыбыз бар экени суйундурот.Энелерге берилген тарбиялыа саатарды онлайн тартып киргизип турсанар жакшы болмок,аткени биз алыстабыз жок дегенде тплефондон коруп ,угуп туралы.

  • @user-yw1zz6pn3w
    @user-yw1zz6pn3w 9 месяцев назад

    Сизди билим министри кылыш керек экен

  • @kanzadaturdubekkyzy5896
    @kanzadaturdubekkyzy5896 Год назад +2

    Билимиңизге тазим агай

  • @user-fg7zf5tg4g
    @user-fg7zf5tg4g Год назад +40

    Агай серялын көрүп абдан таасирленип жүрөм.Жолдошум экөөбүз шартка байланыштуу Санкт-Петербургда иштеп жүрөбүз.Аллахым насип кылып кетели уул,кыздарыбызга🤲🤲🥺.

  • @user-lo1lp3gg1c
    @user-lo1lp3gg1c Год назад +1

    Агайдын билимин пайдалана билсекда. Агайды билим министрирлигине жумушка алсы ото соонун болот. Билимизге Таазим 👍👍Агай.

  • @user-qk9pl1te8j
    @user-qk9pl1te8j Год назад +3

    Мына биздин олкого керектуу адам.министр ушул гапыр болуш керек,,!

    • @janna878
      @janna878 Год назад

      Адамдын аты баш тамга менен жазылат.Агай деп кошуп койсонор ашыкча болбойт,бир отоло тентуш болуп албай.

  • @user-vm2ds6ln4g
    @user-vm2ds6ln4g Год назад +3

    Агай Азаматсыз!! АЛГАЛАЙ бериниз!!

  • @user-ed4xv5uq1v
    @user-ed4xv5uq1v Год назад +3

    Агайга ишине ийгилик каалайбыз

  • @user-rs4fw7ex5l
    @user-rs4fw7ex5l Год назад +3

    Ушул агайга таазим 🙏🙏🙏🤲🤲🤲

  • @user-lt4im4xq1h
    @user-lt4im4xq1h 7 месяцев назад +1

    Менде андай нерсе жоок 😢
    Ата энем бар бирок жоктой эле сезилет😢

  • @cholpinkanetova6689
    @cholpinkanetova6689 Год назад

    Туура эн туура!!!

  • @aynu4309
    @aynu4309 Год назад +2

    Аллахым агайдын өмүрүнө береке берсин, кыргызга өтө керек адам,

  • @maksatmaksat7723
    @maksatmaksat7723 Год назад +1

    Туура айтып жатат агай энелер мектеби ачылса жакшы болот эле

  • @user-zc9sv4he9r
    @user-zc9sv4he9r 10 месяцев назад

    агай эң туура айтасыз биринчи өзүбүздү тарбия кылышыбыз керек

  • @user-un8zs5gi7t
    @user-un8zs5gi7t 9 месяцев назад

    Кандай гана сонун сөздөр, көздөн жаш чыгып кетти го, рахмат сизге агай

  • @user-mk3uc3dz8q
    @user-mk3uc3dz8q 9 месяцев назад

    Эң туура айттыныз, менин кызым доскага чыгып сабак айткандан уялам деп, 3,2 алып келчүү. Бир күнү. Окуга чачын соонун кылып өрүп, сен биздин ишенген кызыбызсын, сабакта Атанды,Апанды, боюмда бар будищий малышты ойлоп 5 алып келсен биз өтө кубанабыз. Бизге сенин 5 алып келгенин аябай кубандырат. Классташтарын сенен үлгү алсын, кийими таза, чачы өрүлү сулуу деп кетирсем. Ошол күнү 4 сабактан 5 алып келди. Анан сенин эжекен быйыл өтө жакшы окуп атат, кунт койуп угат деп сени мактап атат десем аяабай кубанып, 4,5 деген баага окуп атабыз. 1.09.2023 жылдан баштап.

  • @user-ur2de5lx3l
    @user-ur2de5lx3l Год назад +3

    Аллахым ыраазы болсун сизге

  • @bakytasanbekov4035
    @bakytasanbekov4035 Год назад

    Гапыр Агайга Кудайым куч кубат берсин, Агай сериялын баарынар коргулочу, абдан чон таасир калтырат, козуно жаш албай короалбайсын,абдан ыраазычылык билдиремин ❤🤲🤲🤲🤲

  • @user-ce5hf5lb5h
    @user-ce5hf5lb5h Год назад

    Агай айткандай энелер мектебин ачыш керек. Эң сонун пикирлерди айтып жатат.

  • @user-mv3yf7yh4s
    @user-mv3yf7yh4s Год назад +1

    Аллах раазы болсун 👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-dd6zt5yv8v
    @user-dd6zt5yv8v Год назад +1

    МАА ШАА АЛЛА соонун 👍 таасирлуу сабак экен 👍😍

  • @user-nf6el8rj2y
    @user-nf6el8rj2y Год назад +24

    Аллахым кыргызстаныбызга ушундай агайларды илимдуулорду кобойтсун умутум жанды. Ушундай мугалимдерибиз болсо онугобуз иншааллах.

  • @Zhaparbek1989
    @Zhaparbek1989 6 месяцев назад

    Туптуура айтасыз агай

  • @user-pc9kz1kz6q
    @user-pc9kz1kz6q Год назад

    Агайды министр шайлаш керек эле.
    Айтканыныз эн туура, эн сонун агай.
    Мугалим да татыктуу болсо кана!

  • @user-vy6uq6hy7d
    @user-vy6uq6hy7d Год назад +1

    Оба тура айтыныз балдарга биринчи уйдон тарбия деп бекерден айтпайт сиздин омурунуз узуун болсун коп коп айтыныз ушундай тарбиялык создорду ийгилик сизге рахмат

  • @jyldyzaidarova3862
    @jyldyzaidarova3862 Год назад +1

    Мындай адам менен омур сургон аялында арман жок болсо керек

  • @kunduzasanova7705
    @kunduzasanova7705 8 месяцев назад

    Эн туура создор агай

  • @user-it4iu7lu7z
    @user-it4iu7lu7z 9 месяцев назад

    Аллах ыраазы болсун сиздей илимдүү билимдүү түшүнүктүү инсандар көп болсо экен

  • @user-vy9pk7xg6y
    @user-vy9pk7xg6y Год назад +2

    Гапыр агайдын ушул китебин каяктан сатып алсак болот

  • @user-zc8tx2su4s
    @user-zc8tx2su4s 5 месяцев назад

    Туура соз

  • @TurbuAbdimatova-jj7wg
    @TurbuAbdimatova-jj7wg 9 месяцев назад

    Баракелде Аман болунуз чоон рахмаат бар болунуз

  • @user-ob8hf3br1x
    @user-ob8hf3br1x 8 месяцев назад

    Билим министринин биринчи кенешчиси болунуз.

  • @jann-Arzybekovna
    @jann-Arzybekovna Год назад

    Агайды биринчи жолу кунт коюп угуп жатам аябай таасирдуу суйлойт экен чындыгында илим билими жогору Омурлуу болсун!

  • @dilnozaabdurahmanova5433
    @dilnozaabdurahmanova5433 Год назад

    Rahmat agay sonun❤ ar bir sozdorunuz altinga teng

  • @user-xf3xr8ct8g
    @user-xf3xr8ct8g 9 месяцев назад

    Биздин баткендик чыгаан гапыр агайыбыз каяктасыз сыныктан башкасы жугуштуу дегендей сизге да билим министиринен жукпасын тилегеним эле ушул

  • @user-lg4oq9wx3n
    @user-lg4oq9wx3n 5 месяцев назад +1

    ❤❤❤🎉🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-xn6sx9gy7l
    @user-xn6sx9gy7l Год назад +1

    Агай бар болуңуз агайдын китептерин каяктан алабыз

    • @user-yu6fk6ub2q
      @user-yu6fk6ub2q Год назад +1

      Агай омурунуз Узун болсун

  • @user-tw5hc4hf5v
    @user-tw5hc4hf5v Год назад

    Аллах өмүрүнүзгө береке берсин узаак жашаныз эч кемибениз

  • @user-ye9yf3oj3h
    @user-ye9yf3oj3h Год назад

    Аллахым разы болсун.

  • @user-fr9te4sq3x
    @user-fr9te4sq3x Год назад

    Гапыр агай Министр болунузна мен да кошулам сиздин идеяныз жана методиканыз ото соонун экен,бизде кыргызда жакшы соз бар"энеси жаман эзели онолбойт деген"ошо энелер мектеби ото туура тактика, биздин кыргыздын онолушуна

  • @user-yu7si6qj7d
    @user-yu7si6qj7d 9 месяцев назад

    Ушул.Гапыр.агайды.билим.беруу.минстирилике.койсо.жакшы.болмок

  • @user-nb7yg1qh9k
    @user-nb7yg1qh9k Год назад

    Аллах ыраазы болсун.

  • @user-zn1ks5el3w
    @user-zn1ks5el3w Год назад

    Тарбия жатында мыкты маалымат бердиниз чон рахмат.Ма шаа Алла.Алла ыраазы болсун!

  • @talantmanatbaev8742
    @talantmanatbaev8742 Год назад

    Аллах ыраазы болсун сизден

  • @user-ys1ib1vy2y
    @user-ys1ib1vy2y Год назад +2

    уйдо отуруп дагы балдарымды жакшы тарбия кылалбай кыйналып журом

  • @gulnazsadykova6287
    @gulnazsadykova6287 Год назад

    МашаАллах 😍😍😍 Аллахым омурунузго ырыскынызга береке берсин коп жашаныз

  • @user-ib2ix7vf8b
    @user-ib2ix7vf8b Год назад

    Агай сонун агай, таазим Сизге Гапыр агай

  • @user-cy2th4lz1s
    @user-cy2th4lz1s Год назад

    Биздин мектепке келип берсениз агай
    Ноокат район
    Зулпуев айыл окмоту
    Зулпуев Сабыр мектебине келип берсениз агай.

  • @user-vb4bf9ej8v
    @user-vb4bf9ej8v Год назад

    Рахмат агай, ото жеткиликтуу кылып тушурдунуз

  • @user-to1rj4hx4d
    @user-to1rj4hx4d Год назад +1

    Агай бар болуңуз!

  • @user-th8rj9rj2y
    @user-th8rj9rj2y Год назад +4

    Адабий тилде суйлосо жакшы болмок

    • @user-si7sn5ys8y
      @user-si7sn5ys8y Год назад

      кандай тилде сүйлөсө да агайдын айткандары жүрөккө жетет.

  • @baktygulbaktygul7060
    @baktygulbaktygul7060 Год назад

    Өтө сонун❤😊

  • @user-sk7eb1vt4s
    @user-sk7eb1vt4s Год назад

    😢😢 соонун кенештер

  • @user-ne2bm7yn2n
    @user-ne2bm7yn2n Год назад

    Эн туура создорду суйлоптур агай!

  • @user-mk3uc3dz8q
    @user-mk3uc3dz8q 9 месяцев назад

    Чындап айланайын деп эч ким айтпай, айтса да аз энелер. Өзүм деле айтпаймын 😏

  • @user-mj2jt8bw6t
    @user-mj2jt8bw6t Год назад

    Кенен агайга суктандым эле
    Көрсө бизде да бар экенго кубанычтамын ❤❤❤❤❤❤❤ өмүрлүү болуңуз сиздей адам миң жылда бир жаралат го

  • @user-wl9vs1dl4l
    @user-wl9vs1dl4l Год назад +1

    Агайдын онлайн энелер мектеби болсо катышмакбыз.

  • @user-mi2yi8id3n
    @user-mi2yi8id3n Год назад

    Эң туура айтасыз❤