А БАЛКИМ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ Жаңы ыр 2024

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 янв 2024
  • #сыймыкбейшекеев #жаныыр #2024ыр #сыймык2024 #кыргызчаырлар
    А Балким...
    сөзү Жыпара Исабаева
    обону Сыймык Бейшекеев
    Сабындай жакшы ырымдын,
    Сагынтып... жакшы кылдың!
    Сагынчым болгон үчүн,
    А балким бактылуумун...
    Жазындай жаштыгымдын,
    Жарк этип... жакшы кылдың!
    Жактыруу болгон үчүн,
    А балким бактылуумун.
    Арзыдым, азгырылдым,
    Адаштың… жакшы кылдың.
    Арманым болгон үчүн,
    А балким бактылуумун.
    Жамгырлуу түндөй болуп,
    Жаркыбай күндөй болуп,
    Бактылуу кылдың мени,
    А балким сүйбөй коюп.
    Жайнабай жаздай болуп,
    Бар сырым ачпай коюп,
    Бактылуу кылдым сени,
    А балким жакпай коюп...
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 171

  • @user-br7bp1bl3g
    @user-br7bp1bl3g 3 месяца назад +45

    Ассалому алейкум. Үнүңүзгө береке. Менде мындай сунуш бар: Элмирбек Иманалиевдин элге чыкпай калган "сүйүүнүн мерез мыйзамы" деген ыры бар обону менен угуп жүрсөңүз керек ошону обонун жакшы кылып туруп элге ырдап чыксаңыз аябай жакшы болот эле. Азыркы жаш ырчылар ит акмагын чыгарып салат. Мен ишенем сиздин колуңуздан бул нерсе келет. Калайык калк, сүйүүнүн мерез мыйзамын Сыймык байке ырдап чыксын дегендер ушул сунушумду колдоп койгула чоң рахмат!!!

  • @user-bp6xq5el3g
    @user-bp6xq5el3g 3 месяца назад +71

    Убагында катуу депрессияга туштум. 3 жыл куну туну тынбай Сыймыктын баардык ырларын укчумун. Депрессиядан ошентип чыккам. Чыгармачылыгынызды сыйлап , урматтайм. Ошол мезгилде концертинизге барып ыйлап , ыйлап угуп келгем.

    • @ai7804
      @ai7804 3 месяца назад +2

      😢😢😢мен дагы Сыймык,Гулжигит агаларыбыздын ырын угуп ыйлап депрессияда жургондо

    • @user-jd8hc2pm2e
      @user-jd8hc2pm2e 3 месяца назад

      ❤❤

    • @user-vd4jp7yr7d
      @user-vd4jp7yr7d 3 месяца назад +1

      Койгулачеей😂😂😂 музыка угуп депрессиядын чыкканды силерден уктум😂

    • @user-oh9cs1pz2e
      @user-oh9cs1pz2e 3 месяца назад

      ​@@user-vd4jp7yr7dСен мазмунун тушунбойсун,ошол учун кантип дейсин.Сага тыртандаган фонограмма менен ырдаган тоок голосу барлар жагат .

    • @user-wn1eb8vb3n
      @user-wn1eb8vb3n 3 месяца назад +1

      Музыка укса депресия болбойт эң күчтүүсү буй буй😂

  • @user-bv3wm3of9q
    @user-bv3wm3of9q 3 месяца назад +38

    Суйуу бар бактылуубуз, жетпесек дагы кыялдануу мн жашайбыз.

  • @user-uk3rd6mi7f
    @user-uk3rd6mi7f 3 месяца назад +41

    Сыймык ага, чыгармачылык даңгыр жолугуңузда ушундай керемет чыгармалар жарала беришине тилектешмин. Бул ырыңыз дагы эң сонун деңгээлде, андагы "Жактыруу болгон үчүн а балким бактылуумун" деген саптарында айтылгандай, сиздин ырларыңыз бизге абдан жагат! Жапон жергесинен салам айтам! Эсиңизде болсо керек былтыр Талас жергесинде плакат көтөрүп сиздин концертиңизге барышкан кичинекей күйөрмандарыңыздын атасымын.

  • @user-mm4gx5nf1h
    @user-mm4gx5nf1h 3 месяца назад +16

    Сыймыктын ырларынын созу мазмуундуу обону уккулуктуу
    Рахмат бар бол

  • @DoBro06
    @DoBro06 3 месяца назад +30

    Мааниси бар, обону жумшак мындай ырды Сыймык Бейшекеев эле жаза алат сезилип кетет. Браво 👍

  • @user-xu2bg8nv5e
    @user-xu2bg8nv5e 3 месяца назад +21

    Сыймык иним уйбулон менен бактылуу бологой сени кыргыз эли эжелерин баары жакшы коробуз аман бологой❤🎉

  • @cnikusn
    @cnikusn 3 месяца назад +29

    Моссквадан көрдум аман болуңуз.Кыргыз элиме ыссык салам жолдойм.,бар болгула жакшылар.🎉🎉

  • @nurisasolpueva4644
    @nurisasolpueva4644 3 месяца назад +12

    Сыймык байкенин ырларын угуп чоңойдук сонуун Аллахым өмүрүңүз го берекесин берсин

  • @user-ly1bo6th1u
    @user-ly1bo6th1u 3 месяца назад +6

    Жумшак, жүрөккө жакын,жанга жагымдуу, уккан сайын уккун келет .Соонун чыгыптыр өмурлуу бол !Элдин Сыймыгы .

  • @user-cx2nm7kd8z
    @user-cx2nm7kd8z 3 месяца назад +12

    Сыймык сонун чыгарма болуптур,ийгилик дагы жакшы ырларын жаныра берсин.❤

  • @user-fv8cd5wu5m
    @user-fv8cd5wu5m 3 месяца назад +11

    Чыгармачылык дангыр жолун дайыма байсалдуу ийгиликтуу болсун. Калемин дайыма курчуй берсин. А балким эмес дайыма бактылуу бол

  • @KG-hc2ss
    @KG-hc2ss 3 месяца назад +14

    Сыймык байке сиздин ырларынызды угуп эс алам дайым чыгармачылыкнызга игилик каалайм бар болун аман болун сиздей таланттулар коп болсун.

  • @Akmaral1981
    @Akmaral1981 3 месяца назад +10

    Керемет саптар, керемет үн! Азаматсыз Сыймык ага. 👍👍👍

  • @nurzadajumataeva1260
    @nurzadajumataeva1260 3 месяца назад +14

    Соонун ыр👍 соонун аткаруу 👍калеминиз курчуй берсин 🤲🤲

  • @nurjamaltoktobaeva1369
    @nurjamaltoktobaeva1369 3 месяца назад +16

    Элин суйуп сыйлаган,журогунон ырдаган,Сыймык байкем аман бол,сизге каалайм ачык жол,🤲

  • @user-bn1uv8id7o
    @user-bn1uv8id7o 3 месяца назад +7

    Эн сонун чыгарма болуптур , ырдын созуно топ келишкен ,жагымдуу ,уккан сайын уккунду келтирген сонун обон ,мыкты аткаруу болуптур .Сыймык сага ,кычыраган кыш чилдеде ,адамдардын журогуно жылуулук тартуулган ыр учун чексиз ийгиликтерди каалаймын !!! Созун жазган Жыпаркул синдиме да калемин курчуй берсин демекмин"" жактыруу болгон учун бактылуумун ""..........

  • @user-rh9eu1tu6n
    @user-rh9eu1tu6n 3 месяца назад +5

    Керемет обон,керемет созуно бап келген чыгарма болоптур,буйруса элдин ырына айланат.

  • @user-ir2fq7nm5p
    @user-ir2fq7nm5p Месяц назад +1

    Азаматсын Сыймык!❤❤❤❤Токтогулдан кулуну, биз сыймыктанган уулусун,Аман бол!!!

  • @mirgulakmatalieeva2918
    @mirgulakmatalieeva2918 3 месяца назад +11

    🥰🔥👍Соонун саптар, чыгармачылык ийгилик каалайм 😊

  • @user-rg4fk5hs7n
    @user-rg4fk5hs7n 3 месяца назад +6

    Убакыт откон сайын кадырына жетпеген суйуунун баркы билине берет экен. Аттин, жаш кезде козго илбеген кишиге бугун зар болоорумду билсем кана?

  • @bubukan3843
    @bubukan3843 3 месяца назад +2

    Сыймык чооң талант, бактылуу бол, талантың ташкындай берсин, аман бол

  • @user-dw2no3mf2p
    @user-dw2no3mf2p 3 месяца назад +2

    Асалоому алейкум Сыймык байкенин кийинки ырлары жакшы чыгып жатат

  • @user-qv3rd5hx2z
    @user-qv3rd5hx2z 3 месяца назад +3

    Журоктон чыккан журокко жетет Сыймык аттына заттын жарашкан жигитсин эн сонун чыгарма болуптур ийгилик каалайм унунно береке Аман бол Уй булоон менен

  • @taipan777
    @taipan777 3 месяца назад +3

    Жыпара Исабаева эжекебиз менен Сыймык Бейшекеев агабыздан соонун чыгарма болуптур

  • @user-qp4od7ir3b
    @user-qp4od7ir3b 3 месяца назад +4

    Маанилуу ыр саптар, мукам ундуу ырчынын аткаруусунда болгон учун, а балким бактылуумун. Азаматсын Сыймык элдин сыймыгы болуп, унун таншый беришине тилектешмин

  • @nelli3400
    @nelli3400 3 месяца назад +3

    Бактылуу кылдым сени а балким жакпай коюп .
    Арманым болгон учун а балким бактылуу мун.
    Бул ыр мен учун жазылгандай

  • @user-gy8lw7xk7s
    @user-gy8lw7xk7s 2 месяца назад +1

    Эн сонун ,журокту тынчтандырган ыр 👍👍👍❤️❤️❤️💥💥💥

  • @nookatnookat6461
    @nookatnookat6461 3 месяца назад +6

    Аябай соонун чыгарма болуптур❤

  • @user-lz2rn9zs6z
    @user-lz2rn9zs6z 3 месяца назад +3

    Жазындай жаштыгымдын. Жарк этип жакшы кылдын

  • @ArgenKosmosov
    @ArgenKosmosov 3 месяца назад +4

    Аранжировка, аткаруу, обону, шуурудай тизилген сөздөрү баары сонун болуптур!🔥💫👍

  • @user-ov6zj3yl9p
    @user-ov6zj3yl9p 3 месяца назад +3

    Журоктун тупкурунон тунок тапкан чыгарма лардан болсун. Кээде ырды маанисине карап , кайра кайра уккун келет.

  • @user-sd9wb5fv4r
    @user-sd9wb5fv4r 3 месяца назад +1

    Токто жонокой ырчы.
    Бар бол Сыймык.Кундо угам ырларынды Роосияда.

  • @user-hu8gy2tj5i
    @user-hu8gy2tj5i Месяц назад

    Сонун ыр!
    Мен дагы постоянно угам!
    Жаш кез эске тушот.
    Ишинизге ийглик!❤

  • @user-wc4rj5gc9m
    @user-wc4rj5gc9m 3 месяца назад +3

    Созу менен обону келишкен чыгарма болуптур!👍👍

  • @samcum8663
    @samcum8663 2 месяца назад +1

    Сыймык чыгармачылык чоң ийгилик уй бүлөөң менен аманчылыкта болгун ! Ырларыңды угуп эс аламын чооң рахмат ырларына

  • @user-hv5mh7ch1k
    @user-hv5mh7ch1k 3 месяца назад +5

    Соонун чыгарма 👍ийгилик сизге 💝

  • @raiisamomunova3400
    @raiisamomunova3400 3 месяца назад +1

    Сыймык,иним! Эң мыкты керемет ыр,сөзү обону бири бирине төп келген,кыргыз элинин сыймыгы,Токтогулдун торгойу бар бол иним!❤

  • @user-li5le4ku3q
    @user-li5le4ku3q 3 месяца назад +1

    сизге ден соолук узун өмүр чексиз бакыт каалайм

  • @user-bf7lq3fg8m
    @user-bf7lq3fg8m 3 месяца назад +3

    Жаны ырына еще раз БравоСыймык !❤❤❤.

  • @Aisha-cn6kc
    @Aisha-cn6kc 3 месяца назад +1

    Сыймык биздин сыймыктанган агабыз го,бар болунуз,омурунуз берекелуу болсун😊

  • @user-kk9sp6ws5l
    @user-kk9sp6ws5l 3 месяца назад +1

    Сонун чыгарма чыныгы таланту у инсандар ото сыймыктанам сиздер менен.

  • @user-px1ne5gi9t
    @user-px1ne5gi9t Месяц назад

    Суперсиз Сыймык аке унунузго берекке❤

  • @user-lj6ou7jl7t
    @user-lj6ou7jl7t 3 месяца назад +2

    Кандай жазбай кетесин мындай ырга, Молодец Ага, Балдарыныздын жакшылыгын корунуз соонун чыгарма болуптур

  • @Aida24047
    @Aida24047 3 месяца назад +2

    Керемет,сонун чыгарма болуптур❤❤❤

  • @user-hb3ib9ud9w
    @user-hb3ib9ud9w 2 месяца назад +1

    Унунузго береке соонун ыр болуптур кечке уктум жумуштан москвадан бар болдунуз ❤

  • @gulzatabdildaeva3026
    @gulzatabdildaeva3026 3 месяца назад +1

    Сыймыктын баардык ырларын жакшы көрүп угам .
    Мага ырларын абдан жагат чыгармачылык ийгилик каалайм🥰

  • @ArhatArhatovich-pk6gr
    @ArhatArhatovich-pk6gr 3 месяца назад +2

    Сыймык байке мыкты ырдайсыз

  • @anara05kg
    @anara05kg 3 месяца назад +2

    Эх Сыймык байке, кандай соонун чыгарма❤ коптон бери, жаны ырынызды уга элекмин. Бул эыдын этегинде, мункун ошондойдур деп койом😔

  • @kumushbubumariam6434
    @kumushbubumariam6434 3 месяца назад +1

    Сыймык ака биз сизди уй булообуз менен ото катуу сыйлайбыз мен сизди ото катуу жакшы кором❤

  • @user-pb2vs8vq8d
    @user-pb2vs8vq8d 3 месяца назад +1

    Эн сонун, ырдайсын керемет ун, азаматсын таланттына таазим.

  • @salt.bishkek
    @salt.bishkek 3 месяца назад +2

    Дозум Абрикосум абдан сонун аман есен кашыбызда журо бер

  • @user-lc8ur4gj3t
    @user-lc8ur4gj3t 3 месяца назад +3

    Чыгармачылык ийгилик каалайм!

  • @user-zb6hg6ib1o
    @user-zb6hg6ib1o 3 месяца назад +1

    Ырларыныз соонун уккулуктуу,маанилери терен.....

  • @user-hu8gy2tj5i
    @user-hu8gy2tj5i 3 месяца назад +1

    Сыймык!
    Чыгармачылык ийглик каалайм!
    Сонун ыр экен!
    Маанилуу.

  • @almazbarkutov6787
    @almazbarkutov6787 3 месяца назад +5

    👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻

  • @almaztoloev8187
    @almaztoloev8187 3 месяца назад +3

    Жезде абдан жакшы ыр болуптур

  • @maratbek1
    @maratbek1 3 месяца назад +3

    🔥🔥🔥🔥😍👏🏻 өнорүңүз өркүндөй берсин

  • @sabiletsolpueva1298
    @sabiletsolpueva1298 3 месяца назад +1

    Сыймык ден соолук иштерине ийгилик, биз сени сыйлайбыз

  • @user-hr8yj1yd7m
    @user-hr8yj1yd7m 3 месяца назад +3

    Журоктун торунон орун ала турган ыр болуптур .

  • @user-jq2gy4xq4i
    @user-jq2gy4xq4i 3 месяца назад +1

    Иркутскийден уктум салам кыргызстандыктарыма унунузго береке оркундоп оно бериниз дайыма ырларынызды угуп келем мааниси ото терен ийгилик сизге🎉❤❤❤

  • @user-rb6we9nv8w
    @user-rb6we9nv8w 3 месяца назад +4

    Жыпара эженин ырлары журоктон оорун алат да.

  • @user-mr3bv1bl8y
    @user-mr3bv1bl8y 3 месяца назад +3

    Баракелде бар болуңуз

  • @user-zy9hl9ny4h
    @user-zy9hl9ny4h 3 месяца назад +2

    Бар бол! Азамат!😊

  • @nurbekabdrahmanov353
    @nurbekabdrahmanov353 3 месяца назад +2

    Кандай сонун, керемет! ийгилик каалайм

  • @user-dw3gd6kp5w
    @user-dw3gd6kp5w 3 месяца назад +2

    Чыгармачылык ийгилик каалаймын ,бар болунуз Сыймык байке.

  • @user-lq8dl6lf7g
    @user-lq8dl6lf7g 3 месяца назад +2

    Ака, бул ырынызды мен озумо арнадым❤❤❤

  • @usupovaaltynai7040
    @usupovaaltynai7040 3 месяца назад +2

    Сонун ыр экен чынында, денсоолук каалайм Сыймык агабызга.

  • @user-su1mw1ql9u
    @user-su1mw1ql9u 3 месяца назад +1

    Сыймык байкенин ырлары дайыма ойго салып маңыздуу ырдын ийинине жеткире аткарат чыгармачылык ийгилик каалайм.

  • @user-qe4uk9dd9o
    @user-qe4uk9dd9o 3 месяца назад +1

    Сонун ыр обону да созу да сонун Алла ыраазы болсун

  • @user-rb6we9nv8w
    @user-rb6we9nv8w 3 месяца назад +3

    🔥🔥🔥🔥🔥. Сыймык байке. Талантынызга таазим.

  • @user-rd5jz6pn8t
    @user-rd5jz6pn8t 3 месяца назад +3

    ❤сонун

  • @user-cw9sm4dl6p
    @user-cw9sm4dl6p 3 месяца назад +1

    Сыймык ака да акыркы күндөрү Бек акага окшоп подоздрителный ырларды жазып баштады аа😊Жолукпай кантип өтөбүз деген ырыңыз жүрөктү эзди бирок ,бул да сөз жок ,браво !!!

  • @user-ls3sr2bu8e
    @user-ls3sr2bu8e 3 месяца назад +1

    Керемет чыгарма ,иштен чарчап келгенде Сыймыктын ырларын угуп чарчаганымды унутуп коем ,чыгармачылык ийгилик каалайм дагы жаны чыгариаларынды кутобуз❤

  • @user-dp4th3ml5o
    @user-dp4th3ml5o 3 месяца назад +3

    Суппер.

  • @user-kc3ge9os6j
    @user-kc3ge9os6j 3 месяца назад +1

    Кандай жакшы ыр болуптур ❤ырларынызды кундо эс аламын бар болунуз ден соолук каалайм сизге

  • @topuser4928
    @topuser4928 3 месяца назад +1

    Екатеринбург шаарындагы боордоштордон салам аман бол.

  • @user-eb1gq6cx4g
    @user-eb1gq6cx4g 3 месяца назад +1

    Сонун чыгарма экен душевный, чыгармачылык ильхомдор коп болуп бизди ырга болоп журо бер иним💐💐💐💐

  • @gulnaraaki0767
    @gulnaraaki0767 3 месяца назад +1

    Сонун ыр ,жан дуйнөнун ыры болуптур

  • @user-li5le4ku3q
    @user-li5le4ku3q 3 месяца назад +2

    суппер ыр

  • @user-br2ib2mp4w
    @user-br2ib2mp4w 9 дней назад

    СЫЙМЫКТЫН ЫРЛАРЫНЫН КОБУ МЕНЕН ДААРЫЛАНАМ

  • @user-sv2bb3cm5t
    @user-sv2bb3cm5t 3 месяца назад +2

    Москвадан кутобуз❤❤❤❤

  • @user-yt8hb4ez2b
    @user-yt8hb4ez2b 3 месяца назад +2

    Соонун чыгарма

  • @user-zu2tr2gc5g
    @user-zu2tr2gc5g 3 месяца назад +1

    Чыгармачылык ийгилик сонун

  • @user-hq8xk7ny2w
    @user-hq8xk7ny2w 3 месяца назад +1

    Сыймыктын ырлары мн жашайм

  • @JunusovaAlima
    @JunusovaAlima 2 месяца назад

    Сыймык,кыргызга бир келген талант,омурун узун болсун, дагы коп чыгармаларды жараткын

  • @user-th2lp5fq4o
    @user-th2lp5fq4o 3 месяца назад +2

    Супер укмуш

  • @baburaskatuulu938
    @baburaskatuulu938 3 месяца назад +1

    Сонун ыр

  • @user-cb6ne8ow5w
    @user-cb6ne8ow5w 3 месяца назад +2

    👏👏👏🔥🔥

  • @user-pp6jb4zs3t
    @user-pp6jb4zs3t 3 месяца назад +1

    Чыгармачылыгын орчундой берсин, ийгилик

  • @user-vn9yj6gl6n
    @user-vn9yj6gl6n 3 месяца назад +2

    Соонун❤❤❤

  • @Nurjamal2024
    @Nurjamal2024 3 месяца назад

    Бактылуу кылдым сени а балким жакпай коюуп ❤

  • @user-nc4vp7wk1y
    @user-nc4vp7wk1y 3 месяца назад +2

    Сонун сонун

  • @N.ALDAYAROV
    @N.ALDAYAROV 3 месяца назад +1

    Керемет чыгарма 🎶Сыймык байке бар болуңуз✊

  • @alimamatov6313
    @alimamatov6313 3 месяца назад

    Сыймык Аллахым ден соолук узун омур сонун ыр экен чыгармачылыгына ийгилик .Сенин ырларыңды дайыма Москвада угабыз.Онорун өркүндөй берсин.Апалар жөнүндө да ыр чыгарсаң дагы.

  • @BakushaOfficial
    @BakushaOfficial 2 месяца назад

    Бул ырды уксан эс алат экенсин ❤😊😊 сыймык ага сиздин энергияныз жакшы ырынызда да сезилет😊

  • @user-dl9qi9zx6c
    @user-dl9qi9zx6c 3 месяца назад +1

    Соонун чыгыптыр го😢❤❤❤❤❤

  • @user-nv5iy2fv5i
    @user-nv5iy2fv5i 3 месяца назад +1

    Омурунуз узун болсун

  • @Nurjamal2024
    @Nurjamal2024 3 месяца назад

    Жактыруу болгон үчүн а балким бактылуумун ❤

  • @user-qd4pb4su2r
    @user-qd4pb4su2r 3 месяца назад +1

    Керемет ❤🎉