Бир ырдын баяны: "Кыргызымдын жигиттери"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 окт 2024
  • Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган Тургуналы Нурматовдун "Кыргызымдын жигиттери" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #кыялбекурманбетов
    #тургуналынурматов
    #клараалибеова
    #кыргызымдынжигиттери
    #кыргызырлары
    "Кыргызымдын жигиттери"
    Ала качып, ала качып, ала качып аргымактар арыш керет.
    Азанатып, азанатып, азанатып азаматтар намыска бек.
    Шамдай жанып алышып, шамал менен жарышып,
    Жүзүн сүртүп булутка, жүрөгү - от, каны ысык.
    Ала-Тоону бел кылып, ата журтту дем кылып.
    Абалтадан шок болот, алоолонгон от болот.
    А болбосо жок болот, кыргызымдын жигиттери!
    Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп жердин бетин тулпар келет.
    Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп, дүркүрөтүп дүйнө жүзүн шумкар келет.
    Кубанышат кыргыздар, кубатташат жылдыздар.
    Ал анткени алардын, арасында Чыңгыз бар.
    Аалам кезет жомоктой, ак калпагын жоготпой.
    Акыл-эсин камчылап, Аккуладай алкынат.
    Ай-жылдызга талпынат, кыргызымдын жигиттери!
    Учту мына, учту мына, учту мына Айчүрөкпү же ак куубу?
    Шукшурулуп, шукшурулуп, шукшурулуп жигит шумкар сыяктуубу?
    Закымдады кыз улам, жакындады боз улан.
    Ана жетти, жетти, жетти бек кучактап кетти, кетти, кетти.
    Ак сүйүүгө бек болот, ак достукка чеп болот.
    Кызыл гүлүң соолбосун, кыдыр болуп жолдошуң,
    Кыраан Манас колдосун кыргызымдын жигиттери!

Комментарии • 1

  • @almazdjambo6411
    @almazdjambo6411 Год назад

    Тургуналы Нурматов жана Кыялбек Урманбетов агайларыбызга таазим! Тилеке каршы ушундай укмушту шедеврди жеткире ырдай турган ырчы чыкпай жатат...