Бир ырдын баяны: "Айданек"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 окт 2024
  • Кожогелди Култегиндин сөзүнө жазылган Исирадин Аманбаевдин "Айданек" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #кожогелдикултегин
    #исирадинаманбаев
    #айданек
    "Айданек"
    Секин, секин билгизбей
    Сени бойго жеткирген
    Секет кетким келет-
    Сезимтал бул мезгилден!
    Ат чаап барып эңе алгыс
    Акак гүлсүң, Айданек.
    Агайыңдын дардинда
    Жашап жүрсүң, Айданек.
    Мончогуңду мойнуңдан
    Санайынчы, Айданек?!
    Көлөкөңдү көтөрүп
    Алайынчы, Айданек?!
    Майда шибер, майин жел
    Мамык болот, Айданек.
    Бир кашкайсаң бир кылым
    Жарык болот, Айданек.
    Кунан минип куушуп биз,
    Курдаш болуп өссөкчү?!
    Шыбырарда бир жыттап,
    Сырдаш болуп өтсөкчү?!
    Улууларга зор таалим
    Уялганың, Айданек.
    Улуулуктан тайдырат
    Буралганың, Айданек!

Комментарии • 2